ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: «КАМАЗ»

АҢГЕМЕ

Кичинекейим Алихан 3 жашка чыгайын деп калды. Мен жатып алып интернетти чукулап отурсам, баракка сүрөт тартып жатыптыр.

— Алихан, бул эмненин сүрөтү? – дедим.

— “КамАЗ”… бул сенсиң, атасың… АТА… менин атам чо-оң камаз!

Күлдүм. Ооба, атаң КамАЗ. Атаң турмуштун жүгүн жүктөнүп, сүйрөнүп, ый-күлкүсү аралаш бул жалганда уулу тарткан КамАЗдай болуп жашап жатат. Мени кимдер гана айдабады… Менин жаныма кимдер гана отурбады… Кимдин гана жүгүн тарткан жокмун… Жашоом сен тарткан КамАЗ менен байланышкандай. КамАЗ десе эле тээ 1997-жылкы бир катаал окуя эсиме түшөт. Ошол жылы Кытайга КамАЗдап тери, жүн ташыдым. Кытайга КамАЗ менен баратканда Ден Сяопин деген башчысы өлүп, желегин түшүрүшүп, бир жума аза күтүп жатып калышты. Чек арада калган КамАЗдар суукта сууларын “тоңот” деп төгүп салышты.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы Топо аталган жерде Турду деген аксакалдын үйүндө калдым. Турду аксакалдын арабасын сүйрөп алып КамАЗдарга суу ташыдым. Анан чек ара ачылганда тери, жүнүбүздү ит бекер сатып, “банкрот” деген сөздү артыбыздан калбырдай сүйрөтүп келе бердик. “Өлбөгөн адам — алтын аяктан суу ичет” деген чын экен, чалынып-жыгылып, кайра туруп, турмуштун өзү тарбиялап келатат!

Менин сүрөтүмдү балам тарткандай эле КамАЗ болдум. Өмүрүм жүк ташуу менен өтүүдө. Үстүмө эмнелер гана жүктөлбөдү, адалы, арамы аралашкан чакчелекей замандын жүгүн көтөрүп жүрөм. Бирок жүктү ылгабай көтөрөм. Жакшы-жаман деп бөлгөндү билбей көтөрөм. Келечекте жакшы же жаман өлөрүмдү билбей көтөрөм! Анан жатканда ойлонумуш болом. “Бүгүн эмне иш кылдым” деп. Чынында, кыйраткан иш деле кыла албай келем. Элимдин эмес, жеке адамдардын жүгүн ташып жүргөндөймүн. “Моторум стук” бере электе, элимдин жүгүн көтөргүм келет! Бирок эл ишенип жүктөгөн шаардын жүгүн ойдогудай көтөрө албай, намысым козголгондо тилим иштеп кетип, анан сөзүмдүн кулу болуп талтактап чуркап калам.

Элдин жүгүн, элдин ишеничин акташ кыйын экен! “Акырын бассаң — аксаксың, катуу бассаң — таскаксың!” дегендей, душмандар дайыма жанымда жүргөндөй… Сүйлөгөн сөзүм өзүмдөн биринчи үйдөн же офистен чыгып кетет. “Кеңеше турсаң ыраак бар, керегеде кулак бар” деп кыргыз бекер айтпаган чыгар. Анан көңүлдүн көк түтүнү буркурап, түтөп-түтөп кала берем. Анткен менен жадабайм, кайра эле болор-болбос жүк жүктөнүп алып сапарга чыгам! Эмне көрсөм — баарын жүктөйм! Акыркы убакта шаардын “таштандысын ташый” баштадым. Анымды да жаман көргөнү, жакшы көргөнү бар. Жок дегенде элимдин таштандысын ташып берип, пайдам тийсе, анан жакшы жүк жүктөп алыскы сапарга айдайбы деген гана тилек.