ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: СЫРДУУ КИТЕП

АҢГЕМЕ

Ассалому-алейкум, атаке! Сизге көөдөнүмдө жазылган катты окуп бергим келди. Өзүңүз жашап өткөн 1905-1992-жылдарды салаама салып, санап отурам. Бабам Сүйүнбайдын 16 баласы болгон экен. 1910-жылы кара тумоо деген оору каптап, бабам баштап балдары өлүп, 1916-жылы Үркүн болуп калганы өлүп… Атылбай калган аркардай атам Ырысаалы менен Упаян деген эжем калган экен. Анан Кожобек деген бир тууганынан Ашым, Молдобек деген бир тууганынан Турдакун деген эки бала калыптыр.

— Ата, эмнеге Кытайга үркүп качтыңар эле?

— Элге келген алааматтан кантип кутулмак элек…

— Орустар менен сүйлөшсөңөр болбойт беле?

— Акылыңдан айланайын а-ай, алар бизди ай-буйга келтирбей атпаса эле үркө бергидей мал белек? Суроо-сопкуту жок эле тарсылдатып кыра баштаганда качканбыз, балам.

— Орустар кыргыздарды эмне күнөөсү үчүн атышкан?

— Эч кандай күнөө-пүнөө болгон эмес, болду эми, бул сөздөрдү эч кимге айтпа. Кулакка тартылып кетесиң…

Мунун маанисин “кулактан тартып сүйрөп кетет ко деп ойлочумун”, кийин билдим ГУЛАГ деген сөз экенин. Ажалы жетпегени ашуу ашып Кытайга барып, көрбөгөн кордукту көрүшүп, ачкадан далайы кырылып, ун-талканга уул-кызын алмашып…

Алмашкандар да эркек балдарды эмес, кыздарды алышып, далай кыргыз Кытайда калышканын, аман калганы кайра артка кайтып Мекенибизге келгенин айтып, аяба-ай буркурап ыйлар эле. Аягында, чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат деген ушу деп өпкөлөп барып басылып, анан насвайын ээгине кочуштап салып жиберчү. Кытайдан эптеп-септеп кайра келишсе, орус небак ээлеп, болгон малдарын колхоздоштуруу деп тартып алганын, анан кыргыздын оруска өткөнүн түшүнгөн соң, арга жок партиялык мектепке барганын кейип эскерчү.

1932-жылы Фрунзедеги партиялык мектепти бүтүрүп, партиянын камчысын чаба баштайт. 1937-жылы репрессия деген балээ чыкканда атууга кетчүлөргө арачы түшүп, ошол эле учурда Чунгул байкемди алып калганга үлгүрбөй калганына каңырыгы түтөп, “баатырымдын туугандар көрбөгөн жалын душмандар көрдү го, жонунда кулундукундай жалы бар эле, көк жалым ай”, деп ыйлап алчу.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда селолук советтин секретары болуп, Нарындан Кочкорго ат менен каттап согушка элди жөнөткөнүн; тукуму уланбай калбасын деп уругунда жалгыз калгандарды эптеп шылтоо таап кагазын тууралап, жумушчу же тылдагы аялдарга кошуп алып калганын; ошол эле мезгилде Ашым менен Турдакун атамды “эл эмне дейт” деп согушка айдап жибергенин; кийин “экөөнүн бирин алып калсам эмне, соксойуп жалгыз отурбайт элем” деп кейигениңизди көп көрдүм. Сталинди жакшы көрчү элеңиз. “Ат соко менен өткөрүп алып, атом менен өткөрүп берди, орустун эмне арманы бар, Стакеме акаарат келтирген күнү акмак болушат” деп коер элеңиз. Кышы-жайы ат менен жүргөндөн улам суук тийип көзүңүздүн сокур болуп калганын мага айтып берип, мени “Карегим” деп эркелетип, мен сизди жетелеп алып Абдрахман, Абылаалы, Мамбетжан аталардын үйүнө барчумун. Чай үстүндө сакалдарын жайкалткан абышкалар тарых менен санжыраны сүйлөшүп отурар элеңиздер. Тың баскан Бакай, Кыдырма, Чормок, Калык аталар биздикине өздөрү келчү.

“Тарых менен маданияттын жылы” деген президенттин указы чыкты. Бирок тарых да, маданият жана ыйман да сиздер менен кеткендей сезиле берет. Эмнеге? Биринчиден, сиздерге окшогон жайкалган сакалы бар абышкалар жокко эсе. Экинчиден, тебетей, калпак кийишпейт. Сиздердей чогулуп тарых менен санжыра сүйлөшкөндүн ордуна, саясат айтып, карта ойношот. Маданиятынын, ыйманынын деңгээлин айта албайм. Себеби, мен өзүмдү тарбиялай албай жүрөм.

* * *

Түн ортосунда келип, сизди чанага сүйрөп барып жашырынып нике кыйдырткандарын эстейм. Так ошондой заман келе жаткандай. Азыркынын ээн баш аялдары да: “Өкмөттүн нике күбөлүгүн ала электерге нике кыйган молдолор соттолсун” деген мыйзам жазышты. Сиздин нике кыйганыңызды бакан ооздор жеткирип барып, жалгыз уулуңузду партиядан чыгарабыз дегенде, “ушунча эмгегим талаага кетеби” деп ыйламсырап келгениңиз эсимде. “Атаңдын гана гөрү а-ай, кыргыздын душманы кыргыз эле болуп келе жатабыз, ушак менен көралбастыгыбыз качан калар экен деп, насвайдан күчүңүздү чыгарып отуруп калчусуз.

Молдо Ырысаалы дегенде өрөөн тааныйт эле. “Эй, молдонун баласы, атаңа ала барчы” деп Шаймерден деген дүкөнчү ата нават же чай, болбосо момпосуй тартып берээр эле. Айылдын ортосундагы таш дүкөнгө сабактан чыкканда бир кайрылып кеткенге көнүп алгам. Почточунун атындай эле эркиме койбой эки бутум жетелеп барчу. “Өзү чакырбаса, кирбе” деп акырын сүйлөп мойнумдан жыттап алчусуз.

Бир жолу: “Үйүңдү тазалачы байбиче, алыстан конок келатат”, — дедиңиз. Апам мени адаттагыдай сууга жөнөттү. Сууга баратып ойлоп коем, көзү көрбөсө анан конок келатканын кайдан билет же калп эле көрмөксөн болуп отура береби деп. Суу көтөрүп үйгө жетейин деп калганымда төө жетелеген үч атчан киши келди. Төөсүн чөгөрүп, үстүнөн сулк жаткан денени, бир адамдын “өлүгүн” түшүрүп жатышат… Шалактап колу-буттары кыймылга келбейт, оозу кыйшайып калган. Көтөрүп үйгө киргизишти… Төөсүн жетелеп бирөө кайра кетти. Осмон деген кочкорлук киши экен. Жайлоого келип, ошол жерден эсинен танып жыгылыптыр. Анан атам куран окуп дем сала баштады. Үч күндө бети түзөлүп, ордунан туруп, эшикке жетелетип кирип-чыгып калды.

Бир жолу атам мени кошо киргизип, Осмондун маңдайына отургузду. Мага үйрөткөн кыска сүрөөлөрдү “көзүңдү жумуп алып окуй бер, көзүңдү ачпа, кайталап эле окуп отура бер” дедиңиз… “Көзүңдү бекем жум, ачпа” деген жери кызык сезилди. Көзүмдү жумуп окуп баштагам. Бир убакта акырын ачып карагым келди. Көзүмдү акыры-ын ачып карасам, жерден жарым метрдей көтөрүлүп, Осмон ата экөөбүздү айланып өтүп баратыптырсыз. Жүрөгүм түшүп калды, тилим булдуруктап… “Алда балам ай-йе, көзүңдү ачпа дедим эле го!..” Осмон атага кошуп мага дем сала баштадыңыз. Эки жолу дем салдыңыз эле, ойноп кеттим. Осмон ата болсо бир жумадан кийин куландан соо атына минип жайлоого кетти. Жыл сайын жайында Осмон ата козу менен кымыз берип жиберчү. Азыр балдарыма эмес, элге жомок айтып жаткандаймын.

* * *

Бир жолу мектептен Темирбек агай:

— Ээй, молдонун баласы, Кудайга ишенесиңби? – деди.

— Ооба!

— Алып кел күндөлүгүңдү…

“2” деп чо-оң баа койду да, минтти:

— Кудайыңа айт, мага эки коюп салды деп!

Үйгө ыйлап келдим.

— Э-эй балам, эмнеге ыйлайсың, дин үзүлбөйт, сүзүлөт… эмкиде сураса “ишенбей калдым” деп кой, бирок ичиңден Кудай өзүң кечир деп кайра-кайра кайтала, — деди атам. Кийинки сабакта кайра сурады агай:

— Эй, молдонун баласы, Кудайга ишеңесиңби?

— Жок.

— Алып кел күндөлүгүңдү…

“Кудай өзүң кечир”… ичимден көп ирээт кайталадым. “5” деген бааны коюп берди. Сабактан келээрим менен атама айта албай бушайман болдум.

— Уулум, Көккөз бүгүн сураган жокпу?

— Сурады… “жок” десем “5” коюп берди, “Кудай өзүң кечир” деп көп жолу кайталадым.

— А уулум, бир заман келет. Ушул кудайсыздар намазга биринчи барышат, — дедиңиз.

Ошол заман келди. Чапаныңызды чечип, жай намаз кылып, мени биринчи жолу намазга жыгып, ыйлап дуба кылып, “болду балам, мен өз парзымды аткардым, калганы Кудайдан” дегенсиз. Так ошол сөз мээме кыттай куйулган.

Азыркы карыялар сиздердей кайраттуу эмес, куттуулары жоктой сезилет. Сексенге чыкканы деле, алтымышка чыкканы деле жалжактап жаш баладай. Аттиң, мен сиздин элесиңизди сагындым… Өлөөрүңүздө керээз кылып, бир китепти өзүңүз менен кошо көмдүрбөдүңүз беле? Мага айткан аманатыңыз: “Даарат алып тазаланып, анан китепти киндигимен өйдө көтөрүп барып төшүмө койгула. Менден кийин тукумумда окуй турган бирөө чыкса, китеп кайра кайтып келет, болбосо мени менен кошо жатат” деген элеңиз.

Кудай мага ошол китепти кайрып бере турган болсо, мен баардык кызыкчылыктан баш тартып, сиздин жолго түшөр белем. Сырдуу китеп. Айылдагылар эмес, көтөрүп барган мага жомоктой сезилет. Мына, тарых… мына, маданият… Биз аталарыбыздын жолуна түшпөсөк — адашканыбыз адашкан!