ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: КАРА ЭШЕК

АҢГЕМЕ

Ормотой атам кой айдап келатып тоонун бетинен жыгылып, буту чыгып кетип салынбай калган бойдон тойтойуп калган. Бутуна бут болгон мингичи кара эшеги. Аны менен кыштын алты айы түлкү менен карышкырга капкан салчу. Карышкырды мен билгенден эки жолу алды. Түлкүнү болсо күн алыс эле кармап келчү. Анан өзүн чоң мергенчи сезип, мактанып отурар эле.
Ормотой атамдыкына кээде кино көргөнү барып калчумун. Алардын «Рассвет» деген телевизору аттиш менен которулчу, чыбырчыктап калганында төбөгө бир койсо оңолуп калчу. Атак уулунун көбөйүшүнө өзүнүн он эки баласы менен чоң салым кошту Ормотой атам. Балдарынын аралары бир-эки жаш болгону үчүн биринин артынан бири болуп, баары тең өстү. Жолдошу менен Тынчтыгы үчөөбүз курдашпыз. Тынчтык кичүүсү болгондуктан аябай эрке. Жолдош экөө атасынын кара эшегин талашып мушташат. Тынчтык колуна эмне тийсе алып кубалайт. Жоки болсо ага теңелбей качат.
Бир курдай Тынчтык минип баратса, узун таяк менен Жолдош кара эшектин куйругунун астына сайып жиберсе, эшек мөңкүп кетип, Тынчтык төбөсү менен карга сайылды. Жоки эшекти минип алып качып жөнөдү. Тынчтык экөөбүз тең болуп, бир класста окугандыктан, Тыкеме болушкум келди. Мен дагы кыскараак таяк көтөрүп алып тарталаңдап чуркап бардым да, эшектин куйругунун алдына сайып-сайып жиберсем, акылыма жараша кыска таяк алып алган экемин, кара эшек кош аяктап туруп курсакка тепти. Демимди чыгара албай чалкаман түштүм. Эсиме келалбай, өпкө-боорум үзүлүп кеткенсип, жер айлангансып эле жатып калдым. Ошондон кийин кара эшек эмес, кандай эшек болсо да жолобой калдым.
Бир күнү күндөгүдөй телевизор көрүп, Ормотой атамдыкынан кеч чыктым. “Рүстөм жөнүндө дастан” киносу болду. Ошол кинодо «бармын, жокмун» деген сыйкырчынын элеси бар Тулат деген каарман бар эмеспи, андан катуу таасирленип алыпмын, кинодогу сыйкырчы биздин үй менен Ормотой атамдын үйүнүн ортосунан чыга калчудай аптыгып араң келатам. Айлана караңгы. Ай да жок, көзгө сайса көрүнгүс. Калтырап карыш турган жолдон өтө албай ыйладым.
Чымырканып, өзүмдү колго алып, жолду көздөй баратсам, Ормотой атамдын огородунун четинен кара эшек кыйкырып жиберсе болобу. Өзүм калчылдап араң бараткан жаным, эшек менен кошо айкырдым. Үйгө бакырган бойдон чуркап кирип бардым. Мына анан таң атканча Тулат менен кара эшек уктасам түшүмдө, ойгонсом жанымда тургандай. Уктай албай жатып таңга маал уктап кетиптирмин. «Турагой, Шакар…» деп апам ойготту. (Шакардай кайнайт деп, мени Шакар атап алышкан. Шакар дегени — алабата сыяктуу чөптү катуу кайнатып жасалган самын.) “Шакар, сабагыңа бар” деп апам ойготту.
Ойгонсом, төшөккө «жайлап» коюптурмун, анысы аз келгенсип куса баштадым. Апам болсо: «Баламдын жүрөгү түшүп калыптыр, эти ысып жатат», — деп таң атаары менен Ормотой атама жетелеп барды. Ал болсо: «Оо мурдуңду урайын, кино дегенден Тулат чыга калмак беле же эшек сени жеп алмак беле. Жүрөгү түшүп калган тура», — деп колун төш сөөгүмдүн алдына салып, бирдемени күбүрөнүп өйдө карай көтөрдү. Таңдайыма сөөмөйүн салып «ап-ап…» деп койду. Үйгө келип апамдын куурма чайын ичтим да, уйкуга кеттим.
Ойгонсом, түш ооп калыптыр. Алка-шалка тер кеткен. Туруп алып эч нерсе болбогондой чанамды сүйрөп, тоого муз тепкени жөнөдүм. Ошондон кийин киного да барбай, кара эшекке да жолобой калдым…
Жамалбек ЫРСАЛИЕВ