ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: ПИРИМ

ЭССЕ

Пирим-молдо. Бул кишинин азан чакырып коюлган ысмы ким экенин айылда аз гана адамдар билчү. Бирок атынан эч ким атачу эмес. “Пирим” кимиси болсо да ушинтип гана кайрылышчу. Азыр ойлосом, ал киши чын эле айылдыктардын пири болгон экен. Союз учурунда динге катуу тыюу салынган маалда ушул Пирим ыслам баалуулуктарын акырындан, билдирбей , көчөгө чыгып даваат айтпай, чоң, кооз мечит салбай, шөлбүрөп-салбыраган кийимдерди кийбей, сакал мурутун өстүрбөй эле айылдыктар арасына ушунчалык жайылтып, кадырын кетирбей жүргөн. Эл чогулган жерде эч кимге сөз бербей бакылдап сүйлөп, акыл айтып адамдардын башын оорутчу да эмес. Кемчилигиңди айтып наалып-накшыбайт эле, дегеле бул кишинин элге мораль окуганын көргөн эмесмин.
Айылдыктардын айтуусу боюнча Пирим биздин айылга өткөн кылымдын 50-жылдарынын аягында келип жайгашкан. Бир нече бир туугандар Баткендин айылдарына бөлүнүп- бөлүнүп отурукташыптыр. Тоонун элине ыслам баалуулуктарын жайылтам деген миссия менен алыстан келген бу киши союз учурунда да элдин терең урмат-сыйына ээ болуп жүрдү. Канчалык динди, ысламды кодулаган менен биздин айылдагы “чоңдор” да Пиримге негедир даай алышчу эмес. Азыр ойлосом, Пиримдин мындай өтө абройлуу бийлиги анын билиминде, адамдык сапаттарында жана жүрүм-турумунда экен. Сылык, бой көтөрбөгөн, үйүнө келген кимди болсо да жакшы кабыл алып, окуп, дем салып берип жөнөтчү. Ушак сүйлөө, айылдыктардын көрсөткөн сый-урматына көөп кетүү, өзүн элден башкача ыйык сезүү бу Пирим молдодо дегеле болгон эмес. Ар бир оозунан чыккан сөзү жүйөлүү, эң негизгиси — бул кишиге келгендер шыпаа тапчу. Наристелер ыйлап, чыргоолонуп калса энелери көтөрүп келишчү, молдонун бир деми менен ыйлаган балдар сооронуп калчу. Табы качкандар, бир түйшүккө, ташпишке малынгандар ушул кишиден дабаа издеп келе беришчү.
Бул киши көпчүлүктөй эле жашап, салган тамы, жеген-ичкени, кийген кийими элден өзгөчөлөнбөгөн. Күн санап убай-чубай келген адамдардан “мага мынча бер” деп дубасын саткан эмес. Байлык да топтогон жок, айылдыктар катарында эле жашады, айылдыктардан айырмаланбаган тиричилик кечирди. Ага “баламды окуп коюуңуз” деп аялдар тандырга жабылган эки нанын да көтөрүп бара беришчү. Эч нерсе таппай калышса аялдар чоң арыктан эки челек суу көтөрүп барып, эшигине чачып дем салдырып алышат эле.
Айылдыктар аны ак сөөк, ыйыктардын тукумунан дешчү. Кийин эс тартып, борбордон билим алып, ары-берини аңдагандан кийин Пирим жыйырманчы кылымдын башында биздин өрөөнгө Аравиядан келген ыслам миссионерлеринин тукумунан экенин билдим.
Пирим-молдого тиши ооругандар да, ичи ооругандар да шыпаа издеп келе берчү. Бала-чака жыгылып, эстен танып калса да, керосин ичип ууланса да тез жардамга телефон чалбай Пиримге чуркашар эле. Айылдыктардын өзүнө болгон мындай чоң ишенимди, үмүттү акташ үчүн Пирим үч уулун медицина институтунан окутуп, бирин терапевт, экинчисин хирург, үчүнчүсүн тиш доктур кесиптерине эгедер кылды. Эми эл керегине силер да жарагыла деди балдарын. Улуу-кичүүдөн, бай менен кедейден бирдей кадыр-барк күткөн бу касиеттү адам балдарын да мыкты тарбиялады.
Бул киши ажылык сапарга да барбады, ысламды минтип-антип тутунгула деп элдин кулагынын кужурун да алып, башына жоолук салбагандарды жаман көрүп тилдеген да эмес. Пирим пенделик кемчиликтердин баарынан өөдө турган. Бирөөдөн капа болуп же бирөөнүн кемчилигин бетине айтып, адамдар тууралуу аркы-терки сөздөрдү сүйлөбөгөн.
Көрсө, анын ысламды тутунуусу такыр башка болгон. Ал өзүнүн аза боюна баалуулуктун баарын сиңирип, анысын пенделик жашоосунда жүзөгө ашырган. Бирди сүйлөп, өзү башканы жасаган идеологдордон эмес. Анын касиети да, кадыры да, ыйыктыгы да ушунда болгон. Ал элди тартипке чакырып, өзүнүн таасиринен пайдаланып аларга ачык жол башчы болоюн деген ойдон алыс эле. Бирок эл көөдөнү, көкүрөгү менен бул кишини пир тутуп, артынан ээрчип, койгон кадамын өпкүсү келген.
Өзүнүн деми, дубасы менен канчалаган кишинин сообуна калды. Азыркы тил менен айтканда, депрессияга кабылган канчанын рухун көтөрүп, жашоого үмүтүн жандырды. Кайгыдан кайышкандын дабаасын ысламдын баалуулуктарынан таап берип, өбөк-жөлөк болду. Пенде деген пенде, ага ушунун баары керек экен.
Ал өзүнүн кеби, баскан-турганы, калайык калкка текши мамиле кылганы менен элди өзүнө тарткан. Анын үйүнө айылдыктар эле эмес, күн сайын башка жактан келгендердин да аягы үзүлчү эмес. Пирим сөздүн түз маанисинде эле элге пир болгон. Акыркы жылдары шайлоолордо, бийлик талашкандар эл арасында өтө таасирдүү бул адамды өз пайдама колдонсом дегендерге да бу киши пенделик кылып аларды ээрчиген жок. Белектерин көтөрүп, дем салганынын акысын өтө мол берип канчалык жагынышса да, “колдоп койгула” деп алардын биринин да кызматын кылган жок. Абийирин акчага сатпаган.
Айылдыктардын рухий тиреги, таянычы, кысталышта жол таап берген жарыгы болуп Кара-Булак айылында Пирим-Тагахан Акматов 60 жылга жакын кызмат өтөдү.
Кийингени таза, жарашыктуу, жүзүнөн нур төгүлүп турган, кыймылы шайдоот бул киши токсондон ашып, жүзгө таяп каза болду. Сөөк койгонго Баткен аймагынын эли көчүп эле келди. Көчө-көйгө эл батпай, Пирим өзгөчө бир сый-урмат менен жерге берилди.