ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: МЕНИН АГАМ!

3-класста окуп жүргөн кезим. Айылда койду кезектешип кайтарышат. Аны “кезүү” деп кыскартып коюшат. Биздин кезүү келип, 7-класс окуган агам кой кайтарып кетти. Мен түштөн кийин сабактан келгенимде “тамак жеткирип кел” деп байкеме жиберишти. Эшикке чыгып чүкө ойноп кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей кечинде кой тарагандан кийин үйгө келдим. Келсем, байкем ачка боюнча кечке кой кайтарганын айтып ыйлаптыр. Мен болсо шамыраңдап футболкамды шымдап алып, курсагыма уткан чүкөмдү салып, жоо сайгансып кирип келип атпаймынбы.

Уткан чүкөмдүн кубанычына апам менен атам жазаламай болушту. “Эртең сени кара консулга салып беребиз” дешти. “Кара консул” дегени — менин өз атам. Аябай каардуу, ошол эле убакта кыздарына өтө боорукер. Эркек балдар бышык болуш керек деп, үчөөбүздү аябай иштетет. Чычкандай үчөөбүз 60 сотых жерди топурак сокмо менен тосуп чыгып, айылдын баарын таң калтырганбыз. “Кыз болсо, бирөөнүн бүлөөсү” деп кыздарын аябай эркелетет.

Эртеси сабактан келатсам, “Н 57-07 А” номурлуу суу ташыган (водовоз) машина турат. Жүрөгүм “шуу” дей түштү. Кирсем эле мени күтүп отуруптур. “Бас бери!” деп колунун сырты менен мурунга бир койду, көчүктөн ары бир тепти эле, шымыма сийип койдум. Ошол боюнча машинага салды да, өйдөкү өзү жашаган айылга алып кетти. Бир жума ыраматылык оорулуу инимди бактым.

Терезеден чүкө ойногон балдарды карап алып, алар үчүн мен жазаланып жаткансып телмире тиктейм. Анан бир жумадан кийин “ата-энесин сагынды, учурашып келсин” деп, ылдыйкы айылдагы мени багып алган чоң атам менен чоң энеме жиберишти. Сүйүнгөнүмдөн кандай жеткенимди билбейм. Кирип эле сокур атамды кучактап калдым. Атамдын бир башкача жыты бар эле. Апам болсо мени кучактап калды. Мен армияда кызмат өтөп келгендей болуп, үйдүн ичин мизилдетип жыйнап чыктым. Суу ташып келип, “эми кайра өйдөкү үйгө кетейин” десем, “балабыз оңолуптур, болду жибербейбиз” деп алып калышты. Сүйүнүп, атам менен апамдын ортосуна жатып алып алмак-салмак эркелеп, көпкө уктабай жаттым…

Күзүндө мал тоодон түшө баштады. Бирок колхоздун жыйым-терими бүтө элегине байланыштуу корук уюштуруп, колхоздун эгин талаасына кирген малдарды камашат эле. Ээлерине айып пул салат. Биздин жалгыз жээрде бээ кошулган Алтымыш таякенин жылкысы камалыптыр деп шаңкылдаган сулуу Айнагүл таажеңем сүйүнчүлөп келди. Айнагүл таажеңем Алтымыш таякемдин иниси Кусейиндин аялы болгондуктан Алтымыш таякени “Эки отуз” деп тергечү. Эки отуз акенин жылкысы камакка түшүптүр. Жакып байкем, мен анан Эки-Отуздун байкем курлуу Алек деген баласы үчөөбүз Мыкандын сарайына жөнөп калдык. Барсак, жылкы камакта. Малай атам корукчу. Малай атанын өз аты Иманкул экенин өлгөндө билдик. Малай ата үчөөбүздү сарайды айланта кубаламыш болуп, кайра карс-карс күлүп, эртең менен эрте чыгарып бермей болду.

Үчөөбүз чыгып үйгө келатсак, Алек менен Жакып байкем тамеки чегишти. Мен ичимден кымыңдап келатам. Үйгө барганда атам менен апама айтып, Жакып байкемди Кара консулга жазалатам… Келээрим менен апама айттым. Эртеси мектепке барарым менен Жалилге айттым. Ал болсо мени карап, “өткөндө мен да көрүп папама айтсам, эркек балдар бири-бирин колдош керек, үчөөң бириңдин айыбыңды бириң чукубай, жаманыңарды жашырып, жакшы жагыңарды ашырып үйрөнгүлө” деп урушкан деди. Менин жүрөгүм түштү. Туура эмес кылганымды сезип, сабактан чыгарым менен үйгө жөнөдүм. Атам менен апама жетип эмне деп айтам деп ойлонуп баратам. Алдап койгом деп айтайын дедим. Мен жеткенче, Кара консул келип, небак эле Жакып байкемди, Алекти кошо таптырып келип, күтүп отуруптур. Экөө кылыгын мойнуна алып, бир сыйра токмок жеп жалдырап отурганда мен келдим. Баары кеч болуп калганын түшүндүм.

Мени Кара консул короого алып кирди. Коркконумдан калтырай баштадым. “Эй, Шакар! Сени эркек бала дейт. Сени жигит дейт. Эркек киши эч качан ушак айтпаш керек. Төртөөң бири-бириңди коргоп, колдоп жашабасаңар, анда эмнеңер бир тууган?! Бул акыркысы болсун, мындан кийин бир туугандарыңдын айыбын ачпай жүр. Эркек бол!” деди. Ошол күндөн тарта мен Эркекмин!

Ооба, азыр менин атам да, иним да, агам да, сырдашаарым, кубансам кубанып, кайгырсам кошо кайгырган, жалгыз агам ошол Жакып! Инилерим Жанарбекти 19 жашында, Жалилбекти 34 жашында, атабызды 66 жашында акыретке узаттык. Тагдыр ушундай жазган экен. Жанарбек иним оорусунан, Жалилбек кырсыктан, атам күйүтүнөн… Кыскасы, маңдайларына жазган тагдырларынан көрүштү. Азыр менин таянганым да, ишенгеним да жалгыз агам. Үйдөгү баардык түйшүк агамдын мойнунда. Сөзгө чоркок, ишке мыкты. Куда тосуп той берсек да үйгө кирбей, сыртты тейлеп жүрө берет. Мен болсо агама эркелеп, куда менен куда, конок менен кошо конок болуп отура берем.

Чарбанын баарын караган агам. Мен болсо досторумду чогултуп алып балык кармап, бардар кишидей болуп агамдын жыйган-тергенин досторума таратып жүрө берем. Агам өтө оор басырыктуу, бир калыпта жүрөт. 24 жылдан бери жалгыз жеңем менен жашайт. Жеңемди мектептен сүйгөн. Турмуштун тоскоолдуктарына карабай үйлөнүп алган.

Үч эркек, эки кызы менен очор-бачар болуп татынакай жашап келет. Турмушу да өзүнүн мүнөзүндөй бир калыпта. Менин чакчелекей мүнөзүмдөй баш-аягы жок турмушумдун, башыма келгенди жасаган мүнөзүмдүн, Кыргызстанда кайсыл жерде шайлоо болот десе эле барып катыша бергенимдин… баардык баскан-турганымдын артында тирегим агам турат.

Агам үйдөгү көр түйшүктүн баарын өзү чечет, балдарыбыздын баарын чогултуп алып чарба иштерин жасашат. Мен болсо машинама толтура май куюп алып эле эл үчүн “патриот болумуш” этип, ошол кылган иштериме, бир кишиге жакшылык кылып койсом, ошонума үч күн сүйүнүп жүрө берем. Дербиштей жашап, бакшыдай өмүр сүргөн мага, менин ар бир кылганыма чыдаган, менин агамдай бир тууганды ар бириңиздерге каалайм.

“Атадан алтоо болсо да, катышпаса жат болот” демекчи, тирүүлүктү, ушул жашоону, бизге берилген көз ирмемдик турмушту сүйүп, бул жалганда бири-бирибизди сүйүп жашасак кандай сонун!

Дүйнө солкулдап, байлар битирегенден, жер титиргенден корком. Акыреттин сурагынан корком. Кудайдын бетин кантип карайм деп корком. Кудайга кур кол баргандан корком. Элдин эмгегин жеп алып темтейип баргандан корком. Адамдардын көңүлүн оорутуп, канчалаган көз жашка себепкер болдум экен деп түйшөлөм. Ушул жалганда татыктуу жашасам экен… Мен агамды сүйөм, менин агама, бир туугандарыма болгон сүйүүм – эли-жериме болгон сүйүүм деп эсептейм.