ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АЙГЫР СОГУШ

АҢГЕМЕ

 Айылдын аягында жашагандыктан, аңызга түшкөн үйүр-үйүр жылкыларды бири-бирине кошуп жибермей “эрмегибиз” бар эле. Жайлоодон жаңы түшүп семиздигинен кутуруп турган айгырлар тытышып жатып калат. Кызыгыбыз ошол. Жылкы баласы — малдын асылы. Кээ бир айгырлар канча кошсоң да бир кишенеп бээлерин чогултуп бизге жеткирбей кетет. “Мал аласы — сыртында, адам аласы – ичинде” демекчи, кай бири бээсин тарттырганына арданып, кызыл-жаян кан болуп согушат.

Анан жашыраак айгырларды үйүр басып калган карт айгырлар татырактата кубалап жиберип, үйүрүн тартып алат. Кээде жаш айгырлар жаштыгына салып карыгандарын кажып коет. Анан жаңы тартып алган бээлердин арасынан ар бирине айкырып кишенеп барышат. Чыбыктарын шалпылдатыпмээси жогу өзү заңдап жиберип, өзүнүн богун жыттаса, анча-мынча акылы бары бээни жыттап үстүнкү эринин африкалык кара түйрүктөрдүн эрдиндей калбыйтып барып, анан кыялын көрсөткөн келиндей чүйрүңдөп жөнөшөт.

Биз болсо чыт курсактар чогулуп айгырларды туурап жөнөйбүз. Көргөнүбүздү жасайбыз. Бирок айгырды туураганыбыз менен, айдамак тургай жыттай турган бээбиз жок. Жөн гана тестиер балдарбыз “мээбиз жок”.

* * *

Жайында болсо айылда калган балдар керелден кечке сууга түшөбүз. Таш менен тосуп көлмө кылып алган жер биз үчүн Ысык-Көл. Анан баарыбыз “Быты-Чуңкур” деген жерге жөнөйбүз. Аты айтып тургандай, каналдын суусу бука сийдик болуп аккан булуң. Ал жерде суунун агымы менен көпкө чейин чалпылдап бирде туруп, бирде жатып агым менен кошо жөнөмөй. Ал жерден ар ким өз өнөрүн көрсөтөт. Бака жалбырактын алдына заңдап коюп, анан «милиция» деген оюн ойнойбуз. Оюндун шартын билбегендерди милиция кылабыз. Карта ойноп жатканда милиция болуп чуркап келип карталарды тытасың дейбиз.

Бака жалбыракты карта кылып, астында көмүлүп жаткан бокту карматканыбызга сүйүнүп, боорубузду тырмап каткырабыз. Анан “хан ордо” деген оюн ойнойбуз. Хандын көзү таңылуу болуп, алтын таякты алып келгиле деп жигиттерине буйрук берет. Жигиттери таяктын башын бокко малып келип анан карматат. Ошентип ханыбыздын колун булгап да күлөбүз. Баарынан тажаганда чедирейип туруп алып заара жарыштырабыз. Чийинди чийип, бутубуздун учун чийинге тийгизип “Наримандын фонтанындай” асмандата аттырабыз. Ал жерден да чыр чыгат.

– Сеникин ким кести эле?

– Ташкенбай…

– Меникин дагы.

Баарыбызды мусулман кылган Кудай экенин билбей: Ташкенбай ата мусулман кылган деп чурулдап калабыз. Ал убакта келме айтса мусулман болот деген түшүнүк жок. Сүннөткө отурган кез биз үчүн мусулмандык эле.

Баарыбыз кеңешип, үйдөн тамак-аш алып келебиз деп сүйлөшөбүз. Так ошол Ташкенбай атанын сарайынын артына алып барып очок жасайбыз. Карып агайдын картөшкөсүнөн уурдап казып келебиз да, Тынайбек атаныкынан үндүктүн жумурткасын уурдап келебиз. Уурдап келген жумуртканы Дакунун үйүнөн Даку өзү уурдап чыккан жашыл мискейге арыктын суусунан куюп алып жумуртка бышырабыз.

Кара кагаздын ышына ышталган жашыл мискей заматта кара мискейге айланат. Бир аз кайнаганда эле бирден алып, чала бышкан жумуртканы талашып жейбиз. Жумуртканы жеген мышыктай жаланып, тай кунандай туйлап барып каналдын суусуна чөмүлөбүз. (Ылай-баткак аралашкан ошол суудан жукпаган оору, хлор кошуп тазалап жаткан шаардын бассейндеринен жукканына таң калам.) Кечкисин болсо эки бактын ортосунан өткөн айылдын жолуна бактан-бакка керип жип тартабыз. Караңгыда машиненин жарыгынан ичке жип — жоон аркандай көрүнөрүн билбейбиз. Авто-унаалар тормозун болушунча басып чайкылдап келип токтогонун бактын башынан көрүп отурабыз. Сөгүнүп-сагынган айдоочулардын жерге түшүп алып жипти жыйнап кеткенине ичибиз ооруп, кайра айдоочуну сөгүп, жаңыдан жип тартабыз. Кээде авто-унаа өтпөй далайга чейин бак башында отурган күнүбүз болот.

Анан ар бирибиздин артыбыздан “куугун” келет. Кыска чыбык көтөргөн энелерибиз ар бирибизди астына салып айдап кетет. “Эртеден кечке эч нерсе жебей өзөрүп эмне кылып жүрөсүңөр” дешет. Алар кайдан билсин, Тынайбек атанын үндүгүнүн жумурткасын же Карып агайдын очокко бышкан картөшкөсүн жалмаганыбызды.

Эртеси кайра “жаңы жашоо” башталат. Баарыбыз суу жеп кеткен жардын боорундагы чакчыгайлардын уясына жөнөйбүз. Же сарайлардагы кептерлердин уясына барабыз. Мен уя бузуп балапан өлтүргөндү аябай жаман көрчүмүн. Бузбай эле балапандарын карап, кантип тамактандырганын көрөлүчү деп коргоп жүрөр элем.

Эмнеге мунун баарын тизмектеп жатам. Себеби, уя бузганды жакшы көргөн ошол чыт курсак балдар кийин бой жетип турмуш курганда да өздөрүнүн уясы бузулду. Айгырлардын үйүрүн аралаштырып жибергенди жакшы көргөн менин турмушум так ошол жылкылардын үйүрүндөй аралашып калды. Малды, жанды, баарыбызды жараткан Кудай өзү таразалап коерун, жаратылыш менен адам баласы эриш-аркак болорун эми ойлонуп жатам.

Балдарыма малга-жанга, асмандагы чымчыкка, жердеги мышыкка да сүйүү менен мамиле кылууну үйрөтсөм деген гана тилегим. Сиздерден да суранарым, сиздерге да тилээрим, эч качан уяңыздар бузулбасын!

Үй-бүлөңүздөрдөн адашпагыла. Мен сиздерди, адамзатты сүйөм! Жаратылышты сүйөм! Эң негизгиси — Жараткан Кудайды сүйөм!

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ