ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КӨГҮЧКӨН

АҢГЕМЕ

Үйүбүзгө жакын жерде санаторий бар эле. Чатырынын алды толтура жапайы кептерлер. Анын кароолчусу менен кышында от жаккан Сопубек байкеге “көгүчкөн кармап бериңизчи” деп бир рубль көтөрүп бардык.

— Кечинде келгиле, — деди. Сүйүнгөн бойдон кеттик.

Кеч кирсечи… Күндү колубуз менен жылдырчудай “уяңа кир, уяңа ки-ир, ээй… кү-үн уяңа ки-ир…” деп кыйкырдык.

Тооккананын ичин даярдадык. Тоокторго кошуп бакмай болдук. Ошентип биз күткөн кеч да кирди. Таар мүшөктү көтөрүп экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. Убадасына туруп бизге мүшөк толтура көгүчкөн кармап берди. Алып келгиче тебеленип, аба жетпей сегиз кептер өлүп калыптыр. Жыйырма үч көгүчкөндү тоокканага киргиздик. Демейде тамак ичип уктагыла десе болбой түшкө чейин уктаган жаныбыз, эртеси таң атпай турдук.

Көгүчкөндөргө кирсек, тооккананын үстүндөгү тешиктерден көбү чыгып кетиптир. Тоок менен кошо алты кептер калыптыр. Тешиктерин бүтөдүк. Түштөн кийин биз ойноп жүргөн кезде апам жумуртка алганы келип караса, тоокканада көгүчкөн… Эшикти ачып, калганын учуруп жибериптир. Кечинде чайга отурсак, апам айтат:

— Өлүгүңдү көрөйүн, талаада жем калбай калгансып тоокканага жапайы кептер толуп алыптыр, араң кубалап чыкпадымбы.

— Аны биз багалы деп алып келгенбиз, — дедик.

— Ээ кокуй, талаада ээн учуп көнгөн жапайы кептер силерге көнүп бермек беле. Анын үстүнө тоок жумуртка берет. Алар тооктун жемин талашканы болбосо, эмне пайдасы бар?

— Баккыбыз келди…

— Баккыңар келсе, атаңарга айтып капас жасатып, анан жем алып келип баккыла. Бирок алар көнбөйт. Андан көрө тоок менен үндүк баксаңар, — деп апам бизди акырын айтып ынандырды.

Макул болумуш болгон менен эртеси өзүбүз курдуу балдарды чогултуп барып Сопубек байке кирген тешиктен кирип, шымдалган футболкаларыбызга салып, канат-тырмагынын тытканына карабай, курсагыбызды кызыл ала кылып кайра эле көгүчкөн уурдап келдик. Болбой эле бактык. Бирок кайра эле аз-маз колго көнүмүш болгону менен өздөрүнүн талаасына учуп кетишти.

Кээде келип короонун кырына конуп калса, кыйкырып сүйүнөбүз. Анан ачакей бутактан жасап алган рогатканы кериле чоюп, бир көздү чылк жумабыз да, чоймону коё беребиз. Кээсине тийгизип тоголото түшүрсөк, кээ бирин экинчи келгис кылып үркүтөбүз. Тоголонуп түшүп өлбөй калса, жараатын айыктырып, анан шилекейибизди оозуна толтура түкүрөбүз да “шилекей алышкан дос болдук” деп учуруп жиберебиз.

Атканыбыз да, достошконубуз да кудум эле азыркы замандын адамдарындай эле.