ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «КҮНДӨШТӨР»

Аңгеме

Биздин кыштакта жакында Сулайманкул деген киши жүзгө таяп көз жумду. Анын сөөгүн эки аялынын кабырынын жанына  коюшту. Бул үчөөнү кыштак эли «тиги дүйнөдө» да бирге болушсун дедиби, ким билет.

Эки аял ала тургандай Сулайманкул суучу бай да, катынпоз да  эмес эле. Ал көп жыл Азбүбү бакшы менен чогуу жашап, бала  көрбөдү. Күзгү көрүп не бир сырларды жоруган көзү ачык катыны этегинен жалгабады.  «Бакшылык өнөр бергенче, жараткан бала берсе болбойбу» — ичинен Сулайманкул ушинтип бушайманга батып өксүгөнү менен анысын эч кимге билдирбей, аялын аяп  жүрө берди.

 

Күндөрдүн биринде Азбүбү элүүгө таяп калган күйөөсүн  акыры токол алууга көндүрдү. «Болбосо кетип калам, жашым өткөн чакта үкөмдүн үйүнө барып шорум кайнайт экен» — деп буркурап  ыйлап да жиберди. Эртеси өзү Коргон-Төбөгө барып, үч ата өткөн тууганбыз деп бала көтөргөн жаш келинди үйгө ээрчитип келди. Оозунда кеби, колунда эми бар Азбүбү кыштактагы кыз-келиндерден түзүгүрөөк кийинчү. Сандыгы да чүпүрөк-чапырактан кем эмес эле. Келиндин баш кийимин жасап, келиштире кийинтти да өзү инисиникине кетип калды. Эки күн өтпөй Азбүбүнүн артынан  Сулайманкул эшегин минип жетип барды. Башына жаңы топу кийип алган. Аны да Азбүбү кийгизген.  Кайниси жездесин капарына илбей, саламын алик албады.

— Эжем тура турсун, эгин-тегин жыйылганча, балдар менен кыйналып атабыз, — деди да тескери басып кетти.

Азбүбү башындагы оромолун оңдомуш этип, күйөөсүнө көз кыйыгын салды. Ансыз да кабагына муз тоңгон Сулайманкул эшегине такай байлап жүрчү кетменин бошото баштады. Азбүбү азыр кетмендин же өзүнө, же инисине тиерин сезип, ага чуркап жетти да колунан кармай калды.

— Сабыр этиңиз, суучум, мен азыр, — Азбүбү кетменди колунан жула  качып ары басты. Анан инисинин жүзүнө карабай, күйөөсүн ээрчип кетип калды.

«Мейли, балалуу болгончо тура турайын, кийин балдарына алаксып, мага да көңүлү муздаар». Учкашып келатып эшегин башы-көзгө койгулап,  кабак бүрккөн эрине Азбүбү бир чети ичинен ыраазы болду. Сулайманкул суучунун жаш токол алганы кыштакка тарап, журт «дүү» дей түштү. Бригат суу башына аты менен чаап жетти, кеч боло электе Сулайманкулга законду түшүндүрмөккө.

Бригаттын сөзүн эшитип туруп, Сулайманкул чоң кара кетменин арык четине ныгыра басты да, бешенесиндеги мончоктогон терин жеңи менен шыпырды. Анан бригатка тике карап:

— Эжең менен сүйлөш,  үкөм, мен ошо шордуунун айтканын жасадым, макул десе эртеңден калбай алып келген немесин кайра  жеткирип коем.

Бу сөзгө бригаттын күлкүсү келди. Суучуга ишене бербеди.

— Ава, өөдө жактан бирөө  билип калса ишиңиз чатак болот. Азыр илгерки чалдардын заманы эмес, жаш аял алган.

Бригат аттан түшүп жакын келди. А Сулайманкул кетменин шак желкеге артып, дуңкулдап жөнөп калды.

— Эмне кылсаң ошо кыл!

Ачууга алдырган бригат Азбүбүгө келди.

– Адегенде аттан түш, балам, — Азбүбү эмнеси болсо да бригатты сөзгө тартты. Анын үнү жумшак, бирок өктөм чыкты.

Бригат эки күндөш жашаган үйгө ачуу менен  шар кирип барды. Бала көтөргөн жаш келин муну көрүп, үйдү айлана басты.

Азбүбү сөрүгө жакандос төшөп, «өтө бер» дегендей бригатка ишарат жасады да, өзү сөрүнүн этек жагына көчүк басты.

— Балам, балдарыңды багам деп, ошолордун күнүн көрсөм деп, аялың экөөң ушинтип тер төгүп иштеп жүрөсүңөр. Биз, аваң экөөбүз эмне максат менен жашап жүрөбүз, аны өзүбүз да билбейбиз, ойлоно берип баш катты. Өзүмдү өзүм алаксытып, ата-бабам кылбаган бакшылыкты кылып жүрөм, — мандаш урунуп отурган Азбүбү бригатка тик карап сүйлөдү. – Аваңды бала көрсө дегемин. Бу шордуу  да раматылык күйөөсүнөн калган баласы менен баш паанек жер издеп, туугандарынын түрткүсүндө калыптыр – Келин басып кеткен тарапты  карап сүйлөдү. — Же эмчектеги бала менен иштей албаса, ата-эне, жакын туугандан кур болсо. Колундагы баланын айынан келип отурат. Согуш бүткөнүнө эми  мына жети жылдын жүзү болду. Али элдин карды тое элек. Мындай жетим-жесирге кыйын маал, сен мага кайдагы закүндү айтып башты оорутуп отурасың, үкөм. Баласы эсен-аман чоңойсун, Сулайманкул суучуң да ушунун көлөкөсүндө бала көрсүн. Мен эмне, жыргап кеткенимден ушул ишке бардымбы, айланайын. — Азбүбү жашып кетти. — Мен эми катын болмок белем аваңарга, доорум, шааним бүттү. Эми шорум да арылсын, эримдин башын байлабай, эртеби-кечпи, кете турган адаммын… — Үнү каргылдана түшкөн Азбүбү маасысын кычырата басып, ордунан козголуп очок тарапка ыктады.

Азбүбүнү аяп да, таң калып да карап калган жаш бригат ага ылайык көңүл жубатаар сөз табалбай, баягы киргендеги ачуусун мыжыга кармап, колундагы камчысына чыгарды.

Арадан бир топ жыл өттү. Сулайманкул суучу эки эркек бала көрдү. Бирок Азбүбү өзү ойлогондой: үйдөн кеталбады. Балдардын төрөлүшү менен бу үч адам ого бетер ымалаша түшкөндөй болду. Азбүбүнүн жаш күндөшү балдарынын көп түйшүгүн ага көтөртүп койду. Ушунусу менен ал Азбүбүгө да, Сулайманкул суучуга да жакты. Алар узак жылдар кошуна-колоңду таң  калтырып ынтымак өмүр сүрүштү. Бирок Азбүбү кемпир карып-арып көз жумган соң, эми гана элүүгө таяган анын күнүлөшү аны ээрчигендей, көп өтпөй ал да каза болуп калды. Ошол күндөн Сулайманкул суучу да ал-күчтөн тайып, тез эле карылыкка моюн сунду, уулдары канчалык атакелеп алаканга салып бакса да аялдары кеткенден кийин абышка да көп узабады.

 

1987-жыл