ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КАРА БУКА

АҢГЕМЕ

— Ата, ата, сүйүнчү, Куу кулак байкем аял алып келди! – деп антаңдап кирип келдим.

— Чүш-ш-ш! – сөөмөйүн тике көтөрүп, ээгине тийгизди да: — Шамен же Турат байке десең… «Куу кулак» десең жеңеңди кайра алып кетип калат, ал биз эркелеткен аты да, — деп кулагыма шыбырады.

Уурусу кармалган кишидей тымпыйып туруп калдым эле, көзү сокур болсо да сезими күчтүү атакем жүзаарчысынын четине түйүп алган сары жез 5 тыйындан төрттү берди да:

— Барагой Шакар, акырын барып ойноп кел, жеңеңдин жанына көшөгөгө кирбе, ал жерге кыздар кирет, — деп койду.

Эдиреңдеп сүйүнүп чуркап кеттим. Кечке маал “куугун келди” деп чурулдап калышты. Жеңелери келиптир. Мен Куу кулак дегенди угуп калышкан го деп койом ичимден. Кошуна-колоңдун баары жалынып-жалбарып, “кулдугубуз бар” деп атып, келинди алып калышты. Коноктоп узаттык. Бир айга жетпей эле ошол жеңелери бир сандыкка кийим, жууркан-төшөк алып келишти. “Жеңе жууркандарын алып келди” деп кайра козу сойдук. Аты да Шайыр, өзү да шайыр дүңкүлдөгөн көзү көк, өңү сары жеңем тарсылдап оокат кыла баштады. Колунан да, тилинен да келет экен деп мактап жатышкан.

Бир күнү эле Гүкү апам экөө уруша кетти. Апам келинин чаап жиберсе, колун кайрып жибериптир. Мына сага, чоң согуш башталды. Турат байкем келип Шаку жеңемди койгулады. Жеңем да жемин жедирбей байкемдин күн көрүнгөн куу кулагын эки колу менен үзүп алчудай чойгон экен, намыстанып кеткен байкем катуу сабап салыптыр. Жеңем төркү үйгө кирип, жеңелери алып келген жууркандарды каттап салынды да, тамак ичпей жатып алды.

Бир күн, эки күн, үч күн өттү. Эч ким тургузуп тамак ичире албай койду. Айылдын почточусу Асанаалы абышка бурбаса деле өзү ар бир үйгө кире берген тору кашка аты менен келип калды. Төркүндөрүнө телеграмма жиберели дешти. Асанаалы абышка аркылуу почтодон телеграмма урдук. Алты күн өткөн соң ачык күрөң түстөгү “Иж-комби” деген “Москвич” менен жеңемдин ата-энеси, бир жеңеси, анан шоопур агасы болуп төрт киши келди. Жеңем шарт ордунан туруп, эч нерсе болбогондой тосуп алды. Күлүп-жайнап оокат кылып жүрөт. Кудаларга кара козуну сойдук. Эт тарттык. Анан эт желип бүткөндө буттары зым менен арчындалып бекемделген күрөң үстөлдө отурган Отой атам сөз баштады.

— Эми-и кудалар, кызыңыздар бир жумадан бери тамак ичпей жатты, — дегиче болбой араң турган Гүкү апам атамдын оозунан сөзүн жула качып:

— Кызыңарды алып кеткиле! Көк бет экен, тажаал экен, балам жашабайт! Өлүп калса ким жооп берет?! Соттолуп өлгүдөй алыбыз жок…

Ары-бери кетишип, “мейли эми, алса алып кетели, ичиме баткан кызым сыртыма да батат” — деп кудагый жеңемдин төшөктөрү менен кийимдерин сандыгына салдырды. “Москвичтин” үстүнкү багажына оокаттарын таңып узатмай болдук.

Баары эшикке чыгышып машинага отура башташты. Эң артта келаткан Шаку жеңем тамдын боорунда жөлөнгөн айрыны алды да: “Мен тирүү кетпейм, менин сөөгүмдү алып кетесиңер!” — деп кыйкырып туруп, кампа менен тамдын ортосунан “м-м-м-өө, м-м-м-өө-өө” деп күркүрөп, кыйын болуп өтүп бараткан кара буканы капталга сайды. Өзү эле чыбыгын салаңдатып өкүрүп келаткан бука Кудайга үнү жете эки эсе катуу өкүрүп алды да, татырактап жүгүрүп жөнөдү. “Өлдү… өлдү!”, “тоскулале, тоскула…” дешип топурап калышты. “Чолок” деген Отой атам таягын таштап жиберип тайтаңдап чуркап жөнөдү. Баарыбыз кара буканын артынан кеттик.

Огородду айланып чуркап жүргөн буканын капталындагы айрыны акыры сууруп алышты. Буканын киндигинен кан агып калды. Биз бука менен алагды болуп чуркап жүргөндө, жеңем короого кирип устунга арканды байлап сыйыртмак жасап, эски фляганын үстүнө кирпичтерди тизип, үстүнө чыгып туруп сыйыртмакка башын салды. Кыйкырып аткан Гүкү апам биринчи жалынды, анан Отой атам, анан өзүнүн ата-энеси… баары бүтүп калгансып, мен деле жүрөм чыйылдап…

“Москвичтин” үстүндөгү жууркан-төшөк, сандыктарды кудум «ну, погоди!» мультфильминдеги карышкыр кирпичти тизгендей тездикте кайта үйгө киргизишип зыпырайта жыйнашты. Жалынып-жалбарышып:

— Кетпей эле кой. Жашай бер, айланайын, — дешип араң көндүрүштү.

— Мен тирүүмдө эч качан ажырашпайм! Кетиребиз деп убара болбогула! Өлсөм, сөөгүм кетет! Болбосо, эч качан кетпейм! — деди.

— Кетпейсиң!Биз макулбуз, — дешти баары бир ооздон.

Арканды чечип, жеңем секирип түштү. Баарыбыз жеңемдин алдына түшүп алып үйгө келдик. Кудаларга чай берип, кийит кийгизип узатып жибердик. Жеңем болсо жадырап-жайнап тамак ичип, идиштерди жууп, үйдү жыйнап оокатын кылып кетти. Бука болсо киндигинен кан тамчылап жүрүп айыгып кетти…

Ошондон бери 30 жылдан ашты. Биздин Атак уулунун эмес, айылдын келиндеринин атаманы. Азыр он баланын энеси. Бетине эч ким айта албайт. Бирок жинди Шаку деп тергешет. Мен болсо жеңем менен сыймыктанып жакшы көрөм. Ушул заманда онду төрөгөнү үчүн, биздин тукумду көбөйткөнү үчүн жакшы көрөм. Азыркы күнгө чейин келиндери менен кошо талашып оокат кылып жүрө берет. Намыс дегенде ичкен ашын жерге коёт. Келиндер коркот. Анткени — балбан. Сокмону өзү согуп, там салып алган. Эркек төрөгөнчө төрөй берем деп тогуз кыз төрөдү, анан бир эркек…

Буканы сайып жеңген жеңем бизди сыйлап жеңди. Жамандык болобу, жакшылык той болобу, жеңем баарын уюштурат. Айылга барган сайын жеңем үйгө келет. Жеңемди көргөндөле кара бука эске түшөт. Кара бука ар дайым бизге жылмаюу тартуулайт.

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ