ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЧӨМҮЧ БАШ

АҢГЕМЕ

Бир күнү Жалил «Киши» деген китеп көтөрүп келди. Тамга тааныбаган менен акылы кыйын эле.

— Мына бул сүрөттөгү чөмүч баштан кичинекей бала жаралат экен. Сазде канча чөмүч баш бар? Ошонун баарын алып келип баксак, өлө көп балдар болот, анан кечке алар менен ойнойбуз, — деп калды.

— Бул сүрөттөгү чөмүч баштар ак турбайбы, саздагы чөмүч баштар кара да, андан кара кишилер чыгып калбайбы?

— Мейли, кара болсо… жүрү кеттик, — деп шымаланып калды.

Чаканы көтөрүп сазга жөнөдүк. Үйдөн беш жүз метр ылдыйда сормо саз, анан ар кайсы жери тешилип калгансыган майда булактар бар эле. Чаканын жарымынан суу куйдук да кошучтап чөмүч баштан салып үйгө келдик. Эмне тамак берип багабыз деп апамдын каткан талканынан уурдап чыгып чакага салдык. Көп өтпөй эле чөмүч баштар кырылып калды. Кайра барып чакага чөмүч баштан дагы алып келдик. Анан китепти ачтык. Карасак, баланын сырты капталуу болот экен. Эмкисин баштыкка салмак болдук. Кайра дагы кырылып калды. Бакалардын каргышына калбайлы, “бака өлтүрбөгүлө, бетиңер чаар болуп калат” дебеди беле апам. Көк чаардай (Аскарбек ата) же Чаар кемпирдей (Жамила апа) болуп каласыңар деп айтып калчу.

Керелди кечке саз кечип чөмүч баш кармап сууга чыланып, өзүбүз баткак болуп келгенибизден жадаганда коркутса керек… Мен апамдын айтканын эскерттим да:

— Экөөбүз бакалардан кечирим сурайлы, — дедим.

— Булардын энеси кайсы бака экенин кантип билебиз? — дейт.

Мен:

— Жалпы баканын баарынан, саздан кечирим сурайбыз, — дедим.

Ээрчишип сазга бардык. Мен баштадым:

— Бакалар, бакалар, кечиргиле апалар!

Кечке кайталадык. Кыйкырдык. Кыйкырдык… Анан көлчүктүн ортосуна кимдики жетет деп сийдик жарыштырдык… Эй, “сууга сийбегиле” дебеди беле апам?! Эмне кылабыз? “Мен сийген жокмун бака сийди, мен сийген жокмун бака сийди” деп жарыша кыйкыра баштадык да, кечирим сураганы барган бакалардын суусуна жаба сийип, кайра өзүлөрүнө шылтап коюп баса бердик…