ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ЫЙЛААК КЫЗ»

Аңгеме

Үйдүн пешайванындагы түркүктүн жанына туруп алган төрт-беш  жаш чамасындагы кыз   басылбай ыйлап атат. Анын ыйы эртең менен башталган, азыр түш оосо да басылар эмес. Өзү чарчап, үнү эбак бүтүп калса да түркүккө жөлөнүп, кээде отура калып, кайра туруп ыйлай берди. Ары-бери кыймылдаса да  бет караган жагын өзгөрткөн жок. Адаты ушундай, оңой менен басылбайт. Кыз эртең менен эрте  атасы, апасы, бир туугандары чыгып кеткен дарбаза тарапты карап ыйлай берди. Аны келип эч ким соороткон да жок, ал сооробойт да эле. Ошон үчүн анын ыйынын себебин чоң энеси билип турса да унчукпай короодо тиричилиги менен алаксып жүрө берди.  Үйдөгүлөр кыздын каалаганын жасабай, капа кылганда ушинтип көшөрүп ыйлайт.  Үйдөгү чоңдорго  карата өзүнүн каршылык көрсөтүүсүн, алар менен  пикири келишпегенин кыз бул жолу да ыйы менен каңкуулап туюнткусу бар.  Эмне кылат, кичине кыздын  ыйдан башка  чоңдорго таасир этээр  мүмкүнчүлүгү да жок эле.

Адатта кыз кечке ыйлап айтканын жасатат же энеси муну сооротор айласын издейт.

Эртең менен атасы, апасы  муну жайлоого  көчкөндө өздөрү менен кошуп алып  кетпеди. Инисин, эжесин алышты да муну чоң энеңе  шерик болуп үйдө кал деп кетип калышты. Кыздын ыйлаак экенин, ызачыл экенин, өзү каалаганына жетмейинче үнү басылбай күн-түндөп ыйлай берээрин билип турушса да ошентишти. Чоң энеси бир айласын табат дешти. Анткени кызды чоң энеси неберелеринин ичинен көбүрөөк  жакшы көрөт, койнуна алып уктайт, желкесине коюп көтөрөт, өзү менен кошо айылчылатат. Ошол чоң энеси айтты да бу ыйлаакты үйгө калтыргыла деп. Ыйласа да мага караан болот деп. Бир чети бу жайлоого барса, анан бирөө-жарым муну ызалантып ыйлатып койсо, ким сооротот. Муну сооротчулар баары айылда болсо.  Кемпир бир чети ушуну да ойлоду. Ыйлаак кызынын өзү менен болушун каалады.

Эми өзү түш оосо да небересинин жанына келбей короодо дөмпөндөп өрүк, алма терип, күн ысып кеткенче аларды жайып, тамдын башына чыгып-түшүп жүрө берди. Бирок кемпир жумуш жасап атканы менен эси-дартынын баары небересин кантип жоошутууда эле:  “Азбүбү бакшыга алып барып дагы эмдетип келсемби, же Айнисага алып барып кичине коркутуп кой десемби, же пирим молдого  окутуп, дем салдырсамбы?”  Кемпир эмне болсо да караңгы киргенге чейин  небере кызынын ыйын баспаса болбойт.  Бу кыз таңдан кечке ыйлай бергенде ушул үч ыкма менен гана муну соорото алышат.  Азбүбү бакшы ичинен бирдемелерди айтып туруп, анан бутундагы кийип жүргөн  галошун чечип, аны менен кыздын эки жаагына чаап-чаап койсо ошол замат басылат. Пирим молдо болсо  окуйт, анан дем салат, анда да бул кыз жоошуп, уктап калат. Ушуларга кемпир бу  ыйлаак,   долу кызын канча ирет көтөрүп барды, эсинде да жок. Кыздын  көшөргөн ыйлаактыгы бүт айылга дайын эле. Айылчылатып энеси өзү менен алып жүргөндө да кызды бетинен өпкөндөр: “Аа, ыйлаак, чоңойдуңбу” деп коюшчу. Анын өз аты акырындан өчө да баштаган болчу. Чоң энеси  ачык эле “долу кызым” деп эркелетет.

Кемпирге эң оңою – кызды азыр бу жанаша турган Айниса кошунасына эле алып баруу.  Ал келин абдан  шайыр, күлдүрүп сүйлөгөн тамашакөй неме.  Өткөндө бир-эки жолу  муну сооротуп берген. Кантип дебейсизби, оңой эле. Зоңкулдап ыйлаган небересин көтөрүп кемпир нан жаап аткан Айнисага жумуштап барып калды. Келин тандырдан токоч үзүп берсе да кыз басылбады, чөнтөгүнөн курут алып берсе карап да койгон жок. Ошондо ачуусу келген Айниса  тандырдагы чоктон атөшкүрөккө кыпчып туруп кыздын оозуна такады: оозуңду ачсаң ушул чокту салам деди. Кыз кыпкызыл ысык чоктон коркту. Ыйы  “тып” басылды.  Ошол бойдон ыйлабай калган.  Ошентип, бул жолу да кемпир  күндүн ысыгында өйүздөгү  пиримге же  өөдөкү көчөдөгү Азбүбү бакшыга энтелеп  басып барганча  бу маңдайкы кошунасы Айнисага эле барганым оң деп чечти.

Ичинен ушундай чечим кабыл алган  кемпир пешайванга келди да кыздын жанына  бүкчүйө отуруп: “Кел, эми көтөрөйүн, аркама кел, долу кызым” – деди. Чарчап, буту талыган кыз чоң  апасынын артынан кучактап, далысына башын койду. Бирок  кардыккан үнү дагы эле басылбады. Кемпир ыйдан чарчаган кызын  чын эле Айнисанын үйүнө көтөрүп келди. Келсе кошунасы жок, талаага чөп чабыкка  кетиптир. Кемпир эми ыйлаган кызын көтөрүп Азбүбү бакшынын үйүнө жөнөдү.  Ыйлаган кызды артына көтөргөн кемпир өзү да үн чыгарбай  ичинен ыйлап баратканын  эч ким көргөн жок.

Айылдын чоң көчөсү ээн, баары  талаада иште шекилди, болбосо көлөкөлөп үйдө. Ким эле ушул куйкалаган ысыкта көчөдө басып жүрсүн. Эртеден бери ыйлай берген бу жакшы көргөн  кызы кемпирдин көкүрөгүн козгоп, муун-жүүнүн бошотуп салды бейм, кемпирди да ыйга түрткөн себептер абдан көп эле…

Күйөөсүнөн өтө жаш калды. Тун уулу  согуштан кайтпады,  дайынсыз жоголду деген кат беришкен, 18 жашта эле, үйлөнгөн да эмес. Жалгыз кызы чоңоюп көзгө көрүнүп калганда кызамыктан чарчаган.  Эми болсо жалгыз уулун медер тутуп жашап келет. Ата көрбөй, энеси баккан уулу  өтө эле жумшак, жоош.  Энесин коргоп аялына сүр-сөөлөт көрсөтө албайт. Анын сырын  билип алган келини кемпирдин көңүлүн көп оорутат. Чыдабаска арга жок, кайда барат. Таянаар бир тууганы, мунун сөзүн сөз дей турган, муңун уга турган, сырдаша турган    жакын кишиси жок.  Азыр үйдө келининин  оту менен кирип, күлү менен чыгып жан сактап жүрөт. Алы-күчтөн тайса акыбалы не болот? Муну ойлосо, коркуп кетет. Баятан үн чыгарбай ыйлап келаткан кемпир көкүрөгүн кыскан ыйды токтото албай  бир маалда: “Басылчы энди!” деп  небересине бир кыйкырды да,  ага  кошулуп өзү  озондоп үн чыгарып ыйлап жиберди.  Артында  кемпирдин далысына башын коюп ыйлап келаткан кыз чочуп кетти,  ыйы “тып” басылды. Башын көтөрө калды, эңкейип энесин карады, энесинин ыйлаганын биринчи көрүшү, көзүнөн жаш мончоктоп агып жатат.

Корккон кыз  эмне кыларын билбей тыбырчылап  жерге түшкүсү келди, анын бетине карагысы келди, жашын сүрткүсү келди. Энеси болсо андан бетер күчөп ыйлай берди. Бир маалда колдору алсыраган кемпир токтоп, кызды ийининен түшүрүп жол четине отура кетти. Чөнтөгүнөн  дасоромолун чыгарып, эки көзүнөн мөлтүрөп токтобой агып жаткан жашын сүрттү.  Өпкөлөп барып үнү басаңдады, анан катуу үшкүрдү дейсиз, көөдөнүнөн аба менен кошо жан кейиткен ышкырык чыкты. Кемпирге ыктай катар отурган кыз өзүн күнөөлүү сезип, энесинин  кыйшайган жоолугун оңдоп, анын бырыш баскан капкара бетинен көз албай, эси кетип  карап турду. Кемпир басылса да анын  көздөрүнөн жаш баары бир токтобой ага берди. Кыз эми көйнөгүнүн этеги менен энесинин көз жашын сүртүп кирди. Кемпирдин мойнунан кучактады, бетинен өпкүлөдү. Энеси эч нерсени сезбегендей, унчукпайт, кичине кыз не кыларын билбей таза бозоруп калды.

Бир маалда кемпир эсине келгендей шарт ордунан тура калып этек-жеңин күбүп, кызын жетелеп үйгө жөнөдү.  Ошол күнү кемпир  кечке дейре, эртеси таң атканча кызына жарытып сүйлөгөн жок, ойлуу жүрдү. Үйгө кирип, сандыгын ачып чүпүрөк-чапырактарын, кийбей сактап жүргөн жаңы кийим-кечелерин  бир сыйра  иреттеп, кайра салды. Согуштан кайтпаган уулунан калган жалгыз топуну көпкө жыттап туруп, анан аны чүпүрөккө ороп кайра ордуна койду. Анын кыймыл-аракеттери да кызга абдан башкача сезилди. Өтө бүкүрөйүп алды,  кыйшайып желкесине түшкөн  жоолугу менен иши жок жүрө берди. Артынан көлөкөдөй ээрчип басып жүргөн кызын такыр байкамаксан болуп койду. Кечки тамакты да жарытып ичкен жок, кабагы ачылбады, бир гана уктаганы  экөө төшөккө жатканда кемпир кызын кучагына адаттан тыш бекем кучактап, кыздын ыйлай берип чаң, тер, көз жаш аралашып шалтактап катып калган, жуулбаган  бешенесинен сүйдү, шуулдата көпкө жыттады.  Анан уктап калганча кемпир өзүнө куюп койгондой окшош бу небересинин   чачынан бир топко  сылап жатты.

Кечке ыйлап, чарчап, энесинин бүгүнкү ойдо жок абалына ойлонуп ташпиш тарткан кыздын болсо  уйкусу качты. Азыр ойлоп, эстеп көрсө кызды сооротом деп ушул энеси гана артына көтөрүп алып  ары-бери чуркап убара тартат экен. Апасына баари бир, анын колу такыр бошобойт же кемпирге ишенеби, мунун ыйлаганына көп деле маани бербейт, атасы болсо эрте кетип, үйгө кеч келет. Кыз ичинен экинчи ыйлабаймын  деген бүтүмгө келди. Жайлоодон калып калса да, атасы эжесиникиндей атлес көйнөк буга сатып келбесе да, апасы муну башкалардан көбүрөк урушса да,  айылга келген сүрөтчүгө  сүрөткө түшкөнгө атасы акча бербесе да баарына, баарына   ыраазы. Энеси ыйлабаса болду.

Ошол ошол кыз чын эле башка ыйлабай калды. Такыр, баладай болуп  да ыйлабай калды. Анын бул өзгөрүүсү  башкаларды эмес, дагы эле  ушул чоң энесин ойлонто баштады. Эми кемпир   өзүн күнөөлүү сезип, жоошуп калган небересинин жоругуна көпкө чейин ичинен бушайман тартып жүрдү. Долу кызынын долулугун, ыйлаганын сагынган учуру болду. Кемпир да ошол ошол небере кызынын көзүнчө бир да ыйлап, көз жашын ага көрсөтпөдү, ыйласа андан жашынып, ага көрүнбөй ыйлап жүрдү. Бирок кыздын көз жашы көп жылдар топтолуп, топтолуп жүрүп, чоңоюп калганда  бир күнү дайра болуп акты дейсиз: ал күнү кыздын энеси каза болуп  калган эле.

Бой жетип калган кыз кудум тээ  мурдагы балалыгындай болуп күн-түндөп басылбай ыйлады. Аны болсо сооротор киши жок… Бул баягы ыйлаак да дегендей  жөн коюшту. Кыз басылбай ыйлай берди.