ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: КӨК ЖЫЛГАЯК (ШЕДЕВР)

ЭССЕ

Шаарыбыздын Тунгуч кичи районундагы белгилүү журналист Азамат Кыязов уюштурган “Айтумар” билим борборунун алдындагы бийик тепкичке топ бала жылгаяк жасап тээп жатышыптыр. Балдардын бактылуу болуп үч метрлик бийиктиктен муз тепкенин көрүп аябай кубандым да, абда-ан кейидим. Биздин бактылуу балалык Нарындын бийик тоолорунда өткөнүн, 3 метр эмес 300 метр бийиктик аз көрүнүп, Коңур-Дөбөнүн бетине алыбыз калбай калганча килейген чаналарды көк муштум болуп сүйрөп чыкканыбыз, эки колдо эки бөлөк таар кол каптар менен, ошол бийиктикке кандай азап менен чыгып барып, көз ачып-жумганча тайгаланып түшкөнүбүз…

Доко (Далалат) – аталаш тууганымдын баласы, чоң чанага буту кирип кетип, тоодон ылдый сүйрөлдү.

— Буту чыгып кетти, — деп Манкелей (Маматкул) менен Сампу (Саламат) Доконун бутун ордуна келтирмекке чалкасынан жаткырып, чочко сойгондой чаңыртышты.

Көрсө, буту чыкпай эле, чорт сыныптыр. Кокуйлатып бутун салып жатса да Миназаровдордон коркконунан көзүнүн жашын көл кылып жатып берди Доко. Ошол чоң чанада мен да бар элем. Отурганда эле “Доко, бутуңду көтөр” десем, “тормоз тээп барам” деп узун бутуна таянып көйрөңдөнгөнү, анан ошончо кишинин салмагы менен эски бычактын мизиндей жедеп жешилип калган чоң чананын кайкайган темири соо койчубу. Керек болсо бутун кесип кетээри шексиз эле.  “Доко, көтөрчү бутту” деп бир туугандык каным ойногонун, Докомдун буту шалактап жатканын көрүп турушса да, сынып калганына мээси жетпеген боз уландардын ээн баштыгы…

Байкаган жанга жылгаяк тебүүнүн өзү чоң философия экен. Чоң чананы бийик тоого күшүлдөп-бышылдап сүйрөп чыгып, анан кайра көз ачып-жумганча ылдыйга түшүп… Кулаганыбыз жолдон кулап, кулабаганыбыз кайра чананы сүйрөп тоого чыгып…

Турмуштун өзү көк жылгаяк муз экенин кайдан билдик! Жашоодо өзүбүз чыгабыз деп көксөгөн бийиктиктерге чыгып, анан ар кандай кырдаалда зуулдап жылмышып калат экенбиз.

Биздин тепкен жылгаяк тоодон тебилсе, балкондо өскөн байкуш биздин балдардын тепкен музун көрүп, боорум ооруду. Ушул тогуз тепкичтүү бийиктик булар үчүн тоонун чокусундай көрүнүп жатканын, ошол бийиктиктен тайгаланып түшкөндөрүнө маашырланып жатканы – жанды кейитти. Кыштын ызгаары мурдунун “маңкасын” тоңдуруп, кирпигине муз тоңгонуна карабай жылгаяк тепкен биздин айылдагы балалык кайда?! Аттиң, кыштын ызгаарын көрбөй, катыратып муз жебей, уйдун каткан богун шайба кылып хоккей ойнобой, хоккейдин таягынын ордуна ийилген бутакты кыркып алып, тонгон бокту чаппаган ушулардын балалыгын ойлодум.

Дарбазанын ордуна тонгон боктун чоңдорун чек кылып коюп, Боз жалпакка (Жолдош) окшогон “арамзалар” акырын кичирейтип алып, чырдаганда “жылып кетиптир” демиш болуп чоңойткондорун эстедим. Анан, кыр ылдый зымырап түшүп келатканда Кудайлап бакырып, аман-эсен түшкөнүбүз да, шыпырылып жолдо калганыбыз да сүйүнүп кайра тоого жөнөгөн кездерди эстедим…

Алтын балдарым! Силерге мен тоону көрсөтүп, тоодон муз тептире албаганымды, тоонун эрке желине бетиңерди сылата албаганымды кечиргиле! Силерди тоодон эмес, тепкичтен муз тептирип, жылуу үйгө багып, катыратып кар жедирбей кыштан катып отурсак, анан кабат үйдүн арасынан өткөн муздак жел издеп келип сылап кеткенде дене табыңар көтөрүлүп, силер жатып калбаганда мен жатып калмак белем! Боргулданып тердеп, кайра чыйрыккан денедеги кирди энем жышып, бир жумада бир чоң таштекке салып киринтсе киринтти, болбосо экинчи жумага өткөн биздин балалык жок азыр.

Бетиңерди беш маал жууп-жышып жатып калган мамаларды, автомат-машинеге күнү-түнү тынбай кириңерди жуудурган энелерди кечиргиле! Эрке желге жамбашыңарды сылатпастан этаж үйгө идишке отургузуп заара ушаттырган, эркелетип жумшак кагаз менен жамбашыңарды тазалаганыбызды кечиргиле. Шымыбыздын аласын тегерек кесип койуп чормойтуп жыргап жүргөн биздин балалык силерде жок. “Памперс” деген соргучту чаптап, чатыңарга дем жеткизбеген бизди кечиргиле! Анан “шаардык балдар бош болот” деп, араңжан кылып багып жатканыбызды мойнубузга албай, “цивилизациялуу багып жатабыз” деп маашырланабыз… Жок! Биз силерге биздин аталардай, биздин энелердей тарбия бере албай жатабыз.

Кезүүдөн келе жаткан жамырап чуркаган койду эмес, колуңардын манжасын сана десе, кытайдын калькуляторун алып чыкканыңарга биз күнөөлүүбүз. Кычыраган кыштын суугунан ырахат албай калган менин балдарым үчүн мен күнөөлүүмүн! Айылда береке бар экенин, ошол көшөрүп кайра-кайра сүйрөп чыккан чана менен ошол тоо биздин турмуш экенин, ошол көк беттенип, өжөрлөнгөн жылгаяк тебүү менен турмуштун жылгаягы, бийиктиктери окшош болорун эми түшүндүм. Бийиктикке чыгыш кандай кыйын болсо, түшүп калыш кандай тез болорун эми билдим.

Алтын балдарым, менин бөбөктөрүм, силерди бийиктиктен муз тептире албай жатканыма кечирим сурайм! Тепкичтен тайгалансаңар да, турмуштан тайгаланбагыла! Силердин муз тебүүңөр менин намысымды козгоду. Кышкы эс алууга чыксаңар, тоого алып кетем. Докомдун буту сынган тоого. Күн түнөгөн улуу тоого алып барам. Азырынча жылгаякты тепкичтен тээп тургула…