ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: БРИГАТТЫН АТЫ

АҢГЕМЕ

Таң атпай өйүздөгү чоң бакка айылдагы колхозчуларды үймө-үй кирип жапырт тамак ичкенге чакырышты. Адатта таң атпай колхозчуларды чөпкө же дагы башка колхоздун бир “күйүп” бараткан ишине чакырышчу. Бу эртелеп чакырган кандай тамак дешип, колхозчулар көбү ишенип ишенишпейт. Түнүчүндө бригаттин аты кокус өлүп, анын этин эмне кыларын билишпей, колхозчуларга бышырып бермей болушканын алар тамак жеп атканда туюшту. Кийин тамактын пулун алардын эмгек күнүнөн (иштеп тапканынан) кармап калабыз дешкенин да билишти. Миниле берип, арыктап, арып-карып калган аттын эти да катуу.
Бир айылдын эли топтолуп жыйналганча беш саат кайнаса да бышпай койгон этти колхозчулар колхозчулугунан унчукпай жешти. Кадырбек бригаттин аты өлгөнүн угушуп, ичтеринин көбү: “ырас болуптур” деп табалап да жатышты. Эми жаңы ат алганча бир аз жаныбыз тынч алат, – дешкен аялдар бригаттын камчы урула берип соорусу катып калган атынын таштай катуу этин ооздоруна салып эптеп чайнамыш болушканы менен эт жегенге дегеле окшободу. Айрыкча колхозчу аялдар ушул кара аттын тарсылдаган такасы угулганда дарбазага чыккандан заарканып турушат. Ат үстүндөгү бригатка үйдөгү аялдын кечээ төрөгөнү да, наристенин ооруп жатканы да, кары-картаңдардын муктаждыгы да баари бир. Ага ошол үйдөгү келин жумушка чыгыш керек. Колхоздун чөбү орулуп, тыбыты таралып, тамекиси тизилип, пахтасы терилиш керек.
— Бу бригат атын зоруктуруп эле өлтүрүп койду,- деп аялдар күбүр-шыбыр кепке өтүштү. – Керээли-кечке чаба берчү, ат жаныбарга тыным бербей койду да…анан өлбөй коёбу. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт деген ушу да.
— Аты өлгүчө өзү өлсө болмок, — Аялдардын ичинен бирөөсү үнүн угуза сүйлөп койду. -Ай, акырын, — жанындагысы аны тыйган болду. Аялдар арасынан күлкү чыкты: өзү өлсө минтип эт жеп отурмак эмеспиз… Аялдар дагы күлүп калышты.
— Ай, катындар, бери болсоңор, бир кеп уктум бригат тууралуу…
-Ии, иии… –деген аялдар сары гүлдүү жоолук салган аялга ыктап, кулак төшөп калышты.
— Кадырбек кечээ Алмалууга барыптыр, түнүчүндө, кимге экенин билесиңер да… же айтайынбы? — Сары жоолукчан ого бетер үнүн акырын чыгарып сырдуу жылмайды Бурулга.
Беймаал, түнжарымда кайтып келатканда аты көрүстөндүн жанында катуу үркүптүр, ошол ошол бригатти эптеп үйгө жеткирип, анан күп жыгылыптыр, жаныбар… Байкуш ат жеткиргенин кара, а бу Кадырбек ошол сайда калып кетсе не болмок, шермендеси чыкмак, атына ырахмат,- ушинтип кобурашкан аялдар жапырт Кадырбек тарапты карашты. Ал эт жеп отурган эркектерге кошулбай, обочо камчысын кармап, башын жерге салып отуруптур. Астында коюлган табактагы эттен ооз да тийбегендей. Атына кайгырганы көрүнүп турат, мындай атты кайдан табат эми, аты мунун бардык мүнөзүн, кылык-жоругун, ачуусун көтөрөт эле. Аны Кадырбек кылып учурган канаты эле. Ат да дайыма колхозчу аялдардай бригаттан коркуп турат эле, тил алчаак, жоош эле…