ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: БЕЙИШТЕ АЧЫЛЧУ САНДЫК

АҢГЕМЕ 

Чоң энемди “апалап” чоңойдум. Ага арнап жазган жүрөгүмдө сагынганычтын каты бар. Анда окуй баштайын…
«Саламатсызбы, апа! 1912-жылдан 1989-жылга чейин ушул жалганда өмүр сүрдүңүз. 4 жашыңызда Үркүн деген балээ чыгып, Кытайга чейин үркүп барып, анан Кудай сактап аман кайтып келиптирсиз. “Элес-булас эсимде, качкан кезибиз, ачкадан ыйлап азап тартканыбыз…” деп барып, “сурабай эле койчу балам, биздин башыбыз менен эле кетсинчи” деп ыйлап жиберип отуруп калар элеңиз.
Сиздин себиңизге келген сандыкты сактап жүрөм, апа. Ушул сандык менен толтура акыл жана тарбия бергендей сезилесиз. Элесиңиз дайым эсимден кетпейт. Мен 7 жашта, сиз 70 жашта элеңиз. Тырбалаңдап, ыркыйган мойнума апкөчтү илип алып, эки чака сууну бутум чалыштап араң көтөрүп келер элем. Күнөөмдү сезгендей. Сиз болсо эки бөлмө жалпак тамдын ортосундагы темир мешке от жагып суу ысытар элеңиз. Атам үчөөбүз жаткан шейшепти күнүгө болбосо да күн алыс жуучубуз. Мен жуудурчумун. Жөн эле жуудурбай калайын… экөөңөрдүн ортоңорго жатып алып көлдөтүп жиберип… “а-ай кокуй, абышка, тур, шейшепти алмаштырайын, Шакар жайлады” деп түн ортосунда шейшеп алмаштырабыз.
Уйкумдун таттуусун айтпаңыз, карайлап кайра уйкуга кетер элем. Канча жолу төшөккө сийсем да сабап же катуу айткан жок элеңиз. “Катын ала турган болуп калдың, уялсаң боло?” — деп башымдан сылап, бетимден өбөр элеңиз. Мен болсо мүрөктүн суусун төккөнсүп, кайра төшүңдү тытмалап, шалбыраган эмчегиңден шуу жыттап соруп алаар элем. Негедир сүт чыкпаса да эмгенден танбайт элем, сиз эмизгенден тажабайт элеңиз. “Быйыл окууга барасың, эми эмчектен чык, уят, классташтарың көрсө мектепке жайып жиберет. Шакар торпоктой болуп эмчек эмет экен” деп сага Торпок деген ат коюп алат”, — деп маңдайымдагы көкүлүмдөн сылап отурар элеңиз.
Мени мектепке жетелеп бардыңыз. Ар түркүн — бири узун, бири кыска, бири көк көз, биринин чимкириги куюлган, бирөөсү «р» тамгасына тили келбей «й» деп айткан – мага окшогон мадыра баштарга кошуп окууга киргиздиңиз…
Бир жолу классташ кызым сабак учурунда эжейден сурана албай, отурган ордунда койо берип ийгенде менин сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Окуудан келээрим менен энем эркек төрөгөндөй сүйүнүп, шамыраңдап кирип келдим да: “Мен уктап атып сийем го? Бир кыз ойгоо отуруп эле сийип койду!” дедим. Апам байкуш мени акырын жанына отургузуп, “балам, сен мектепке бардың. Билим алып, окуп атасың. Эч качан бирөөнүн кемчилигин же жаман жагын айтпа. Көргөнүң көргөн, укканың уккан жерде калсын. Ушак айткандан эшектин этин жеген артык” дедиңиз.

* * *
Кийин андан да кызыктуу окуя болду. Бир кызыбыздын ичи өтүп кетти. “Мектепке жайылып кетпесин, оозуңарды баскыла, классташ деген эч качан сатпаш керек”, — деп Карыпбек агайдын какшаганына болбой, жыты менен кошо желдей тарады. Классташ кызыбыз башка жактан окуп кетип калды. Мен болсо аны азыр эстеп отурам. Мектепке баргандан баштап мен чоңойдум. Болду, төшөккө сийбешим керек! Кудай жалгап оңолуп калгам.
Нарынга конокко бардык. Сиздин иниңиздин үйүнө. Сиздин койнуңузда жаткам. Эртең менен эрте туруп базарга кетиптирсиз, мени шайтан сайып так ошол күнү ит оорум кармап кетиптир. Иниңиз келип мени тургузуп алып, сизге жаны ачыдыбы же менин эркелигиме ичи күйдүбү, аябай сабады. Бирок сиз келгенде өпкөм көөп ыйлап жатканымды көрүп, “балаңыз эрке турбайбы, сиз базарга кеткенде ойгонуп алып ыйлады” деп койду.
Урду деп айтайын десем, айыбымды ачат деп ойлоп, биринчи жолу төшөккө сийгеним үчүн катуу жазаландым. Айылга келген күндөн баштап апамдын айкөлдүгүн, мени кандай жакшы көрөрүн түшүндүм. Шейшепти чылапчынга салып тебелеп жууйм. Сиздин колуңуздун каруусу кетип, экөөлөп эки башынан кармап сыгабыз. Апа, сиз менен суу ташып келип кир жууганды сагындым…
Кыш келди. Чана алып бериңизчи деп жаныңызды койбойм. Кары чарбам тийсин дедиңиз. Ошол айдын бүтмөгү кылымга тете болду. Пенсияңызды алып Шаймерден атанын дүкөнүнүн алдында Кырбуусун апа менен сүйлөшүп мени күтүп туруптурсуз. Жашыл чана. Мен чуркап келип мойнуңузга асылып калдым. Чанага сүйрөп үйгө жөнөдүңүз. Артынан классташтарым алмак-салмак түртүп келатты. Мен болсо баарынын сумкаларын алдыма жыйып алып, эң кымбат машина алгандай сүйүндүм. Үйгө келип чанамдын таманын курчутам деп кайрак менен сүртүп жалтыраттым. Күнүгө сабактан келээрим менен жашыл чанамды сүйрөп тоого жөнөйм. Кечинде бутумдун суусу менен шымымдын багалегин тоңдуруп, өзүм болсо алка-шалка терге түшүп чуркап келем. Сиз менин кийимдеримди которуп, куурма чай менен тосуп аласыз. Сүттөп чай бересиз. Сабагымды окутасыз. Жылуу төшөккө жаткырып, анан жомок айтып бересиз. Аягына жетпей уктап калам. Апаке, мен сиздин жомогуңузду сагынам.
* * *
“Атаң билип калса капа болот. Атаң укпасын. Атаң уктап атат, акырын…” Атам… Атам мен үчүн аябай сүрдүү эле. Көзү сокур болсо да, апамдын айтканы үчүн эле коркор элем.
Мен сизге эмнеге кат жазып жатам, апа? Биринчиден, сиздин мени өзүңүз төрөбөгөн менен төрөгөн энеден артык бакканыңызга, экинчиден, берген тарбияңызга, үчүнчүдөн, мээримиңизге… Апаке! “Мен апама окшош аял алам” деп айтаар элем. Бирок сизге окшободу. От жагып кир жуубайт. Куурма чай жасабайт. Сиздикиндей мээрим эч кимде жок. Сиздей таза аял көрбөй келем. Издедим. Таппадым. 27 жыл өтүптүр, сиздин акыретке кеткениңизге. Бирок жүрөгүмдө — Апам. Эстеген сайын Куран окуйм. “Туубасам да, тутунган балам” деп айтаар элеңиз. Сиздин сандыгыңызда канча сыр жатканын бир Кудай билет. Мен сандыкты сиздин жаныңызга барганча таберик кылып сактагым келет. Себеби, сиздин себиңизге келген сандык! Кылым карыткан сандык. Тарыхы бар сандык! Ушул сандык болбосо, мен сизге кат жазат белем?
Сиз менен Бейиштен жолуккум келет. Ошондо сиздин сандыкта сактаган сырларымды, жашоодогу ыйларымды, жыргалымды — баарын төкпөй-чачпай айтып берем…»