ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЖАТАКАНА

Өзүм КАСИнин жатаканасында жашайм. Бирок дербиштей болуп баардык жатаканаларды кыдырып кетмейим бар. БГУнун жатаканасынан досторду таптым. Рахат эжей жетектеген «Шоокум» деген адабий ийрим бар эле. Жалындуу жаштар чогулуп, жүрөк түпкүрүнөн чыккан ырларды окушат.

Рахат деген сары кыз Нургазы деген жигитке баргектей сактап арнаган ырларын үнү дирилдеп бир укмуш окуду. Менин көз алдымда ушунчалык сулуу, күчтүү кыздардын баары ашык болгон зыңкыйган жигиттин элеси келди. Ошол мырзаны көрүүгө мен да ынтызар болуп жүрдүм. Бир күнү эле кандагайдай шым кийген, жердин бетин оорутуп алчудай аяп баскан, бутундагы батинкесин жылтырата сүйкөгөн, өтүк майы жаңы көрсөткөнү болбосо, мени менен жашташ бут кийим кийген, бетинин бырышы меникинен да терең, жылмайган жигит кирип келди. Үтүктөбөй үч күн кийип жаткан көйнөктөй кылып мунун эмнесин сүйдү экен деп Рахаттын сүйүүсүн аяй кеттим…

Таанышып, сүйлөшө келсем, акыл көрөңгөсү бийик жигит экен. «Манастан» башка калың китеп окубаган жаным, анын окуган китептерин, дүйнөлүк классиканы сүйлөп жатканын көрүп, аңырайып оозумду ачып отуруп калдым. Кыздар сүйгөн жигитке болгон сыйым артып, ошол күндөн ушуга чейин дос болуп келем.

Экөөбүз турмуштун ачуу-таттуусун чогуу көрүп, талаалап үйүнө токтобогон Мерген Тургандын бир бөлмөлүү үйүндө түнөп, эл «качан аял алат» десе, биз «аял албай эле койсо экен» деп тиленип, бир нандын жарымын жеп, калганын кийинки күнгө деп калтырып жашап жүрдүк. Ээрчишип алып жүрө беребиз. Ал журналист, мен студент… Турмуш мени окууну ташташыма алып келди. «Контракт» деген арзыбаган акчасын төлөй албай, анын үстүнө эки балам чоңойгончо деп шылтоо кылганым болбосо, өзүм деле үйлөнгүм келип, темтелеңдеп сокур сезимге жетеленип сүйүү издеп жүрөм.

Жатаканада жайнаган кыз бар. Бирок мени эч ким карабайт. «Отуруп чыккан» кишиден корккондой менин бир эмес, эки аял алганым менен эки баламды укканда ал кездеги ыймандуу кыздардын баары качат. Бирок менин кызыгуум алардын поэзиясы… ырларын сүйөм. «Шоокумдун» балдар-кыздарынын шурудай тизилген уйкаш саптарын укканда, арык жээгинде ар кайсы ырдын сабын кошуп баткактан үй куруп отуруп ырдаган балалыгым эске келет эле.

Искусство институтунун жатаканасында да ал кезде анча байкалбаган келечектин атактуулары жашачу. Чалдай болуп сүйлөп атса, ырдап аткандай туюлган Элмирбек Иманалиев деген акын досум бар. Микрофон жутуп алгандай ырдаган Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиев деген досторум бар. Болот Токтобаевдин «Күттүм сени» деген ырын угуш үчүн кирем. Малик Аликеев «Мөлмөлүм» менен таанылып, өсүп кеткен кези. Анда-санда соо көргөнүм болбосо, Амантай экөө эрчишип калганын көп көрдүм. Элмирбектин «Манасынан» үзүндү угам. Базардан картөшкө, май, макарон көтөрүп келип, Гүлбүбүнүн колунан далай тамак жасатып жедим. Кыздары Сезим менен Айзууранын кылыктарына кубанып, аябай черибиз жазылат. Жакшы күндөр болчу.

Бир жолу Элмирбекти ээрчитип алып биринчи жолу жума намазга жыгылганы борбордук мечитке ээрчитип келсем, толгондон Эмкеңдин бут кийимин биз намаздан чыкканча «угон» кылып кетишиптир. Эмне кылар айлабызды таппай, кемшейген кепичти бутуна илип алып, Өзүкеден акча алып, базарга барып кайра жаңы бут кийим алганыбыз эсимде.

Өзүм менен кошо классташтарымды ээрчитип алып, Улуттук университеттин номер бешинчи жатаканасына барам. Ал жакта атайын «комендант» болуп төрөлгөнсүгөн Гулнара Артисбековна деген тыкчыңдаган жаш эжей бар. Баарыбызды дыргаяктата кубалайт. Эшиктен киргизбесе, шейшептерди улаштырып байлап терезеден киребиз. Учуп өлүп балээге калбайын дедиби, эшиктен киргенге, бирок саат кечки тогузга чейин чыгып кеткенге уруксат берди. «Честный пионерский» же «честный комсомолский» деп убада беребиз.

Союзду «жалмаган» бизге ал убада унутулуп, түн киргенден баштап мышык-чычкан ойнойбуз. Гуля эже кеткиле деп кубалайт. Биз болсо айланып качып ар кайсы бөлмөгө кирип кетебиз. Керебет алдына кире качабыз… Коёнду кулактан алгансып кулагыбыздан сүйрөп чыгат. Бир жолу качып келип Чокоева деген толук кыздын төшөгүнө кире качтым. Таманым «тыз» эле дей түштү, көрсө, куурайдай болуп куркуйган боюмдун узунунан төшөктүн аягынан бутум чыгып калыптыр…

Ал жатаканага көп келгенимдин себеби, аякта өтө таланттуу балдар бар эле. Коңур үнү менен күлкүсүнөн чээндеги аюу чочугандай азыркы белгилүү манасчы Рыспай Исаков, өмүргө эрте тоюп алган Калмурат Рыскулов, «Аппак кар» менен «Кара кызды» катырган Кубат Болотканов, шадыраңдаган Шайырбек Абдрахманов, талантын аракка алмашып жиберген Манас Алымбаев, баарыбыздын сүйүүбүзгө арзыган, атына заты жарашкан Гүлпөткан сыяктуу сонун жаштар биздин алдыңкы катарда эле.

Ошол ар кайсы жатаканалардан тапкан досторум менен азыр да алыш-катыш болуп жүрөм.