ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: АТЛЕС КӨЙНӨК

Аңгеме

Ийинине өрүк как салынган чоң баштыкты көтөрүп, атасынан калбай басып келаткан секелек кыз  болгону жети жашта, быйыл биринчи класска барат. Ал ийини оор жүктөн талып, ооруганына карбай, кадамын ыкчам койгонго аракет кылды. Чекесинен эчак тер кеткен, тизеси  калчылдай баштады, энтигип да калды. Бирок кадамын басаңдаткан жок. Антсе атасынан калып калат, бу чоң, чоочун  шаарда  бир паста адашып кетчүдөй…

Үйдөн таң азанда чыгышкан, базарга дегдеген кыз эртең менен нанүштө да кылган эмес. Атасы базарга жөнөгөндө балдарын чанда гана өзү менен ээрчитет. Ал жалгыз барганды жакшы көрөт. Бу кыздын атасы жумасына бир ирет тажиктердин Исфара шаарындагы базарына жарым мүшөктөн көбүрөөк  өрүк алып келип, сатып үйгө эт-аш, чай-чамек,  иши кылып бир жумага жетерлик кем-кетигин  бүтүрүп кетип жүрөт. Кыздын атасы ушинтип  жума сайын айлап,  жылдап  өмүрү өткөнчө каттады. Өрүк багы бу кишинин үйбүлө бала-чакасын өмүр бою бакты.  Ушуга шүгүр, антпесе  колхоздон  айлык жок, кээде гана буудай берип койгону болбосо, кайдагы пул. Ошон үчүн өрүк багын  бу киши көз карегиндей сактап, убагында сугарып, түбүн жумшартып, баладай бапестеп асырады.

 

Картайып, улам четинен карасаң болуп кургаган өрүктөрү кышкысын буларга отун эле. Өрүкзарлыктар  кышкысын көмүрдү чанда сатып алышат. Алардын өрүк  отунунун табы Сүлүктүнүн көмүрүнөн кем калбайт. Бу кишинин өрүк багынан алган бир  жылдык түшүмү  бир чоң бөлмө-кампасын бүтүндөй ээлейт. Бул кактарды  үй-бүлөсү менен тик туруп  2 ай бою кургатышат. Өрүктүн бир данасын жерге калтырбай терип, жыйнашып, аны камыштан же тал чыбыктарынан жасалган чийлерге  төгүп жайышат, кургаганча бир нече ирет ары-бери оодарып, баарын бирден  колдон өткөрүшөт. Жаан-чачын болгондо өрүк жайылган чийлерди ары-бери көтөрүп корголоп эстери кетет, антпесе суу тийген өрүк капкара болуп калат.

Дарагы кышкыга отун,   мөмөсү жылы он эки  ай үй-бүлөсүн баккан өрүктөр бу кишиге атасынан мураска калган. Четинен картайып баратышат. Эми бул да балдарына бак калтырышы керек. Салт ошондой, милдет да ошондой.  Былтыр өрүктөрүнүн  эң мыкты деген сортунун данектерин жерге отургузган. Эми ошолору жайнап чыгып берсе, алардан көчөт өстүрүп,  кыйылган өрүк дарактарынын ордуна тигип чыгат.

Бул жолу ал базарга   кызын ээрчитип алды, жөн ээрчитпей анын ийинине да чоң баштык көтөртүп койгон. Аны көргөн автобустагы айылдаштары деле таң калган жок. «Аа, Имарбайдын кызы бүгүн жаңы көйнөк кийип жасанат экен да», — деп эркелетип коюшту. Автобус ичинде өрүк салынган чоң баштыгынын үстүнө тепейип отуруп алган кыз ансайын мулуңдайт. Бул айылда минтип өрүк көтөрүп Исфарага жөнөгөндөр арасында бала-чака  көп. Балдар үйдө ата-энесине кем-карчын айта башташса эле, кимиси болсо аны аягына дейре укпай туруп: Ме, кампадагы өрүктөн ал да сатып, кемиңди алып ал, — деп колуна ачкычты кармата коюшат. Бу киши да «атлес көйнөк кием» деген кызына ушинтип ачкычты кармата  салган. Сүйүнүп кеткен кызы чуркап барып ушул өрүктөрдү салып көтөрүп алды.  Ал  быйыл мектепке барат, кыздардын баары  ак фартуктун ичинен атлес көйнөк киебиз деп атышат. Бу калсынбы. Атасы болсо адатынча көтөрүп жүргөн өрүгүнөн ашыкча жүк көтөргүсү келбейт, көтөрө да албайт. Анан калса атасы  каптагы бардык өрүгүн сатса да үйдүн кем-карчынан көйнөккө акча артпайт.

Түнү бою атлес көйнөк түшүнө кирген кыз  таң атпай эрте турду. Ал буга чейин мындай көйнөк кийген эмес. Кызыл ала шуудураган атлес көйнөкчөн өзүн элестетип, ушунчалык жагымдуу сезимден өзүн коерго жер таппайт.  Адатта  апасы ага чыт-пыттан эле көйнөктөрдү өзү тигип кийгизип коет, алардын гүлү да  кооз эмес.  Ал  кечинде камдап койгон баштыктагы  өрүгүн ийинине коюп  ары-бери көтөрүп көрдү. Үйдөн атасы менен чогуу  ыкчам  басып чыккан жүктүү кыз автобуска кирип баратканда гана   бир аз кыйналды:  тепкичке бутун коюп ичкериге ынтылганда ийининдеги өрүк аны артка тартып, жыгылып кетейин деди. Бирок  артында турган атасы аны сүйөп калды, бирок оор баштыкты кызынын ийнинен  алып кое алган жок. Анын өзүнүн артында да араң көтөрүп турган оор кап бар эле.

Апта сайын өрүк апкелип саткан кишини тажик соодагерлер жакшы тааныйт, анын өрүгү да таза, таттуу, өзү да жакшы, тырышып, көп соодалашпайт, булар айткан баага бере салат. “Турганда эмне, кудай береке-пайизин берсин» — бул кишинин  болгон жашоо эрежеси  ушул. Картөшкө жыйнаса да, чөп жыйнаса да ушул сөзүн айта берет. Атасы менен кызынын өрүгүн бат эле сатып алышты.  Атасы адатынча тажиктерден алган пулун эсептебей туруп көйнөгүнүн төш чөнтөгүнө салып койду. Анан  оор жүктөн бошонгон атасы менен кызы жетелешип шаардагы  чүпүрөк базарга келишти.

Мындагы башына чүмкөнө кийип алып, колуна кооз кездемелердин   түркүн-түрүн кармап саткан  тажик аялдардын арасындагы ызы-чууну көрө бересиз. Алар да көпчүлүккө  кошулуп ушул түртүшмөй базарга кадам таштаар замат соодагер аялдар  жабалактап кыз менен атанын айласын кетиришти: «Меникин ал, меники жакшы, бу жуулса оңбойт, бу бырышпайт». Кыздын болсо түрлү-түстөгү жылтыраган атлестерди көрүп көзү жайнайт. Өмүрүндө мындай кооз  кездемелерди көргөн эмес. Кайсынысын тандаарын билбейт. Бири биринен жакшы. Атасы болсо батыраак ал дейт. Бул кездеме саткан базар ушундай түртүшмөй жер. Тажик аялдары милицияны көрө калса сатып аткан кездемелерин  бир заматта   кенен, узун  чапанынын койнуна катып жылт беришет.  Милиция кетээр менен жылтур-жултур  маталарын  улам биринен экинчисин четинен сууруп көрсөтүп, базар аралагандарды бура бастырбай сатканга аракет кылышат. Кыздын атасы жалаң аялдар чурулдаган бул базарга киргенди жаман көрчү. Заматта тажап кетти. Кызына ачуулана баштады:

— Алам деген атлесиңди албайсыңбы, ары-бери баса бербей! – Атасынын мүнөзүн жакшы билген кыз шашып калды, токтоосуз тандоо керек. – Муну, алам, — Кыз кара жоолукту башына чүмкөй салган  бою пакене  аялдын  чапанына катылып,  билинер билинбес чети чыгып турган башкалардан кызыл өңү көп атлести көрсөттү. Атасы  ошол замат акчасын берүү үчүн  көкүрөк чөнтөгүнө колун салды. Салды да өңү заматта кубарып кетти:

– Ой, даат! Пулумду уурдап кетишти! — Ой, нынсаптар, бу эмне кылганыңар! – Кыздын атасы жапайы үн менен бир бакырып алды дейсиз, базарды жарып кетти, аны баары карап калды. Бирок эч ким эч нерсе деген жок. Бул түртүшмө базарда чөнтөкчүлөр көп жүрөрүн баары билет.  Базар улана берди . Бир гана кыз селейди да калды, анын баятан берки кооз кездемелерге сонуркаган бактылуу жүзүн муңайым чалды. Кантип буту  бүгүлүп, чаң жерге  отуруп калганын сезген жок, атасындай бозала  болгон кыз  бүрүшүп отурган тейде бетин басып, ызадан чыдабай  эчкирип ыйлап жиберди. Мунун баары атлес көйнөктүн айынан болсо да  атасы кызына эч нерсе дебеди, тилдеген жок. Жөн гана өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлаган кызынын чачынан сылап, өөдө тургузду:

— Эч  нерсе эмес кызым, биздин акчаны ким алса ошонун үйү күйсүн, ноомарт! Сен ыйлаба, эмки базарда келип сага атлес көйнөктү сөзсүз алабыз, биздин өрүгүбүз көп да, кудай өрүккө береке берсин! — Ордунан сүйрөлө туруп атасын ээрчий баскан  кыз атлес көйнөк киймек турсун, кездеме саткан  тарапты көргүсү келбей калды.

Атасы менен кызы кол кармашып, куру кол, базарлыксыз үйгө кайтышты. Кыз болсо тааныбаган жат элде тамагына тирелген  ыйды араң токтотуп келатты. Жолдон базарга келген кимдир бирөө тааныштардан чыга калып: «Ии, кандайсың, көйнөк алдыңбы?» деп койсо эле озондон ыйлап жибергенге даяр эле. Автобекетке келип Баткенге кетчү автобуска отурганда айылдаштары  бу атасы менен кызынын купкуу болуп бозоргон  кебетесинен эле буларды базарда кисаапыр  тоногонун сезишти. Эч кимиси үн катпады. Суратпай эле булардын жол кире акысын төлөп коюшту.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

24.01.04