ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЭЛВИРА

АҢГЕМЕ

Назираны жайына тапшырган соң, үч күндүк анан жети күндүк деп куран окуттук. Куран окутуп бүтөрүм менен шаарга чыгып кеттим. Келип окуйм, иштейм, антем-минтем деп жаштык кыялым менен шаарда шалпаңдап жүргөнүмдө КАСИде араб факультети ачылып калды. Өзбек ажынын короосундагы эки бөлмө времянкада жашайм. Ажыке мени окууга өткөрдү. Козуларга кошулган торпоктой болуп, менден 8 жаш кичүү мадыра баш балдар менен бир группада окуп калдым.

Жашыма караппы же уюштургучтугумабы, мени “староста” шайлап алышты. Бир күнү группалашым Эрнист деген жигит  “Эжемдикине барып келбейлиби” деп калды. Мен болсо тамашалап, “эжеңди сүйүп калсамчы” десем, ал жөн калбай “көрө жатаарбыз” деп, экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. Ахунбаев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде бир бөлмөлүү батирде 3 кыз ижарада жашайт экен. Барсак, татынакай эжеси бар экен. Тикмечи болуп “швеяда” иштейт деп тааныштырды.

Ошол күндөн тарта баягы музга айланган куурагыр сүйүүгө “жан кирди”. Муң-зардын чел кабыгын жара тээп, кадимки акындарча тиги тикмечи кызга арнап ырлар жаза баштадым… Жакындан таанышып сөз айттым. Менин эки баламды, эки жолу үйлөнгөнүмдү уккан соң, так кесе эле “каршымын” деди. Шаабайым сууп, шалдырап жүргөнүмдө, Эрнист кайрылды:

— Мамам ооруп жатат…

— Эмнесинен ооруп атат?

— Өпкөсүнөн… Бишкекке алып келиш керек болуп калды.

Өзбек ажынын арабдарынан келген гуманитардык жардамдарды баягы өзүм Назираны карап бир жыл жаткан туберкулез ооруканасына жана номер 6-ооруканага алып барып жүргөндүктөн, тааныш врачтарыма айтып, Эрнистин мамасын 6-ооруканага Кошойбек Исмаиловичке жаткырдык. Ал жерден кайра Ахунбаев көчөсүндөгү мен жек көргөн туберкулез ооруканасына жөнөттү. Кайрадан “экинчи келбейм” деп ыйлап кеткен ооруканага Эрнистин энеси үчүн бардым.

Врачтар гана эмес, пол жууган эжелерден бери ысык учурашып, ал жерди бир жыл таптаган “өз киши” катары кабыл алышты. Бейтапты ооруканага жаткырдык. Врачтар: “Жамалдын эжеси болот экен”, — дешсе, ал жерде жаткан оорулуулардын баары “Жамал сизге ким болот?” — деп сурай беришкендиктен, Элвира барса мамасы сураптыр:

— Жамал деген ким? – деп.

— Ал Эрнисттин чогуу окуган группалашы.

— Мындагылардын баары эле сурап жатышат, кандай бала?

— Өткөндө мага сөз айткан, мен каршы болгом…

Ал жерден эне байкуштун жүрөгү эмне деп сокконун ким билсин, кызына:

— Ошол балага тийсең болот. Бул жерде жаткандардын баары мактап жатат, врачтар да аябай жакшы көрүшөт экен, — деп кызын көндүрүптүр.

Энесинин акыбалын сурап ооруканага келсем эле, Элвира:

— Мен сизге макулмун, — дебеспи…

Көктөн издегеним жерден табылгансып кубанычым койунума батпай, Элвира менен сүрөткө түшүп, аны көтөрүп алып Өзбек ажынын үйүнө келип эле:

— Ажыке, мен кыз таптым, үйлөнөм! – десем… сүрөттү саамга карап туруп:

— Жарабайт! Чачы кыркылган, динден түшүнүгү жок кыз, сага болбойт… Мен өзүм алып берем! Тажикстандан келген ыймандуу кыздардан аласың! – деп сүрөттү колума карматты.

Шаабайым сууп, эмне кылар айламды таба албай кайра келдим. Элвирага түшүндүрдүм: “Мени атамдай караган киши бар. Ошол киши үйлөнтөт. Ал сенин сүрөтүңдү көрүп “чачы кыркылган, жоолугу жок кыз экен, албайсың”, — деп койду…

Элвира ошол сөздү ошол бойдон мамасына барып айтыптыр. Анан мамасы мени чакырды. “Өзбек ажынын үйүнө алып бар, мен сүйлөшүп көрөйүн”, — деди.

Ажыкенин 5634 номурлуу пейджерине “сообщение” жөнөттүм. Кечинде үчөөбүз ээрчишип алып Ажыкенин үйүнө бардык. Дасторкон жайып тосуп алды. Ажыке сөз баштады.

— Мен бул баланы эки жылдан бери багып жүрөм. Үйлөнтүү менин милдетим. Бирок сиздин кыз жарабайт, жоолукчан кыз алып берем.

Элвиранын энеси акырын сүйлөгөн акылдуу аял эле.

— Ажыке, циркте аюуну үйрөтүп, мотоцикл айдатып алып жатышат. Айбанды үйрөткөн адамды үйрөтүш сиздердин колдон келбейби? Динди билген сиздер үйрөтпөсөңүздөр, биз эмнени үйрөтөбүз, — деп гана койду.

Ажыке көзүнүн кыры менен карап, унчукпай чайдан ууртап отуруп калды… “Макул, жакшы туруңуздар” деп бата кылып, чыгып кеттик.

Ажыке дарбазасынан узатып чыкты да, мени кайра артка чакырып:

— “Энесин көрүп, кызын ал” деген ушул тура, мен уруксат бердим. Тойдун камын көрөйүн”, — деп жаш баладай кудуңдап, эки алаканын ушалап кыт-кыт күлүп калды.

Сүйүнүп кетип ажыкени бекем кучактап алдым да, Элвира менен кайнененин артынан жүгүрүп бардым. Энем эркек төрөгөндөй сүйүнүп алгам: “макул деди…” – Аларга мындан  башка сөз айта албадым…

Андан бери 16 жыл өттү. 4 балалуу болдук. Ысык-Көлдүн кызы менен ачуу-таттуусу аралаш өмүр сүрүп келем. Менин дербиштигиме, башыма келгенди жасаган көк беттигиме чыдап… Ошентип ооруканадан сүйүүмөн айрылып, кайра оорукана аркылуу жаңы сүйүү таптым.