ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: «ГЕНИЙЛЕР»

“Астра” деген тамекиден бир күндө эки куту чеккен, мектепте тарых сабагынан берген, узун бойлуу арык мугалимибиз бар эле. Мамбетжанов Бекжан аттуу ошол кара тору агайыбыз аябай арык анан узун манжалары менен чертип же мага окшогон чил моюндарды так ошол манжасы менен кежигеден алып, чыйкылдатып муунтуп койчу. Так ошондой өнөрү үчүн “арбак” деп ат коюп алганбыз.

Агайдын сабагында чымындын учканы угулуп турар эле. Коркконубуздан эски тарых менен жаңы тарыхты өкүртө окудук. Дарвин “таякенин” “адам маймылдан жаралган” деген теориясын далилдей албай жүрүп, Бекжан агайыбыз а дүйнө салып кетти. Муз доору, таш доору, анан биздин заманга чейинки үч эраны, кул ээлөөчүлүк, феодалдык коом болуп барып, капиталисттик, социалисттик, анан биз жетебиз деп байкабай өтүп кеткен коммунизмди мыкты түшүндүрдү.

Ошол Бекжан агайдын сабагынан уктап калыптырмын. “Екатерина эжекеңер” деген жери кулагыма угулуп, жаңыдан көзүмдү ачарда кежигемден түлкүнү мыкчыган бүркүттөй эле шап мыкчыды да, партага ныгыра басып:

— Эжекеңдин аты ким?! – деп кышылдап калды.

— Екатерина эжеке-ем… — деп чыйылдап кыйкырып, классты “дуу” күлкүгө салгам.

Дал ошол тарых бүгүн кайталанды! Жалаң генийлердин арасына түшүп калыптырмын. Көлчүктө жатып алып “дүнүйө кандай кең” деген бакадай болуп жүргөн мен байкуштун, жалаң калың китеп окугандардын арасында «кругозорум» өсө түштү. Аксакалы Асек атанын тың чыкма уулу Бейшенбек ава (Бекешов), Төлөйкөн менен Оштун китепканасын казган Маматрайымдын уулу Нургазы (Мусаев), чаап койгон чалдай болгон айтылуу акын Элмирбек Иманалиев, шайын да, шайырдыгын да алдырбаган Шайырбек Абдрахман, менин “жеке сүрөтчүм”, тили менен жылаңач төөнү бучкакка чапкандай сүйлөгөн Эрнис Кыязов, анан куранды кыраатын келтирип окуганда денең балкыган, мукам үнүн укканда орустун да мечитке киргиси келгидей азан созолонткон Нуркамал молдоке. “Муслимбиз” деген уюм түзүп, менин акылым жетпеген СМСтерди жиберген Данияр үкөм.

Мына ошол Данияр үкөм ашка чакырды. Курсак тойду, аны менен кошо кулагым да акылдуу сөздөргө толду. Көздөрүм жумулуп, жан дүйнөм балкып, рухум кошо азыктанып жаткан кезде “аяш авам” (Эрнис) сүрөткө тартып алып баракчасына койду! Жөн койбой, “гений” деп жазыптыр… Шарт эле достордун талкуусунда калдым. Сыягы, гений акын Рамис Рыскуловго түспөлдөштүрүп жайлашты көрүнөт.

Чын эле ошол сүрөтүм өзүмө да кызык болду. Күзүндө коңтормо кылып айдап коюп, анан жазында кар жаңы кеткен эгин талаасындай тырышкан бетимди тартып алыптыр. Бетимдин ушунчалык бырышаарын бүгүн көрдүм! Уктап жатканымда эч ким сүрөткө тартып көрсөтпөптүр, иттики! Сүрөткө түшөрдө «сы-ыр» деп жасалма жылмайып түшө берчү жаным Эрнистин “Нокиасына” миң бүктөлүп бырышып бериптирмин.

“Ничиво”, чоң атамын да деп коём ичимден. Балдар чоңойгон сайын өзүмдүн карылыкка кадам таштап баратканымды сезгим келбей, жаштыгыма качып, өзүмдү кара күчкө салып интернеттен чыкпай, “соцсет” сүйүүчүлөргө акылман боло берем. Болбосо, жогоркудай дос-генийлердин арасында үнүмдү жутуп, мен — Герасим… Му-му…

“Дос-гений” демекчи, Шайырбек Абдырахман менен Эрнис Кыязовдун “генийлигине” токтоло кетейин. Бул экөө шар суу эмес, көлчүк көрсө да кайырмак көтөрө чуркаган балыкчылар. А менин чакан балык чарбам бар. Көлмөмдүн жээгине боз үй тигип, самоор кайнатып, көк чай демдеп, экөөнү чакырам. Экөөлөсө да менин балыктарым куйругун көтөрүп, сууну “шалп” чаап карматпай кетет. Анан эле экөө мени сөгүп калышат: “Сен молдого дем салдырып же кулагына шыбырап койгонсуңбу? Мал ээсин тартпаса арам өлөт!” — дешип.

Кайырмактарын кайра-кайра ыргытышат… жемин жейт да, илмегин өздөрүнө кайрып беришет кайран балыктарым. Түш оой “ээй, коңкобай, курсак ачты” деп “какылдай” башташат. “Такыба” тооктун жумурткасынан кууруп берем. Жөн да бербейм, “эми жумурткамдан жеп эле кетпесеңер, балыктарым карматпайт” дейм. Аябай катуу тамашалашабыз. “Такыба” тооктун жумурткасынан каалашыбызча кууруп жейбиз. “Такыба” деген себебим, корозу жок тууган тооктор.

Адамдын кылбаганы жок да. Жаратылыштын жубу менен жашай турган тоокторун капаска камап коюп, жемине ар нерсени кошуп эле туудура бермей ыкма пайда болгон… Үчөөбүз ичибизде жаткан буктарды чыгарып, дүйнөлүк саясатка чейин сүйлөшөбүз. Оюбуз менен Кыргызстанды гүлдөтөбүз. “Жылаңач калсак да чындыкты айтабыз” дейбиз. Мен экөөнүн эрктүүлүгүнө, сүйүүгө туруктуулугуна, камераны көргөндө аргымактай алкынып, тилдерин безеп сүйлөгөндөрүнө суктанам. Экөө Меккеге ажыга барып келишкенде элдей эки жүз метр килем жайдырбай эле, “ажымын” деп титул кылбай эле, жөп-жөнөкөй жүрүшөт.

Айылды сагынабыз да. Бир күнү: “Келгиле, көк-жашыл буудай талааны аралап эстелик үчүн сүрөткө түшөбүз!” дедик. Эрнис өзү баскан изин карап, аяр басып айланып барып суюгурак чыккан жерди таап: “Бул бирөөнүн эмгеги да, дыйкандын данын тебелебейли”, — дейт. “Даны эмес, дыйкандын өзүн кошо тебелеп жаткандарчы”, — дейм ичимден…

Даалдап жүргөн Шакем болсо машинасына жумуртка салсам, мага көрсөтпөй жумушчуларга акча таштап кетет. Эрнис болсо, эртеден кечке талпактап жүрүп, араң кармаган эки балыгын жээкке алып чыгып, алтын балыкка каалоо-тилегин айткансып балык менен сүйлөшөт да, кайра коё берип жиберет. Экөө балык кармайт, жебейт.

Экөөнөн көп нерсе үйрөнөм. Жакшы ырдашат, жакшы ыйлашат. Сырдаша кеткенде, бизди алдап саясатка пайдалангандарга кейип коёбуз. “Эмкиде алданбайлычы, ээ…” дейбиз. Алданып жүрүп кыркка чыктык. Жарым жашыбызды жашап койгондойбуз. Алдым-жуттумдардын кылык-жоруктарына сес көрсөткүбүз келет. Бирок алдында жатып токмок жеп, анан, “турсам өлөсүң” деген тестиер баладай “биз турсак, буларга көрсөтөбүз” дейбиз. Биз турганча алардын балдары өсүп кетет, атасы аз келгенсип балдарына алдана баштайбыз анан. Кайырмакка түшкөн балыкты аяп, “жашасынчы” деген досторум, балыктын өзүн эмес, ичиндеги кызыл икрасын нанга шыбап жегендерге кайдан тең келишет…