ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КАРА КЫЗ

АҢГЕМЕ

Байчечекей гүлдөп, 1983-жылдын жазы келди. Биз дагы байчечектей термелип тестиер курак кезибиз. Капталкы кошунабыз Маамытбек атамдын эжеси бар, Батыш эже дейбиз. Ал киши Маамытбек атамдын улуу кызынын бир кызын, ортончу кызынын бир кызын багып алган. Бири биз менен окуган Майрамкүл деген кара кыз. Майрамкүлдүн атасы оорулуу болуп калган Кожобек деген жездебиз эле. Ал болсо өйдө-төмөн сүйлөп, “Макуну издеп келдим” деп келип калат. Макуну катып көрсөтүшпөйт. Кечки автобус келгенче чыгарбай турушат. Анан мурду бучуйган сары автобус онтогон уйдай бышылдап келип кеткенден кийин чыгарышат.

Тынчтык, Маку үчөөбүз какым-кукум терип, үйлөп жүргөнбүз. Аңгыча эле идея келди.

— Кел, экөөлөп Макуну өбөлү.

— Кел…

— Бирок биринчи мен өбөм, сенин маңкаң агып кетет.

— Макул…

Тыкем көзүн көгөртүп мени ээрчип жөнөдү. Макуну Турумтай атанын эски короосуна алдап алып кирдик. Таштарды ат, кой кылып… үй жасап ойной баштадык. Баары алдын-ала түзгөн сценарий боюнча баратат. Мен – атасы, Маку – апасы, Тыкем — биздин балабыз. Койдун кыгын үйүп короо жасап, анан “кеч кирди, малдарды короосуна киргизели деп чыбык аттарды ары-бери чапкылап “өш эле өш, кош эле кош” деп “таш малдарды” кыйкырып айдап, “мааратып, мөөрөтүп, кишенетип” короого тиздик.

— Кеч кирди, малды жайладык, эми уктайлы…

— Ушуга жатабызбы?

— Ооба, ушуга…

Алдыбызга салынган эски таардын үстүнө Маку экөөбүз атасы менен апасы болуп жаттык. Тыкем ушуну эле күтүп тургансып:

— Мен атам менен апамдын ортосуна жатам, — деп келип ортого кычап жатып алды. Мына, жиним кашайганын айт!

— Тур ай, чоң эле бала, өзүнчө жат! — десем болбойт. Ортодо жаткан көк беттин кулагына шыбырап да айттым, ансайын көшөрөт. Бир убакта:

— Апамды кучактап жатам, — деп Кара кызды кучактап жатып алса болобу? Мен атамын да:

— Эй кемпир, алдагы балаңдын маңкасын тазалап жууп кел дечи! – деп эптеп кетириштин амалын кыла баштадым. Маку да кашайып:

— Баласынын маңкасын апасы тазалайт да, — деп Тыкемдин мурдун тазалап туруп кучактап жатып алды… Эмне кыларымды билбей ойлоно баштадым.

— Эй кемпир, тур, чай койчу! — деп тургузуп жиберип, Тыкеме шыбырадым:

— Биринчи мен, анан сен өбөлү деп сүйлөшпөдүк беле, турбайсыңбы ортого жатып албай.

— Мени кучактап жатат ко… Андай болсо сен баласы болбойт белең?

Маку келээри менен кескин сунуш айттым.

— Мен балаңар болойунчу…

— Сен куркуйуп бизден узун болуп, анан балабыз болмок белең, — Маку болбой койду.

— Тыке, туруп кетчи…

— Кух-х-х…

— Ай балам, тур, суу алып кел! – дагы бир амалды колдондум. Тынчтык ыңгыранып тураар-турмаксан болуп атып, араң сууга кетти. Ал кетээри менен Маку:

— Таң атты, уй саайм, — деп туруп алды.

Аңгыча учуп-күйүп Тыкем жетип келди. Баягы таштарды короодон айдап чыгып, эптеп кеч киргизип кайра айдап кирип: “Түн болду” деп жаман таарга жатып калдык. Бул жолу Тынчтык четке жатты. Мен болсо ата болуп Макуну кучактап жаңы эле жатып атсам, дагы бир балээ башталды. Так биз жаткан жердеги тирөөч устунга кара чаар жылан оролуп алыптыр. “Ба-аа” деп эле бакырдык… Үчөөбүз тең кандай качканыбызды билбейбиз. Кара кызды өпмөк тургай, кара чаар жылаанды эстеген сайын денем жыйрылып, “арам оюм” ишке ашпай кала бердим…