ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АТЫҢ ӨЧКҮР АРАК!

Баштан өттү да, эй

Мени үйлөндү деп байкем (атам) энелеш агасын, аталаш инисин ээрчитип шаарга келишти. Максаты — кудага бармай. Нарындан чыккан Бишкекке чейин жолдо катар келин майлап ичип келишиптир. Үчөө тең теңселип мас. Бир кой жетелеп алышкан. Өзбек ажы экөөбүз аларды ак топучан тосуп алдык. Мына кызык, баягылардын кебетесин көргөн ажы акем: “Же буларды соолуктур же менсиз эле барышсын”, — деген ультиматум койду. Мен үчөөнү машинага салып алып ЧЧК боюндагы мончонун бирине алып бардым.

Үчөө да өздөрүнүн уят болгонун сезип, менин айтканыма көнүштү. Бассейндин жанына отургузуп алып, дагарага бассейнден муздак суу сузуп алмак-салмак башынан ылдый куям. “Альф… альф… альф… ичики-ий” дешет. Мен болсо көзүмдүн жашын тыялбай үчөөнөн муздак суу менен өч алып жаттым.

Бир убакта “соолуктук” дешти. Ошентип, “үч мушкетёрду” Өзүкеге кошуп “ачуу басарга”. Ысык-Көлгө жөнөттүм.

Назираны алганда да жалаң ушул арактын азабынан уят болгонум эсиме түштү. Анда айылдын башына эле кудага барган элек. Отко киргизип чакырышкан. Ал кездин эли куда сыйлоо дегенди аракка чылоо дегендей түшүнүктө карашчу эмес беле, жеңемди (энемди) ой-боюна койбой дембе-дем “сыйлай” беришип, акыры максаттарына жеткенсип аябай мас кылышты. Анда жаш, толук убагы эле. Айлам кетип, кичирээк чанага отургузуп алып таң ата электе үйгө жеткирейин деп жанталаштым.

Мээмди элге шерменде болбоюн, молдонун энеси мас болуп чанага сүйрөп баратат деген ушакка илинбейин деген ой жейт. Жолдон улам чанадан ооп түшүп калат, кайра эптеп отургузам. Ызама чыдабай ыйлап баратам. Үйгө 300 метрче жеткени калганда Рыскул деген абышка уйларын үрүл-бүрүлдө айдап чыгып жатыптыр, так ошонун жанына жеткенде “жүгүм” ооп түшүп калса болобу.

Кайра отургуза албай жатсам, “оп балакет ичкир” деген тигинин үнү кулагыма жабыша түштү. “Эмне, ичсе да менин энем” дедим. “Сенин энеңди ким талашып атыптыр”, — деп күңгүрөнүп басып кетти. Жети өмүрүм жерге киргендей болдум. Себеби колунда бар, мал-жандыгы көп киши эле, байлыгына таянып энем экөөбүздү басмырлагандай сездим. Эртең иштеп акча таап, ата-энемди Рыскулдан да бай кылып жашатам деген ачуу кыйкырыгым ичимде калды. Көзүмдүн жашын сызылтып, үйгө зорго жеттим.

Көлгө кудага кеткендердики кызык болуптур. Жолдо катар молдокенин какшап барганы атам менен инисине сиңиптир. Агасы болсо акырын бактын арасына чыгып, өзүнө окшогон кудаларын таап, кайра телпейип калыптыр. “Сасыган арактын жытынан жийиркенип, артка кайтканда тереземди ачып айдап келип башыма суук тийди” деп ажыкем ооруп келди.

Кайра көлдүктөрдү Нарынга чакырдык. “Молдо менен барып кудаларым менен сыйлаша албай калдым”, — деп айылдан тосмой болду. Даярдыктарын көрөйүн деп барсам, ага-жеңеси менен ата-энем орто кызуу болуп бапалактап, небак эле “куда тосуп” башташыптыр. Нервим чыдабай, ыйлаган тейде барып аракты дубалдын бетине бир чаптым да, катуу жыгылдым… Оорудум, кыйналдым… Бала үчүн байкуш эне-ата эмнеге гана барбайт. Мени аман-эсен айыкса, оозубузга арак албайбыз деп кудайга жалынып жүрүштү. Кудайга шүгүр, сакайып кеттим. Ошону менен ата-энем арак менен коштошту.

Алтындарым, менин ата-энем. Мен силердин айыбыңарды ачып эмес, мен сыяктуу, биздин үй-бүлө сыяктуу кыйналгандар үчүн, арактын азабын бизге окшогон балдары тартып, көз жаш төккөндөр үчүн жаздым. Мен силерди сүйөм, бейишим да, тозогум да силердин колуңарда. Бейиш энемдин таман астында болсо, анан кантип энемдин бутунан кучактап ыйлабайын. “Душманга таба, тууганга күлкү” болуп жүргөн мезгилдер азыр жомок сыяктуу.

Силердин ичип жүргөн кезиңерди эсимден эчак чыгаргам. Силер ал учур үчүн күнөөлүү эмессиңер. Себеби, силер ишенген союз ыдыраганда ишиңер жок калып, арактан башка арманыңарды бөлүшөр “жан” болбогондуктан, бугуңарды чыгарып алыш үчүн ичкендирсиңер. Биздин үйдө арак токтогондо – Жалилбай экөөбүз мал топтодук. Рыскулдукунан да көп мал курадык…