ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КОЁН

ЭТЮД

Аталаш агам Медербек Тынч океанда кызмат өтөп келди. “Тихоокеанский флот” деген жазуусу бар моряктын фуражкасын норка тумактан артык көрүп, бапестеп кийип жүрөр элем.

Бир жолу бала бакчанын селкинчегин тээп атканбыз. Раматылык Бакыт деген классташыбыз катуу күүлөнтүп баштаганда селкинчек түбүнөн омкорулуп кетип, баарыбызды басып калды. Менин моряк шапкемдин четин кыйшайтып сындыра басты.

Чекем тытылып, көгөрүп чыкты. Бирок башымдын ооруганы эмес, кыйшайган моряк шапкем үчүн өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Тынчтык классташым четине зымдан тегерек кылып салып: зыңкыйтып оңдоп берип койду.

Өйдөкү айылда Касымкул деген атанын Намазбек деген баласы “Северный флотто” кызмат өтөп келди. Медер байкем экөө алты ай чогуу кызмат кылган соң, экөөнү эки жакка бөлүп жиберишиптир. Байкем Намазбекке учурашканы жөнөгөндө мен да ээрчип бардым.

Баягы шапкемди жатаарда эле чечип кучактап жатканым болбосо, башыман түшүрбөйм. Анан Касымкул атаныкына барсак Надырбек деген баласы коён багат экен. Ыйлактап атып бир ургаачы коён суратып алдым. Чоң боз коёнду шарт эле кулактан алып капастан алып чыкты да, коробкага салып берди.

“Эркек коён таап куудуруп ал, тез эле көбөйөт” деди. Сүйүнүп, үйгө кандай жеткенимди билбейм. Келип эле Аманат атанын Табылды деген баласына бардым. Ал да коён багат эле.

Өзүнө окшогон торсойгон эркек кара коёнун алып келип, коробкага салдык. Коробкага саларыбыз менен эле “дук-дук-дук-дук-дук…” кулагыбыздын кычуусу канып, ыржалаңдап каткырып жатып калдык. Бою кодойгон Табылды болсо “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” деп өзүнчө чыйылдап койду.

Ошентип, бир айдан кичине өткөндөн кийин он эки бөжөктү жайнатты. Ошондогу таң калганым, бөжөктөгөн коёнду кайра-кайра карай берсең адамдан кызганып, өз баласын жеп салат экен. Мен кызыгып карай береримден кызганып, жылаңач бөжөктөрдүн төртөөнү жеп салыптыр.

Жылына эки жолу тууп, анысы аз келгенсип эки айга жетпей бөжөктөрү да тууп, ушунчалык тез көбөйөт экен, ээ боло албай калдым шумдуктуку. Капастан чыгып кеткендери короонун ар кайсы жерин казып, анын кээ бири огороддон чыгып… “Кайдагы балакетти алып келгенсиң” деп апам мени урушуп, кошунабыз Куу кулак (Турат) байкем биздин огородду сугарып атса коёндун ийининен кирген суу короонун ичинен чыгып, суу менен кошо жайнаган коёндор чыгып…

Кыскасы, коёндор үчүн топон суу каптап кыямат болуп, мен болсо шөлбүрөгөн коёндорду бөжөктөрү менен кармап капаска салып, сүйүнүп, Куу кулак байкеме ыраазы болуп, анан кыш келгенде согумга сойдук… Атам, апамдар жебей коюшту. Ормотой атамдын он эки баласына буйурган коёндун тарыхы ошону менен бүттү!