ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЧЫМЧЫК ДЕЛЕ УЯСЫНА КИРДИ

ЭССЕ

Үйгө келсем оюнчуктарын тизип алып берилип ойноп отурат. Мен болсо ооруканадагы энемди ойлоп, негедир өзүмчө бук болуп тургам. Алихан менен кошулуп ойноп кеттим. Мен баламын. Себеби менин энем бар. Мен да эркелегим келет. Бирок чоң атамын. Социалисттик мелдешке катышчудай он жетиге толбой жатып үйлөнүп алганымды айт! Балалык доорум мал менен өткөн. Себеби айылда көргөн- бакканыбыз мал.
Менин балалыгым… эртең менен эрте туруп, уй сийе электе бастырманын астынан жетелеп чыкмай, “шылк мүйүз” деген меникинен бетер табарсыгы бош, басканда бийлеп баскан мала уй бар эле. Кадимки ырчы Мерген Тургандын атасы, менин аталаш тууганымдын уйу. “Мал ээсин тартпаса арам өлөт” деп эле сөгүп калчу элем. Себеби, ал бастырманын астына сийет, а атамдын муштуму менин төбөмө тиет.
Чоң күрөң уй бар болчу. Аны түшкө чейин байлап койсоң да абийирин сактап эшикке чыгып шарылдатар эле. Таң атканда саап, бадачы Жеңиштин чолок куйрук тору атынын алдына салып айдап бермей. Ал дагы “каналдан өткөр” деп, мурду менен же оозу менен сүйлөгөнү билинбей бурк этет. Эки метр жерди бир аттап тартактап кубалап барып Ташкенбайдын сарайынан өткөрүп каналды кечирип айдап келмей. Анан бадага уй кошкону чыккан айылдыктар баары чогулуп, айылдын элин, малын түгөлдөп бүткөн соң үйгө тарамай.
Мен болсо аңырайып ар кимдин оозун тиктеп эмне айткандарын ичимен кайталап мээме жаздырам да, сокур абышкага төкпөй-чачпай айтып берем. Анан эртең менен чайды ичээриң менен апкөчтү мойунга илип алып суу түтүгүнө жөнөмөй. Ал жерде кадимки Чунгул балбандын небереси Токуш эжем таң атпай сууга келет. Эки чака сууну бир колдоп эле көтөрүп, апкөчтү Брюс Линин согуш таягындай ойнотуп көтөрүп кетет. Мен болсо мода көрсөткөн кыздай чалыштап басып, ылдый карай жөнөйм. Үч жолу барып келсең, жыйырма барак Манас окусаң, эки саат чүкө ойнойсуң деген план коет. Суу менен Манас экөөнү чүкө ойнош үчүн тез эле ордуна коем. Сабакка даярданыш деген жок. Мугалимдин өзүнүн айтканын дал өзүндөй айтып берип эле баа алам. Кээде тырманганынан же мурдун тартканынан, деги эмне кыймыл кылганынан өйдө туурап, классташтарды күлдүрөм. Анан боз чаңга аралашып кеч киргизмей. Күн уясына чукулдаганда тоонун бетиндеги суу жеп кеткен жарга жөнөмөй. Шылтоо даяр. Шылк мүйүздү эрте тоспосоң колхоздун эгинине кирет деп чала-була сөгүнүмүш болуп, чыбыктан жасалган атты минип зуу коймой.
Артыңдан арыстан кубалагансып, энтеңдеп барып уй тоскон балдар менен кошо боз чаңга чийилген төрт бурчтуктарга, жалпак ташты ыргытып бир аяк менен секирип, бир буттап баягы жалпак ташты тепкилеп “мак-мак” деп секирмей. Чийинди басып алсаң “дурак” деп бакырат. “Дурактын” маанисин деле билбейбиз. Анан оюндун кызыгына кирип кетип шылк мүйүздү тоспой калып, ал болсо Касымбек атанын камагына айдалып кетет. Өзү арык, өзүнө окшогон карагер арык аты менен колхоздун эгинине кирген уйдун баарын кубалап кетет. Ага айлык керек. Анан “атаке, кечириңиз” деп Касымбек атага албарстыдай жалынмай.
Кокус короосуна кирип кетсе болду, апам өзү бармайын чыгарып бербейт. Анан “мактын” эмес Касымбек атанын “дурагы” болмой. Эртеси баягы эле көндүм адат. “Мак” ойнобойбуз, алаксып калып уйум камалып кала жаздады деп “тах-тахка” өтөбүз. Койдун жаагынан же зымдан жасалган “пистолет” менен куралданып, актар менен кызылдар деп бөлүшүп алып сарайды айланып чуркамай. Соройуп боюм узун болгон үчүн тез эле “тах-тах” деген үн кулагыма жаңырат. Тим эле октон буйтагансып жата калып өлгөн жокмун деп көшөрүп чырдайм. Өлгүм келбей жүрүп иңир кирип кеткенин билбей шылк мүйүз камакка түшөт. Жана эле өлүп калбай деп шылкыйып Касымбек атамдын жемеси менен кошо ышкырта сөккөнүн тыңшап турмай. Анан экинчи кайталаба деп чыгарып берип койсо шылк мүйүз менен кошо шылкылдап бийлеп үйгө жөнөмөй.
Алихандын балалыгы менин балалыгымды эстетти. Үч жашында компьютер ойноп, саат тагынып гараж күткөн ушул уулумду бир карап, ушул уулумдай кезимде “Чымчык деле уясына кирди” деп канаттуу менен кошо уктатып, “аталуу алты, энелүү эки тойду, тур…” — деп ойготкон, бүгүн ооруканада жаткан энемди бир эстеп, олку-солку ойлорум тынч албай отурам.
Эртең менен эрте энеме барам. Эртең күнүмдү энеме арнайм! Мен энемди сүйсөм, мени балдарым сүйөөр. Кой, анда уктайын, “чымчык деле уясына кирди”…