ЭЛЕБАЕВ Мукай: МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ: ЗАРЛЫК

АҢГЕМЕ

I

Бүгүн созулган сар талаада жалгыз аяк жол менен эрбеңдеп бир жөө келе жатты. Бул не көрүнгөн айыл, не бир агып жаткан суу жок — учу-кыйрына көз жетпеген бир мейкин эле. Журт илгертен каракчылардын жайыты дей турган Тасманын талаасы ушул.
Жалгыз адам эртерээк бир жерден чыккан. Ошентсе да болжогон жерге бүгүн жетпей калганына көзү жетип келет. Күүгүм кирип жер караңгылып калган. Ошол учурда чарчаганына карабастан шыпылдай басып, жүрүшүн ылдамдата берди.
Кызуу менен лакылдап отуруп, бир кезде карарган бийик кашатка келип такалганын сезбей да калды. Эртеден кечке созулган талаа түгөнгөн сыяктуу. Ушул чөйрөгө биртике кидире түшүп, алды жагына көз жибергенде, алда кайда жалтырап жаткан чоң өзөндүн аркы өйүзүнөн жылт-жылт этип бирде өчүп, бирде жанып турган бирин-серин от көрүнөт. Оң жакта бир салаңдаган тумшуктун алды ченинен ит үргөндөй болду. Аярдай турган мезгил эмес, айланасын биртике байкап алды да, иттин үнү чыккан жакты боолгой бир коктуча менен сойголоп төмөн кирип кетти.
Ойлогондой эле жаңкы тумшуктун түшө калган жеринде жалгыз үй бар экен. Барды. Бирок мунун максатына түшүнө койгон соң, бир орто жашаган аял кечикпей үйдөн чыга калды. Абалы: «кайдыгер бир аяксыз бозуп жүргөн неме…» деп күңкүлдөп артынан табышын көтөрүбүрөөк:
— Балам, мында сен конор жердин ыгы болбойт. Эркегибиз да жок үйдө,— деди.
Эшик алдында, сыртта бир ээр токумга көчүгүн коюп булардын аңгемесине катышпай гана күңүрт тартып, жым-жырт бир жигит отурат.
— Байбиче, бир түн улагаңарга жатып кеткенден өзгө залалым жок. Менде бир жаман санаа болуп, бирдемеге тиет деп ойлобоңуз,— деп бала бир топ сөздөн кийин.
Аял карарып алды:
— Ошол айтарым. Эрте күндө таап ал бара турган жериңди.
— Барар жерим болсо мында келип турар белем, жарыктык?
Ушундай дегенинде:
— Ботом мени менен жаакташкандай сен кайдагы неме элең! — деп жаңкыдан катуулап коё берди.
Болсо болбосо жана бир айтып калайын дегендей кылып бала:
— Эң курбаса береги суудан кечирип койбойсуңарбы? — деди. .
— Жанынан аша кечкен эле киши болбосо, ушул күкүктөп жаткан суудан ат эмес, төө да…
Айтыш эми созулган жок. Үйдөн бала бир топ узап калган ченде:
— Ушуну бекер кылдыңар… Бир мусапыр көрүнөт…— деген бирөөнүн кебин кулагы чалып калды.
Асман ачык болгон менен жер караңгы. Теке маңдайда бир сары жылдыз бөтөнчө жаркырап турат. Бала кайда барарын билбей, саздак жер менен төмөн карай суу бойлоп келе жатып, бир оокумда күшүлдөп оттоп жүргөн жалгыз өгүзгө жолукту. Муну көргөндө башына бир ой түшүп, акырын шыкшыктап, жакындай бергенинде, караңдап алып жүрүп кетти. Алдынан чыгып жарга туюктап жана бир айландырды эле, мында да болбоду. Ошол убакта бар күчү менен кууп келип, өгүз бир саздан аттай берем деп орной түшүп оңоло бергенче жаза- буза куйруктап, анда-санда бир тийип кетип баратып, бир кезде жандай түшүп келип, каркайган мүйүздөн алганда, баланы кыйла жерге дыргаяктатып барып куйругун чычандатып токтой калды.
Мурунтугу жок. Белиндеги кендирди чечип, мүйүздөн чалды да кидирбей ыргып минип алды. Максаты: суудан кечип, өгүздү кайрып айдап жибермек. Ушинтип жүргөнүмдү бирөө көрсө не болот деген ой капарына да келген жок.
Суу кирип жатканы чын экен. Түсү күпкүрөң, коп- коюу. Тобокел деди. Сайроо көрүнбөйт, эмнеси болсо да ушул жер кечүү чыгар деп бир жайыгыраак жерге келип катуу-катуу камчыланып алды. Өйүз алыс.
Жээктен эки саржандай узаган кезде, баланын жоон санына чейин муздай түшүп, эми өгүздүн мүйүзү гана кылкылдап көрүнүп бараткандай болду.
II
Бул бала мындай. Бир жылы, күзүндө Зарлык Ырдыкта бир бай дуңганга жүргөн жеринен чыгып келип, Акматжан аттуу жети-өгүздүк татарга туруп калды. Акматжан — дүнүйө жагынан бир болуш элге татырлык, байлыгы дубанга маалым адам. Жалаң өгүзү сексен.
Зарлыктан чоңурак да бир малай экөө керели кечке тынбай отун таарыр эле. Ошондо суткасына тамагы — кайнаган ак суу менен алакандай кара нан. Булар ошентип эң курбаса күнүнө бир убак тамакка жарыбай ачыгып азып жүргөндө килкилдеген козунун этин тууратып туруп, жүнү жылтылдаган иттерине бердирүүчү…
Не керек, ачарчылык менен чектен ашкан кыйноонун акыры Зарлыкты мындан да куйрук түйүшкө муктаж кылды. Кыштын орто чени. Үстүндө жалгыз эски көйнөгү бар эле, чечтирип калды.
Ар кай жерди чалып көрүп, бул чөйрөдө күн өтпөсүнө көзү жеткен соң, эми Түпкө барып көрөйүн деген ой менен бир күнү Бөрүбаштын шилисинде чоң жолго салып ээнде келе жатты. Күн ылдыйлаган сайын суук күчөп коркунуч көбөйүп келет. Талаага түнөгөн адам тоңуп өлө турган.
Бул адам баласынын башына чанда келе турган кыйын күндөр эле. Он алтынчы жылкы көтөрүлүш салдары баягыдан бетер ырбап, Кытайдан кайткан качкындар азаптын тогуз тоомуна жолугуп, ачтык-жылаңачтык каптап, журтту ак шишик алып, четинен кырылып жаткан убак. Анын үстүнө падыша желдеттери ээн жердин бөрүсүндөй болуп, өлүү тиринин арасындагы элдин башына жаркылдап кылыч ойноп турган. Анча-мынча кишилерди бир ооз тергебей-этпей эрмек катарында жайлап салыш арзан. Өлүмгө моюн сунуп, чанда бир жанынан аша кечкендер болбосо ээн-эркин басып өтүш кыйын эле.
Журт ушундай калабада турганда байлардын эгини кампага батпай чирип жатканы көп… Жалгыз Акматжан быйыл кырк соко чыгарып Тасманын талаасын бүт ээлеп, жүз теше күздүк айдаган.
Зарлык жүрүп келип, бир жонго чыга бергенинде, жарты чакырымдай жерден алды жагынан дыр коюп келе жаткан араба көрүнө түштү. Чеккени кош ат. Төрт, беш адамы бар.
Зарлыкты көрүп акырындап калгандай болду. Бирөө кол булгайт.
Булардын түрүн байкай койду да, жолдун тескери кеткен бир айрылышына түшүп ылдамдай берди.
Зарлыктын тушуна келе берген ченде, арабадан үч адам ыргып-ыргып түштү эле, ал жаңкы жолунан да чыга качты. Кар тизеден. Бутунда кийиз өтүктүн башмагы бар. Мунун Кончун кетеринде кожоюну кесип калган. Колунда жоон жыгачы бар, эңгезердей бирөө, кесек арыштап, кыйрата сөгүп чуркап келе жатканы бөтөнчө көрүндү. Башмагына кар толуп бутунан ыргып кетип, буйдала түшүп Зарлык да жөнөп барат.
Эми бир аз кууганда булар жетмек эле. Ары курсак ач, ары муун жок, ооздон кара суу келип, шайман кетип калган. Бул сырды тигилер билбесе керек, бир топ кууп келе түшүп, кайра тартышты.
Ошол жерде Зарлыктын алы куруп жатып калды, бир убакта сенделип башын көтөрсө, жаңкылар алда кайда кетип бараткан экен. Кылчак-кылчак карап коюшат.
Аңгыча болбой, арт жактан келе жаткан жалгыз аттуу жана бир арабага кез болду. Аны көрүп, дагы чочуюн дегенде бул адам атын токтотуп коюп тийбей турганын, кайта жаны ачып жатканын айтып чакырып алды. Жалгыз киши.
— Алар өлтүрөм деп ойлогон… Баары мас шайтандар… Ай, байкуш…
Жыргалаңдын көпүрөсүнүн тегерегинде чоң-кичине болуп, тоорулуп жүргөн топ кишини камчысы менен көрсөтүп:
— Көрдү сен тигилерди? Тосуп турган сени…—деди.
Көпүрө бир кыйла жерде.
Ушинтип туруп, бир кезде бул бөлүнүп кеткен киши болуп Зарлык мындай баса берди да, бир кабак менен бугуп келип, ушул арабанын алдынан чыкты. Бул жаңкы кишинин үйрөткөнү. Зарлыкты арабага салып, саманга терең көмүп, үстүнө көр-жерин таштап койду да жүрүп кетти…
Баягы көпүрөгө келгенде жабалактап тергей баштады:
— Кайда жаңкы.
— Таап бер…
Арабакечке ишенбей, самандын ар кай жеринен сайгылаганда таяктардын учу Зарлыктын бөйрөгүнө, кардына келип урунуп жатты.
Киши сары-көлдүк экен. Үйүнө күүгүм кире келишти. Бар тамагын аяган жок.
— Бирок көп ашаба, жаман болосуң,— деди келген күнү.
Бул Зарлыкты кыштай асырап чыгам деп келген. Бирок үч күндөн артык турган жок. Аялы күндө уруша берип мазесин алды белем. Бардигер оокаты: бир ат, бир уй, эки чочко, жыйырма пуд аштыгы бар экен. Буга караган эрди-катындан башка чөбүрөгөн үч бала. Жумушка жарары жалгыз өзү.
Зарлык кетер күнү бу киши малай ала турган барбы деп, өзү турган көчөнү бүтүн кыдырып чыгып, жедеп амалы куруганда жайын айтты да, түшкө жаакын арабасына салып бир топ узатып койду.
Түпкө келип бирөөгө туруп калды. Колуна таяк алып, көчөлөрдү кыдырып жүрсө, карды челкейиңкирээк келген жапалдаш бойлуу, чоң сары сакал адам кезигип, абалы мунун жумушка жарамдуулугун, күчүн сурап, бир топ сынга салып маалкатып турду.
— Ошондой… А то бекер тамак ашаса…
Зарлык кай-кайсыга да жараймын деген жоопту бере берди.
Жаз алды менен талаага чыгып кетти да, кош айдап бүткөнгө чейин кайтып, кожоюнунун үйүн көргөн жок. Кыштай үй жумуш кылып жүргөнү мындан көп жеңил көрүндү.
Өгүз соко. Кабыл алдыңкы төрт өгүздү айдачу. Бир-эки гана сагат тук этип, күндө түн жарымдан турган адамга уйкунун таттуулугу шончолук, кээде кетип баратып каалгып кеткенде арт жагынан:
— Эй!—деген ары сүйкүмсүз, ары катуу, чаңырган дабыш менен көзү чайттай ачыла түшөр эле.
Кош айдалып бүткөн соң, бир айга жетпей Зарлыкты чыгарып жиберди.
Эмки келип орношкон жери Сазановка. Жай ортосу чен. Кыштактын музоосун кайтарат. Түп менен бул экөөнүн аралыгында: Күрмөнтү, Кудургу, Ойтал, Орто-Өрүктү, Чоң-Өрүктү деген кыштактар калган, буларды кыдырып эки арада бир жумадай күн өткөн.
Бирок Сазановкага көп байыр алган жок. Ушул жерде жүргөндө дагы бирөөгө кез болуп, Алматыга карай сызмак болду. Ал өзү ошол жерлик орус экен. Орто жашап калган адам.
— Кийимиң бүтүн, курсагың ток болот. Керек десең акыңды да берем, жүр,—деди бир күнү кечинде, музоолорду жайпатып, кыштакка кирип келе жаткан жеринен, бир көчөдөн кармап сүйлөшүп туруп.
Ошондон Алматыга дейре бир күнү да күндүз жол басканы жок. Аттарын чыгарып отко коюп салып керели кечке уктайт да, дайым түн киргенде жүрөт. Бул эмнеси деп Зарлык таң калып келген. Кийин байкаса, муну жол билбей калсын деген ой экен.
Мында келип кыштап калды. Алып келген кишинин үйү шаар сыртында экен.
Жазга жуук кожоюну компискаланып кетти. Бул убата совет өкмөтү орногон кез. Зарлыктын акысына комписка болуп жаткан малдан эки кой алып берсе, четке чыкканда бирөөгө тарттырып жиберип, ошону менен күндөрдүн биринде кайра жолго салган.
Көбүнчө күндүз жүрөт.
Бир күнү элдүү жерге жетпей, түн ичинде жүрүп келе жатып, бир жерге жатып калайын деген ой менен жолдон жарты чакырымдай буйтап барган кезде бир жерден шилияга бутун илип алды. Ээн жер. Караса, ат арабасы менен дүкүйүп жаткан бир кош. Чочуп кетти. Эгер ушул арабадан бирөө туюп калчу болсо буга бир өлүм анык эле.
Алматыдан чыкканы жолду катар, анча-мынча жумуш табыла койгон жерге бир күн, эки күн аярдап, мындай болбогон күндө айыл аралап кетип, он сегиз күн дегенде кайра Сазановкага келди.
Эмки багыты тез кубулуп отурду. Бирде Күрмөнтүдө, бирде Сарытологойдо болду, Покровскиге келип кыш куюп, андан Даркан деген жерде жүргөндө бир байбачанын малын айдашып, Анжиянга кетип баратып жолдон кайтты.
Үч жыл ушундай чарбысынга түшүп, бул убактардын ичинде он бир жерден которулду.
Акыркы жолу Жылуу-Булакта болчу. Бу кезде журт мурункусунан бир топ оңолгонсуп калган экен.
Ушул жылы жер-жерге «Жаңы тартип» окуусу деген жайылган.
«Жаңы тартип» окуусу өмүрдө биринчи жолу угуп отурган кеп. Адегенде бул тууралу журт ичинде не сөз болбоду:—Илгери аптиек, куран окуйт дечү эле. Чөктүшүп отурар эле. Эми кызык. «Мугалим… Аяк, табак, казан… биринчи экинчи…»
Бир күнү Зарлык Жылуу-Булактын оюндагы ушундай бир «Жаңы тартиптен» окуюн деп келсе, кеч калдың деп албай койду.
— Кыш ортосунан өтүп кетти.— Сен окуп жеткинче качан эми?—деди чокчо сакал, узун жаак, кара киши.
Бул убакта Зарлык бир туугандарынын үйүндө. Ал тууганы Зарлыкка «жаңы тартип» окуусун «жамандап» күндө бир «акыл» айта берер эле. Бирок мунун баарын тең жалгыз менин жумушума кызыгып айтып жатат дегенден бөлөк ой башына кирген жок.
Жылуу-Булактын оюна төрт, беш сапар барып жедеп айласы кеткенде, мугалимдерге беделдүүрөөк бир баланы арага салып жатып араң өткөндөй болду. Өмүрүндө от жагылбаган шыкырайган терезелерине жыртык кагаздарды кураштырып, чаптап койгон бир суук тамда, жерге кагып жасаган өңгүл-дөңгүл скамейкаларда колдорун үйлөп, көк муштум болуп отурган балдар…
Зарлык «окууга» кирип кеткенден кийин тууганы үйүнөн кууп салган. Эртерээк сүйлөшүп коюп, күндө бир баланы ээрчип барып конуп келмей. Бардык азап- тозогуна кыйыл, окуудан калбаса болду!
Мында бир маал аскер ойну. Кай бир (колунан келген) балдардын ийнинде жыгачтан жасаган кылыч, мылтык. «Командир»—Сагымбай аттуу, кыруусуна кере карыш көрпө кармаган көйкөлгөн ак тон, кызыл жигит.
— Сола а дүн! Сола а дүн!
Түрк тилинде чакчая түшүп, команда берип туруп жаңылгандарын качырып барып, камчы менен тартып-тартып жиберер эле. Муну балдар эрөөн албайт дагы. Ушунда Жапаркул дей турган он сегиздерде бир арык чырай кара бала, кезек-кезек жума сайын мугалимдер менен Караколго каттап турчу. Бардар кишинин баласы, башкалардан кийми да түзүк. Бул ар бир барып келген сайын балдарды топтоп алып калаанын жаңылыгын айтып отурар эле. Аңгеме көбүнесе Караколдогу «казыналык» окуудагы балдар жөнүнөн болчу.
Жапаркулдун сөзүн бир дити менен тыңшап алып, Зарлык өзүнчө жоруганда: жыпжылуу бир эни-чени жок чоң, ракат үйдө, бир өңчөй кийинген «казыналык» балдар жараштыра койгон чачтарын селкилдете, буттарын тең таштап, ойноп жатканы кыялынан элестей турган. Булардын өмүрү Зарлыкка байыркы жомоктордо да жок бир «бейиш» көрүнө турган.
Ушундай «Казыналык окуу» кабарын дагы бирөөдөн укканы бар. Ошондон кийин жатса, турса бар оюнан кетчү эмес.
Жылуу-Булактагы «Жаңы тартип» көп узабай, кош чыгарга жакын тарап кетип Зарлык арманда калды.
— Эмки дарты — Каракол. «Казыналык окуу!»
Ушинтип жүргөн оюн билип, баягы тууганы бир күнү муну алып отуруп, адатындай «акыл-ызат» айтты.
— Иним, эми кой. Бейтарап болбой эриш аркакташып эптеп оокат кылалы. Элден безгендин акыр түбү жакшы болбойт. Көрүнгөнгө чарпыла бергенче, кетменди жакшы чаап, токочту чоңураак жеп гана тынч жаткандан жакшысы барбы? «Эсиң барда этек жап» деген. Менден бөлөк эл бекеринен бир күн үйүнө батырбайт сени. Ырас, илгерки жылдар болсо сага кайрылмак тургай «өлбө жаным өлбө» деп, үлпүлдөп өз жаңыбыз араң калды. Эми мына…
Ушундан кийин дагы бир күнү туруп мындай деди:
— Кой дегенге болбой ээленип алдың, өзүң бил эми. Эчеманеке дубана болуп кетсем да, сайрап жатып тилим тешилгендей да болду го. Баягынын тукуму ушинтип тентип жүрөт дедирип… нечен жылдар элге жолобой безип жүрүп кана чыккан мүйүзүң? Сенин жумушуңа кызыккандай менен кайсы кылынбай жаткан сарамжалым бар эле? Өзүңө күйгөндөн айтам…
Канчалык сайраган менен бир сөзү да Зарлыктын кулагына кирген жок. Анткени мындай «ыркымды» бүгүн эле көрүп отурганы жок ко?
Күндөрдүн биринде киши көзүнө чалынбай буйтап алып жолго түштү.
Алиги күүгүм талаш Тасманын белинде келе жаткан себеп ошол болучу.
Жаш кезде барлык үмүт, максат,— келечек.
III
Үч-Кошкон базарында журт сейилип калган кез. Көчөдөгү теректин баштары салмак менен эригип, акырын гана ыргалып коёт. Узун тартып, созулуп кеткен бир кызыл дүкөндүн оң бурчунда милиция формасында кийинген тартайган, ак куба жигит менен Зарлык сүйлөшүп турат. Милиционердин кийгени кайыш менен курчанган кайырма жакалуу көк мата көйнөк. Бутунда кеңирээк кара батинкеси бар.
— Ошентип, окуу табылбай койду де. Канча болду бу жерге келгениңе?—деди бул бир топтон кийин, өтүп бараткаң бирөөнү карап калып.
— Он беш күнчө болду.
— Кантип жүрдүң андан бери?
— Чет жакта айыл бар экен…Бир аз күн шаар ичинен күндүк жумуш кылдым. Отун кестим. Эки күндөн бери кайра…
— Милицияга теги албайт сени,—деп коюп, артынан ээги менен ымдап көрсөтүп:— мына бу, жогор жакта бир почта бар эле, кат ташыганга киши керек деп жүрбөсүн ошол? — деди.
— Ага да барып көргөм.
— Союз кошчуга бардыңбы?
Зарлык далай жерлерди таптап жүрүп, Караколду көргөнү ушул.
— Азыр эмне кылганы турасың?—деп сурады жаңкы жигит.
— Тышка чыгып кетем го.
— Кеч кирип кетпедиби?
Кидирип ойлоно түшкөндөй болду да мындай деди:
— Жүр эми, казармага барып көрөлү. Мен деле жакында келдим. Эмне аксайсың?
Жүрүп келишет.
Береги кызыл үй эмеспи силердики?—деди Зарлык бир көчөдөн төмөн карай бурула берген жерде.
Жаанда жол жүргөн араба дөңгөлөгүндөй баткактаган казармага келишти. Мында жалаң кыргыз жигиттери жатат экен.
Ээрчитип келген жигит Зарлыкты бирөөгө шашылыш дайындап коюп, өзү кеч кире кароолго чыгып кетти.
Жатарда, тактайга кандай келсе ошондой аркы-терки сулап жаткан милиционерлер менен катар, колуна тийген жалаңкат таарды бир бурчка Зарлык да жая салды.
Казарма таң аткыча бир тыным көргөн жок. Алда кайда бир жактан жаңы келип, жарак-жабдыгын шалдырата кобурап жүргөн бирөөлөр, алда кимисин жулкулап ойготуп ашыгып бир жакка жөнөтүп жаткан…
«Кайда» лап издеп жүргөн. Кыска кайтарган жооптор, орой сөздөр…
Опур-топур бир пас тына калат да, журт каалгып баратканда кайра жаңкы.
Ушундай тынымсыз тополоң аралаш, уйку-соонун арасында Зарлыкка түнү бою ылгый төмөнкү сыяктуу байланышы жок, үзүлдү-кесилди сөздөр угулуп жатты:
— Дежурный?
—Түрмөдөн качты…
— Экинчи смен…
;— Жөнөл тез…
— Начальник!
— Тү, чорт!
— Аристовный келди…
Эртеси Зарлыктын жигити улуу шашкеге чейин көрүнбөдү. Чайдан кийин ушунда бирөө чытыраган тар шымынын чөнтөгүнө колдорун салып: «Да, мурун—палийса, эми милийца» деп ойлонуп, каршы-терши басып турду да, бир иретте токтой калып Зарлыкка бурулду:
— Иним, эми бир жай таап ал. Өзүң көрүп турасың. Мунубузду начальник билчү болсо…
Зарлык тышка чыгып келсе бир чарчы бойлуу, кара түйрүк милиционер төрт кишини жөө декилдетип айдап келе жаткан экен. Артында басылбай бирөө сүйлөнүп барат:
— Колонизатор!.. Контробанд!..
Ушундан эки күн өткөн соң, өгүнчөрөк бирге жүрүп ажырап кеткен бир жолдошуна базарда капысынан кез болду.
— Ой, сен дагы эле жүрөсүңбү?—деди Зарлыкты көрө коюп.— Эбак бир жакка кетип калды го дедим эле…
— Сендей бара турган жерим болсо…
— Кандай жүрдүң теги ошондон бери?
Буга жооп кайтарбастан:
— Журбөйсүңбү, дагы бир кыдырып көрөлү,—деди Зарлык. Эми табылбайт ко. Мен түңүлүп койдум.
Бала чокоюн бир карап коюп, аттанган жактан кишиче белин чечип туруп, кайра бекемирээк тартып курчанып алды. Жайын сурабастан мурун, бая күнү Зарлыктан ажырап кеткенден бери көргөнүн, өзүнүн да бу жерде жарый турган эчтемеси жоктугун, илгери бир кашкарлыкка тийип кеткен энесин таап алып, ошондо конуп жүргөнүн, ал «атасы» да итке минген жарды экенин, жылкы заводунда тери ийлеп эптеп күн көргөн бир бечара экенин баяндап, бир топ кеп уруп турду.
Окуунун пайдасын «үгүттөп» муну бир кезде элден бездиртип чыккан Зарлык эле. Азыр да ошону иштеди. Армансыз бололу, күдөр үзбөйлү деди. Тиги бала ойлонуп калды.
Бул заманда мейли жер-суу чатагы, мейли чарбачылык, агартуу жөнүндө жүргөн адам болсун, кай мекемеге да ылгабай кире берер эле. Ошолордун ким кимиси да бул тууралу баланчага бар, ошонун жумушу деп эч ким айтчу эмес. Алып барган арыз үстүнө резолюция сала беришчү. Жеке бул эмес, кай мекеменин милдети кайсы экени, ошол жерде башкарып отурган адамдардын өзүнө да, чет кишилерге да караңгы, күңүрт сыяктуу болчу. Ал эми кай бирөөнүн өз милдети боло турса да, кыйыктангысы келгенде баландай жерге бар деп, караңгы туюк кишилерди кез келген жакка шилтей берчү. Биринен сала бирине түртө салып отуруп, эми кагазда кол коё турган чоло жер калбай калчу.
Экөө бул сапар Союз кошчудан баштады. Бул мекеме чиркөөнүн маңдайында, эшигинен эзел ат кетпеген бир жыгач үй.
Бирок керектүү кишиси жок экен. Эт бышымдай күтүп отуруп, келбеген соң жөнүнө тартышты.
Мурун жол болбой ушундан эки күндөн кийин дагы бир жерге чындап бел байлап келишти. Эшик алдында такачылардын мамысындай катар орноткон эки мамыга
лык толуп, уйгу-туйгу байланып турган аттар. Жалтыраган ээр-токум, баркыт көрпөчөлөр турат. Сыртта камчысын колуна, колтугуна кыса экиден, үчтөн болуп ар кай жерде жүйүртө басып бөлүнүп, өз ара сүйлөшүп отургандар да бар.
— Эмне кылчактайсың, жүр!— деди Зарлык артына кылчайып.
Тынбай кирип-чыгып жүргөн эл. Очойгон сүрдүү кара мурут жигитти тегеректей төрт-беш адам турган экен. Ушул замат оозгу үйдөн көзү көк таштай туптунук, мурду кырдач, сулууча келген бир аял, адымын өлчөгөндөй таштап, шыпылдай кирип келип, орусча басылган эки баракты начальнигинин алдына жая сала, машинка чакылдагандай чапчаң сөз менен кыска түшүндүрүп, кагазга кол койдуруп алды да чыгып кетти.
Элдин аягын күтүп туруп, бир топтон кийин төртүнчү киши жөнөй бергенде, Зарлык ара чолодон пайдалана түшүп, сөз баштап келе жатканда, чапканы бараткан таяктан жазгангандай, алаканын буга далдалай токтотуп коюп, оң жагында отурган суусар тебетей менен сүйлөшүп кетти. Зарлык өксүп калды.
Акырында баары кетип мекеме жабыла турган мезгил да жакындаган эле. Ошол убакта Зарлык «эми бизге жол тийген чыгар» деп ойлогончо болбой, айтып жаткан сөзгө да кулак салбай, тиги киши столдо жаткан бир кагазга үңүлдү. Ошенткенде Зарлык жолдошун мындай тур деп түртүп, алдыга чыгып жакындап келди да:
— Биз баятан сизге келип турабыз,— деди, басыраак дабыш менен.
— И, эмне жумуш?—деди кара мурут кабагын чытып.
Келгенден бери буларга биринчи жол караганы ушул.
— Эмне болсун, окуу…
— «Окуу жок» деп бая күнү эле айтпадым беле? Эмне? Көчөдө калсаңар кантейин, жумуш кылгыла!
— Сизден угарыбыз ушул болсо — биз акыл айтар кишини таап келген экенбиз!.. «Жумуш кылгыла!» Он жылдан бери тынбай куураганыбыз аз келгенсип, дагы эле байлардын тезегин куя бергиле демексизби? Бул кайда, жаңкы «жетим-жесир» дегениңер?—деп өзүнө жараша Зарлык да жаны күйгөн бойдон бир топ зилдүү сөздөр айтып жиберди.
Мунун оозунан бул өңдүү кеп чыга коёр деген тигинин капарында да болбосо керек. Көзү кан талап, эки колу менен столго таяна түшүп, ордунан тура калчудай обдулуп барып кайра отурду. Бул аңгеме башталарда келип турган бир киши Зарлыкка карап «андай сүйлөбө» дегендей кылып, астыртан эрдин кысып койгон болчу. Ушундан улам «окус кетирип койдумбу» деген сөз оюна түшсө да, кайтып айтар кеп айтылып калган соң, эми эмнесине деп жашыбай тура берди.
Кер какшык күлкүгө салып, мыңк этип койду да, бир кезде:
— Силерге окшогон жетим-жесирдин баарын жыйнай берсек казына түтөбү теги?—деди кагаздарын жыйнап кетишке камына берип.
«Казынаны сен толтуруп жаткан чыгарсың» деп айтып жибере жаздап барып токтоду да, Зарлык эми мындан бирдеме чыкпасына көзү жеткендей, ошол замат жөнөй бербесинби.
Ушундан эки күн өтпөй жолдошу кайта турган болду.
— Менин көзүм жетти — бу жерде жүрүп бөөдө куруй турган. Же бир таанышың жок…
Зарлыкты да бирге кетели дегендей кылат.
— Өзүң ойлочу. Сен кетсең го жөн: үй-жайың бар, караша турган агаларың бар. Ал, мен кимдикине барам? Мага кайда болсо баары бир эмеспи? Бир күндүк эрмегим үчүн мени убаралап эмне кыласың?
Зарлыктын сөзүнүн ырастыгына жыгылыштуу болгондой унчукпай калды.
Күн бешим. Бир көчө жерге кошо келип, жолдошу менен ажырашкандан кийин: «Бар тамак болсо кептеп ичип алып пайдаңды тийгизбей басып кетесиң», — деп баягыда бир жеңесинин урушканын эсине түшүрө Зарлык кайра басты.
IV
Бир күнү Зарлык базардын аягыңда, чоң дүкөндүн бурчунда, бир оңтойлуу го деп баамдаган жерге түнөп калышка туура келди. Түндүн бир далайы. Бир убакта:
— Ай, сен ким? Тур!—деген добуш менен ойгонуп кетип караса, өзүнөн эки саржандай жерде далдайган бир караан. Колунда таягы бар. Тили— өзбек.
Зарлык уйкулуу көзүн ушалап, жаткан жайынан козголо бергенде:
— Токто!—деди бир-эки баса түшүп.
— Мен качпаймын.
Аңгыча болбой ары жактан ышкырып бирөөнү чакырып алды. Бул да кароолчу болсо керек. Экөө биригип «күнөкөрдү» тергей баштады.
— Жети түндө не кылып жүрөсүң мында?
— Көрүп турасың го…
Бири шуудуратып жанын сыйпалап ширеңке таппады көрүнөт. Түн анча караңгы эмес. Ошондон кийин алгачкысы жакындап келип, Зарлыктын башын мыкчый кармап түрүп, бетине карап алды:
— Үйүң кайда?
— Үйүм болсо ушул жерди сонун көрүп келди дейсиңби?
Мындан соң «жүр быякка» деп, сокур кишиче колунан жетелеп отуруп бир ээнге барып токтошту да:
— Өлтүрөбүз сени!—деди мурункусу.
— Мени өлтүргөндө силерге кереги мынабу болуп турса, ансыз да чечип берейин,— деп өзүнүн эки жакасына колун апарды.
— Эмесе чыныңды айт.
— Чыным ошо, ууру эмесмин. Соодагерлердин дүкөнүн бузуп бул алгыдай алым турабы? Мындайды өлүп баратсам иштебеймин да… .
Андай болгондо кызга барып келе жатып уктап калсаң керек!
Ушинтип туруп, бир кезде мындан экөө бөлүнүп күбүрөшө түштү да, кайта келип бирөө мындай деди:
— Бар эмесе, экинчи көзгө түшчү болсоң, балам!..
* * *
Базардын борбор көчөсү менен батышты карай кет- кенде чоң суунун боюнда бир бийикче келген, төбөсү тунукелүү кызыл үй бар эле. Бул Отднароб . Башка мекемелерден алые да, жалгыз да. Муну Зарлык биринчи көрүшү.
Үстүнкү кабатына чыга бере, жүргөн элден жөн сурай, бир үйгө кирип барса, төркү терезе түбүндө, салмактуу келген гана бир адам отурган экен. Зарлык мышыктай жыла басып келип, столдун бир жак Капталына тура берген кезде, тиктеп отурган бирдемесин коё коюп, «кулагым сенде» дегендей шашпай гана салмак менен бир жагына бурулуп койду да, кийин жагынан адамдын сыртына өтүп кетчүдөй акылдуу, сабырлуу көк көзү Зарлыктын бутунан башына чейин бүткөн боюн бир сыйра чолуп өттү.
Мунун кыясын байкап алган соң Зарлык да кидирген жок. Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус түшүнөт. Бул арага келгени айдан ашык болгонун, ошондон бери жүрүп эч бир жерге орношо албаганын, көргөн күнүн, өзү жетим экенин терип-тепчип, бир топ арыз-арманын сүйлөп келип аягында:
— Ушинтип, эми сизден гана бир айла болор деп келдим. Тагдырым сизде гана калды,— деди Зарлык…
Бул кезде Караколдо «казыналык окуу» дегенден интернат гана, Зарлыктын дарты ушул экөөнүн бири. Булардан башка да бирин-серин курстар боло турган. Аларга жарабайт.
Ушунун баарын баштан-аяк айтып чыкканча Зарлыктан бир эли көзүн албай, ырайымдуу, жылуу жүз менен барлык назарын салып унчукпай гана кадалып отурду. Ал сөзүн түгөткөндөн кийин, эми бардык абалына көзү жетип, түшүнүп болгондой каламын кармаган боюнча баятан бери чекесин таянып отурган колун тартып алып, бир ооз кеп сурабастан, алдына кагазын оңтойлоп, бирдеме жаза турган болуп келди да, кайтып ойлонуп туруп мындай деди:
— Бир айдан кийин кел. Сени…
— Ага дейре мен өлүп калам го, садагаң кетейин!— деп салбырай түшүп жалдырап жүзүнө карады.
Киши дагы ойлонуп калды.
— Андай болсо бир жерге дайындап коёюн. Ошондо жүрө тур.
Бир аялды сыртка жумшап жиберип, ал кайра келгенден кийин Зарлыкка:
— Күтө тур. Ушул жерден кошуп берем ал кишиге, — деди.
Мунусу мекеме тарай турган мезгилде гана келди. Бетинде сепкили бар, мурдунун учу кыпчып койгондой кууш, сары сакал, тартайган жонумдуу киши. Бул да бир жерде кызматкер экен.
Зарлыкты колмо-кол тапшырып көздөтүп койгон соң, кечикпей ушунун артына түшүп жөнөп берди.
Үйү Отднаробдон ары беш көчө, шаардын чет жагында экен. Бүлөсү көп эмес, аялы, 15-16 жашар кызы болуп, өзү менен үч баш. Өзүнөн аялы картаңыраак. Малдан үч-төрт уй, эки, ат, чочкосу бар. .
Келгенине бир жума болбой жатып, Зарлыктын ара
ба кошконун, жумуш кылганын — баарын жактырып калып:
— Сен оруска малай көп жүрсө керек,—деди бир күнү.
— Жүргөнмүн.
— Ошондой. Жумуштуку баарым амал билесиң. Дагы күч көп сеники…
Бирок мындан Зарлык алымсынгандай деле жумуштун кебетеси жок. Күндө эртең менен туруп, уйларды бадага кошуп коюп үйгө кайткан соң мал короону тазалайт. Самоорун өздөрү коюучу. Чайдан кийин бир аз отун кесип салат. Ушундан кийин кечке жуук гана барып аттарга чөп чаап келгенге дейре кол бош өңдүү. Күнү бою тынбай кыймылдаган кездер аз.
Аялы муну бир сапар араба айдатып алып, Кызыл Сууга барып келди.
Кай бир жедеп зериккен күндөрдө базар жакка басып келүүчү. Отднароб — ушул көчөдө. Ары-бери өткөн сайын көзүнө жылуу көрүнөт. Жатса-турса да бул оюнда.
Көбүнесе эшик алдында, көпүрөгө жаңсай чыккан бир жоон терекке жөлөнөт да, көчөдө бирин-серин өткөн-кеткенди эрмек кылат. Бар көңүл ачары ушул.
— Ух, жалгыздык!
Туура бири деген күнү эртең менен салып отуруп Отднаробго келди. Бул түнү уйку көргөн эмес. Бирок баягы киши жок экен. Сыртта, баскычта бозоруп күтүп олтурушат. Тоонун башы боз чаңгыл тартып билинер- билинбес жел аралаш күн дыбырттап турган.
Ошондон күткөн киши жалган түш ченде зорго көрүндү. Башка бир жакта жумуштан бошобой жаткан окшойт.
— Баягыда келген бала мен эмес белем? Ошондо сиз…— деп эсине салып баратканында тиги, «билем» дегендей башын ийкеп койду.
— Жашың нечеде?
— Он жетиде.
Бир аз күймөлүп, ойлоно түшкөндөн кийин, дагы баягыдай Зарлыктын бүткөн боюна байырлап карап алды да, шол замат буйдалбастан алакандай кагаз жыртып алып каламын кармады. Зарлык тагдыры ушул бир-эки минутада бир жаңсыл болчудай, ушул адам эле «казыналык окуулардын» бирине деген кенедей «буйрук» жазып кармата салса, бүгүндөн тартып бар өмүрү камсыз болчудай көрүнүп, тиги киши жазып жатканда бүткөн бою чымырап зорго чыдап турду. Өмүрүндө бул үчүн арнап бирөөнүн калам тартканы ушул.
Киши жазып болгондон кийин бир кезде:
— Ме, интернатка бар. Ал базардын жогору жагындагы…—деп келе жатканда, Зарлык чочуп ойгонгон адамдай селт эте түшүп, анын сөзүн түгөтпөй:
— Билем,— деп жиберди, сунуп келаткан кагазын ылдам ала коюп.
Ошондон безилдеп кетип баратып, жолду катар кыжылдап жаткан базардын адамы кайсы, айбаны кайсы экени бири көзүнө көрүнгөн жок. Учуп отуруп он минута болбой интернатка жетти.
Башчысын мурда сыртынан таанып калган. Жашы кырктардан өткөн, сакалын кырдырган, илгерки генералдардыкындай чычайган папироско ышталган сүрдүү сары муруту бар, чекир көз, бою казыктай типтик, арыкчырай келген адам. Аты Шинелин.
Зарлыктын алдында сыртка чыгып келе жатыптыр. Көрөр замат апалактап барып колундагы кагазды суна бергенде биртике гана буйдалып кагазга көз жүгүртүп өттү да кайра берди.
— Орун жок!
Мындан артык сөз айтпады. Зарлык алып барган «буйругунун» маанисин түшүндүрө ал-абалын баяндап бир топ жерге чейин жапылдап ээрчип отурду. Экинчи берген жообу да ошол.
Отднаробго кайра келди. Ошол жерден кидирбестен, жаңкы жиберген киши:
— Чакырып кел ошону,— деди.
Ушул кепти угуш гана муң экен, учуп отуруп интернатка дагы жетти.
Бул сапар келгенде Шинелин араба чектирип бир жакка жүргөнү жатыптыр. Тиги чакырып келгенин айтты эле:
— Азыр ошондой барабыз. Сен кете бер,— деди. Зарлык кайра тартып, эртең менен келип мекендеген баскычта күтүп отура берди.
Бул кезде түшкө жакындап калган. Эки көзү Шинелин келе турган көчөнүн жолунда.
Көптөн кийин, бир убакта чоң көпүрөнүн ары жагынан таанымал ак боз ат көрүнө түштү.
Отднаробдун тушуна келе берип, аттын оозун калжайта тарта токтото коюп, арабадан түшүп, өзү менен бирге келген балага тизгинди кармата сала|бери басканда Зарлык ордунан тура калып, артынан ээрчий кирди. Шинелин кирип барар замат кидирбей экөө сүйлөшө кетти. Бул кезде Зарлык орусчаны түзүк билбейт. Сөз арасынан «работа», «сирота» дегендей анда-санда гана бири тааныш. Отднаробдогу кишинин жеңгенин тилеп чыдамсыздык менен кыпылдап турат.
Ошондон аңгеменин баш-аягы беш минута да созулган жок:
— Ну, жүр!—деп Шинелин бир кезде бурулуп караганды гана бир билет.
Сыртка чыккандан кийин отур дегендей кылып арабаны көрсөттү. Челпекте чөп чаап жаткан жерге бара жатышыптыр. Балдардын баары ошондо экен. Бул кезде Зарлыктын кубанганы ошондой— арабага аркы-терки салып таштаган айры-тырмоонун үстүндө мамыкта бараткандай болду…