ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КАРА ДӨБӨТ

ЭССЕ

Мени мектепке жетелеп апам узатып барат. Узатканынын жалгыз себеби, жолдо Асан атамдын чоң кара дөбөтү бар. Таш менен урсаң, ташыңды чуркап барып тиштеп алып кайра өзүңө чабуулга өтөт! Апам байкуштун өзү эле калтырап турган башын ого бетер кара дөбөт калтыратып аяба-ай жанын кашайттыбы же мени күнүгө жетелеп мектепке узаткандан тажадыбы, билбейм, атама “кара дөбөттөн кантип кутулабыз…” деп күбүрөнүп алды. Атамдын ойлонуп отуруп тапкан ачылышы — Магелландын ачылышындай эле болду. Зерикпестен отуруп, териден чо-оң кол кап тиктиртти апама, алаканына кийизден жаматты.

Мен муну мектепке кантип кийип барам, балдар көрсө эмне дейт деп ойлонуп коём. Бирок хоккей ойногондо дарбаза тосконго сонун болот деп ичимден кымыңдап алдым. Кара дөбөттөн кантип куткарам деп атам катуу ойлонсо керек, көрбөгөнүнө карабай далай жолу өзү да мени жетелеп баргысы келген. Кара дөбөттү болжоп туруп аса-муса таягым менен жаткыра чабам деп опурулган.

Таң атпай мештин күлүн түшүрүп, ортосуна чоң кишинин муштумундай картошкадан экини салды. Баягы кол кап менен чокко бышкан картошканы мага көтөртүп туруп жалгыз жиберди. “Кара дөбөт адатынча чуркап чыкканда картошка менен коркпой туруп бир коёсуң. Ташты тиштегендей тиштесе эле кудайдын бергени” деп жолго салды. Эрбеңдеп-элеңдеп жөнөп бараткан мени кара дөбөт капталдан качырды. Колумдагы ысык картошка менен туштап туруп чаап калдым. Тийбей калып, тоголонуп бараткан картошканы чуркап барып тиштеди да, таңкы таза абаны жаңырта каңшылаган бойдон жөнөдү. Аниса деген чолок апам чыгып, “ырас кылдың, сооп гана кылдың, өлүгүңдү көрөйүн, уйубуздун куйругун үзүп алды эле”, -деп мени алкап, чоң жашыл чакасын көтөрүп обочодо байланып турган чоң кара кашка уйун көздөй аксап жөнөп калды. Мен болсо карышкыр менен кармашып жеңгенсип, экинчи картошканы аачып өзүм четинен жеп мектепке бет алдым.

Класска кирээрим менен эрдемсип сабак башталгандан тараганча кара дөбөттү кантип жеңгенимди, дөбөттүн каңшылаганын ар кимге туурап берип, кара дөбөт болдум. Кара дөбөт ошондон кийин менин жолумду тосмок тургай, мени көргөндө каңшылап кача турган болду.

Айылымдагы аталар менен апалардын аксак-тексегин кошуп жазган себебим, ар биринин дене мүчөсүндөгү кемчилиги колхоз-совхоз үчүн, мындайча айтканда, коммунисттик партия үчүн колу-бутунан ажырагандар эле. Анан негизи биздин эле айыл эмес, жердин баарында, ар бир айылда бар. Чолок Асан, Сокур Ырсаалы, Сары орус, Ормотой чолок, Ырыспай тырыш, жүнчү Узакпай, Жапаркул жалжыр… мунун баары менин аталарым. Мен жазган кошуналар, айыл өйдө жүрүп отурсаң тим эле көркөм кино!

Иттен кутулуштун амалын ойлоп эринбей кол кап тигип кийгизгенин, ошол кол кап иттен кутултканы жана эки жылга дарбаза тосконго жарап, мени атактуу дарбазачы кылганын кантип унутам. Аталарымдын баары аркы дүйнөгө кеткени менен күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ушул күнгө чейин кимдин үйү канча бөлмө экенин жана кандай оокаттары үйүндө коюлганын элестетип, анан ким кандай номерлүү машина айдагандарын эстейм. Анткени азыркыдай түтүнгө бирден-экиден эмес, айылдын өзүндө беш эле жеңил машине бар эле. Эки “Жигули”, үч “Москвич”, ал дагы чабандар менен трактористтер сыйлыкка алган, жайы-кышы токтоп турган…

Айылдагы жандүйнөсү таза адамдарды “акелеп” тергеген келиндерди, көзү көрбөсө да менин атама жүгүнгөн кемпирлерди… ал карыган кемпирлерди “баланча келин жүгүнүп жатат” деп ортомчу болгон энемди. Көрбөсө да көрүп аткансып болжоп тиктеп: “Кудай тилегиңди берсин!” — деп алкап койгон атамды, айылдын аруу жашоосун, бири-бириникинен сүт сурап келип, жарма сурап, талкан сурап, конок келсе кой сурашып өзүнүн акыркы кою болсо да конокко сойгон айылдын пейилин эстейм…

Азыр башкача, кошунаң эмес бир тууганың сүтүн бекер бербейт. Кой эмес, бир кило эт бекер бербейт. Кээде аңкылдап урушуп кеткендерин көрөм… Кара дөбөттүн оозун күйгүзгөн чокко бышкан картошканы так ушул ажаан, тажаал жаңы айылдаштардын оозуна салып жибергим келет. Адамкерчиликтен чыккандарын заманга шылтап койгондо, ичим күйөт. “Аш көп болсо, каада көп” заманда – заман эмес, адамдар адашып баратканына чындап ичим күйөт.