ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: УНУТТА КАЛГАН ӨРӨӨНДҮН МУҢУ (1-БАЯН)

Жол очерки

Ак-Шыйрак жөнүндө уккан барбы, көргөн барбы?.. Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагындагы Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнө караштуу Сырт, Үч-Кошкон, Кара-Сай, Ыштык деген конуштар бар. Баарын санай келсе 79 эле түтүн үй-бүлө жашайт. Ошол өрөөнгө өгүнү үч ай мурда Элмирбек Иманалиев баш болгон төкмө акындар жана «Азаттык» радиосу (аталган радиодогу атайы уктуруу) менен биз да бирге ат арытып барып-келген элек.

Барып-келүү демилгесин «РухЭш» сайтынын менеджер жигити Урматбек Жакшымбетов көтөргөн эле. Биз ал жакка саларга кушубуз, кыларга ишибиз жогунан барбадык. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жашаган ошол өрөөндүн элинин азап-тозогун мурда-кийин көп эшитер элек. Бул мерте аталган өрөөндө бир кезде сүрөт өнөрүнөн мектеп окуучуларына сабак берип келип, кийин Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн депутаттыгына шайланган Турганбеков Нурландын оозунан ал жактагы тургундардын учурдагы көйгөйлөрүн угуп отуруп, көчүгүбүздү копшодук…

«Миң уккандан бир көргөн артык» эмеспи, муну дуу-дуу, бак-бак сөз боюнча калтырбайлы дедик. Жөн эле барып келбей, унутта калган өрөөндүн тургундарынын көңүл черин жазып келмекке эл акыны Элмирбек Иманалиевди баш кылып, шакирттери Асылбек Маратов менен Мундузбек Усупбек уулун ээрчите барып, элди ыр-күү уксун дедик. Болбосо элдигибиз кайсы, эрдигибиз кайсы…

Канткен менен жамы журт жабыла тыңшайт эмеспи деп, өзүбүз менен бирге «Азаттыктын» кабарчыларын ала бардык.

Айылдык китепканасына деп азын-оонак китептерди кошо жүктөндүк. Айыл өкмөтүнүн кеңешине төрага Турганбеков Нурлан Ак-Шыйрактыктардын күнүмдүк турмушуна зарыл деп эсептеген кем-карчыларды санап берди эле, сайтыбыздын чарбачыл жигити Урматбек Жакшымбетов таластык шар мүнөзүнө салып, өз комкордугун көрө баштады. Алчуларын алды. Санап майдалабайлы… Жол камдыгыбызды түйүнүп, ошону менен сапарга аттанган элек.

♦ ♦ ♦

Оболу, бул макаланы эмнеге ошол кезде эмес, азыр жарыялап отурганыбыздын да жүйөөсү бар: август-сентябрь аралыгында президенттик шайлоо өнөктүгү боркулдап турган кези эле. Коомчулуктун көңүл чордону саясый куйкум жыттанган окуяларга гана алаксып турганынан улам бийлик дарегине айтылар көргөн-билгендерибизди сары майдай сактап келдик. Себеби президенттикке аттанган эрендердин калп казаны кайнап аткан ал кезеңде коомчулуктун да, бийликтегилердин да кулактарына кеп кирбейт болучу. Баары жай жайына келип калгансыды, эми кирер дейбиз. Арийне, азыр жарыяланып отурган бул макалабыз дегеле көңүл сыртында калар иш эмес. Ооба, даа кайталайм, көңүл сыртында калтырар кеп эмес. Муну аткаруу бийлигинин үч бутагына бирдей кулак кагыш үчүн жарыялап отургандагыбыз.

Эмесе, күбө болуп көрүп-билип келгендерибизден кеп баштайлы.

♦ ♦ ♦

Кан жол деген кан жол. Жер алыс экен. Унутта калган өрөөнгө бир барса жол тандабас жип менен УАЗ авто-унаасы чыдабаса, бөлөк темир тулпар жетер эмес, жолуна түтөр эмес. Борбор калаадан чыккан киши 15 саатка чейин жол жүрөт экен, 400 метр бийиктикке чукулдап, биз минген темир тулпар жол тандабас эки жип тең улам өр таяган сайын онтоп, айрымдарыбыз түтөктөн демигип, башыбызды мыкчыган мүшкүлүбүз канча…

Эң чабалы мен экемин: өңгүл-дөңгүл жолунан ичеги кардың аралашкандан мурда түтөк деген балээ демиңди кыстыктырган сайын Ак-Шыйракка жетпей өлөмбү дедим ичимден. Өлүм менен өмүрдүн аралыгы Ак-Шыйрактан да алда канча жакын сезилип: башыма ар ой келди… «Мен калып калайын, башкаңар жолуңарды улай бергиле» дейт белем, жан кыйналып кеткенде жанымда жолду билгендерден: «Жетерибизге канча калды?» дейм. «Дагы 3-4 саат чыдап коюң» дейт жүрөгү жашы камаарабай. Эринди кырча тиштенип чыдоодон бөлөк аргам барбы… Сыр бербедим…

Таман жолдон көз албай ой түрүп кете бердим. Мол жол түрүлүп кыскара берди.

♦ ♦ ♦

Жол жүлгөсү Үзөңгү-Куушка алып барар бул аймак Кыргызстан менен Кытайдын чеги болгондуктан – унутта калган өрөөнгө баруу үчүн сөзсүз түрдө чегара кызматынын же коопсуздук комитетинин уруксатысыз Ак-Шыйракка баруу мүмкүн эместигин угуп, ал жакка чегара кызматынын атайын уруксатын алдын ала алганбыз. Ал эми ошол жактын жашоочулары анда-санда келер меймандарын тиешелүү уруксат менен гана алып кире алат дешет. Биз да тиешелүү документтердин негизинде чегара тосотунун текшерүүсүнөн өттүк.

Азиз окурманым, эми шул жерден тарыхка да кылчая кетсек: 1916-жылкы үркүндө жапа жабыр чеккен кыргыз элинин далайы самсып дал ушул жол аркылуу Сөөк ашуусун беттеп, Кытайды көздөй оогону көңкө кыргыздын көңүлүнө көк таштай тийген эмеспи. Азыр айтат бири: «Миңдеген качкын-бозгундардын сөөгү калган ашуунун аталышы кийин Сөөк аталып калган». Бири башканы айтат: «Бул ашуу те иргертен эле ата-бабабыздан берки өлүм-житим көп болгон эң бийик төр, ар-ар жерде шагыраган сөөктөр үйүлгөн үчүн Сөөк аталып калган».

А кийин большевиктер совет бийлигин орноткон 1920-30-жылдар аралыгында дал ушул чегара бекети ачылып, Ильич шамы тартылып барган экен. А табынсыздыкка жетти делген Кыргызстан өз эгемендигине ээ болгону ушу – чокусу шаңкайган Үзөңгү-Кууш Кытайдын энчисине өтүп кеткени – кыргызда кылым кылмышы бойдон калды көрүнөт… Бүгүнкү күндө ошол Үзөңгү-Кууштан береги Сырт (аталышын караң, эмнеге Сырт болуп калган…) өрөөнүндө жашаган элдин турмуш-тирлигинен азыркы бийликтин анчейин кабардар эместигин ал жакка барып келген киши гана билет. Эсиңиздерде бекен, 2014-жылдын башында Кыргыз-Кытай чегарасын уйгур тектүү белгисиз топтун өкүлдөрү бузуп кирип келгени. Кытайдан ооп келген ошол белгисиз топтун колунан ысыккөлдүк мергенчи Александр Барыкиндин өмүрү кыйылып, атпай журттун үрөйү учуп отуруп калган. Чегара коопсуздугу эл эсине ошондо келген… Эң кокую – ага дейре кыргыз бийлигинин Ак-Шыйрак, Сырт өрөөндөрү менен иши да жоктой жың эле!

♦ ♦ ♦

Чегара тилкесинен өтүп, каш карайган маалда жолубуздан аркар-кулжалар жалт коюп үркүп бербеспи. Шашып калдык. «Ө-өй, тетигинде кийиктер жүрөт!» – бирибизди-бирибиз түрткүлөшүп, көргөн көзүбүзгө ишенип-ишенбей акылыбыз айраң. Ийе, жакын эле жерден машине үнү угулган тарапка жалтактай үрккөн жаныбарлар десе…

Бала күнүбүздө карыялардын оозунан угар элек: илгери жапайы эчки-текелер отор-отор малдын арасында кошо жайылып оттоп келгенин. Жараткан Теңирдин белгисиз күчү бизди азыркы реалдуу замандан кудум илгерки заманга лактырып ийгендей шыпшындык баарыбыз. Силерге жалган, бизге чын – 21-кылымдын жол тандабас күрүлдөгөн техникасынан чочулап, алдыбыздан үркүп чыккан аркар-кулжалар менен биз минип бараткан жип авто-унаасы бирине-бири коошпой тургансыды. Жапайы жаныбарлар менен минтип карпа-күрп кездешерибиз кимибиздин оюбузга келиптир… Кантип эле аңчылар уулап жүрүп араң жеткен кайберендер капилеттен алдыбыздан кезиккени акылга сыйгыс көрүнүш болду.

Жырткычтык напси канында ойноп шоктонгон кыргыз тукуму жан-жаныбар көрсө көзү күйбөй коёбу. Күйдү. «Аттиң, жаныбызда мылтык болбой калганын» деген ниет ойгонот экен андайда. Чын сөз… Бутабызга илингенин ала келип, мактанат белек элге…

Күз мээримине сонуркап, жайытында жайылып жүргөн жапайы макулуктарга таңыркап оозубуз жыйылгыча көп узабай машиненин панар жарыгы менен кошо жарышкан калтар түлкү алдыбыздан булт коюп калбаспы. «Мэ, сага!» дедик. Шаштысы кеткен түлкү алдыбызда куйругун булаңдатып, машиненин жарыгы менен бир далайга жарышып барып, жылгалардын арасына жылт койду. «Мына кызык алдыда экен!» дедик ансайын…

♦ ♦ ♦

Жайыты мол, оту көң экен-ов. Абасынан кере-кере дем алмакка: бир саамга машинеден түшүп, уюган денени жазалы деп кашатты көздөй бут шилтей бергенде – мал туягын көрбөгөн жайыттар ыңкып жатыры. Мал-теге тебелебей, тиши тийбегенден го, оту кең саздын өлөң чөбүндөй бутуңа оролот. Ар-ар жерде дүмбүл-дүмбүл чий сыяктанып көрүнгөн отко эңкейсең, майин чөп, кыяк чөптөр кыйла жылдан бери үстү борпоң көң болуп жатат. Жыл сайын мал туягын көрбөй үстү-үстүнө чыккан чөп көң болуп каларын өмүрүмдө Ак-Шыйракка баратканда биринчи көрүшүм, шумдук…

Берекеси төгүлгөн мындай жаратылыштын койнунда жашаган элдин кантип пейили бузулмак. «Бу жакта мылтык асынып жүргөн жергиликтүүлөрдөн бир да киши көрбөйсүң», – дейт бизге жол баштап бараткан Турганбеков Нурлан. Анын айтымында, мамлекеттик корукка алынган бул аймакка атайы уруксаты бар туристтер гана мергенчилик кылууга укуктары бар экен. Бирок алар аркар-кулжалардын мүйүзүн гана алып кеткени болбосо, этин жергиликтүү эл бөлүп алышарын баяндап отурду. Аны да жергиликтүү тургундардын алганы алат экен, болбосо карга-кузгунга эле жем болуп талаада калат дейт кийик эти.

Бир гана ак илбирстерге ок атууга тыйуу салынган дешет. Негизинен, жергиликтүү эл бөлөк-бөтөн суук көзүн артып келчүлөр болсо, ак илбирс менен аркар-кулжага кол тийгиздирбей коргоорун билдик…

♦ ♦ ♦

Турмушта Кыргызстандын далай жерине бардык, далай шумдугуна таң бердик, бирок Ак-Шыйрактагыдай таасирге чанда адам гана кабылар…

Акыры бизди чыдамсыз күтүп отурган тоолуктарга жеттик. Борбордон өнөрпоздор келерин угуп, болгондо да Элмирбектей залкар талант баш болгон төкмө ырчылар босогобузду аттайт деп ишенбептир көбү. Анысы ал, биз баргандын мурунку күнү кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтыш өнөрү жыйынтыкталып, Башбайгени биз менен бирге барган Асылбек Маратов жеңип алганы жалпы журтка маалым. Башбайге алган күнү Асылбектин даа бир кош кубанычы – колуктусу Нарындан көз жарып, эркек уулдуу болгон. Ошол эркек уулдуу болгонуна сүйүнүп, чаап барса деле болот эле, бирок күн мурунтан Ак-Шыйракка барууну убадалашып койгонбуз. А колуктусунун толгоосун токтотуп коёр күч жок экенин түшүнгөн Асылбек да бизден калбай жолго аттанды. Канткен менен Арстанбектин тукуму эмеспи, нарк тутунуп «убада деген убада» деди.

Мына ата-а, өнөр адамдары элди сүйсө, жерди сүйсө ушул төкмө ырчылардай сүйсүн. Эл куту ушуларда бейм. Тек, эл-жерди сүйөрүңдү бийик пафостогу сөз менен айтып кереги не! Карапайым тоолук тургундар Элмирбек баш болгон элдик өнөрпоздор келгенин көргөндө терине сыйбай, көздөрүнөн кубанычтын жашы каканактап турду го… Кадимки Жеңижок, Арстанбек, Токтогул, Эшманбет сындуу эл шайырлары куттуу төрдө отургандай кадыр түнгө айланттык отурушту. Ак таңдай төкмөлөрдүн сабалап ырдаганынан кулак кужуру канбай коймокпу… Комузда кол ойноткон Элмирбектин эргүүсү кызыган сайын алкыштарын жаадырып, жалжылдаган көздөр төргө кадалды.

Биз жайгашкан үй Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан деген жаш жигиттин өрүшү экен, айылдыктар ал жерге жапырты менен келиптир. Улагадан улам киргени мурда келгендеринин ийнинен эңилип карап, төрдөгү өнөрпоздорду шыкалып көрүп турушту. Тизе бүгүп отурганы болсочу. Тикебизден тик туруп, кенедей далиске баарыбыз сыйышалы деген таризде өнөргө кумар тоолуктар босогодон төргө дейре шыкаалап тургандарында улуу аруулук, улуу тазалык бар эле…

Ыр-күү таң сөгүлөр маалга чейин уланды…

♦ ♦ ♦

Отургандардын арасынан негедир аксакал курагындагылар көрүнбөдү. Сураштырсак, жашы улгайган адамдарга абасы бийиктик кылгандыктан, негизинен жаштар арбын экен. Биз муну күткөн эмеспиз. Мындай жерге жаштар токтобой, жалаң кары-картаңдар эле жашаса керек деп ой жоруп койгон элем жолдо баратып…

Эртесинде жаздыктан баш көтөрүп турганда эле теребелге көз чаптырдык. Ары өткөн, бери өткөнү бизди айланчыктап кобурашып, бир дагы кары-картаңды учуратканыбыз жок. Биресе минтип тоо байырлаган акшыйрактыктардын арасында жалаң күүлүү-күчтү жаштар көп экенине көңүл сүйүнсө, биресе абасы бийик бул өрөөндө жашоо кары-картаңдар үчүн өтө оор экенин угуп, ичим сыйрылды. Бүгүнкү күндө жаштардын көбү шаарды эңсеп, суутуп койгонсуп айылдан шаарга келип колоктоп бекер жүргөнү канча. Ал эми Ак-Шыйракта мал түйшүгү менен жүргөн жаштарды көргөндө, аларга алкыштан башка эч нерсе айталбайт экенсиң…

♦ ♦ ♦

Бизди даа бир таңгалтырганы – отурук издеп, там-таш куралы деген жаштары али да көп экен. Бирок эң кейиштүүсү – ошол төрт-беш айыл болуп курулган үйлөр айылдык статуска ээ болгону менен ушул күнгө чейин бир да үйдүн юридикалык күчкө ээ деп саналган кожоюндары жок болуп чыкты! Бу кандай деп ойлоорсуз, окурманым? Жергиликтүүлөрдүн айтымында, те илгертен бери курулган үйлөрдүн эч биринде ушул күнгө чейин керектүү документтери эмне үчүн жок экенин сураштырсак, тургузулган дубалдын баары жайытка курулган үйлөр болуп эсептелет экен. Мындайча айтканда, «биз жөн гана асман-жердин ортосунда калкып жашайбыз» дейт көбү. Себеби, эч биринин колунда өздөрү жашаган үйгө ээлик кылган керектүү документтер жок дешет.

Аты-жөнүн атагысы келбеген тургундардын бирөөсү муну минтип жоромолдойт: «Биздин оюбузча: бул өрөөндө алтын кени жаткан болушу мүмкүн, болбосо бизге бийликтегилер үй курууга уруксат бербөөгө кандай себеп болушу мүмкүн? Муну ушунча жылдардан бери бийликтегилер деле билет. Болбосо биз канча жылдан бери үй курууга уруксат бергиле, бойго жеткен бала-чакабызга үй куралы деп арыз-арманыбызды айтып жүрүп тилибиз тешилди! Үй курууга уруксат берилген эмес. Менимче, бул жерде да Кумтөрдүкүндөй алтын жаткан үчүн чоңдордун узак жылдардан бери үй курууга уруксат бербегендерине караганда – бир мандеми бар го», – дейт күрсүнүп…

Аты-жөнүн атагысы келбеген ошол эле адамга мындай кыйгыл собол кыйытып көрдүм:

– Бу жерде жашагандарды жаратылышы катаал мындай өрөөнгө кармап турган күч эмне?

– Эй, айланайын, – деди титиреп, – ата-бабабыздын сөөгү жаткан жерди кандай маңкурт таштап кетет?! Тетигинде турган кырды карачы, – деди колун жаңсап, – ошондон түшүп барсаң эле кытайлар. Ал жакта бери бизге аша албай он беш миллион уйгурлар тирелип турат! Биз жакага түшүп кетсек, бу кырларга ким көз салат?! Кокус бирөө-жарым ашып келер болсо, өзүбүздүн колубуздан эч нерсе келбесе да, куру дегенде чегара кайтаргандарга чаап барып кабар жеткирсек да жерибизди коруп алаарбыз…

Мына, окурман, чыныгы Мекен сакчылары кимдер бизде? Ак-Шыйрактыктар ал жакта өздөрүн чегарачы катары санарын ар кимисинин айтканынан улам туйдук. Анан да булар кыргыз-кытай чегарасын тургай, рухий чегарага да бекем тургундар экенине баарыбыз күбө болдук. Сый тамак жеп отуруп, «силерде ырас мектеп, китепкана, маданият үйүңөр бар экен, а мечит курула элек окшойт» десем, Акыл Кыдыралиев аттуу бурадар:

– Ой, атасынын оозун урайын, бир-эки курдай жанагы дааватчы деген немелер бизге мусулманчылыктын жолун үйрөткөнү келгенинен, «бизди өз жайыбызга койгула. Анчалык каапыр болуп кеткендерден эмеспиз, – деп жолуна салганбыз. – Бизге ата-бабадан калган мусулманчылык эле жетет, силер үйрөткөн диндин кереги жок» деп мечит курдурбай койгонбуз, – дейт.

Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн маданият үйүндөгү көрүнүштөн

Уландысы: Олжобай ШАКИР: Унутта калган өрөөндүн муңу (2-баян)