ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ҮЧ БЕРМЕТ

ЭССЕ

Биринчи Бермет – өзүмдүн эжем. Экөөбүз бир үйдө чоңойдук. Эжем бой жетип татынакай кыз болду. Балдардын баары ашык. Айылдагы абройлуу дүкөнчү Шаймердендин Нарынкул деген баласы менен сүйлөшүп калды.

Эжемди чакыртыш үчүн жазган каттарын ташытмакка мени “паралап” шоколад алып келет. “Эжеңе башка балдар келсе, таш менен согуп кубала”, — деп дайыма мени шыкактап турчу.

Күндөрдүн биринде, кечке жуук Ысмайыл деген кишинин баласы келип, эжем экөө дубалдын түбүндө сүйлөшүп отурушуптур. Колума чоң ташты алып, акырын дубалдын кырына чыктым да, башын туштап туруп бир койдум. Оңкосунан түштү. Мага эки жолу тоголонуп кеткендей сезилди. Дубалдан секире зыр койдум. Өзүмдү баатыр сезип, Накен жезде келсе бул эрдигиме “Кара-Кум” шоколадын алам деп, обочороок барып аңдып турам.

Эжем үйгө чуркап кирип, чөмүчкө суу алып чыкты да, тиги “жигитинин” бетин жууду, кайра кирип чакага суу көтөрүп чыгып, күйпөлөктөп чуркап жүрдү. Көрсө, мен чаап жибергенде кара кушка тийген таштан эси ооп жыгылып калып, эжем байкуш эсине келтире албай убара болуп ыйлап жүрүптүр. Үйгө кечирээк келсем, апам чыбык менен тосуп алды. Атамдын чапанына кире качтым. Окуяны угуп алып, атам башымдан сылап: “Эч качан таш менен адамды эмес, малды да чаппай жүр, малга тийген таш үчүн да адам учуру келгенде Кудайга жооп берет”, — деди. “Кудай каякта жашайт?” — десем,  “Кудай ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт”, — деди.

* * *

Экинчи Бермет. Мөлжигит деген атанын Бермет деген оорулуу кызы. Ал кыз мектепте да окубайт, каалагандай жүрө берчү. Үйүнүн каршысындагы бак ичине орнотулган селкинчегине чыгып алып бакырып-өкүрүп ырдайт. Андан балдардын баары коркот. Таш менен чабат. Чапканы үчүн ата-энесине да, Кудайга да жооп бербейт. Акылы кемден эл качып жүрсө, мен Берметке жабышып дос болуп алгам. Ал “опасный” досума колума тийген момпосуй, шоколадды өзүм жебей түз жеткирем. Менин атымды деле жакшы билбейт. Бирок мен кол чапсам, мага ырдап берет! Ырынын баш-аягы жок. Менин турмушумдай чакчелекей түшүрүп ырдайт. Ошонусу мага жагат.

Мен анын №1 угарманы жана №1 досумун! Менден жашы бир топ улуу болгондуктан, мени кучактап эркелете берчү. Кучактаса коркчу элем… “жинди неме эмне кылып жиберет” деп. Кийин жинди турмуштун кучагында калганымда, турмуштун өзү Берметтин ырындай баш-аягы жок экенин түшүнгөнүмдө… Мага ошол Берметтин кучагы ого эле мээримдүү, коопсуз экенин эстеп жүрдүм…

* * *

Үчүнчү Бермет – менин классташым. Класс жетекчибиздин кызы. Сабактарды жалаң “бешке” окуган, чачы узун, сулуу кыз. Ага болсо бизден төрт жаш улуу, анан акылынын азабынан төрт жыл сабактан көчпөй калган, биздин «Б» класста окуган Бекболот деген классташыбыз ашык. Жөн гана ашык эмес, сүйүүсү кадимкидей күч! Жалындап он сөз жазса, жыйырма катасы менен кошо мага берчү.

Берметке берчү шоколадын көтөрүп мага келет. Мен почточу! Анын каты менен шоколаддары Берметке жетпейт. Бекболотко менин колум менен жазылган жооп барат. Анын ашыктык каттарына жооп жазам да, экөөбүздүн тең шоколадды өзүм жейм. Беку деп койчубуз. Тагдыр аны да жарым эс жараткан, акыры биз менен жүрүп мектепти эптеп бүттү…

Ошентип, эки Берметтин шоколадын жеп, бир Берметке шоколад берип ырдаткан балалык күндөрүмдү элестетип алып, азыркы кезди салыштыра карайм. Азыр деле бирөөнүн заказы менен бирөөнүн башын жара чапкандар, мааниси жок түшүнүксүз ырларга кол чаап делөөрүгөндөр, аманатка кыянат кылып бирөөнүн ишеничин, ырыскысын ортодон жеп алгандар толтура. Көрсө, турмуш дегениң Берметтин ырындай, Берметтин селкинчегиндей эле түшүнүксүз термелген нерсе тура.