ЭЛЕБАЕВ Мукай: МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ: ЖОЛДО

АҢГЕМЕ

Жатжан үйүм менен коштошуп, мени көчөгө чейин сербеңдеп ээрчий келген үч жашар Майичканын уйпаланган чачынан кармалап, эркелетип, арыктан көтөрүп өткөрүп коюп, кайра баскан кезимде күн түш болчу.

«Киртранс» бу жерден беш километр. «Биртике турсаң, ат менен жеткирип коёлу» деген бирөөнө күтпөй жөө чыккамын. Асман ала булут. Күзгү жел анда-санда бир үйдүн төбөсүнө жапкан жаңы камыштын башы менен ойноп турду.

Жарты сааттай жол жүрүп «Киртранска» келдим. Машина качан жүрөрү белгисиз. Кассаны көздөй барып, кичине терезени чертип, ар жагында бирөөдөн сурадым эле, бу да жүргүнчүлөрдөн артык жаңылык айталбады.

— Башта мындай эме эле,— деди жайылып отурган элдин ичинен бирөө.

Түндөтөн бери кишилер бар.

Ушул арада жүрүп, отуздар чамасында, бүйүрмө тончон, орусчага чологурак, бир ак куба жигит менен таанышып калдым. Мунун сапары да Фрунзе экен.

— Атым Касен дедиңби?

— Ооба.

— Эмесе, Касеним, бу жерде зарыгып эмне бар, тетигинден барып тамактанып алалы,— дедим сыртка чыгып, бир аз тургандан кийин.

Биз столовойдон бир тарелкадан күрүч сорпону капортолоп келген кезде, сырттан өңү тааныш бирөө кирди. Боюнда кенен, шөлкөйгөн, эскирээк, кызыл пальтосу бар. Башында бир кулагын түшүрбөгөн боз тумак. Алыстан мага башын ийкеп койду да, туура буфетке барып тамак чеги менен кошо бир стопка аракты ала кайтты. Биздин жаныбызга келип отурганы жатып:

— Түн бою суукта болдум эле, ушуну менен дарымдап койбосом, чочуп калдым,— деп стаканды столго коё берип, мага колун сунду.— Кайтып баратасыңбы?

— Арийне.

— Жарым айча болду го келгениңе? Аза түшүпсүң…

— Жол бүттү, эми семирем,— дедим мен оюнга чалып,— бир кетмен топурак ыргытпай, качан даяр болгондо гана вагондун терезесинен карап, тамашалап кеткенди билген силер эмеспиз да.

Ушинткен эмгекчил мамлекетке да арман кыларсың, э?

Буга боз тумак кидирбей жооп берди.

— Жолго төшөгөн жыгачты камдаган ким деп билесиң?

— Аны тоодон сен кескениң жок да.

— Бул дүйнөдө транспорт жагынан биздин алдыбызга чыккан мамлекет жоктур,— деп Касен да бир аз аңгемеге катышып барып кала берди.

— Курулуштанчы? Үй салганданчы?—дедим мен.— Кечээ бир күн өлгөн адам бүгүн тирилсе. Пишпек бул эмес дээр эле…

Касен машинаны билип келейин деп чыгып кеткенден кийин жаңкы кызматкер, тетиги жыйырманчы жылдан тарта бир узун сарынга салып, мага тааныш кырк-отуздай адам (аттарын чубатып жөнөдү. Бирде Ташкентте, бирде Москвада болду. Бирде бай, манаптын балдарын күркүрөтүп комсомолдон айдады. Бирде Нарынга барып, кулактарды конфискалады. Бирде Ташкентте болуп, бир пленумда жалындап сүйлөп жатты. Алматыга да барды. Бирде Сагынбай аттуу касташкан бирөө менен кабинетте тартышып отурду.

— Ээ, достум, баштан нелер өтпөдү,— деди сөзүнүн акырында, булоологон чекесин сүртүп коюп.— Адам көптү көрбөй акыл кирбейт экен. Жанакы кысталакты мен андай эмес ко десем, ичинен тынып жүргөн экен көрсө…

Бир аз унчукпай калды да:

— Ал да өзүнө жараша бир учурлар экен. Эми көз ачылды го,— деп жөн болду.

Ушул кезде биздин катарыбыздагы бир столдо, муруту жаңы баш багып келаткан кара чапан, кайкы мурун бала, жакында келбей, буйдалып жүргөн, ак алжапкыч аялга бүктөй кармаган камчы менен столду тарсылдатып коё берди. Муну көк көз, сары келин эрөөн алган да жок. Бууланган үч тарелканы төр жактагы бир столго жеткирип, кайтарында жолду катар өзүнө жамыраган табыштарга жалтактай, чала-була жооп кайра, жаңкы баланын столун карай жүрүп отурду да:

— Эмне сурайсыздар?—деп жанына келип, какыйып тура калды.

— От араба качан келет эми?—деди жаңкы кызматкер мага.

Ошенткенче болгон жок, бир кезде:

— Сизди чакырып жатат,— деп менин оң ийин тушума келип тура калган бир балага сөздү коё коюп, жалт карадык.

Баланы тааныбаймын. Касен жиберген окшойт. Жүгүрүп, күйүгүп келгени көрүнүп турат.

Бу кезде түн кирип калган. Сырт караңгы. Бир чуңкурдан бурулуп өтүп, жолду катар бала менен чала-чарпын сүйлөшүп, жүрүп келип залга кире бергенимде, калың элден жол алып, жөөлөшө түртүшө касса жактан кайра чыгып келаткан Касенди көрдүм.

Бая күндүз мен Касенге табыштап койгом, маңдайында бир тиши жок, чарчы бойлуу, сары тон чал бар эле. Сессияга баратыптыр. Кече Нарындан чыгып, мында бир жумуш менен кайрылып калдым эле дейт.

— Ушул жерден бир жакшылык кылдыңар садагаң кетейиндер. Өмүрдө жамандык көрбөгүлө!— деп алкап коё берди чал, баскычтан түшүп келатып апалактап.— Тил билбеген кишиң…

Касен экөөбүз коштогон эки машинанын арткысына түшүп калдык. Жерде кап кучактаган бир кемпир карбаластап жүгүрүп келатып, эми жете берген кезде бирөө менен кагылышып, буту тайып кетип, машинанын туткасын кармайын деп өксүп барып, кырынан кетти. Буга күлгөн да киши болгон жок. Кечки мекенине келип конуп жаткан таандарча журт кужурап сүйлөшүп отуруп жатты. Үстү-үстүнө келип үйүлүп жаткан таңылчак, чемодан…

Машина жүрүп кетти. Мында жарык болбойт экен. Ошол замат эми мындан бөлөк эрмек жок дегендей:

— Сыграй гармонь!—деген бирөөнү караңгыда көрүнбөй жамыраган бир нече дабыш коштоп кетти.

— Давай.

— Спой, ребята!

— Веселей…

Бая бир далдайган кыякты кучактаган, оңкогой мурун узун жигит түшүп жатканын көргөнбүз. Бул өзү да самап тургандай, машина жүрөрү менен бир муңкантып коё берди дейсиң, мындайды мурун уккан эмесмин. Майданга жөнөтүп жаткан аскерге чалган күүнүн өзү! Бир аздан кийин чыдап туралбагандай бириккен үндөр кыякка кошулуп, көтөрүлө берген кезде жанымдагы Касен:

— Орус агайындар ушундай шайыр келёт,— деп жиберди.

Машина катуулаган сайын, кечээ жакында биз чатыр тигип иштеген от араба жолдору зымырап, артта калып бараткандай болду.

Уйку соонун арасында теңселип баратып мени кыял басты… Баягы бир заманда Караколдон биринчи мертебе сапар чегип, киши бою келген эки челек зыгыр майы бар «падвод» менен тогуз күн дегенде Пишпекке зорго жеткенбиз. Бирде кайнаган ысык, бирде жаан-чачын аралаш эки челектен арткан орунду үч бала талашып, кысылып урушуп, келер-келгенче тизебиз бир жазылган эмес. Бүгүн такыр бөлөк: падвод түгүл машина катташын койгон береги Боом Капчыгайында от араба зуулдап агып бара жатты. Жарым ачылган терезеде чачы желбиреп кетип бараткан ак саргыл кыз:

— Ысык- Көл, — деди бир кезде күлүмсүрөп…

Селт этип калып, бөлүнө түшкөн кыялга дагы кеттим: «Ошондон бери канчалык жол басканбыз?.. Сулуу… жаш!.. Ал, мен бу дүйнөдө эмгектен өтөр сулууну көргөнүм жок. Адамга тубаса акыл бүтпөйт, — эмгек менен заман жасайт… Эгер адамзат жай менен кыш, ысык менен суук, ачуу менен таттууну көрбөсө, бул чиркин бир катырган сүрөт эмеспи!.. Ырас, алдыбызда али далай жол бар…»

Бир убакта байкасам эбак жоошуп калган элдин ичинде баягы кыяк али тартылып жаткан. Бирок журтка мунун таасири машина жаңы жөнөгөн сааттагыдай эмес, качанкыдан калган, эскирген, эми кереги жок, көңүлсүз бирдеме сыяктуу…

— Жер ортолоп калдык. Сиз көп уктадыңыз көрүнөт,- деди Касен бир убакта.

Мен уктаганым жок.

Ушундан кийин ал жол арбысын деп бир өткөн аңгемеге салмак болду. Мен аныкын укканым жок. Аңгеме башталган эле жерден адашып кала берип, эртеңки милдетти ойлоп келе жаттым…