ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КОШОКЧУ СУУСАР АПА

Өзүнөн да улуу таяктай сезилген куу жыгачты таянып, бүкүр кемпир үйүбүзгө келер эле. Эшиктен кирип келатып сүйлөнүп:

— Күйүттүү катын кошокчу, — деп көп айтып калчу.

Айылда бирөө-жарым каза болсо, Суусар апаны издеп калышканын көп көрдүм. Себеби, созолонтуп ырдагандай, уйкаштата куюлуштуруп кошок кошчу. Кошокчу кемпир атка конгон.

Эмнеге Суусар апаны эстедим? Анткени, сөздүн күчү кыйын экен. Кошок кошуп жүрүп, турмушун кошок коштоп өттү. Эркек баласы жок болгондуктан, жалгыз кызынын ортончу баласын эш тутуп багып калды. Ал мени менен классташ болуп, 5-“А” класска кирди. Биздин класс жакшы окуйт деп, «Б» класска түртүштү. Өзү көп сүйлөбөгөн, Исаев Нурлан деген мурду кырдач сары бала болчу. Кошокчу Суусардын ошол небереси жаңыдан турмуштун даамын татып келатканда Бишкекке келип, жайдын ысыгында Чоң-Чүй каналына сергип чыга калайын деп шарт чечинип секириптир. Секирген жерден баткакка башы менен сайылып, ошону менен суучулдар издеп жатып араң таап чыгышты. Ансыз да каржалып турган үй-бүлө абдан кыйналып, кур намыстын азабынан сойгонго мал тапканча, классташым боз үйдө жатты. “Көмүп коюп, анан эт издешсе боло” дейм ичимден.

Ал кезде жылкы же уй тапканга жарай элек кезибиз. Биз эмес, биздин ата-энебиз кыйналган 90-жылдын башында болгон бул окуя. Боз үйдү айланып кошок уккандан башка колубуздан келбейт. “Эсил кайран бир боорум о-ой, эми кайдан көрөмү-үн!” деп, өгүздөй өкүрүп коюп турмай.

Акыры бир уй табышты. Карызга алып келишти. “Байкуш классташыбыз, өзү сууга түшүп өлсө, жайдын ысыгында чымынга талатпай, малдын табылганы ырас болбодубу” — дейбиз классташтар күбүрөшүп.

Намыстуу элбиз деп мактанабыз. Куру намыстуу элбиз! Болбосо, айылда күтүрөтүп мал айдаган канчалаган байлар бар! Нурланга бир жылкы же бир уй берип сооп алайын деген жан болбоду. Бирок карызга алып келип сойгон уйдун этин уялба-ай отуруп алып майда туурап, шашпа-ай жедик эле…

Азыр эми, жесир менен жетим жетилип калган убак. Ылайым кошок кошулбасынчы. Айрыкча, Суусар апаныкындай муун-жүүндү алган кошок кошулбасынчы…

Куда тостум!

“Ачууну таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган – кыз”  дегендей, Аксыдан куда күттүм. Төө-Ашуу менен Долонду ашып кудалар барды. Нанды да эт менен жеген нарындыктарга! Келинимдин жууркан-төшөгүн жеткирип келишти. Аркан тостук, акчасын алдык. Босогону аттаганда эле “кол чайкаар” деп бир козунун этин тарттык. Аны таякелерим алып келиптир. Анан эле эшикке чыгарып тай менен койго бата кылдырдык. Тайды агам, койду балам чыгарды. Кайдан-жайдан Ат-Башыдан Жылдызбек Алыбаев деген төкмө акын, досум Жеңиш ырчы, Токтобек Асаналиев жана айтылуу Калык досторум жана бир козуну бышырып кирип келишти.

Тайдын эти бышканча эки козунун этин ырдап отуруп жайладык. Түн оогондо кайра эт тарттык. Эртең менен бөлөлөрүм “таш кордо” деп бир козу бышырып келишти. Анын соңунан атамдын достору Койчубек менен Мухтар аяш аталарым бир козу бышырып келишти.

Аксыдан келген кудалар эмес, биринчи жолу куда күткөн мен да таң калдым. Ортодогу жеңил тамактары менен чөп-чар салаттары… ашказандарда революция! Пейилиңен айланайын кыргыз! Ушундай каада-салт, үрп-адаттарыбыз менен сыймыктанабыз! Калп эле карышкырга шылтайт экенбиз, биздин жаныбызда карышкыр жөн эле куйругун кыпчып отуруп калгыдай! Кудай кошкон кудаларым 14 киши, ал эми куда тоскондор 40 киши… Мен эмне үчүн баса белгилеп жатам, себеби, ушундай карым-катнаш, алыш-бериш жана тууганчылык менен адам экенбиз да!

Карындаштарым менен жеңелерим дасторконду толтурушту. А мен болсо “куда башы Кутманбай” болуп эле отурдум. Баарынан кызыгы, түштөндүрөбүз деп бирден коюн соё калып жолдон үйлөрүнө сүйрөгөндөргө сөз жок! Кыргыздын салтын, үрп-адатын жерибестен, бекемдешибиз керек экен, мына, бир тууган, таяке-жээн жана достор болуп эле мени эч чыгым кылбастан кудамды тосуп салышты. Эми алардын кудасына мен да ушундай кызмат кылышым керек!