ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ОРУНЧА»

Аңгеме

Жайкысын суусу киргилт, албуут  аккан дарыянын эки жээги тээ тоо башынан карасаң  шахмат  тактайын  элестетет. Жерди көптөгөн төрт бурчтуктурга бөлүп, тегиздеп, чекелерин  чым, баткак менен тосуп, ага суу толтуруп, суу боюнун эли күрүч айдашат.  Күрүч  суу ичинде бышат. Муну  шалыкерлер “шалыпая” деп аташат. Күрүч бышканча  суусун карап, чөбүн отоп, кыскасы кетмен көтөргөн, шымын тизесине чейин түргөн, жылаңаяк, таманы туурулган  эркектер  менен аялдар жай бою  отоп, суусун карап, шалыпаяны айланчыктап жүрө беришет. Бу албуут  аккан дарыяга ишенич жок,  жамгыр жааган күнү катуу кирет дейсиң, жээктен ашып,  шалыпаяга чейин жетет, карап, тосуп турбасаң, ошол жыл күрүчсүз каласың. Асманда булут айланып, жаан себелей баштагандан тартып, шалыкерлер жээкке келип, ар кимиси өзүнүн шалыпаясын  тегерене чуркап, тосмолорун бекемдей башташат.

Ошол күнү  жамгыр катуу жаады, күндүн күркүрөгөнү сайды жаңыртып, ага кошул кетмен көтөрүп ары-бери чуркаган шалыкерлердин бири бирине кыйкыра сүйлөгөнү, шалыпаяны улам жиреп кирип келаткан албуут дарыя шоокуму бир заматта бир айыл элин чакчелекейге салды.

Али бой жете элек эки өспүрүм  уулдары  менен шалыпаясын селден  коргоп, улам балдары  сайдан ташыган таштарды  шалы четине тизип, аларды чым  менен бекитип, кара   терге  түшүп жаткан Бүсаранын оюнан үйдө төшөктө ооруп жаткан эри  кетпей турду. Жарым жылдан бери ооруйт, айыгып кетээр бекен? Кара ишке жарабай калды. Күн санап алдан тайып барат.  Кетмени менен чым оодарып жаткан Бүсаранын  колдору өзүнүкү эместей, кыймылы башка,  кетмени улам колунан ыргыйт, башындагы жоолугу  сыйгаланып бетине түшөт, буттары  баткакка тайгаланат, жаны жер тартат. Бирок жаан жаап, баары жапа тырмак күрүч камын жеп жатса бу кантип отуруп алат. Баари бир ал  күч менен боюн жыйнап,  элге окшоп шалыпаясынын четтерин бекемдей берди. Тегерегиндегилерге сыр алдырбады.  Ошол маалда үйү тараптагы дөңдөн:

-Орунча апа-ааа!- деген катуу үн угулду. Бүсара бу жаанда өзүн чакырып жаткан үндөн чочуп кетти. Карай салса бой жетип калган өгөй кызы, алыста туруп, колун булгалап,  аны  чакырып жатат. Абдан шашкалактап алган. Сайга  чуркап түшүп келбей, кыйкырып  жатканына караганда иш башкача, эрине бирдеме болгон го — ичинен ушинтип ойлонгон Бүсара кетменин ыргыта  коюп, дөңгө чуркады. Анын артынан:

-Аай, Орунча , сел катуулап жатат, шалыңдан айрылып калба! –деген кошунасынын үнү угулду. Бүсара ага  үн катпады, артын бир карап алды да, аттап-буттап, кызга жетти, кыздын көздөрүнөн аккан жаш бул  анын башынан ылдый куюлган  катуу жаанда да жүзүнөн  көрүнүп турду. Кыз  орунча апасын кучактап ыйлап жиберди.

-Атаң кандай ? – Нес баскан Бүсара башка эч нерсе дей алган жок. Кыз да ыйлагандан башка эч нерсе дебеди. Экөө шашып үйгө  келишти.  Алар дарбазадан киргенде үйдөн  фельдшер жигит чемоданы менен  чыкты. Бүсара кызды  үйгө кире бер деди да, өзү фельдшерге жакын келди.

-Орунча жеңе, — фельдшер, жүзүн убайым чалган аялга  өктөм сүйлөдү,- авамдын кан басымы түшпөй жатат,  канында канты да көбөйүп кеткен окшойт, акыбалы жакшы эмес, машине таап, эптеп районго жеткирүү керек, мен азыр  ага укол бердим. — Ушинткен  фельдшер кол чатырын жазды да, төбөсүнө коюп,  шарт бурулуп дарбазадан чыгып кетти.

Бүсара  аткан бойдон үйгө кирди. Күйөөсүнө кызы дарыларын ичирип жатыптыр. Ал өң- алеттен кеткен  эринин жанына барды да чөк түшүп отура калды:

-Мен азыр машине таап келем, атасы, сен  ооруканага барышың керек,- Бүсара ыйлай баштады… Анын көл-шал суу болгон кийимин, чачтарын,  сел менен алышып жатып  чарчаганын, санаа басып, муңайганын көргөн эри  “шуу”  үшкүрдү, анан жаздыгын өөдөлөтүп, башын бийиктете отурду да, аялынын колдорун бекем кармап өзүнө тартты:

-Бүсара, бери болчу…, — Күйөөсү каргылданган үнү менен тилин араң күрмөгөндөй сезилди. Келин эрине “жалт” карады да жүрөгү аңтарылып кетти. Анын көздөрү башкача эле. Ал аялын ушундай бир карады дейсиз, анда ага деген  мээрим да, ыраазылык да, жакшы көрүү да, коштошуу да  баары, баары турду… Бүсара бул көздөрду карай албай күйөөсүнүн жаздыгы четине бети менен кулады. Үнсүз ыйлай берди. Өлүм алдында жаткан эркек аялынын суу болгон чачтарынан шалыпаянын жытын туйду, дайра боюнун шамалын сезди. Шалдыраган денеси чыйрала түштү. Бирок кекиртегине тыгылган көз жаштан сүйлөй албады, айтаар сөзү көкүрөгүндө турду, бул сөздү ал мурда эле айтайын деген..  азыр айтпаса эми качан айтат:

-Бүсара,- Күйөөсү   аялынын чачтарынан акырын сылап, үнү пас чыкты,- сага ыраазымын, энесиз балдарга орунча эне болдуң, сен эми  балдарга орунча эмес, өз энесиң,  аларды сага тапшырдым, эрезеге жеткир, чайын ич…  Эри ушуларды кобурап жатып  ичкен дарысынын таасиринен алсырап уктап кетти.

Бүсара суу болгон кийимдерин которууга да убакыт кетиргиси келбеди. Шөмтүрөгөн акыбалында машине издегени үйдөн шашып чыгып кетти. Жамгыр дагы эле басылбады. Айылдын өөдөкү көчөсүндөгү  машинеси бар жалгыз үйгө жеткенче анын көз алдына он жыл мурдагы  анын тагдырын өзгөрткөн окуялар улам, улам тартыла берди. ..

Карачач кемпирдин  үй-бүлө күтүп, бараан-шараан жашап жаткан жалгыз кызы төрөттөн капыс каза болуп,   кайгыга мөгдөп жыл бою үйүнөн чыкпай жатып калды.  Анын акыбалы  күйөө баласын да, кызынан калган  беш небересин да чочутту, бул да өлүп калабы деп коркушту. Күн жылып, ала-шалбырт жаз башталган маалда капкара болуп, арыктаган  кемпир өйдө болду. Ал ичинен сызып, сызып бир чечимге келгендей, күч менен ордунан эптеп турду да сыртка чыкты.  Эки күндөн кийин неберелеринин эң улуусун ээрчитип алып төркүндөрүнө, кошуна айылга жөнөп кетти. Таш боор тагдырга моюн сунган кемпир бул айылдан күйөө баласына келинчек издеп жүрдү. Тагыраагы,  кызынын ордун баскан өзүнө орунча кыз, неберелерине орунча апа издеп жүрдү.  Кемпир бул ишти бүткөрмөйүн эч жакка  кетпесин түшүнгөн, анын  акыбалына боор ооруган туугандары жапырт кол кабыш кылып, айылдагы эки ирет күйөөгө тийсе да төрөбөй ажырашкан, көзү өтүп кеткен алысыраак туугандарынын кызы  Бүсара аттуу жаш келинди  таап беришти. Карачач аны түз эле үйүнө өзү ээрчитип келди. Бүсара анын үйүндө бир айга чамалаш туруп калды. Карачач кемпир сандыгын ачып келинди жасанта кийинтип, “Бул менин орунча кызым, жакында кызымдын ордун басып, балдарына эне болот” деп айылдагыларга ачык эле тааныштырып, той-аштарга өзү менен кошо ээрчитип жүрдү. Кызынын ашын бергенден кийин Бүсараны кемпир  өз колу менен күйөө баласынын үйүнө узатып, күйөөгө берди.  Ошол, ошол Бүсара “орунча кыз”, “орунча аял”, “орунча эне” болуп калды. Ал аз келгенсип, кайнилери да аны “орунча жеңе” дешет, ошентип отуруп өз аты биротоло өчүп “ орунчага ” айланды да калды.

Бүсара буга териккен эмес. Ал  бала-чакалуу, эрлүү болуп калганы үчүн баарынан  да Карачач кемпирге  ыраазы эле.  Ал орунча болууга бар аракетин жасады. Карачач кемпирди өлөөр өлгөнчө эне катары карап бакты. Энесинен эрте калган биринен бири  кичинекей балдарды жакшы көрүп, мээримин төгүп   чоңойтту. Бүсара баарына жакты, балдарга да, күйөөсүнө да, кемпирге да, айыл-апа, тууган-туушканга да. Ал өзүнүн “орунча” атына эбак көнүп бүткөн. Кокус күйөөсү кээде  аны өз атынан чакырып калса чочуп кетчү. Анткени ал  бир өтө маанилүү, олуттуу нерсени айтаарда, же ачуусу келгенде  муну өз атынан чакырып калчу.  Жай учурда күйөөсү муну  Бүсара дебейт эле.

Келин машинени айдатып  келгенче  күйөөсүнүн туугандары үйүнө  чогулуп калыптыр. Айылдын аксакалдары, кадыр күткөн аттуу-баштуулары да жүрүшөт. Күйөөсү машинеге отуруп ооруканага жөнөөрдөн мурда  чогулгандарга коштошкондой кайрылды:

-Агайын туугандар, не  бар, не жок, чакырганым,  мындан ары менин аялымды “орунча” дебей өз ысмынан “Бүсара” деп айтып жүргүлө, Бүсара орунчадан  өзгө айланды. Силерден өтүнүчүм да, айтаар керээзим да ушул… – Ушул сөздөрүн  эптеп айткан  күйөөсү  ооруканага баргандан кийин  көп өтпөй каза болду.

Бирок Бүсараны болсо   эч ким өз ысмынан  айткан жок, туугандары да, айылдаштары да  көнгөн адатынча  “орунча” дей беришти. Бүсара буга таарынган деле жок, аны түйшөлткөн нерселер  башка эле: атадан да, энеден да эрте калган балдарды муңайтпай багып чоңойтуу, эл катарына кошуу…

Ал күйөөсүнүн керээзин аткарып, баарын эрезеге жеткирип, чайын ичип, карып-арып калганча балдарына дем болуп  жашады.

Ал каза болгондо да айылдыктарга “Орунча” өлүптүр деген кабар тарады.

Сентябрь, 2016-жыл