ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ЧЫНЫГҮЛ», (АУДИО)

Аңгеме

Алгач жааган кардын  суугу сөөккө өткөн кеч күздө Чыныгүл кемпир уулунун үйүнө кайтып келди.  Ал картайып, такыр ишке жарабай, алы-күчтөн тайып калган эле. Арыктап, сыздап ооруган буттары менен өз босогосун араң аттады. Энесин бир “жалт” карап алган  уулу сыр бербеди, бирок келини ачык эле аны жактырбаганын билдирди:

— Акыры келээр жери  биздин үй экен, чалдан чалга тийип жүрбөй энең биз менен эле жашабайбы, кана, эми ошол чалдардын бири муну караганын, эртең өлсө көмгөнүн. —  Келини кемпирге угузуп да, угузбай да күйөөсүнө сүйлөнүп кирди. – Алы-күчүнүн барында же бу неберелерин багышып койбоду. Көрүнгөн чалдын  ыштан, көйнөгүн жууп, казанына күйпүл-ала болуп  жүрдү. Эми минтип өлүгүн бизге артып отурат. – Келининин оозунан чыккан сөзгө кемпир териккен жок,  келини ушул сөздөрдү айтаарын билген. Чарчап, чаалыкккан, арып-карыган кемпир өз үйүнө баш багып атып  кудайдан тезирээк өлүм тиледи, келинине кор болгусу келбеди.

 

Чыныгүл  бир айылдын ичинде эле беш   ирет чалга тийди. Бешөө тең андан мурда  өлүп калды, бешөөсүн тең    өз колу менен одүйнө узатты. Ал минтип эрден эрге тие тургандай эрсирек аял эмес эле… Айыл аксакалдарынын сөзүн жерге таштай  албай, жалбарып колун сурагандардын  көңүлүн кыя албай…

Азыр ал качанкы бир учурдагы өз үйүнө келип  уул, келинине батпасын түшүндү. Өз үйүнө өзү жат болуп калыптыр. Кайда барат?  Эрден эрге тийген энеси үчүн уулу ичинен  намыстан чирип жүргөнүн Чыныгүл кайдан билсин… ал өзүнүн мындай тагдырга кириптер болорун да кайдан билсин… Кемпир көп жылдар бир жакка барып оор кызматта иштеп кайтып келген кишидей  арып-азып, чарчап турду. Буту-колдорунун сыздап ооруганын, бели бүкчүйгөнүн, көзү тунарганын кемпир азыр өз үйүнө келип ого бетер сезди. Эптеп  өзүнүн эски керебетине мөгдөйүп жетти да жатып калды. Ошол бойдон турган жок. Келини үйгө кирип-чыгып, кеч киргенче өз алдынча наалып, сүйлөнүп жүрө берди. Качанкы бир жатып-турчу  керебетине суналып жаткан кемпирдин кулагына бу сөздөр жеткен сайын анын дарман-алы ошончолук куруп жатты… акырын согуп аткан жүрөк каш карайганда биротоло токтоп калды.

Чыныгүл күйөөсүнөн жаш калган, жалгыз уулун бапестеп, жетим тонун кийгизбей  багып чоңойтту, үйлөп жайлады.  Анан бир күн анын уулун көчөдөн  айыл аксакалдары кармап алып:

— Энеңди күйөөгө беришиң керек, ал жаш, антпесең акыретте жооп берип каласың, жок дегенде бир ооз “күйөөгө тие бер” деп айтып милдетиңден кутулушуң керек дешти.  Уулу бул сөзду энесине кантип айтаарын билбеди, айта албады. Бирок эртеси күнү ошол эле айыл аксакалдары Чыныгүлгө жуучу түшүп келишти.  Аксакалдар уулуна энесине  “кааласаң күйөөгө тие бер” деген карыз сөзүн араң айттырышты. Айткысы келбеди эле, мажбурлашты.  Чыныгүл  кырктан ашып элүүгө таяп калган мезгили. Жүзүнүн нуру кете элек, тиричиликке чыйрак,  жоош-момун зайып. Эри жок канча жыл жалгыз жашаса да артынан ушак айың айтылбаган, оор басырыктуу, бир мүнөз.

Уулу жер караган бойдон жуучуларга башка үндөбөдү. Чыныгүл да тобу менен басып кирип келген  айыл аксакалдарынан  сүрдөп, унчуга албады.

— Уулуңа жакшы  эне болдуң, үйлөнттүң, эми өзүңдү ойло, аял кишинин бой жүргөнүн шарият да кабыл кылбайт — Ушинтип бир ооздон өктөм сүйлөгөн  айыл билермандары  аялдын  тагдырын өздөрү эле чечип койду.

Арадан үч күн өткөн соң Чыныгүл   кемпири каза болгон, алтымышка келип калган айылдагы дүкөнчүнүн зайыбы болуп калды. Ошондо дүкөнчү анын элпектигин, сылыктыгын, мээнеткечтигин, ыйманын көрүп, бу келинди мурда эле алып албаганына өкүндү. Бир айылда жашап жүрүп  эмне үчүн  ушул маалга чейин байкабаганына ичи күйдү.  Чыныгүл менен көбүрөөк бирге өмүр сүрүүнү кудайдан тиледи.  Дүкөнчү заматта ай айланбай жашарып, үтүктөлгөн кийимдерди кийип, таптуу тамак жеп  кулпура түштү.  Дүкөнчүнүн бактысына суктангандар көбөйдү. Кийин бир топ жыл өткөн соң дүкөнчү ооруп төшөкто жатып калганда да Чыныгүл аны өзгөчө  камкордук менен бакты.

Дүкөнчү өлөөрүндө ага батасын берип, ыраазылык айтып  кетти. Ошол күндөн ушул күн аны айылдагы кемпири каза болгон абышкалар тооруп, бошотпой коюшту. Бири кайтыш болсо, көп узабай экинчиси ага  токтоосуз нике кыйчу. Чыныгүл  уулунун үйүнө кайтып барганга да үлгүрчү эмес. Ал турмушка чыккан чалдар  жашы бир топко келип калгандар эле.  Чыныгүлдүн абышкаларына болгон ак кызматы, аларды бапестеп караганын айылдыктар билчү. Ал өзү тийген абышкалардан канчалык ызаат-урмат көрдү болду экен,  бу жоош зайып чалдары менен өткөргөн  турмушу тууралуу эч кимге мактанчу да, наалычу да эмес.

Билинбей жылдар өтүп  ал  чачын ак, бетин бырыш баскан  кемпир болду. Бирок дагы эле өзү ойлогондой уулунун үйүнө кайтып келе албады. Анын картайып калганына карабай чалдар жуучу түшкөнүн койгон жок.  Ал акыркы ирет чалы өлгөн соң, кырк күндөн кийин уулунун үйүнө кайтып келмекчи болгон.  Эми гана көйнөк-көнчөктөрүн жыйнап жатканда айыл аксакалдары чогулуп барып аны:  “Дагы бир  жолу соопчулук кыл эми” деп  көп жылдар башкарма болуп  иштеген  Абдыразак аксакалга  нике кыйышкан.  Бул чалы ал барганда эле ооруп төшөктө  экен.  Картайган чалдарды багуу боюнча тажырыйбасы да, ыйманы, жоопкерчилиги да мол Чыныгүл кемпир өз милдеттерин бул үйгө келген күнү эле  так аткарып кирди.

Чалдын багаар-көрөөрлөрү баары шаарга кетип, акыбалы кыйын эле. Абдыразак абышка чай сунган, тамак сунган сайын кемпиринин колунан өөп,  ага ыраазылык айткандан тажабады.  Киринтип-жууп, сакал-мурутун кырып тазалаганда абышка бу кемсөз, арык, узун бойлуу кемпирди кучагына кысып, колуна көтөргүсү келип кетчү, бирок дарманы жок. Ошондо ичинен “шуу” үшкүргөн чал кудайдан миң ирет тилегени ушул кемпирдин алдына алса экен, кемпирден мурда өлсөм экен дечү.  Абдыразак чал да башка чалдардай эле тилегине жетти.  Бул чалы өлгөндөн кийин Чыныгүл өзүнүн алдан-күчтөн тайып, чарчаганын туйду.  Чыныгүл өлүп кала электе уулунун үйүнө – өз үйүнө кеткиси келди.  Анан калса бул ирет мунун айласын алты кылган мурункудай ага жуучулар да келген эмес эле…

Чыныгүл кемпирдин сөөгүн койгонго эл көп чогулду. Ал турмушка чыккан чалдардын  бала-чака, тууган-уруктары калбай келди. Эл ичи уу-дуу сөз. “Акыры эле уулу көмөт деген ушу да”, “Тирүүсүндө келип үлгүргөнүн” дешкен аялдар  кемпирдин зыйнатына деп келген баалуу чүпүрөк-чапырактарга  таң калышты. Кемпир беш чалынын  тууган-уруктарынын,  балдарынын жүрөгүндө калган экен, кадыры баарына өткөн экен.   “Эсил кайран энем ой” деп ыйлагандарга сан жетпейт. Чыныгүлдүн жалгыз уулунун мал короосу алар согумга деп жетелеп келген кара  малга  толуп кетти.

Жаназа түшүргөн  молдо Чыныгүлдүн  бул жалганда соопту мол топтогонун, акыретте бейишке барарын тажияга келгендерге  тынбай айта берди.   Ушунча сый-урматтын  баарын  тирүүсүндө көрүп-туя албаган кемпир гана армандуу суналып жатты.

 

«Санжыра» радиосу