ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: АТ ЧАБЫШ ЭМЕС, БИТ ЧАБЫШ…

АҢГЕМЕ

1982-жылдын жаз айы. Жалилбай экөөбүз жарма менен нан көтөрүп, кыштан көтөрүм болуп араң чыккан алты койду жайып Коңур-Дөбөнүн бетине чыктык. Жер жылып, жаңы чыгып келаткан текейди терип жейбиз. Кескелдирик деген жайнайт. “Кес куйругуңду, кес эле кес” деп бакырып, төрөп салып качып кеткен ыймансыз кыздай, куйругун таштай качкан кескелдириктердин куйругун чогултабыз.

Анан эрмектээрге эч нерсе таппай калганда апам байкуш колго тигип кийгизген гүлдүү момосуй турсийлерге өтөбүз. Анан ачканда эле тигишинде катар тизилген биттерди сыгабыз. Сыймыктанып санап сыгабыз. Арасынан тез чуркагандарын алып чыгып көйнөгүбүздү жайып алып, бетинен бит жарыштырабыз. Анан мен чоңдугума салып аныкы утса да, меники деп биринчиликти бергим келбейт.

Чааралакей болуп көрүнбөй калып адашып жатабыз, аппак материал алып келебиз дедик. Күлүк биттерди эртеси таппай калчудай, акыр замандын акыркы битиндей көрүп кайра турсийлерибизге салып алдык. Эртеси күнү ак материалды кайдан табам деп ойлонуп, апам байкуштун атам экөөнүн “кепинине” деп ороп койгон болотнайына көзүм түштү. Бир кулачтай кесип алдым. Анан атамдын тумар чийген карандашын кошо кымырып алып тоого кеттик. Ак болотнайды жайып алып, анан ага карандаш менен чийип “старт”, “финиш” деген сөздү билбеген үчүн. “Б”, “А” деп жаздым. “Башы” анан “аягы” деп Жалилбайга түшүндүрдүм.

Кайрадан бит жарыш… кыйкырып-өкүрүп сүрөйбүз. Тим эле тез чуркаган биттер биздин көзүбүзгө “ахалтекин” асыл тукум аттай көрүнөт. Айылда Карыпбайдын кара кашкасы деген атактуу күлүк ат бар эле. “Карыпбайдын кара кашкасы-ы!..” деп чарылдап кыйкырабыз. Анан Жалилдин бити дагы ашып кетти. Мен ызама чыдабай Жалилди уруп кирдим. «Сен тамак жебей жатып сенин битиң ачка болуп чуркап жүрөт. Меники тоюп алып чуркабай жатат, кайра жарыштырабыз, мен кайра башынан баштайбыз» деп чырдадым. Көзүнүн жашын сүртүп коюп кайра башкасын алып чыктык. Меники ашып баратканын көрүп шымын көтөрүп даяр турган Жалилбай ак болотнайды сүйрөп алып качып кетти. Мен шымымды шымдаганча алыс кетип калды. Тоодон ылдый кубалагым келбей эмне кылып чакырсам дедим да, ойлонуп:

— Э-эй Казак (эркелеткен аты эле), алдагы ак болотнай атамдын же апамдын өлгөндө кийе турган көйнөгү. Алып кел. Кайра ордуна алып барбасак болбойт, — дейм.

— Барба-айм.

Мен коркута баштадым.

— Алып кел, жаман болот… сен өлүп каласың!

— А мен алып барсам кимибиз өлөбүз?

— Анда мен өлөм.

— Жок, байке, сен өлбө, менден чоңсуң да. Сен өлгөнчө мен өлөм…

Э-эх, ошол сөздөр кийин чыныгы турмушта так ошол биз сүйлөшкөндөй болорун билсек эмне! Аттиң, менин канатым… сен ата-энебиздин алдында кетээриңди билсем мен ак болотнайга да тийбейт элем… Сен экөөбүз ойногон тоо, дал ошол сен сүйрөп түшүп келип отурган тоонун бети айылдын мүрзөсүнө айланып… ошол сен отурган тушка сенин сөөгүң жатып каларын мен кайдан билдим…

Биздин балалык азыркы сен экөөбүздүн балдарыбыз үчүн жомок. Экөөбүздүн балдарыбызды чогултуп алып ошол кезди ыйлап айтып берем… Азыр сенин балдарыңа акыл эс-кирип чоңойсун деп күтүп жүрөм. Экөөбүздүн балдарыбыз улуусунун кийимин кичүүсү кийбейт. Сен экөөбүз сырткы кийим эмес ички кийимдерибизди деле тартынбастан, уялбастан эле кийип өскөнбүз. Айырмабыз эки жаш болсо да, бир жолу да атымдан айткан жоксуң. Байке дегениңден жазган жоксуң. Биздин балдар компьютер менен машина айдап жарышат. Сен экөөбүздөй бит жарыштырмак тургай, биттин эмне экенин билбейт.

Булар Дота же Коунтрстайк деп ойношот. Аялдарыбыз болсо апамдай болуп сууну ташып келип ысытып кир жуубайт. Автомат деген кир машина өзү эле жууп койсо, жайганды унутуп калышат. Апам байкуш жетөөбүздү катар-катар төрөп, анан төрөбөй койо турсак экен деп сарсанаа болсо, булар каалаган убагында календарь менен эсептеп, эркек-кызын болжоп билип анан төрөйт… Сен экөөбүздүн көргөндү булар көрбөй эле койсун деп ойлойм!

Кайра күн тийген жердин күкүгү болгуча, бийик тоонун бүркүтү болуп өссө эмне деп коем ичимден. Сенин да, менин да балдарымды аябай илимдүү кылгым келет. Бирок илими болгон менен билими жок болуп калабы деп корком. Негедир өлөрүңөрдү сезгенсип менин улуу баламды ырас эле багып алыптырсыңар. Атам экөөңдүн ордуңду жоктотпой айылдагы үйдүн отун өчүрбөй, түтүнүн түз чыгарып жатат.

Өткөндө барып атам экөөңөрдүн мүрзөңөргө балдардын баарын ээрчитип барып куран окудум. Чоң атам менен чоң апамдын мүрзөсүн көрсөтүп куран окуп келдим. Алыста жүрсөм да — жүрөгүм айылда.

Силердин элесиңерди эстеп ушуну чиймеледим. Себеби, биздин жашоо ар бир айылда өскөн достордун көз алдына тартылат. Түшүнгөн достор тарбия катары кабыл алат. Түшүнбөгөндөр битти да, итти да жазат деп сын айтып калат. Мен сыяктуу бармагын жара тиштеп өкүнүп калбасын деп жазам. Анан тирүү кезде сыйлашып, тирүүлүктүн жана ата-эне, бир туугандын баркын билип калса деген тилегим бар. Мен силерди жоготкондо баркыңарды билдим…

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ