ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: ЭНЕ

ЭССЕ

Энем ооруп калды. Осмон деген аяш атамдын коюн айдашып жайлоого жеткиришкени кеттим. Эки түнөп, жүк көчүргөн машина менен кайра артка кайттым. Чийлүү-Колот деген жерге жеткенде айдоочудан “токтоп койсоңуз” деп сурандым. Темирбек деген байке эле, Теки деп эркелеткен атынан чакырылып, азыркыга чейин эле айылдын эркеси. Токтоду. Чуркап эле тоонун бетинен кучагыма толтура ышкын терип келдим. Өзүм да жебедим. Текиге да ооз тийгизбедим. “Энеме алып барам, ышкын жесе айыгат” деп жүрөм, бала кыялым да.

Айылга жеткенде үйгө чейин жеткизбестен бир чакырымдай жерден үйүнө кайрылып кетти. Апам тигип берген чапаныма ышкынды ороп алып үйгө жөнөдүм. Чулу деп коёр элек, менден бир жаш улуу бала жолдо суу алып атыптыр.

— Ээй, ышкын бе-ерчи-и? — деп жалдырап ээрчип алды.

— Жок! Бербейм! Энеме алып баратам! десем,

— Энең өлүп калган, — деди. Ошол жерден ышкыным чачылды…

Көзүмдүн жашы көл болуп бакырып жөнөдүм. Эмне болгонун өзүм билбейм. Эсиме келсем, мурдум канап жатыптыр. Кайра ыйладым. Байкем (атам) келип урушту. Коркот элем. Ал жолу коркпостон, аны жек көрүп ыйладым. Кайра эсимден танганча ыйладым. Энем ойгонбоду… Энемен ажырап, сокур атамды жетелеп кала бердим.

Уйду бадага айдап барганча, кайра тосуп келгенче энемдин жашыл чапанын жыттап алып, ыйлап барып, ыйлап келчүмүн. Жытын сагынып жүрдүм. Убакыт дарылады. Онунчу класс окуп жүргөн кезимде, атам:

— Сага аял алып берип өлсөм экен, — деп жүрдү. Анткени, энемдин «Жамалымдын келинчегинин колунан бир чөөгүн чай ичпей калдым” деген арманы ичинде кетиптир.

Кудай атамдын тилегин берип, мен окууну бүтөрүм менен үйлөнтүштү. 16 жашыма карабай үйлөнүп, андан эки ай өткөн соң 17ге толдум…

Атам да кетти. Дагы ыйладым. Бирок жаңы үйлөнүп, өзүмдү чоң киши сезип, баягыдай чын дилимден куса болуп ыйлаган жокмун…

Андан бери о далай жыл өтүптүр! Эми өзүм чоң атамын. Кийин өзүмдүн атам өлдү. “Байке” деп жүргөн жаным, “Ата” деп өкүрүп бардым. Ага чейин келиндер:

— Сен байке дебей, ата дебейсиңби? — дешсе:

— Ырсаалы тирүү кезинде уруксат албайт белеңер, эми арбагын сатпайм, — деп көк беттендим…

Жеңемди (өз апам) эне дегим келди. Оозум көнбөй… 8 бала төрөгөн. Балдарынан, абышкасынан айрылганда азап тартты. Инимден калган 4 жетимди медер тутуп, ошолор үчүн жашап жүргөндөй.

Энем мени тогуз ай көтөрүп, түн уйкусун төрт бөлүп эмизгенин, мен күнүгө беш маал ылайга оонап келгенде суу жылытып жуунтканын… (Ал убакта сууну алыстан ташып келип, от жагып суу ысытып кир жууйт эле, “автомат” машина эмес, кир жууй турган жөнөкөй машинасы жок болчу.) Энемдин ушундай кыйналып, баарыбызды эрезеге жеткиргени, анысы аз келгенсип неберелерин бакканы өзүнчө эле түгөнгүс дастан! Энем байкуш менин амандыгымды тилеп, алыскы Нарындын бир айылында түтүн булатып жашап келет.

Оорубаңыз, энеке! Сиз биздин төрүбүздө болуңуз! Сегизди төрөгөн эмес, 2, 3, 4, 5тен төрөгөн кыз-келиндериңиздин бири да сиздин жолду жолдой албайт, энеке. Анткени, колхоздун тракторун айдап, чөбүн тартып, тыныгуу учурунда тракторду тыркыратып келип бала эмизмек кайда? Фигура сактаган киши болуп, же “эт багытында эмес же сүт багытында эмес…” биздин аялдар жүрөт.

Кудай булардын бактысына баардыгын даяр кылып койгон. Шүгүр деп жакасын муунта кармап отурар жерде. Азыркы келиндер кир жууш үчүн жөн гана “автомат келиндин” эшигин ачып ак же кара түстөгүлөрүн өзүнчө бөлүп салып, кнопка басып койгону эле болбосо, калганын тетик-техника жууп, сыгып берет. Сиздей болуп казанга суу ысытып идиш жуубайт. Муздак сууга “идиш жуугуч каражат” сыяктуу суюктуктарды кошуп жиберсе эле идиши жаркырайт. Сиздей болуп чара-чара камыр жууруп, көңкөгө нан жаппайт. Тандырдын нанын сатып жешет.

Сиздей болуп катар-катар төрөй бербейт. Булар календарга карап, анан кудайдын берер белегин да эсеп менен эркек-кызын мээлеп төрөшөт! Анан силердей болуп “жаштык менен муздак бетонго отурса суук тийип төрөбөй калат” экен дебейт. Медицина өнүгүп кеткен, каалаган учурда, кааласа эркеги жок эле «ЭКО» дегени менен төрөп алышат. “Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деген түшүнүк жок. “Ким багат?” деп пландап төрөйт. Кудайдын ырыскы берерине эмес, эркектин иштеп таап келерине карашат. Эркектери — биз. Биздин кебетебиз — бул. “Энеңди же аялыңды танда!” десе, “Аялымды сүйөм!”  деген заман.

Мени кечириңиз, Энеке! Мен да ошол эркектер менен катар далай кыздарды сүйдүм. Сизге алып бербеген белектерди алып бердим. Сизди алып барбаган киного кайдагы бир кыздарды алып бардым. Сизге гүл эмес малыңызга чөп алып бербейм. Ал эми бийкечтерге кымбат гүл белек кылам. А сиз мага өзүңүз ооруп доктурга келе жатып, айылдан сойгон согумуңуздан көтөрүп келиптирсиз. Муздаткычта турат. “Шераалынын чокоюндай” сактап койдум… Энекем менин! Сиздин ак сүтүңүздү мен – Жалил өлгөндө чекесинен сылап алып: “Ак сүтүмдү кечтим, кечтим, кечтим каралдым!” — деп ыйласаңыз, мен сизди биринчи жолу, “мамаша, ыйлабаңызчы” дедим. Ага чейин жеңе дейт элем. Ак сүтүңүздү актап кеткен иним, мен үчүн бактылуу болуп, күлүмсүрөп бейиште жаткандай сезилди. Менин “мамаша” деген сөзүм сизди сооротту. Бирибиз өлүп ыйлатып, бирибиз сооротуп, ортодо энемдин эсин эки кылдык…

Ар бир баласын жарыкчылыкка алып келгенде энеден төрөлгөндөй тазаланат дейт. Сегиз жолу өлүп-тирилгенсиз. Анысы аз келгенсип, ороң-бараң мүнөзүбүз менен канча жолу жүрөгүңүздү ооруттук. Ошол жүрөк акыры чыдай албай доктурга келди. Энеке, сиз оорубаңыз! Бейиш сиздин таман алдыңызда болсо, демек, биздин бейишибиздин ооруганын көргүм келбейт!

“Бүгүн жакшымын, шишигим тарап калды”, — деп жадырап отурасыз! Мени эмес, менин баламды, ал эмес неберемди багып отурасыз! Сиз татыктуу энесиз!