ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: БОЁКЧУ

ЭТЮД

1980-жылдын жай айы. Айылдын аягындагы аңыз жээгинде атын откоруп чокчо сакал абышка отуруптур. Арабанын каамытынын ордунда шор аралаш тердин тагы. Тору бээнин шоруна жасалган араба…

— Ассалом алейкум!..

— Алейкума-ассалом! Кимдин баласысың?

— Сокур Ырсалынын.

— Сокурун кошпой эле айтып жүрбөйсүңбү?

— Сокур болсо айтам да.

— Апаң барбы?

— Ооба…менин апам аябай сулуу.

— Канча жаштасың?

— Бештен алтыга карадым.

— Атың ким?

— Шакар.

— Ой, азамат! Кел, бери… – деп мага короздун башына окшош чийдей ичке жыгачка катырылган момпосуй берди.

— Ата, бул короз момпо го?

— Ооба, коро-оз, анан балыкка окшошу бар!

Анын илээнди сүрөтчүнүн колуна окшогон, ар кандай боёк сүйкөлгөн ботала-шатала кир колу көзүмө урунду.

— Чоңойгондо ким болосуң?

— Космонавт же башкарма болом! Эсек деген биздин айылдын башкармасындай болом!

— Тилегиңе жет! Абдан сонун жигит турбайсыңбы…

Абышка мени жанына жакын чакырып, төөнөгүчкө тизилген көз мончокторду менин момосуй көйнөгүмдүн жакасынын алдына төөнөп берди. Мага орден таккансып, таноолорум кериле түштү.

— Чо-оң рахмат, ата! Жүрүңүз биздин үйгө, чай ичип кетиңиз?!

— Жо-ок балам, мен соодагермин… мен боёк сатам! Кимдин кою көп? Кимдин үйүндө ала кийиз, шырдак жасайт?

— Ата, мен сиздин арабаңызга кошо отуруп алып көрсөтүп берейинби?..

Ошентип боёкчу чалды ээрчип, “Боёк!.. Боёк!.. Боёк!” деп чаңкылдап кыйкырып жөнөдүм. Алдыман чыккан тааныш эже-жеңелерим же апалардын баарынын атынан чакырып, баланча эже, баланча жеңе, боек алгыла дейм. Айылдын башына чейин боёкчунун арабасына отуруп алып, боёк, оймок, темене, короз момпо, анан чемичке сатышып жүрдүм.

Соодасы жакшы болду. Кашыктап ченеп, гезитке ороп боёк сатты. “Эски буюмдарга, кемпирлердин чачына таккан чачпактарына алмашам” деп тынбай кайталады. Азыр ойлосом, апалар чачына таккан чачпактар жалаң күмүштөн жасалчу экен да. Күүгүм кире баштаганда “ата, мен кетейин” дедим. “Сен мага аябай жардам бердиң, кел…” — деп бир баштыкка чемичке салып берди. Айдап алган чыгырыгымды колума көтөрүп алганым үчүн ыңгайсыз болуп, майда кара чемичкени чагып жегенден эринип, кабыгы менен кочуштап чайнап жеп бараттым. Биздин айыл узун болгондуктан, айылдын башынан аягына жеткенче көз байланды. Баштыктагы чемичкемди түгөтүп үйгө кирип келдим. Апам мени боёкчунун арабасы менен кеткенимди угуп, артымдан издеп жөнөптүр.

Жолдон кайчы өтүп кетиптирбиз. Апам байкуш көчөнүн башындагы көпүрөгө чейин барып, Базаркул деген кичинекей бойлуу абышкадан ылдый карай кеткенимди угуп, үйгө кайтыптыр. Кечке ачка боёк сатып жүрүп, кечинде бир баштык чемичке жеп алган соң, көңүлүм караңгылай баштады. Оозума май келгенсип, кылгырып, кыйнала баштадым. Эшиктен апам кирип келди. “Балакет-мээнетиңди алайын карагым, сени арабакеч кызыл кулак алып кеткен экен деп жүрөгүм түшүп калбадыбы?” Апамдын мойнуна асылдым. Апам мени кудум алыс сапардан келгенсип, аймалап өпкүлөп калды.

— Апа, кускум келип атат!

— Э кокуй, эмне жедиң эле?

— Короз момпо.

— Алда катыгүн а-ай, тиги лөлү бир балээ берген го… — дегиче болбой эле шарылдатып кусуп кирдим. Чуркап эле желим чылапчынды тосуп калды. Май кылгырып эле куса баштадым. Мойнумдан кармап эңкейтем деп атып, жакамдагы төөнөлгөн көз мончок колуна урунду.

— Э кокуй, бул эмне балээ… — апам байкуш чырылдай баштады.

— Ай, абышка, балабызды тиги шүмшүк кызыл кулак, лөлү бир балээ кылган го? Капкара бирдеме кусуп атат… Анысы аз келгенсип, жакасына көз мончок тагып кетиптир.

— Акырынчы байбиче, кенедей балага эмне жамандык кааламак эле? — Эмне жедиң? Короз момпо… дагы эмне жедиң?

— Эч нерсе…

Апам байкуш менин кусундумду текшере баштады.

— Бул эмне айланайын…

Ошондо эсиме келе түштү.

— Апа, мага майда семичке берген. Ошону чаккандан жүдөп кетип, кабыгы менен жеп алгам…

Апам байкуш Мукаш атаныкынан сүт алып келди. Сүттөн аябай ичирди. Ансыз да көңүлүм айланып турган жаным, окшуп, сүттү да кайра кусуп салдым. “Сүттөн дагы ич! Ичиңди тазалап кетет” деп болбой ичирди. Ошентип ызы-чуу болуп менин диагнозум коюлган соң, апамдын санаасы тынды. Атам: “Көз мончокту отко салып салгыла же от жагып убара болбой жерге көмүп салгыла!” — деди. Ошентип, лөлү абышка досумдун белеги жерге көмүлдү. Апамдын терең казбай көмгөнүн ичимден кымыңдап карап отурдум…

Эртеси эртең менен туруп алып кайра жерди казып көз мончокту таап алдым. Аны болсо чыгырыгымдын “кручогуна” зымдан илмек жасап илип койдум. Анан дөңгөлөктү тегеретип алып “кручок” менен түртүп чуркап жөнөдүм. Мага дөңгөлөгүм катуу жүрүп калгандай сезилди. Өзүм катуу чуркап алып, лөлүнүн ошол көз мончогу менин чыгырыгымды катуу тегерентип аткансып толкунданып, эдиреңдеп чуркаганымды айт. Азыр кээде үйлөрүнө же машинасына көз мончок таккандарды көрсөм эле ошол боёкчу чал эсиме түшөт.

Эх,  боёкчу досум! Төөнөгүчкө тизилген шуру. Араба сүйрөгөн тору бээ. Азыр мен турмуштун арабасын ошол жылкыдай мойнума каамыт илип тартып келем. Арабама боёкчулар отурбаса экен…