ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: ЛӨЛҮЛӨР

ЭТЮД

Колуна кичинекей наристесин көтөрүп, артына куржундарын асынган, жүдөө, шөлбүрөгөн узун кийимдерди кийген төрт-беш аял бу тоолуу айылга бир жылда бир же эки жолу келип кетет. Бул лөлүлөр кайдан келгенин эч кимиси билчү эмес. Бирок колхозчу аялдар булардын келишин жылдап күтчү. Лөлүлөргө алмаштырам дешип аялдар жүн, тыбыт, тери сыяктууларын чогултуп калышат. Анткени лөлүлөрдүн куржунунда чыны, чайнектер, жылтур-жултур жоолуктар, аялдардын көз жоосун алган дагы башка таңсык буюмдар болор эле. Аялдар лөлүлөрдүн куржуну ачылганда андагы кооз буюмдарды карап көздөрү жайнап кетчү. Анткени бул колхозчу аялдардын арасында өмүрүндө бир ирет базарга же бир чоң шаардагы дүкөнгө бара электери да бар.

Айылды үймө-үй кыдырган лөлүлөр бир чоң түйүнчөк койдун жүнүнө бир чайнек же эки чыны, же бир жоолук бере турган. Бул да күпкүндүз каратып туруп аларды тоноочулук экенине карабай, колхозчу аялдар сүйүнүп-сүйүнүп алмаштырып алышар эле. Кээде бул лөлү кейпин кийген соодагер аялдар аша чаап кетишээр эле. Эгер аялдардын мойнуна же кулагына, же колуна тагып алган асыл таштуу көзү бар буюмду көрүп калса, ага чап кенедей жабышып жатып, аны да арзан бирдемесине алмаштырып алып кетип калышчу. Дегинкиси, колхозчу аялдардын жоош-момундугун, ак көңүлдүгүн, көп нерсени билбегендигин, кыйналып жашагандыгын ушул лөлүлөр да пайдаланчу. Көрсө, “лөлүлөр” деген аты эле болбосо булар накта кызыл кулак соодагер аялдар экен.

Сүйлөгөндө кыргызча, өзбекче, тажикче тилди аралаштырып сүйлөшчү, баары тилге чечен. Эмчектеги наристелерин жонуна таңып көтөрүп алышканычы. Буларды көрүп туруп колхозчу аялдар боор ооруп, кээси үйүнө киргизип чайын, тамагын берчү. Көпчүлүгү булардын байкуш кебетесин карап туруп, соодалашып отурбай айткандарын берип коюшкан.

Лөлүлөр эрикпей бөлүнүп-бөлүнүп алышып, топ-тобу менен айылдагы ар бир көчөгө, ар бир үйгө кирип чыгыша турган. Куржундарынын түбүнө бир нерселерди салып келген алар айылдан кетээринде куржундары жүн менен териге толуп калат эле. Колхозчу аялдардын ажаатын көп жылдар жыл сайын келип ачып жүргөн лөлүлөр анан эле келбей калышты. Акыркы жолу келишкенде аларды коркутуп коюшкан эле.

“Экинчи келбегиле, келсеңер, силерди милицияга берем” деп бирөө катуу урушуптур. Урушкан адам биздин айылдык, бирок район борборундагы даярдоо конторунда иштеген киши экен. Ошол ошол болду, лөлүлөр башка келбей коюшту. Көрсө, район борборунда даярдоо конторасы ачылып, ал да элден жүн, тери дегендерди топтой баштаптыр. Биздин айылдык заготконторчу киши ушинтип өз конкуренттеринен оңой эле кутулган экен. Бирок ал элден жүн менен терини өтө арзан баада, лөлүлөрдөн да арзан баада сатып алчу. Анан калса анын көз кызарткан буюмдарды салып алган куржуну да жок эле. Аны билбей, айылдык аялдар көп жылдар лөлүлөрдү күтүп жүрүштү.