ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: РЭКЕТ

АҢГЕМЕ

Айылга кайтып келдим. Менин дайынсыз кеткенимди, айтпай-дебей Кытайга кирип чыкканымды эч ким билбейт эле. Атам байкуш ооруп төшөктө жатыптыр. Доочулар атама чейин келиптир. Алып кетели десе жарагыдай малы жок же жүктөп кеткидей жарытылуу оокаты жок… Атам жаткан төшөгүнөн башын араң көтөрдү да:

— Эч нерсе айта албайм. Мага көрсөткөнүңдү балаңан көрүп кал, — деп кайра жатып калды. “Эки оору бир келсе — ажалыңдын жеткени, эки доочу бир келсе — амалыңдын кеткени” деген жашоо башталды.

Үйүбүзгө эки күндүн биринде акча доолагандар келет. Атама барышат. Берээр эч нерсебиз жок. Аялым менен чырдашып, ажыраштык. Күнөө менде. Аялымды эле эмес, атамды баш кылып төшөккө жаткырдым. Карызым 3500 сом эле. Рэкеттер келди. Мени опузалай башташты. Бир жактан үстү жабык бортовой УАЗга толтура кой жүктөп келатышыптыр. Кой үстүнө кошуп мени бекитип, шаарга алып жөнөштү. Койдун арасында келатам. Баардыгы эттүү койлор экен, арасында мурдунан маңкасы аккан бир чобуру бар. Кудум мендей мурдунан маңкасы аккан ак койду тиктеп: “Эми мени эмне деген жашоо күтөт? Рэкеттер мени эмне кылат болду экен? Эки балам, оорулуу ата-энем… Жалил акылдуу эмеспи, баарын багып кетет да”, — деп өлүмгө башымды байлап келаттым.

Ыйлайын десем көзүмдөн жаш чыкпайт. Тиштенип келе бердим. Күүгүм киргенде бир айылга келдик. Кай жак экенин билбейм. Койлорду түшүрүп, огородго кой кайтартып коюшту. Өздөрү бака-шака болуп, бактын ичинде арак ичип отурушат. Караңгылап калганда огороддун аркы башынан секирип түшүп, бет келген тарапка качып жөнөдүм. Өтө алыс кетпестен, бир үйгө кире качтым. Жашы элүүлөр чамалап калган эжеге “жан соога эже”, — деп кирип бардым. Менин түрүмдү көргөн эже төркү үйүнө киргизип жиберди. Абалды түшүндүрүп бердим. “Рэкет” деген сөздү укканда жүрөгү түшүп калды. Мен курлуу баласы бар экен.

— Менин баламдай экенсиң. Жардам берейин, бирок кармалып калсаң бизди айтпа, уулум экөөбүздү өлтүрүп кетишпесин, — деди.

Терезеден шыкаалап турсам, так ошол үйдүн түбүнөн баягы үчөө бакылдашып баратат:

— Бутун тушап же колун аркасына байлап койсок болмок экен… — Нары жагын уккум келбей эки кулагымды басып отура калдым… денемди майда калтырак басты. Таң атпай эженин баласы келди.

— Бул кайсы айыл?

— Станция Ивановка…

— Рот-Фронт деген айыл кайда?

— Бизге жакын, ал жакта ким бар?..

— Окууну бүткөндө көчүп кеткен классташым Алымкулов Аскер бар, — дедим.

Мотоцикли бар экен. От алдырып, мени “люлькасына” жаткырды да, үстүмөн таарын тартып бекитип алып, тырылдап жөнөдү. Тырылдаган бойдон баратып жолдон токтоп, үстүмдү ачты.

Табигаттын сулуулугу ай!

Немистердин айылы бар — Рот-Фронт деген. Башкармасы да немис. “Дом молитванын” түбүндө жашайм деген эле. Бат эле таптык. Айылдын чок ортосунда тегирмен салышып, ошол совхоз курулушунда иштеп жүрүптүр. Менин кебетемди көрүп эле “сен кайдан?” деп үйүнө алып жөнөдү. Ак шым менен көк көйнөгүмө койдун жыты сиңип калган. Үйүнө жетип эле мончосуна киргизди. Өз кийимдерин берип алып аябай күлдү. Анын шымы мага маскарапоздун шымындай болуп калды.

— Көптөн бери көрүшпөгөнгө эмнегедир сүйлөгөнүң өзгөрүп калыптыр, — дейт.

Мен коркконумдан кекечтенип калганымды ал кайдан билсин?

Ал жерде эки күн турдум да, кайра айылга жөнөмөй болдум. Чөнтөгүмдө 630 сом бар. Ошол акчаны кантип айлантам деп ойлонуп жүрөм жаман оюмда. Эптеп 3500гө жеткирип, тигилерден кутулушум керек… Токмокко келип, базарга токтодум. Аралап жүрүп, көзүмө жайнаган жөжөлөр урунду. Кыял кетти… тоок кылып, анан жумурткасын мектепке бышырып сатып… оюм менен акча чогулта баштадым. 300 жөжө алдым. Коробкага салып алып айылга жөнөдүм. Жолдо катар 300 тоок кылып, күнүнө 300 жумуртка тууп, аны бышырып сатып… оюм менен байып жатам. Анын арасынан жайнаган короз чыгары, ар кайсынын башын жеп чычкактап кырылары дегеле ойго келбептир. Үйгө келип эле короонун ичине жайып жиберип, так эле өз турмушумдай чачыраган жөжөлөрдү санай албай санаам сапырылып отуруп калдым…