ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: БОКС

АҢГЕМЕ

Атам колхоздун профсоюз уюумун жетектеп калды. Анан айылга спорт мектебин уюштурмай болуп көптөгөн спорттук шаймандарды алып келди. Жалил экөөбүздү спорт менен машыктыра баштады. Таң атпай тургузат да, үйдүн жанындагы мектептин спорт аянтчасын айлантып чуркатат. Нарындын кышкы суугуна карабай таңкы уйкубузду бузуп күнүгө тургузат.

Жалил көңүлдөнүп жүгүрөт. Мен болсо мойнунан байлаган иттей болуп араң барам. Кудай жалгап өпкөмө суук тийип ооруп калдым. Ошондон кийин “каардуу тренерден” кутулдум. Анан иним Жалил менен карындашым Айсулууга өзүм “тренер” болуп алдым. Аралыгыбыз эки жаштан. Бирок жаш эмес ай эле айырма болсо да, байке же эже деп кайрылуу биздин үйдө мыйзам!

Айсулуу менен Жалил экөөнө бокс мээлейди кийгизем да, мен ортодо калыс! Кадимки чоң бокс калысындай мойунума ышкырык илип алам. Анан экөөнү былчылдаштыра боксташтырам. Кыз эмеспи деп, Айсулууга очко жагынан тартып койом. Бирок экөөнү тең-тең кылып колдорун бирдей көтөрөм. Жалил намыстанат. Арданат. «Мен жеңсем деле сиз Айсулууга тарта бересиз» дейт.

Бир күнү Айсулуу жаракат алды. Бокстан эмес, тайгалак бут кийимден. Мектепке кирип бараткан жерден тайгаланып жыгылып, чекеси менен тепкичтин кырын сүзүп алды. Маңдайы жарылып, “ба-аа” деп эле бакырды. Үйгө жетелеп жөнөдүм. Жанымда Бексултанов деген куйруктуу бештерди ат кылып минген классташ тууганым бар. Жаракат алганды бинт менен таңыш керек деген ой менен үйгө жетелеп келдик. Бинт тапсакчы… Үйдү үч сапырып бинт таппай койгондо, үстөлдүн үстүн сүргөн майланышкан марлиге токтолдук. Ошентип, башын майлык менен таңып алып, мектепке кайра жетелеп бардым. Башталгыч класстарды окуткан Күмүш эжей деген менин да алгачкы мугалимим эле, майлык менен таңылган Айсулуунун башын көрүп алып күлкүсүн тыя албайт.

— Ким таңып берди?

“Мен” деп, өзүмдү “Айболит” сезип мурдумду көтөрдүм.

— Марлиңдин кири кантет?! Башка таңа турган бинт жок бекен? – деп менин даана айбан доктур Айболит экенимди далилдеп, карындашымды кайра жетелетип үйүмө жиберди.

Кошунабыз Сулайман мал доктурдукунан бинт сурап келип оңдоп таңдым. Ошол күндөн Айсулуунун боксу токтоду.

Азыр Айсулуу турмуш куруп, үч баланын энеси. Кыз деген ата-энеге бир тууганга күйүмдүү болот экен, мага телефон чалат: “Түшүмө кирдиңиз, деги кыйналбай эле жүрөсүзбү? Иштериңиз, ден-соолугунуз жакшыбы?” — деп. Эт жүрөгүм элжиреп, карындашымдын мага боору ооруп турганын сезип турсам да, сыр билгизбей “баары сонун… Ой Торпок, сага эмне болду?” деп койом. (Эркелетип, Торпок деп койот элем, себеби чоңойсо деле эркелей берчү). Атам өзү эркелетип турар эле. “Торпоктун түшүнө эмне гана кирбейт” деп тамашалай берем. Чынында бир тууганың сенин кыйналганыңды, сенин жан дүйнөңдүн жанчылганын сезет экен. Мен болсо тамашалап “Торпок” дегеним менен, кээде кучактап алып бактылуу балалыгыбызды эстеп ыйлагым келет.

Бир туугандар аман болуп, бири-бирине күйүмдүү болсо кандай бакыт. Турмуш өз энчисин алып, сегиз бир туугандын үчөөнү кара жер кучагына алса, бешөөбүз жылдыздай чачырап, ар кай жерди жарык кылып жүрөбүз. Бирибиздин көйнөгүбүздү бирибиз кийип, бир шоколадды бөлүп жеген бир туугандар бара-бара арабыз алыстап барат. Ар кими өз түйшүгү менен алек. Анан балдарыбыз аталаш тууган кыздарыбыздын балдары менен таяке-жээн…

Ошентип барып “бир атадан тараганбыз” деп урууга бөлүнөрүн эстеп, кыргыздын түбү деле менин үй-бүлөмдөй бир атадан тараганын ойлоп, ал гана эмес, дүйнө өзү Адам ата менен Обо энеден тараганын… анан бир туугандар кырылышып согушуп калганын… баарын ойлойм…