ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КЕНЕДЕЙ ОТТУН ТАБЫ

ЭССЕ

Атам коммунисттик партия кайда айдаса ошол жакта иштеп жүрдү. Мени өзүнүн ата-энесинин колуна салып берген. Мен ал экөөнүн пенсиясын жеп чоңойдум. Айылдын эң аягы жана жолдун боюнда болгон үчүн биздин үйдүн түбүндөгү кучак жеткис чоң даракка көлөкөлөп жол тоскон коңшу айылдыктар көп болор эле. Анын үстүнө азыркыдай кыйма-чийме машина жок. Чөп, жем тарткан машиналар же трактор эле болбосо, “Москвич” менен “Жигули” деген ал убакта азыркы “Лексустай” барктуу мезгил.

Айылдын этегине жол тосуп келгендерди үйгө чакырып чай берип, эртеден кечке апам байкуштун мешинде үч чайнек катар кайнап, оту дайым күйүп турчу. Өтө таза кемпир эле байкуш энем. Өзү жаш кезинде бирди гана төрөгөн экен. Нурдин деп атын коюп, анысы үч жашында көз тийип чарчап калыптыр. Апамдын кеменгерлигиби же аргасыздыгыбы, айылда Салый деген жесир келин менен келишим кылып, “менин абышкамдан эркек төрөп берсең — мен багып алайын, кыз болсо — өзүңдө калсын” дептир да, Кудай жалгап Салый чоң энебиз эркек төрөп, самап жүрүп көргөн балабыз деп атын Самарбек коюптур.

Анан төрөгөн соң эне байкуш баласын бергиси келбей, Кара-Кужурга төркүндөрүнө кетиптир. Ошол жактан ооруп, кайра айылга кайтып келгенде каза болот. Самарбек атам талашка түшүп, Моңолдор менен Чечейдин аксакалдары чогулуп, атамды атасы Ырысалыга беришет. Ошону менен чоң атам байкуш арманынан арылып, жалгыз уулунун көзүн карап, эркелетип өстүрөт. Эрке уулу тентек чыгып, кагылып-согулуп, шаарлай баштайт. Ошондо айылга алып келип тракторист кылат. Анан баягы тентек уулу ашып-ташкан энергиясы менен күнү-түнү тынбай трактор айдап, алдыңкы трактористтердин катарына кошулат да, Алматыга партиялык мектепке кетет. Жалгыз уулунун балдарынын арасынан Кудай жалгап менин ушул абышка-кемпирге медер болуп калганым – балким, бул жарыкчылыктагы эң чоң бакытымдыр. Атам менен энем жол тоскон жолоочулардын баарына эле чай берип, “менин уулума бата берип койгула” деп эле мага бата сурай беришчү.

Атам — чоң молдо. Эки көзү көрбөгөнү менен, адамдарды добушунан тааныйт эле. Ал убакта динге катуу тыюу салынган убак. Атамды түн ортосунда чанага сүйрөп алып барып нике кыйдыртышып, үйгө түн катып келишип дем салдырып кетишээр эле. “Ичим, тишим” деп келгендерди дем салып айыктырып, анан алардан келген чай-чамек, таттуу-тарапа менен жолоочуларды тосуп, биздин үйдүн дасторкону жыйылбайт эле. Апам байкуш от жаккан сайын оттун табы менен жалынын карап: “Ушул кенедей отундун ысык табына чыдай албайбыз, тозоктун отунан Кудай сактаса экен”, — деп калчу.

Анан нандын күкүмүн жерге түшүргөнүн көргөн жокмун. Нан менен дасторкондогу даамдарды аябай кылдат да, таза да колдончу. Кырынып-жышынып, идиштерин, үй ичин тынбай жуучу. Атам сокур болгону менен кез-кез апамды урушуп, жанына жакын чакырып алып, таягы менен жонго салчу. Апам байкуш ыйлап, эшиктин алдында жоолугунун учу менен далай көз жашын сүртүп… апама кошулуп мен да ыйлап, акыл үйрөтүмүш болом:

— Апа, атам баары бир көрбөйт ко, анан чакырса барбай койсоң эле чаба албайт да, өзүң барып жонуңду эмне тососуң?

— А-ай, балам а-ай, атаң байкуш сокур болсо, бук болот да. Анан бугун менден чыгарбаса кимден чыгарат? — дечү.

Мен түшүнчү эмесмин. Атамдын бугун түшүнгүм да келчү эмес. Тамга тааныган күндөн баштап эле Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы, ичинде Герцендин тарткан сүрөттөрү бар көк китепти күнү-түнү окута берчү. Эшикке ойноп келиш үчүн 20 барак окуп, анан чыкмай. Көзү көрбөйт да деп эки-үч барак аттатып бат окуюн деп оюнга шашсам, “артка кайт, окуя өзгөрүп кетпедиби” деп кайра аттаткан сабыма алып барчу.

Биздин үйгө ай сайын 60 рубль пенсия киреше кирчү. Ошол акча кийип-ичкенибиздин баарына жетип, кенен жашачубуз. Жетмек тургай апам жууркандын арасына тигип, мени үйлөнтөм деп чогултуп катып жүргөн 14 миң рубль акчасын өлөрүндө алып чыгып, атама тапшырган экен. Мага бут кийим сатып келген апам: “Сага ушул бут кийимди алып бериш үчүн атаң көзүнөн ажыраганча иштеди, жакшы кий, чоңойгондо сен иштеп акча таап, атаңа маасы алып келип бересиң”, — дегени эсимен эч кетпейт.

Мен акча тапканга жараган чакка алар жетпей калышты. Аттиң деп коем, бар болушса кана, абышка-кемпирди көкөлөтүп бакпайт белем?! Колуман келгени – өздөрү үйрөткөн куран-сүрөөлөрүн окуп, сообун: Сүйүнбай уулу Ырысалыга, Сыдык кызы Аписага дегенден башка…

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ