ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: “ОПОЛНОМОЧУН”

АҢГЕМЕ

Суу-Башы жайлоосунун бышып, толукшуп турган учуру. Бригат орокчулар үчүн обочо дөңсөө жерге “штаб” деп тигилген боз үйдүн жанында жамбаштап, көпкөк тунук асманды ырахаттана карап, кыңылдап ырдап отурат. Бирок эки көзү, оюнун баары маңдайындагы арчалуу тоолорду аралап кол орок менен чөп оруп жүргөн колхозчуларда. Өзүнөн алыс эмес жерде анын аркандалган аты оттоп жүрөт. Бригат кээ-кээде колуна дүрбүсүн ала койгону болбосо, орокчулардын ар биринин кыймылын көзү менен даана көрүп турду. Колхозчулардын бирөө-жарымы кокус арча түбүнө көлөкөлөп отура калса же жата калса, дүрбүсү менен карап, анын ким экенин билип алат. Чөнтөгүндөгү дептерин алып чыгып, күндү, айды жана ал адамдын атын жазып, өзүнүн белгисин коюп коёт. Кимиси минтип жалкоолугун карматса, эмгек күнүн кыркып азайтып салат. Муну орокчулар билет, ошон үчүн алар саамга да эс албай баары тоо бетин жапырт тырмалап оруп жатышат. Адатта түшкү тамак бышкан маалда ашпозчу аял чоң калай чөмүчүн калай табакка катуу ургулай баштайт. Чөмүчтүн үнүн угаар замат орокчулар орокторун мүрүсүнө коюп алып дөңдөн ылдый заматта түшүп келишет.

Бүгүн аларды чакырган калай чөмүчтүн үнү күндөгүдөн эрте каңкылдап калды. Жапырт өйдө боло берген орокчулар ылдый, өздөрүнүн чатыр кепелери тигилген жакка райистин кара “Виллиси” келип токтогонун көрүштү. “Виллис” жанында райис эмес, галстукчан, курсактуу, тегерек көз айнек таккан чоочун эркек жана күн алыс буларды келип текшерип жүрчү колхоздун парторгу турат. Алар тоолорду боортоктоп, орок оруп жаткандарды дүрбү менен алмак-салмак карап коюп, өздөрүн көздөй штаб жактан шашып келаткан бригатты күтүп турушту. Бригат алар менен учурашаар замат орокчуларга карата кол булгап ишарат жасады.
Ашпозчу да өзүнүн чөмүчү менен табагын адатынча ургулап кирди.

Иш кызыган маалда бригат буларды эмнеге чакырып жатканын түшүнбөгөн орокчулар орогун мүрүсүнө илип алып заматта ылдый түшүп келишти. Бригат штабдын жанына колхозчуларын үй мүйүз тарта тизилтип отургузду, анан борбордон кезектеги “ополномочун” келгенин, анын сөзүн былк этпей, жакшылап угуш керектигин аларга түшүндүрдү. Орокчулар буга чейин да “ополномочундардын” ар кандайын көрүшкөн. Кээ бирөөлөрү “планды аткарбай жатасыңар” деп тилдеп кетишет, кээ бири борбордон келип ар кайсы темаларда сабак өтүшөт, былтыр да бирөө келип, коммунизмди куруу ар бир орокчунун иштегенине жараша болорун, колхоздун кампасы канчалык данга, тоютка толсо ошончолук коммунизмге барчу аралык жакындай турганын, коммунисттик партия жетектеген келечек абдан ишеничтүү экендигин кайра-кайра айтып, колхозчуларды ынандырып кеткен.

Бүгүнкү жүзү бакжайган, ак жуумал лектор отургандарды тегерете бир сыйра шашпай карап алган соң, ортого чыкты да сөздү алыстан баштады:
— Жолдош колхозчулар, кудайга сыйынуудан мурда оболу кудайдын бар же жок экени тууралуу маселени тактоо зарыл, маселен, Дарвин деген окумуштуунун далилдерине таянсак, адамды кудай жараткан эмес, биз кадимки эле маймылдардан чыкканбыз, — Лектор билинээр билинбес жылмайды да тегерете отургандарга дагы дыкат карады. — Мына ар бириңиздер өз кебетеӊиздерге бир карап алсаңыздар, маймылга окшоштукту баарыбыз өзүбүздөн таба алабыз. Көз айнекчен ополномочун четте отурган орокчуну ордунан тургузуп, колунан кармады, мына караңыздар, бул кишинин колу узун, терисинин жүндөрү да көп… а бул кишинин болсо, — Ополномочун эми ортоңку катардан тыртайган арык колхозчуну колдон алды, — пешенесиндеги бырыштарды караңыздар, байкадыңыздар да окшоштукту, туура айтамбы. Биздин маймыл ата бабаларыбыз көп жылдардан кийин эмгек куралдарын ойлоп таап, үй куруп жашап, тамакты отко бышырып жей баштагандан тартып адамга айлана башташкан. Бул жерде Энгельс айткандай адамды эмгек адам кылган. Азыркы биздин коомдо деле эмгектенбесек, адам кейпинен тез эле чыгып калабыз да… Кудайга эмес, биринчи кезекте өзүңөргө, күчүңөргө ишенгиле!

Орокчулар тымтырс, ополномочундун сөзүн муюп угуп отурушту.
— Көрдүңүздөрбү, асманда сиздер ойлогондой карап турган кудай жок. Же сиздер аны көрдүңүздөрбү? Жок. Аны эч ким көргөн эмес. Улуу Маркстын окуусуна таянсак, биринчи кезекте материя, түшүндүрүп айтсам, бу көзгө көрүнүп, биз колубуз менен кармап, сезип турган нерселер, аң-сезим болсо андан кийин. Ошондой болгон соң кудай тууралуу сиздер ойлоп алган нерсе – ал болгону ой. Сиздер көрүп, кармап, сезбеген соң кудайдын бар экенин кайдан билесиздер? — Ушинтип жаагын жанып сүйлөгөн лектор бир маалда орокчуларга суроо узатты:
— Айлыңарда молдолор барбы?
Отургандар жапырт унчукту:
— Бар, экөө бар.
— Алар силерге араб тилинде куран, дубаларды окуса керек?
— Ооба…
— Мисалы, келме, — Лектор келмени арабча келиштире айтып орокчуларга кайрылды: – Эми мунун кыргызчасы Мухаммад пайгамбар өз кулдарыңды жамандыктан сакта, колдо деген эле сөз. Эгер келмени аябай келтиргиңер келсе муну кыргызча эле айтып койсоӊуздар болот. — Ополномочун жаназаны, бир топ хадистерди адегенде арабча, анан алардын котормосун айтып колхозчуларды абдан таң калтырды.
— Жолдош колхозчулар, арабча айтылса эле сиздер аны асмандан кудайдан келгендей ыйык деп кабыл албаңыздар, бул жөнөкөй эле сөздөр…- Уполномочун дагы көп сүйлөйт беле, жамгыр адегенде майда себелеп, анан заматта төгүп кирди. Ал сөзүн шашылыш бүтүрүп, колхозчулар менен коштошуп машинеге шашты.
Бу арабча катыра сүйлөгөн курсактуу ополномочун башкалардай эле колхозчулардын эсинде түбөлүк калды. Бирок анын билимдүүлүгүнө суктанып, сөздөрүнө таасирленгендер көп болду. Уполномочун машинеге түшүп кеткенче, колхозчулар бүгүнкү бетинен нур тамган өзгөчө лекторду таң калуусу тарабай карап турушту. Машине жөнөп кетээр менен жамгыр дагы күчөп, күн демейден тыш күркүрөп, чагылган чартылдап, орокчулар чатыр кепелерине кирип, эшиктерин эптеп кымтылап жаап, отуруп калышты. Жамгыр көнөктөп, чатыр кепелердин ичин бүгүн да суу басты. Орокчулар мындай акыбалга көнүп бүтүшкөн.
Уполномочун отурган “Виллис” жолдо келатып сай ичиндеги селден өтө албай сууда бир топко тыгылып туруп калды. Улам көбөйүп буркандаган сел машинени ары-бери кыймылдаткан сайын уполномочун коркконунан ичинен кудайлап, келмесин миң ирет келтирип, парторгдун алдында адегенде сыр бербей шүк отурду. Качан катуу келген сел машинени ылдый каратып агызып жөнөгөндө ал кудайлап кыйкырып ордунан тура калды. “Виллис” жай агып келип бир чоң ташка такалып токтоду. Уполномочун ташка секирип кетмекке машиненин эшигин ача албай жан-алакетке түштү. Жайлоо жолунун сырын жакшы билген парторг анын алдында бир топ сабырдуу:
— Жолдош, Азиз Бектенович, коркпоңуз, азыр сел азаят… чыгып кетебиз. Суу азаймайынча машиненин эшигин ача албайбыз…
Парторг келген мейманды соороткону менен өзү да ичинен кооптонуп турду. Аңгыча катуу келген киргилт суу агымы машинени дагы бир булкуп өттү. Машине көңтөрүлүп кетпей аз жерден калды.
— Оо, кудай сакта!- Уполномочун эми ордунан тура калып, эки колун көккө көтөрүп, кудайга жалынып жиберди: оо, кудай, парвадигар, бала-чакама аман-эсен жеткире көр, билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир! — Ага жанаша отурган парторг да калтырап-титиреп коркуп, удаа-удаа келме келтирип жиберди, анан калчылдаган үнү менен шопурга кыйкырды:
— Айдабасыңбы, акмак! Неге турасың жалдырап сууну тиктеп….
Шопур болушунча газды дагы басты, машине былк этпейт. “Виллис” селдин тартылышын күтүп кеч киргенче сууда туруп калды. Бул учурда ополномочун канча ирет кудайга жалынды экен, анын эсебин өзүнөн башка эч ким билбейт. Түн киргенде гана айылдан бош келаткан тоют ташыган жүк машине аларды суудан сүйрөп чыгарды.
Суу-Башы жайлоосуна бул опономочун башка келген жок, балким башка жактарга барып жүргөндүр. Барса колхозчуларга окуган ошондогу лекциясын ал дагы эле кайталап окуп жүрдү бекен? Же темасын өзгөрттүбү, ким билет.