ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ТОО БАШЫНДА

ЭССЕ

Ошол жылы Жон-Булактын кырын ашып, Тешик деген жерге жаз тоого (жаздоо) келдик. Ал кезде биз менен кошо Кочкор районунун чабандары да келээр эле. Менден улуу агамдын классташы Усупбаев Жыргалбек деген жигит менен кошо Кеңешбек аттуу кочкорлук чабан менен кошуна отуруп калдык. Кеңешбектин жакшы жери — дайыма аялын атына учкаштырып жүрөт. Кызганчаак. Аялын Көксулуу деп коёбуз. Өзү эле сүйбөсө, башкалар ашык болгудай деле сулуу эмес. Бирок “ар кимдики өзүнө — ай көрүнөт көзүнө” дегендей кеп.

Так ошол Жон-Булактын түшө калышында чыр Зарылык деген атактуу аксакалдын сарайы бар. Ал өзү түрмөдөн чыгып келген. Эл коркот, элге кошулуп мен да корком. Үйүнүн төрүндө Елена Михаиловнанын Зарлык атаны колтуктап түшкөн сүрөтү бар. Ал атактуу сүрөт! Анткени, Зарлык түрмөдөн жаңы чыгып келип, колхоздун башкармасына кирип сарай сурайт. Колхозду 33 жыл башкарган Дайракунов Эсек деген “король” башкарма кубалап чыгат. “Сениби, шашпа, сага көрсөтөм! Мен Москвага кеттим!” деп кетип калат. Кремлдин жанына барат да, ошол жерден өтүп бараткан бейтааныш аял менен таанышып, колтукташып сүрөткө түшөт. Аны чо-оң кылып чыгартып келип, “король” башкарманын үстөлүнө таштайт. Караса, Москва… Кремль… Зарылык менен тыкырая кийинген орус аял…

— Бул ким? — деп сурайт башкарма.

— Бул аялды тааныбасаң, эмне отурасың?

— М-м-м…

— Бул деген Брежневдин секретаршасы — Елена Михайловна!..

Турдакун Усубалиевден башканы тааныбаган башкарма коркуп кетет:

— Заке, өткөндө “сарай” деп жаткандай болдуң беле?..

Ушул учурду эле күткөн Закең кырдаалдан пайдаланып, сарайды менчикке өткөртүп кол койдуруп алат…

Ал убакта соттолгон кишиден аябай коркчубуз. Суунун аркы өйүзүндө дакылдаган Мырзабек деген киши бар. Аны Дакадак деп коюшчу. Берки өйүздө чыр Зарлык. Экөөнө арак ташыган биз. Суунун каягына барсаң да чабармансың. Бир койду өңөрөсүң да, 1 литр спиртке алмашып келесиң. 200 грамм тоо суусуна 200 грамм спиртти куюп, бөтөлкөсүн тоңкойтуп туруп бир муштайсың. Реакция жүрүп, бозоруп барып тунган кезде кырдуу стакандарга бөлүп куймай…

Анан Зарлык атам кызып калат. Мына азап! Баягы стаканды бийик көтөрөт да, тос баштайт:

— Я-аа, азирети кызыр кудай, күнөөмдү кечир! Мен эмнени кылбадым, чынбы Шакил! — деп кемпирин карайт…

Кемпири:

— Чын Заке, чын… — деп башын ийкеп отура берет.

Биздин да стакандарды башыбыздан өйдө көтөртүп коюп каалашынча тост сүйлөйт. Ичесиңби-ичпейсиңби, Заке тост айтып атканда стаканды милдеттүү түрдө көтөрүп туруу мыйзам. Колубуз талыса да түшүрбөй чыдамай. Себеби, дал ушул стакан көтөргөн колун түшүрүп ийгени үчүн бизден алда канча олбурлуу Канатбек деген байкени көтөрүп чаап басып алып, темир макисинин сырты менен башын жара чаап, суралып, анан кутулуп келген. Демек, колуң талып турса да, түшүрмөй жок! Түшүргүң келсе, көзүңдү жумуп Канатбекти эстеп койсоң эле талыган колуңа жан кире түшөт. Закенин тосу түгөнбөйт. Күпүлдөп манас айтып аткансып, улам кызуулап күчөйт. Көкөйгө тийген узак тосттордон, жаз тоодогу жалаң чырлардын арасында өткөн “опурталдуу” окшош күндөрдөн тажап, эртерээк жай келип көчсөм экен дегенде эки көзүм төрт…

* * *

Мен күткөн жай да келди. Жайлоого көчтүк. Баарынан мен биринчи көчтүм. Зарлык менен Дакадак, Көксулуу менен Елена Михайловна артыман келип кучактап калчудай мал-көлүгүмдү алдыма сала дырылдай көчө качтым!

Жайлоо. Тоолуктарда адамдардын кебетесине карап каймана ат коймой адат эмеспи. Ормотой чолок, сары Жапар, Болотбек кекеч деген сүйүктүү аталарым менен кошуна болдум. Ичкенибиз кымыз, жегенибиз баглан козу, ойногонубуз карта… Болотбек атамдын кемпири Сабира апам бийик тоо көрсө эле желек сайчу. (Бабанов ошондон үлгү алганбы деп коём.) Сабира апам Кыргызстандын желегин эмес, өзүнүн жоолугун желбиретчү. Шырыктын башына жоолук байлап, Бала-Киндик тоосунун башына желбиретип келди. Аны майлап жатып калдык. Шерденип кетип Чоң-Киндик тоосуна байлап келди. Гималайга чыккандай майладык. Ошентип ынтымактуу жакшы жайладык.

Күзүндө кой куудурганы айылга “ысык отко” түштүк. “Асан сарайда” Сейитбек байкем менен кошуна болдум. Мал доктур Жакибай байке. Ал кезде колхоз кочкорлорго сабиз, жумуртка, анан приборлорду жууганга таза спирт берчү. Он чакты жумуртканы мискейге чалып кочкорлордун башына сүйкөп, калганын кууруп да, сууга бышырып да, ал эми сабизин катыратып кургак жейбиз. Спиртин Сейитбек, Жакибай жана байкем (атам) үчөө таза ичмей болушту. Кырлуу стаканга куюлган нак спиртти Жакибай байке ичип эле кыйкылдап-чыйкылдап барып жатып калды. Байкем болсо кызарып-татарып отуруп калды. Сейитбек байке болсо ичип алып тамшанып:

— Азыркы спирт да спиртпи! Мына, илгерки спирттерди ичкенде ашказан ачышып кетээр эле! — десе болобу? Экөөнө тигинче таасир берген спирти Сейитбек байкем суусундуктай эле жутканын көрүп алып оозум ачылды. Куутту бүтүрүп, койлорубузду жасалма жол менен уруктандырып алып кыштоого жөнөдүк…

* * *

Кыргоонун ичинен бул жылы Акай деген кыштоого туш келип калдым. Кошунам — агамдын классташы Усупбаев Жыргалбек. Башбаанек кылганыбыз — бир эшиктен кирип, коридордон эки эшикке бөлүнүп кирип кеткен, жөтөлгөнүбүз менен коңуругубуз бири-бирибизге угулган жыгач үй эле. Отундан жүдөдүк. Тезек суу болуп быкшып күйбөйт. Жыкем отун алып келип жаргандан тажабайт. Мен жакканды гана билем. Ошондой супсак күндөрдө “колхоз тарайт экен” деген кабар уктук. Түшүнбөй калдык. “Койлоруңарды элге бөлүп берет экен” дешти. Көп узабай, тагыраагы, 1993-жылдын 30-декабрында койлорубузду айылды көздөй айдатышты. Кыр-Жол деген ашууну ашып баратсак, кар уруп кирди. Ошондо тарткан азабыбыз али көз алдымда. Жалил экөөбүз бутубуз менен кар күрөп. Бирибиз чарчаганда бирибиз алмашып отуруп араң дегенде алты саатта ашып түштүк. Айылга эптеп жетээрибиз менен “жан башына 20 кой” бир паста таратып жиберди билермандар.

Мына сага! “Чокойдон жок, тондон жок, чой-чойлоп жүргөн койдон жок” деп Шайлообек акын жазмакчы, коюбуздан айрылып, өзүбүздүн энчиге тийген кой менен Атак деген коктуда сарайда отуруп калдым. Ошол жылы малдын кырылганы ай… Тоют жок. Эл даяр эмес кезде, ээн жайытка жана бир чабандын тартибине көнгөн колхоздун койлору кыштактын шартсыз тар короолоруна камалды да калды. Айыл ичинде олжого келгендей арзан табылган койлор арзыбаган акчага сатылып жатты. Өлгөн койлорду сойбой эле бутунан сүйрөп барып аңга ыргытып, оңбогондой кесирлик өкүм сүрдү…

Эптеп жазга аман чыгып, чалыштап баскан ыркыйган койлорду көчүгүнөн сүйөп эптеп жайлоого аттандык. Бул жылы өзгөчө болду. Биздин тоодо алтын чыккан Кум-Бел деген жер бар эле. Ал жерге жайнаган вагондор, анан техниканын түрү келип калыптыр. Көрсө, заман алмашып, эгемендиктин эпкини тоого эрте жаз менен жетиптир. Жапайы соода элдин башын маң кыла баштаган чагы экен. Сооданын башы солярка! Ага баарын алмашышат — арак, чай, май, эт, кымыз…

Менин оюма кымыз сатыш керек деген ой түштү… Кара эшектин жонуна эки фляга кымыз артып, Кара-Үңкүр капчыгайына, кара жолдун боюна алып түштүм. Бат эле талап кетти. “Кыныккан ит — тыныкпайт” дегендей болуп, бир күндө эки жолу келип-кете баштадым. Анан Жыкы досум экөөбүз ээрчишип алып кымыз сатканга өттүк. Бир күнү Абдыжалил деген ата келип калды. Биздин кымыз сатып жатканыбызды көрүп камчы менен чала-бучук жон талаштыра тартып калды:

— Атаңдын оозун урайын акмактар! Кыргыз качан ак сатчу эле! — деп кубалады. Эшегимди таштай качтым.

* * *

Кум-Белге чыгып, геологдорго бара берем. Же сүйлөшөйүн десем орусча билбейм. Арасында бир тажик тамакчысы бар. Аны менен тааныштым. Ал бизге колбаса, консерва уурдап чыгып берет. Биз ага каймак, сары май алып келип беребиз. Күнүм кечке геологдордун арасында өтөт. Бир күнү “шеф” келет деп катуу даярданып калышты. Вертолет менен келет экен дешип, Аскар Акаев менен Дастан Сарыгулов учуп барды. Тик учакты жанынан көрүш үчүн баарыбыз күтүп жатабыз. “Ушундай килейген темир кантип учуп жүрөт, кандай бактылуу адамдар асманга учат болду экен?” — деген ойлорго курчалдым. Баягы келгендердин арасында Дубанаев Каныбек деген Кум-Белдин директору да бар экен. Ал мени (боюма карадыбы же тирикарак көрүндүмбү) өзүнө чакырып:

— Дос, козу таап келип нормально бешбармак жасай аласыңбы? — деди эле, айтып оозун жыйгыча чаап барып короомдон бир семиз козу алып келип, шарт эле союп этин бышырып калдым. Коногун тостук. Каныбек байке ыраазычылыгын билгизип, акыл-насаатын айтты. Бул окуя менин жашоомдогу жаңы өзгөрүүлөрдүн учкуну экенин этибарыма алган эмесмин…