ШОРУКОВ Эрмек: О’ГЕНРИ: «АКЫРКЫ ЖАЛБЫРАК»

АҢГЕМЕ

Вашингтон аянтынын батыш тарабындагы анча чоң эмес кварталдын көчөлөрү өткөөлдөр деп аталган кыска жолдор менен кесиле турган. Бул ийри-муйру өткөөлдөр таң калычтуу булуң- бурчтардан турар эле. Мындагы бир көчө өзүн-өзү эки жолу кесип өтөт. Кайсы бир сүрөтчүгө бул көчөнүн абдан баалуу бөтөнчөлүгүн ачуу буюруптур. Боёк, кагаз, картина алайын деп чыккан сүрөтчү бир тыйын коротпостон кайра келгендигин элестетип көрүңүзчү!

 

Искусство адамдары Гринвич-виллиж кварталынан издеп жүрүшүп, терезелери тунукелүү, батир акылары арзан өзгөчө кварталга жетишти. Андан кийин алар ал жакка Алтынчы авеньюдан (кенен көчө) бир канча олово кружкалар жана бирин-экин мешти көчүрүп барышып, «колония» түзүштү.

Сью менен Жонсинин студиясы үч кабаттуу кирпич үйгө жайгашкан эле. «Жонси» Жоннанын ылакап аты боло турган. Бирөөсү Мэн штатынан келген, бирөөсү Калифорниядан. Алар Сегизинчи көчөдөгү «Дельмонико» ресторанынан таанышып, экөөнүн ою бир чыгып, жыйынтыгында бирдиктүү студия ачылган.

Аталган окуя май айында болгон.

Ноябрь айында Пневмония аттуу көңүлү суз чоочун адам эч кимге байкалбастан муздак колдору менен буга бир тийип, тигиге бир тийип, колонияны аралап жүрдү. Колониянын чыгыш жагында бул мыкаачы ондогон курмандыктарын өлтүрүп, кенен-кесири басып жүргөн эле, бирок кууш, эңгилчек баскан лабиринтте анын кыймылы жайлап калды.

Мистер Пневмонияны ашкере сылык карыган мырза деп атоого болбойт эле. Кызыл муштум, энтикме оорулуу, москоол карыган келесоонун татыктуу каршылашы катары калифорниялык зефирлердин тукумунан чыккан кичинекей кыз гана саналчу. Бирок Жонсини ал тээп жиберди эле, сырдалган темир керебетке Голландия терезесинин кичинекей көзөнөкчөлөрүнөн кошуна кирпич үйдүн дубалын карап жатып калды.

Бир күнү эртең менен Жонсинин дарыгери Сьюну саксайган, буурул каштарын бир ирмеп, коридорго чакырып алды.

– Ачыгын айтсам, анын бир гана мүмкүнчүлүгү бар… он күндөй, – деди ал, градусниктеги сымапты силке. – Ошондо да эгер ал жашагысы келсе. Биздин фармакопея адамдар табыт жасоочунун кызыкчылыгы үчүн аракет кыла башташканда маанисин жоготот. Сиздин сүйүктүү айымыңыз сакайып кетем дегенден күдөр үзүп койгон окшойт. Ал эмне жөнүндө ойлонуп жатат?

– Ал Неаполь булуңун тарткысы келген.

– Сүрөтпү? Болбогон сөз! Анын оюнда ойлонууга татыктуу бир нерсе барбы, маселен, мырза?

– Мырзабы? – деп кайра сурады Сью, анын үнү варгандыкындай катуу чыкты. Мырза жөнүндө ойлонуучу учур бекен, бирок дарыгер такыр андай эмес.

– Балким, ал жөн гана анын алсыздыгыдыр, – деди дарыгер. –Колумдан келгенин жасайм.

– Менин дарылануучум өзүнүн өлүк көмүү жөрөлгөсүндөгү арабаларды санай баштаганда дарылыгы күчтүү дарылардын 50%ын алып салам. Эгер силер бул кышта кандай көйнөк кием деп суратканга жетишсеңер, ондон бирдин ордуна бештин бир мүмкүнчүлүк болоруна кепилдик берем, – дарыгер айтып, жөнөп кетери менен Сью иш бөлмөсүнө чуркап барып, жапон сүлгүсү суу болгуча ыйлады. Анан ал эч нерсе болбогонсуп, түз эле Жонсинин бөлмөсүнө рэгтаймды ышкырып кирди.

Жонси астындагы шейшептин бырыштарын араң жаза жүзүн терезеге буруп жатыптыр. Сью Жонси уктап жаткан экен деп ойлоп, ышкырганын токтото койду. Ал тактаны орнотуп, журналдагы аңгемеге тушь менен сүрөт тарта баштады. Адатта жаш авторлор адабиятка жол салганга жаш сүрөтчүлөргө журналдагы аңгемелерге сүрөт тартуу менен искусствого жол салышат.

Келишимдүү шым кийген, көз айнегин көзүнө кондурган айдахолук уйчунун сөлөкөтүнө шилтем тартып жатып, улам кайталанган шыбыраган үндү эшите керебетке тез жетип барды. Жонси ойгоо экен. Терезени карап алып, тескерисинен санап жатыптыр.

– Он эки, – деди ал, бир аздан кийин «он бир», «он», «тогуз», «сегиз», «жети» дээрлик бардыгын чогуу айтты.

Сью терезени кунт коё карап жатты. Ал жерде санагыдай эмне бар болду экен? Болгону он эки кадам ары жактагы кирпич үйдүн бош жана өңү өчкөн дубалы менен короосу гана көрүнүп турду. Тамырларынан үзүлгөн, бутактуу эски чырмоок дубалдын жарымына чейин жармашып өскөн. Кеч күздүн муздак шамалы жалбырактарды сабагынан үзүлгөн чырмооктун өзөгү упуранган кирпичтерге илинип турду.

– Ал жерде эмне бар экен, урматтуум?– деп сурады Сью.

– Алты, – деди Жонсин үнү араң угула. – Алар тездик менен түшүп жатат. Үч күн мурун алар дээрлик жүз болчу. Санаганга башым ооруп кетти. Азыр болсо жакшы. Тигине дагы бирөө түштү. Азыр болгону бешөө гана калды.

– Эмне беш? Сьюдин айтчы.

– Жалбырактар. Чырмооктогу. Акыркысы түшкөндө мен да түшөм. Менин үч эле күнүм калганын билем. Дарыгер айткан жокпу?

– Ой, жок. Мен андай сандыракты уккан жокмун, – деди Сью нааразычылыгын жашыра албай. Эски чырмооктогу жалбырактар сенин ден соолугуңа кандайча байланыштуу? А сен бул чырмоокту сүйүп калыптырсың, жаман кыз десе. Макоолонбочу ээ? Баса бүгүн дарыгер сени айыгасың деди… Эмне дегенин айтып берейинби? Биерге сенин он мүмкүнчүлүгүң бар деди. Бул биз Нью-Йоркто трамвайда же жаңы үйдүн жанынан өтүп баратканга барабар эмеспи. Шорпо ичип көрчү. Сьюди болсо сүрөтүн тартып бүтсүн, аны редакторго сатсын, ооруган кызына вино жана өзүнө чочконун котлетин сатып келсин.

– Мындан кийин вино сатып албай эле кой, – деди Сью терезеге карап. Мынакей, дагы бирөө учту. Жок, мен шорпо ичпейм. Демек, болгону төртөө калды. Караңгы киргенге чейин акыркысын көргүм келет. Андан кийин мен да кетем.

– Айланайын, Жонси! – деди Сью ага эңкейе. – Мен иштеп бүткүчө көзүңдү ачпачы, терезени карабайм дечи. Мен эртең сүрөттөрдү беришим керек. Мага жарык керек, болбосо мен терезе парданы түшүрүп коёт элем.

– Башка бөлмөгө тарта албайсыңбы? – деди Жонси муздак гана.

– Мен сени менен отургум келип атат, – деди Сью. – Мындан тышкары мен сенин бул акмак жалбырактарды карап олтурушуңду каалабайм.

– Бүтөрүң менен айтып кой,– деди көздөрүн жума купкуу, кыймылсыз, кулаган эстеликтей жаткан Жонси, – анткени мен акыркы жалбырактын кантип түшкөнүн көргүм келет. Күткөндөн тажадым. Ойлоно берип жададым. Мени кармаган нерселердин баарынан бошогум келет, байкуш, карыган жалбырактын бирөөсүндөй ылдый-ылдый учкум келет.

– Уктачы, – деди Сью. – Мен Берманды алтын издеген дербиш болуп бергенге чакырышым керек. Ылдам эле келем. Мен келгиче былк этпе.

Берман чал алардын студиясынын астындагы биринчи кабатта жашаган алтымыштан ашкан сүрөтчү боло турган. Анын Моисей Микеланджелонукундай тармалданган сакалы башынан эргежээлдикиндей денесине түшүп турар эле. Ал искусстводо ийгиликсиз эле. Баары бир ал баштай элек болсо да, шедевр жараткысы келе берчү.

Такталарды, жарнамаларды ушу сыяктуу чиймелерди сындырым нан үчүн тарткандарын эсепке албаганда эч нерсе тартпаганына бир нече жыл болду. Ал ушулар сыяктуу колониядагы адистин акысын төлөй албаган жаш сүрөтчүлөргө натурщик болуп бир нерсе тапчу. Тынбай иччү, ошондо да келечектеги шедеври тууралуу айта берер эле. Ал болгону бардыгын менменсинүү менен шылдыңдаган, өзүн эки жаш сүрөтчүгө атайын койгон кумайыктай сезген өтө эле каардуу чал боло турган.

Сью Берманды астыңкы кабаттагы арча жыттанган күңүрт бөлмөсүнөн тапты. Бурчта мольбертте сүрөтчүнүн кисти тийбеген, шедеврдин алгачкы шилтемдерин тартууга даяр бош сүрөт. Сью чалга Жонсинин кыялын жана жалбырактай жеңил, ипичке болгон Жонсинин өмүрү кылдын учунда турганда учуп кетүүсүнөн чочулап тургандыгын айтып берди. Берман мындай кургак кыялдан, кутурган иттикиндей болгон көздөрүнөн жаш чыкканча күлдү.

– Эмне? – деп кыйкырды. – Ал ушундай да акмактык кылмак беле? Каргыш тийген чырмооктон жалбырактар түшкөндүгү үчүн өлгөн. Мындайды биринчи жолу угуп атам. Жок, мен сиздин акмак дербишиңизге поза кылып бере албайм. Эмнеге ал мындай болбогон нерсе менен башын оорутуп атат? Ах, байкуш кичинекей мисс Жонси.

– Анын абалы оор, – деди Сью, – ошондон улам оюна жаман нерселер келип атат. Болуптур, мистер Берман, эгер сиз мага поза кылып бербесеңиз кереги жок. А сиз менин оюмча, жаман карыган чалсыз… ашкан келжирексиз.

– Мына сага ана катын! – деп кыйкырды Берман. – Ким айтты сизге мени барбайт деп? Жүрү. Сиз менен барам. Эмнени поза кылып береримди жарым саат бою айттым. Оо, Кудай! Бул жер мисс Жонси сыяктуу жакшы кыздын ооруй турган жери эмес. Шедевримди бүтөр менен бардыгыбыз кетебиз. Чын!

Алар үстүгө чыгып барганда, Жонси уктап жаткан. Сью парданы терезенин алдына чейин түшүрдү да, башка бөлмөгө кирүүгө белги берди. Алар терезеге жакын келишип, чырмоокко чочулай көз жүгүртүштү. Өсүмдүктөн таң калычтуу эч нерсе байкай алышпаган алар үнсүз бирин бири карашты. Кар аралаш жаан тынымсыз жаап жатты. Эски көк көйнөкчөн Берман асканын ордуна көмкөрүлгөн чайнектин үстүнө алтын издеген дербиштин ролун аткара отурду.

Эртеси эртең менен куш уйкудан ойгонгон Сью түшүрүлгөн жашыл парданы бакырайган алсыз көздөрү менен тиктеген Жонсини көрдү.

–Терезени аччы, көргүм келип жатат, – шыбырап буюрду. Сью мойнунан байлаган иттей туруп барып терезени ачты.

Анан эмне болду? Түнү менен басылбаган көнөктөгөн жаан менен катуу шамалдан кийин кирпич дубалда чырмооктун акыркы жалбырагы көрүнүп турду. Сабагы дагы эле көк бойдон турган тикендүү жагы саргарбаган жалбырак жыйырма футтай аралыкта бутакта асылып турду. Өжөрдүктө асылып турду.

– Бул акыркысы, – деди Жонси, – түндө сөзсүз түшөт деп ойлогом. Шамалдын үнүн уктум. Ал бүгүн түшөрү менен мен да өлөм.

– Айланайын Жонси! – деди Сью чарчаңкы жүзүн жаздыкка эңкейте. – Жок дегенде мени ойлочу, өзүңдү ойлобосоң да. Мен кантем?

Бирок Жонсиден жооп болгон жок.

Сырдуу, алыскы сапарга аттанууда адам жаңы дүйнөдө баарына жат болуп чыга келет. Жонсинин кыялы өмүр жана адамдар менен байланыштырган жиптерди биринин артынан бирин үзгөн сайын, аны ошончолук акыл-эсин ээлей баштады.

Бир күн өттү. Жада калса алар иңир киргенде, кирпич дубалга сабагына илинген чырмооктун жалгыз жалбырагын көрүштү. Караңгы киргенден кийин түндүк шамалы жапыз голландия чатырынан агып түшкөн жаанды ургулай үзгүлтүксүз терезени тырсылдатып жатты.

Жарык тиери менен кара мүртөз Жонси парданы кайра ачууну буюрду.

Чырмооктун жалбырагы дагы эле өз ордунда туруптур. Жонси аны көпкө чейин карап жатты. Газ плитага тооктун шорпосун ысытып жаткан Сьюну чакырды.

– Мен жаман кызмын ээ, Сьюди, – деди Жонси. – Балким, бул жалбырак сабагында кандай жаман кыз экенимди көрсөтүш үчүн калган болуш керек. Жашоодон аша кечүү – бул күнөө. Азыр сен бир аз шорпо, анан шараптуу сүт алып келсең болот… Жок болсо адегенде күзгү, анан менин туш-тушума жаздыктарды коюп койчу, мен сенин тамак бышырганыңды көрүп турайын.

Сьюди, бир күнү мен Неаполь булуңун боёк менен тартам буюрса,– деди ал эт бышымдан кийин.

Түштөн кийин дарыгер келгенде, Сью анын артынан оозгу үйгө кайсы бир шылтоо менен чыкты.

– Бирдей мүмкүнчүлүктөр, – деди дарыгер Сьюнун арык, калтыраган колун кыса. – Жакшы карасаңыз эле жеңесиз. Азыр мен дагы бир астындагы оорулууну көрүп келишим керек. Аты – Берман. Менимче, сүрөтчү болуш керек. Ал дагы өпкөсүнөн сезгенген. Жашы өтүп калган, абалы начар, оорусу да катуу. Үмүт деле жок, бирок аны бүгүн ооруканага жөнөтүшөт, тынчыраак.

Кийинки күнү Сьюга дарыгер мындай деди:

– Ал коркунучта эмес. Сиз жеңдиңиз. Азыр болгону тамак, жакшылап кароо гана керек, башка эч нерсенин кереги жок.

Түштөн кийин Жонси жаткан керебетке Сью ачык көгүш, таптакыр жылуулугу жок моюн орогучту абдан ороп алып келди да, аны жаздыгы менен кошо бир колу менен кучактады.

– Менин сага айта турган сөзүм бар, садагам, – деди ал. – Бүгүн мистер Берман ооруканадан каза болуптур. Ал болгону эки күн ооруптур. Биринчи күнү эртең менен дарбазачы эс-учунан танган байкуш чалды бөлмөсүнөн тааптыр. Суу болгон бут кийими, кийимдери өтмө катарынан өтүп кетиптир. Түн ичинде каякка чыкканын эч ким түшүнбөйт. Күйүп жаткан чыракты, ордунан жылган шатыны, бир канча ыргытылган кистилерди, боёкторду табышыптыр. Карасаң терезени, урматтуум, дубалдагы чырмооктун акыркы жалбырагын. Сени таң калтырбай элеби, эмне үчүн ал шамалдан дирилдебейт, жада калса кыймылдабайт? Ооба, урматтуум, бул Бермандын шедевринин өзү эмеспи – ал аны акыркы жалбырак учуп кеткендеги түнү тарткан.

Англисчеден которгон Эрмек ШОРУКОВ