ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АТАМДЫН МАХАБАТЫ

ЭТЮД

1993-жылдын октябрь айы. Самарбек атам экөөбүз колхоздун койун кайтарганга тийген, Мырза тору деген атка учкашып “Асан сарайга” жөнөдүк. Үйдөн экөөбүз тең капа болуп ээрчишип чыкканбыз. Жолдон энем жөнүндө талкуу башталды. Атам мени өз теңтушундай көрүп сырын ачты. Энемди кантип сүйгөнүн, кандай ала качып алганын. Анан турмуш өз энчисин бөлүп берип 4 эркек, 4 кыз бергенин. Машинага тебеленген наристесин, эсинен танып кала турган тубаса оорулуу иним Жанарды айтып каңырыгы түтөп баратты.

“Астра” деген аты гүл болгону менен жыты сасык тамекисин улутуна соруп, паравоздой түтүнүн шамал менен каптатып баратабыз. Негедир, демейде алкынган тору ат биздин арманды тыңшап бараткандай башты жерге салып шыпылдап басат. Атам айткан сөздөр кулагыма чала-була киргени менен атамдын аркасынан кежигесин, анан үстүнкү учу ылдый карагансыган кулагын тиктеп баратам.

“Жеңең байкуштун жооштугу жакшы. Анан баарыңарды төрөп, эрезеге жеткирди…”, — деген жерден мен ичимден тырчый түштүм. “Мени чоң энем баккан, чоң атам тарбиялаган. Силер менин ата-энем эмессиңер” деген арам ой мээмде. Аттиң, мен анда ата болгонума үч айга толо элек. Тун уулум Жаныбектин жаңыдан көзгө көрүнүп келаткан учуру. Мен ата болгонумду деле сезбей жүргөн кезим.

“Асан сарайга” кой куудурганга келгем. Менин оюм: койдун баарын кысыр калтырбай куудуруп, жакшы баксам, анан эгиздеп тууса эле мени алдыңкы чабан кылып Алматы шаарына окууга жиберет деген ой менен жашап жүрөм. Союз алсырап, ага кошулуп биздин жашоо да алсырап турган кез. Жамбашымда жамаачыланган жалгыз шым…

Атамдын махабаты жөнүндө укмак тургай, өзүмчө ойго батып баратам. Өзү мүнөзү аябай кырс, ороң-бараң этип бир тийген, жини келгенде ай-буйга келбей эле тарсылдатып сабап жиберген атам, өзүнүн махабатанын алдында алсыз экенин ошондо биринчи сезгем.

Жаш кезинде далай дуулады. Өзүнө окшогон Үсөйүн, Жолчу, Качкынбек деген достору бар эле. Бала кезинде милиция болуу кыялында өсүптүр. Жолчу досу айылдын участкалык инспектору. Сары “Урал” мотоциклин минип алса, өтө сүрдүү көрүнчү. Кийин кайда кетти билбейм. Үсөйүн ата карыды, айылда. Качкынбек аяш атам болсо Чолпон-Атада иштеп жүрүп о дүйнөгө кетти. Ошол жаштыгы менен жаңылып-жазганын мага саймедиреп баратты атам.

Мүмкүн мени жаңылбай оокат кылсын деген ниетте кулагыма куюп бараткандыр. Аны акыл-насаат катары кабыл алдымбы-жокпу, “ошонун баарына чыдаган энем байкуш пил тура” демиш болгонум менен, өзүмдүн эле баккан энем жакшы болчу дейм ичимден. Атам (байкем) биринчи жолу сырын ачып, мени чоң кишидей көрүп айтып берип атса, мен угушум керек эле. Мен анын айткандарын албетте, кулактын сыртынан өткөрүп жибергем.

* * *

Айылдын үстүндө Коңур-Дөбө деген тоонун бетинде кара жер кучагына алган менин атам менен инимдин кабыры бар. Атам инимден калган жалгыз эркек небересин эш тутуп “Исламды үйлөнтүп коюп өлсөм арманым жок эле” деп жүрүп, тилегине жетпей кете берди.

Тамекини жек көрөм. Анткени атам бир күндө эки куту чекчү. Чоң атам насвайын чоң энем өлгөндө “энеңен ажырап өлбөгөн, ушул бокту жебей койсом өлмөк белем” деп, чакчасын майдалатып туруп, мага берип “алы-ыс ыргыт да, артыңды карабай кел” деп жибергени эсимде. Чакчасын ыргытып жиберип анан ээрчип алгансып коркуп артымды карабай чуркап келген элем.

Ал эми өз атам Самарбек болсо тамеки менен коштошо албады. Иним өлгөн соң, күнүмдүк нормасы 3 кутуга чейин көтөрүлүп кетти. Күйүтүн тамеки менен кошо үйлөгөндөй сезилчү. Өлөр-өлгөнчө “байке” деп жүрүп, өлгөн соң “эсил кайран Атакем о-оу, эми кайда-ан көрөйүн” деп өкүрүп бардым. Өзүмдү соороттум, 35 жашында көз жумган иниме караганда 66 жашка чыгып, чөбөрө көрдү го деп.

Бирок мынчалык орду бош болорун билген эмес экенмин. Кечээ жакында куда тоскондо билдим. Байкем бар кезде сойгон мал да семиз чыкчу. Самарбек байкенин малын четинен кармап сойсо болот деп айылдыктар тамшанып калчу. Себеби, таң ата электе малын чыгарып, көз байланганда айдап келчү. Түнү менен уктабай, күрсүлдөй жөтөлүп, короого баш багып турчу. Көрсө, мал да баккандыкы экен. Шаардан барганда козусун союп тосуп алып, согумга деп кышында бодо этинен узатар эле. Акыры, “өтү чоңоюп кетти” деп операция жасалды да, ошол бойдон бир жумага жетпей кете берди. Нарын облусунун ардактуу атуулу жана персоналдык пенсионер эле!

Бетке айткан ороң-бараң кыялы бар, жини мурдунун учунда, бирок тез эле тарап кеткен, чагылгандай тездикти жакшы көрчү адам эле, кайран киши.

Азыр өкүнөм… Тээ, бир кезде, атамдын армандуу махабатын аягына чейин толук укпай койгонума өкүнөм.

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ