ЭДИГЕЕВ Жеңишбек: ЖЕҢИШБЕК ЭДИГЕЕВ: «АРБАГЫНАН АЙЛАНАЙЫН»

«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп жарык көрдү. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу… Автору Жеңишбек Эдигеев окурман көңүлүн кайт кылар калемгерлерден эместигин төмөндөгү эссе баянынан баамдап алаарсыздар… Каалоочулар береги номурга чалып, китепти автордун өз колунан алсаңыздар да болот: 0700 065516, 0700 065513

6 же 7 жаш курагым. Нарындан ары бараттыкпы же бери айылды беттеп келаттык бекен, айтор, апам экөөбүз Нарын автобекетине келип мени “ушул жерден жылбай тур!” деп апам билет камы менен кассага кеткен. Кыштын күнү ботинкемдин баштары тоңуп, буттарым тоңуп баштаганын билем. Бир кезде жаныма бир киши пайда болду.

– Кимдин баласысың, эмне турасың? — деди. Мен “Кадырбектин!” — дедим. Ал менден дагы тактап сураса керек, анан эле “Оо, каралдым” деп колуна тик көтөрүп алды да, дүкөнгө алып барды. Кезекте турган көп кишилерден да бийик көтөрүп туруп “Айт кана, кайсыны аласың, каалаганыңды көрсөт?”.

Ошондо эмнени айттым билбейм, бирок мага момпосуй жайнаган текче гана жаркырап эсимде калыптыр. Ал киши боюм менен тең ылдый отуруп, ийнимден бекем кармап көөпкө мени карап: “Арбагынан айланайын Кадырбектин!” деген эле… Ошол кишини эч качан унуткан жокмун. Ким болду эле дейм. “Арбагынан айланайын!” мага ушул сөз атам менен ошол кишинин канчалык жакындыгын, бири-бирине эмгеги менен кадыры канчалык сиңишкенин билдирип турар эле.  Ошол сөз мага экөөнүн мамилесин да жана атамдын канчалык экендигин да баалаганга жардам берчү. “Арбагынан айланайын!” мен бул сөздү райондун борборунан да, айылдын көчөлөрүнөн жолуккан кишилерден да көп уктум. Бир жолу мектептен курсагым ачып үйгө шашып келатсам, көчөнүн бурчунан бир балпайып басып келаткан байбиче апа жолукту. Ким экенин унуттум да. Бир жентек берген үйдөн чыгып келатыптыр. “Эй балам, бери кел” деген. Анан гезитке майланышып оролгон эт, ысык табы кете элек күрүчкө аралашып калган боорсок, момпосуйлар эле. Ошонун бир учунан майлуу колу менен оозума салды да калганын ороп туруп колума карматты. “Бара кой!” деген, анан бурулуп кетип атып “Арбагынан айланайын Кадырбегимдин!” деген эле. Ошол сөз анан майлуу гезитке оролгон ошол эт менен боорсоктун жыты эмдигиче жыт болуп, элес болуп көзүмдө турат…

Акыркылар

Биз өзүбүз байкабайбыз. Бирок жашообуз биринчилерден, алгачкылардан, жаңылардан анан кайра акыркылардан куралат. Алар миңдеп сенде боло берет, улам жаңырып, улам айланып. Бир сага маанилүү болсо, миңин унутуп коёсуң, унута бересиң… Бир жерге эң биринчи жолу барасың, ошол жер сага өмүр бою тагдырлаш болот. Бир жерге эң биринчи ирет барасың, бирок экинчи ал жерге кайра кайрылбайсың… Бирөө менен эң алгачкы ирет таанышасың, көрөсүң. Аны менен өмүр бою тагдырлаш болосуң. Бирөө менен биринчи ирет көрүшөсүң… ошол бойдон көрбөйсүң. Биринчи ирет бир жылт этип бир жарыкты көрөсүң, бирок ошол бойдон өмүр бою күтөсүң…

Биринчи ирет бир чоң ишке кабыласың, азап тартасың, сабак аласың… ошол бойдон андан алыс болосуң. Балким, бир гана ирет бакыттын ийгилиги эшигиңи чертип келет… сен шапар тээп жүргөн болосуң, өткөрүп жибересиң. Атамды сурап көп элдер менен сүйлөштүм. Алар мага берилип айтып беришти. … ошондо биринчи ирет көргөм. Колун берген, коноктогон, жакшы кеп айткан, жардамын берген… дешет. Көрсө, ошол акыркы ирет көрүшүм экен, бир күнү “Кадырбек өлдү!” деген кабарды уктум дешет. Дээрлик баары ушинтип айтты. Балким, жакшы адамдын баары үчүн ушинтип “биринчиси анан акыркысы” болор деп ойлондум. Ошентип, өзүмү жоошуттум. Кудай акыркыларынын сырын ачпайт. Аны өткөндөн кийин билесиң да, баш катырасың. Жандырмагын издейсиң. Эмеле коштошсок да Мончок эжем мага телефон чалган… “Жеки, үйдөсүңбү, тие кетейинчи!” деген. Мен муну сөз жок ойлонгом, эмнеге кайра келем деди деп, ойлонуп ийгем, бирок сыр бербей, “ооба да эже, келиңиз” дегем. Бет маңдай олтуруп сүйлөшүп олтурганбыз. Эжем берилип сүйлөп атса мага татынакай көрүнгөн. Өзүм алыста жүргөн, эми алыска кете турган бир боорум катары ичимен ойлонгом: ии, буюрса эжемин жүзү жакшы, ден соолугу жакшы” дегем. Ошентип ойлонгонумду карабайсыңбы. А эжем ошол таңда ошондой татынакай туруп каза болду. Мен арадан бир жыл өткөн соң да ойлоном, чимирик атып ойлоном, ошол АКЫРКЫнын жандырмагын таппай ойлоном…

Апам. “Дары каякка качмак эле, балам, андан көрө августтун болсо да кымызын ичейин” деп Ичке-Сууда, Турсун жеңемдин жанында калган. “Сентябрь болору менен шаарга кетебиз, мама, макулбу!” дегем. Бетинен өпкөм. Кеч кирип, узай берип кайра карасам, чатырдын алдында бутуңу жылуу жамынып үстөлдө олтургансың… Сенин басып жүргөнүңдү көргөн эң акыркы ирмем эле ошол…

А менин атам үчүн биринчи жолкум да, акыркы жолкум да жок. Сен мага андай жазмыш калтырбай кеттиң… Биринчи көргөнүмү, эң биринчи ирет сени кармап көргөнүмү да, эң акыркы ирет сага карегим кадалганын да билбейм. Балким, биздики башка жашоодо башталаар… Балким, ал жакта акыркылар жоктур. Болбойттур…