ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА: «Биздин айыл мас көчөдөн башталчу»(2-МАЕК)

(2-МАЕК)

– Чыгармачылык чыйрыңызда сиздеги жазуучулук ишенимди жаратып, кандайдыр нуска берген адамдар болду беле?

– Албетте. Бир кезде Мурза аке (Кыргыз Эл  жазуучусу Мурза Гапаров)  аспирантура, диссертация деп убактыңды кетирип жүрбөй жакшы чыгармаларыңды көбүрөк жазбайсыңбы, карындашым,  сенин колуңдан келет деп айткан эле. Ал маалда анча-мынча аңгемелерим “Кыргызстан маданияты” гезитине чыгып калган. Мен болсо  баштаган ишти таштагым келбей кандидаттык диссертацияны коргоого  күлгүн курагымдын 5-10 жылын арнап, аны бүтүрөм деп жазуучулукту ары түртүп койгон учур болгон. Мурза аке иштейт элем деп бир бутун бир жерге коюп алып чайналбай, кийинки маалда өмүрүн бүтүндөй чыгармачылыкка байлап, мыкты чыгармаларды жаратып кетпедиби. Бүгүн көп жазуучулар жан багыш үчүн бир жерде кечке иштеп, анын жоопкерчилигин, түйшүгүн тартат. Убактысынын калган бөлүгүн чыгармачылыкка жумшайт. Менин деле тагдырым ушундай, көпчүлүктүкүндөй.

 

Дагы бир жагдай менин чыгармачылыгымдагы  ички цензуранын   күчтүүлүгү да мага чоң тоскоол болду го деп ойлойм. Мындай нерсе мен эле эмес, көптөгөн  аял калемгерлерге тиешелүү сапат болсо керек. Ички цензура деген эмне –  чыгармачылыгыңда   окурмандардан тартынуу, өзүңө улам талап коё берүү, уяңдык, ачыла албагандык.  Бул  ичиңдеги кайнап турган  булактын көзүн жаба берет. Сен коомчулуктан, менталитеттин нормаларынан чочулайсың, оюңдагыны жылаңачтап ачык жаза албайсың.  Бир нерсе жаза баштаганыңда окурман көз алдыңда туруп алат. Бул бир чети  адам  мүнөзүнө да байланышат шекилди. Көк жал мүнөз күтмөйүн мыкты жазуучу болуш кыйын го. Бирок  ички цензура – бул жоопкерчилик экенин да айта кетүү керек. Окурман алдында  жазуучунун жоопкерчилиги сөзсүз турушу керек. Биринчи китебим “Жан шерикти” чыгараарда кырк жашта элем. Жаштыгым калган эмес, бирок китеп чыгараарда бир топ опкоолжудум. Кол жазманы басмаканага көтөрүп барбай, адегенде Жазуучулар союзуна  баргам, мага сын пикир айткылачы, китепти чыгарсам болобу деп. Союздун сын бөлүмүн ошол кезде жетектеген жазуучу Дайырбек Казакбаев агай кол жазманы таштап кой, бир ай ичинде жообун айтабыз деди.  Мен телефонумду калтырдым да кеттим. Бирок агай ошол күнү кечинде эле чалды, сүйүнүп алыптыр, китебиң мыкты, чыгара бер деди.

– Дүйнөнүн улуу ойчулдарынын бири Артур Шопенгауэр өз трактаттарынын биринде «ааламда адабият, маданият дөөлөтүн жаратууга далбаса кылгандардын көбү илимсиз-билимсиз, себеби алар адам дүйнөсүн терең аңдабай туруп искусство жаратуучулары болуп алышкан» деген апазда өтө маанилүү жагдайды жиликтеген жайы бар. Муну айткан себебим, биздин акын-жазуучулардын дээрлик көпчүлүгү филология же журналисттик билими менен гана чектелген графомандар, ошондон улам китебинин артынан китеби чыккандары толтура. Көбү текст чүргөгөндү же сюжет курганды эле көркөм адабият деп түшүнөрүн чыгармаларынан байкоого болот. Бу жагынан алганда сиздин чакан аңгемелерде адамдын жандүйнөсүн аңтарууга, кейипкерлердин ички дүйнөсүндөгү проблемага акцент коюуга бел байлаганыңызды туйдум. Ошол эле убакта сюжет кууп жазбаганыңыз да жакты. Менимче, мунун жемиши – негизги кесибиңиз социолог болгондон улам го дейм. Себеби менталитет деген чидерден эрте бошонупсуз, сиздин жазуучулук озуйпаңыздын коэффициентин социологиялык билимиңиз да кыйла арттырды деп ойлойсузбу?

– 2005-жылы  болуп өткөн Эл аралык ПЕН борбордун аялдар чыгармачылыгына арналган атайын конгрессинде  кыз-келиндер чыгармачылыгына  тоскоол болгон бир канча идеологиялык, экономикалык, маданий ж.б цензуралар тууралуу маселе көтөрүлгөн. Бирок ички цензура тууралуу сүйлөгөнүбүздө Европа мамлекеттеринен келген калемгер коллегалар бизди түшүнгөн эмес. Биз эмнени ойлосок ошону каалагандай жаза беребиз. Биз үчүн чыгармачылыкта уялуу, тартынуу деген түшүнүк жок дешти. Жазуучулукта мүмкүн ошондой болгон жакшыдыр, бирок менде али күнчө ички цензура  дагы эле бар.

Мындан он-он беш жыл илгери  туулуп өскөн айылыма барып, абдан  капа болуп, кейип келдим, айылым аракечтикке белчесинен батыптыр, арактын айынан ажал тапкандары канча. Келдим да көпкө чейин бу кыжаалатчылыктан арыла албай, эли-журтум эмне дейт деген ички цензурага баш ийбей,  “Биздин айыл  “мас көчөдөн” башталат деген айылдаштарымдын кылык-жоругун  чагылдырган көркөм публицистика жаздым, аны  гезиттерге бердим, кийин “Ташка чыккан гүл” китебиме киргиздим. Адегенде  айылдаштарымды китепканачы келин чогултуп алып бул  чыгарманы талкуулоо уюштурушуптур. Көбү капа болушуптур, бул эмнеси өз элин, жерин ушунтип уят кылабы дешип, анан кайра бу кыз бала да , бизге күйүп-бышып жазып жатат, аны биз уят кылдык дешиптир кээ бири. Кыскасы, бул макала аракеч айылдаштарымды бир топ ойлонткон. Көп өтпөй ушул темада жаштар айылда көчө театрын коюшуптур. Бүгүн айылым аракечтерден бир топ арылып калды.

Публицистика жанры эгемендүүлүктүн келиши менен абдан дүркүрөп өскөнү баарыбызга маалым. Эркиндиктин  илебин  алгачкылардан болуп калемгерлер туйган. Ошол жылдары публицистикалык макалалар гезит беттерин ээлеп, жазуучуларыбыздын көбү публицист болуп кетишкен. Бул оперативдүү жанр ошол мезгилдин талабы болчу. Айтайын деген оюң окурманга тез жетиш керек. Анын үстүнө публицистикаларды баскан жайнаган гезиттердин чыгуусу да буга түрткү болгон. Эгемендиктен кийин көркөм адабиятта  тематикалар, багыттар кеңейди, айрым тенденциялар, агымдар пайда болду, адабият расмийликтен оолактап, көбүрөөк элдик, элге жакын  болуп калды. Ал эми анын өнүгүү  сапаты тууралуу айтуу башка кеп.

– Кыргыз бийлиги чейрек кылымдан бери эл агартуу жагдайында жарытылуу иш улантканын көрбөдүк. Эл арасында китепкөйлөрдүн катмары да кыйла суюлуп кеткендей туюлат. Буга кандай карайсыз?

– Биздин муун китеп окуп чоңойгонбуз, азыр да окуйбуз. Биздин ата-энелерибиз болсо китепке ыйык буюм катары мамиле жасашкан. Менин атам жаңы китепти алгач колуна алганда  пешенесине тийгизип, өөп коёт эле. Жерге-сууга таштабай, таза текчеге тизип, чүпүрөккө ороп, аздек мамиле жасашкан. Китепке жалаң чындык, акыйкат нерсе жазылат деген түшүнүк аң-сезимге бекем орногон эле. Эки адам бир нерсе жөнүндө талашып кетсе “мен китептен окугам, китепте ушундай жазылган” деп бири экинчисин жеңип кетчү.

Китептин дүйнөлүк прогрессти камсыздоодогу миссиясы абдан жогору болду да. Адам баласы китеп менен агарып-көгөрдү, ал адамдарды караңгылактан алып чыгып көзүн ачты, дүйнө таанытты. Бүгүн болсо кагазсыз китептер болот,  кадим китептер 10-20 жылда жоголот деп божомолдоп жатышат. Бирок   китепти колго алып окугандагы кабылдоо такыр башкача да.

Биздин убакта китептерди көп окуган, мектепте жакшы окуган кыз же уул  бардык жагынан мактоого, кадыр-баркка татыктуу болгон.  Жада калса  мектепте балдар жакшы окуган кыздарды сүйчү. Кыздар жакшы окуган балдарды сүйчү. Жакшы окуйт, китеп колунан түшпөйт, демек жакшы кыз деп эсептешчү. Мектепте ошол “жакшы кыздардын” катарында элем. Азыр сүйүүнүн критерийлери да өзгөрдү да. Теңтуштар арасында китеп окууда атаандаштык күч болчу.  Айылдык китепканага келген китептердин бирин калтырбай окуп, кээсин кайталап окуп, дагы качан жаңы китеп  келет деп китепканачы Калча эженин улам тынчын ала берчүмүн.  Кийин арадан  кырк жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ошол эже айтып жатпайбы, сенден уялгандан районго тез-тез  барып жаңы китептерди алып келет элем деп. Эсимде казак жазуучусу А.Нурпеисовдун  “Кан жана тер” деген китеби жалгыз экземплярда китепканага келгенде аны кандай талашканыбыз, Айбек деген менден бир класс жогору окуган бала менен урушуп кеткем.  Ушундай, китеп окууга карата бизде ички муктаждык, умтулуу бар эле.  Бардык баалуулукту китептен издечүбүз.  Анан окуган китептер боюнча кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген  мугалимдер мектепте ар дайым талкууларды уюштуруп турушчу. Окуган китептерибиз тууралуу бири бирибизден озунуп, сөз талашып сүйлөйт элек.  Кыргыз жазуучуларынын бир да  чыгармаларын калтырбай, кыргыз тилине которулган дүйнөлүк адабият боюнча канча китеп китепканага келсе ошонун баарын окуучулук кезде эле окуп койгон экенбиз.  Азыр жакшы китептерди алып  келип үйдө балдарымды окугула деймин, алар астейдил эмес, эптеп менин көңүлүм үчүн окумуш болушат. Кызыгып карагандары интернет, андагы жаңылыктар, кинолор.

Китеп окуу адатын бала бакчалардан, мектептерден калыптандыруу зарыл. Китептерден таасир алып, кызыгып окугандыкка үйрөтүү керек. Бул багытта азыр КТРК каналында “Бирге окуйбуз” деген жакшы  долбоор иштеп жатат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун Кыргызстандын бардык аймагын камтыган “Жылдыздар балдарга китеп окушат” деген долбоору да эки жылдан бери мектептерде  китеп окууну уюштурууда. Эл ичинде белгилүү болгон  инсандар окуучуларга барып мыкты китептерден окуп беришет, талкуулашат, баарлашат. Мындай иш-чаралар өлкөбүздүн ар бир мектебинде үзбөй өтүп турса жаш муун арасында китепкөйлүктү жайылта алат элек.

Цивилизация китеп окуганды азайтты деген бул такыр туура эместигине Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири Финляндияга барып келгенде ынандым. Хельсинки шаарын жергиликтүү эл “Китептердин жана гүлдөрдүн шаары” дешет экен. Шаарда  китепканалар жана китеп  дүкөндөрү кадам сайын кездешет, гүлзарлардын көптүгүнөн жана кооздугунан көз тайгылат.  Китеп дүкөндөрүндө эл көп. Китеп сатып алууга муктаждык да көп экени көрүнүп турат. Гүлбактарда скамейкаларга отуруп, трамвайларда баратып китеп окугандар арбын.  Бул 2007-жыл эле. Интернет жана башка маалымат булактары  бул өлкөдө абдан өнүккөн учур болчу. Бирок ага карабастан  китеп окуу кеңири жайылган. Биз бул өлкөнүн жазуучулары менен сүйлөшкөнүбүздө бизде мыкты китептер гана басылып чыгат, анткени окурмандар табити абдан бийик дешти. Бул сынчылардын эмгеги. Канча жазуучу болсо, ошончо адабиятчы-сынчыларыбыз бар дешти. Ошол сынчылар окурман журтка  китептерди  ылгап, иргеп берип коет тура. Кыргыз адабиятынын бүгүнкү өксүгү – профессионал адабий сын активдешпей жатат. Чыккан китептерге сын-пикирге караганда мактоолор көп.

(1-МАЕК) ушул шилтемеде

Маектешкен Олжобай ШАКИР