ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: «РУХЭШТЕГИЛЕР» ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВДИН КАРЫШКЫР ЭКЕНИНЕ ООЗУБУЗ АЧЫЛЫП ОТУРАТ

Карышкыр

АҢГЕМЕ

Чабанмын. Кыштоого көчтүк. Кыргоо деген жерден Жаңыбай деген кокту бизге тийди. Жыгачтан салынган жалгыз сарайда эрбелеңдеп колуктум Айзада экөөбүз ээрчишип жүрөбүз. Эстен кеткис азабыбыз суу ташып келмей. “Водовоз” деген кара эшегибиз бар. Анын жамбашына 5707 деген колхоздогу Асылан байкем айдаган водовоз машинанын номерин жазып койгом. Болжолу жети чакырым жерден суу ташыйбыз. Ал сууну ичкенге эле пайдаланбасак, чобур койлор менен кир жууганда карды эритип, кардын суусун пайдаланабыз.

Кош бойлуулугуна карабай керелди-кечке кар ташып от жагып, шаарда кабат үйдө өскөн кабелтең сары кыз тоолук тоголок кызыл келинге айланган. Чабандар менен шерине жейбиз. Аялдар үйгө кетет, эркектер “чала тоют” болуп калганда Сары-Бел деген жерде Кашка деген кишиникине же чабандардын дүкөнүнө жөнөйбүз.

Бир жолу Козу кыштоодо Каба деген аксакал шерине берип калды. Мен оолугуп, “бир козунун этин бүт жейм” деп чыктым. Кудум ач карышкырдай жалмаңдайм. Мелдешкенибиз беш бөтөлкө арак. Чурулдаган чабандар экиге бөлүндүк. “Жейт” дегени мен тарап, “жей албайт” дегени экинчи тарап. Козунун этин, бир чака бозону жаныма коюшту. Жеп койдум. Артынан кулкулдата бозодон бастырдым. Мен тарап “дуу” жеңишти майлап жиберишти.

Күн кур эмес таң атканча чырактын жарыгында карта ойнойбуз. Анын да байгеси – баш жазмай. Ошентип чалды-куйду күндөр тоодо өтүп жатты. Бир күнү Боз-Баштык деген кыштоодо Ишенбай байке согумга чакырды. Чогулдук. Ал жерден байкелердин бири: “Сени козу жеди дейт, алдыгы ыркыйган ырайың менен кантип жедиң?” деп таң калды да, “Ушул чарадагы этти жей аласыңбы?” — деп ортодогу беш бармакты көрсөттү. Дердеңдеп мактап койсо тайды жечүдөй болуп баягы этти бүт жеп алдым. Баягы байкем таң калып: “Адам эмес эле карышкыр турбайсыңбы”, — деп кечке эле башын чайкай берди. Эртеси эт эмес, чай тамагыман өтпөй, бир жумадай кара көңүл болуп жүрдүм да, ошондон кийин тамакты тарта жеп калдым.

Тигинтип карышкыр атка коно баштаганымда дербиштигим кармап, тентип кетип калып түн ортосунда келатсам, маңдайыбыздагы чоң токойдон карышкыр улуп калды. Кадимки “Акбаранын көз жашы” киносундагы Базарбайдай чапкылап, коркконумдан аттын оозун болушунча коё берип чаап келатам. Эшиктин алдында Айзада байкуш отурат бир колунда мылтык, бир колунда ок. Мылтыкты атмак тургай октун кайда салынарын билбейт. Өзүм калчылдап коркуп келгенимди билдирбей, кайра ага жинденген киши болуп кыйкырып калдым: “Карышкыр эмне үйгө келмек беле?! Токойдон улуса эмне коркосуң?!» — деп койом. Өзүм шымымды булгап койо жаздаганым менен ишим жок.

Ээн коктуда, ээн сарайда эрбейип жалгыз калып, түн сүрүп мени күтүп отурган кош бойлуу жаш келинчегиме боорум ооруп, ийининен имере тартып үйгө алып кирдим да, карышкырлардын симфониясында кучакташып уйкуга кеттик…