ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АЙЛАНАЙЫН, АЙЫЛДЫКТАРЫМ!

Ишке жарады. Бада кайтарган атты күлүккө кошуп чапкандай боломбу деп сарсанаа болуп баргам. Токмоктун командасына түшүп калганда токмок жебесек экен деп 3:0 менен токмоктоп салдык. Айылда мал кайтарып, Нарындын суугуна кайыгып жүргөн балдар да. Булардын машыгуусу малдын богун чыгарып, анан чөп салып, сугаруу менен өтөт.

Жашыл кийимди кийип эле “Бол-эй-болдун” (волейбол) аянтына тизилип чыгып калышса, кадимки спортсмендерге окшоп калышты. Мен болсо өзүмчө кубанып жүрөм.

Менин ортончу балам менен тең балдар. Бири Доотай деген айылдын алдыңкы комбайнеринин небереси. “Нива” деген комбайнында “16” деген ак сыр менен басылган катар номуру менен орок-балканын сүрөтү бар кызыл желекти желбиретип, Доотай айылдын көчөсүнөн өтөр эле.

Анын Додо деген каймана аты менен таанымал менден бир жаш кичүү баласы бар. Азан чакырган аты — Нурлан. Доотай айылда алдыңкы тракторист болуп сыйлыктан сыйлык алып жакшы иштеди. Айтылуу Эсек башкарманын сүймөнчүгү, анан тууганы эле. Экинчиси — колхоздун эсепчиси Тынайбек атамдын Абыл деген уулунун баласы. Чоң энеси Жамила апанын тоонун бетин кара таандай каптап кеткен үндүктөрү бар эле.

Колхоздун эсебин билген менен Тынай атам үндүгүнүн эсебин билчү эмес. Армияга узагандар менен туулган күндөрүн тоскондор эсепсиз үндүктүн шорпосун ичип калышты.

Жамила апам чоң таяк менен канчасын күтүп албады. Үчүнчүсү, бөтөлкөчү бою узун Казакбайдын небереси. Айылдын аягында жашагандыктан, өткөн-кеткен жолоочулардын калтырган бөтөлкөлөрүн чогултуп, таардан согулган мүшөктөргө салып, Ормотой атанын кара эшеги менен айылдын башына далай алып бардык. Баш бармагы  менен бөтөлкөнүн ар биринин оозун сындырып, сары жез тыйындар менен кошо кээде гана Лениндин сүрөтү чегилген 1 рубль алаар элек. Төртүнчүсү, Дербишалиев Орозобек деген бакылдаган байкенин уулу.

Орозобек байке куу эшегине чийне сүйрөп айылдан итапкан алыс кыркын сарайдан чөп чаап жүктөп келээр эле. Бешинчиси, Сениралиев Карыбек деген Макмалдын каркыраган “Урал” унаасын  айдаган, жөн эле айдабастан солярка арттырып алып келген байкенин небереси. Өзүнүн атасы Рахат болсо эки кутуча тамекини бир күндө түгөтө чеккени менен, Кудай кошумча өпкө белек кылгансып, чарчабай чуркаган “Бут-бол” десе баарын таштаган, анан айылда марафондо алдына ат салбаган жигиттин сары баласы.

Алтынчысы, Карадөө деген каймана аты бар, кезегинде мектептин директору болгон Эркинбаев Асанбек агайдын Чыңгыз аттуу уулу. Жетинчиси, “Т-150” трактору менен жер аңтарган алыскы Түндүк флотто кызмат кылган Намазбек моряктын уулу. Сегизинчиси, адабият сабагынын атасы болуп айылдын агартуусуна салым кошкон Адиев Нурдин агайдын көкүрөк күчүгү, айыл өкмөт менен мектепте алмак-салмак иштеген Абайдын уулу экен. Мына биздин айылдын курама командасы!

Машыктыруучу  болсо Токон атамдын Санжары. Насаатчысы Бол-эй-бол үчүн төрөлгөнсүгөн узун бойлуу арык Болот. Бокең болсо топ десе ичкен тамагын таштап, суу жутуп алып эле волейбол ойноп жүрө берген агай.  Баарынын шоопуру анан ашпозчусу мен…

Силер мени утуп кубандырып тургула, айланайын айылдаштарым! Мен болсо, досторум менен кошо үнүм жеткен дүйнөнүн болгон булуң-бурчуна мактанайын. Мен мактанганды жакшы көрөм. Намыс деген нерсе канымда бар. Айылдаштарымдын кубанычына чекем жарыла сүйүнөм, кайгысын жүрөгүмөн өткөрөм. Карапайым айылдын жай турмушунан адашып, ызы-чуулуу шаарга келип калган айылдын арык жигити элем.  Эми бүгүнкү турнирге курсагымды чедирейтип, шаар депутаты катары каалоо айттым. Баарына жеңиш кааладым. Бирок ичимден айылымдын кара тоголоктору утса экен деген тилегимди тилеп турганым Кудайга белгилүү да. Анан кантип калыс болуп сиздерди алдамак элем.

“Ааламга кеткен жол — айылдан башталат”- акыры алтын баш айылдын топурагын жазданат. Аллахым айылыбызга болгон сүйүүбүздөн айрыбасын. Кайдыгерликтен сактасын! Алга, айланайын айылдаштарым!