ЭЛЕБАЕВ Мукай: МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ: АЛЫСКЫ ТООДОН

АҢГЕМЕ

Чыгышты карай төш этектей кеткен узун бөксө менен салып уруп эки атчан келет. Дүнүйө астын-үстүн түшкөндөй алакайыр. Кээде жел ышкырып келип урганда аттардын башы бурула түшүп, туягын тартып алар замат издери көмүлүп турду.

Барар жер — ушул өзөндүн кылды башында күнчүлүктөн аркайып бөлүнүп турчу карагайлуу бийик аскар алдында, бир чети кыштак эле. Күндөгүдөй эмес, жаңкы тоо бүгүн көрүнбөйт.

Жолоочунун бири — үч жыл удаа сельсоветтин председатели болуп келаткан, суюк сакал, чап жаак, чыйрак киши. Экинчиси — обкомдун секретары Курман — толугураак келген, далылуу, көзү жайнаган ак куба жигит. Бүгүн областтан күн бата келер замат райкомдун бюросун чакырып, эки сааттай созулган маселелерден кийин, эки башкарманын жыйналышына үлгүрөйүн деген ой менен, районго келген сельсоветин ээрчите, түн катып «Чет булуң» колхозун карай салган эле. Аралык жыйырма төрт километр.

Булар аттанганда бороон анчалык эмес болучу. Ак-Кыядан өтө бергенде күчөдү.

Салактап түшүп бараткан чоң ичигинин жакасын көтөрө берип, ичиркенип:

— Оң жагыңды байкап жүр, жар бар! деди председатель.

Али жер ортосу жок. Кай жерге келгендери да маалым эмес. «Адашпасак болду го. Күн ушундай да кутурат экен, э!»— дейт председатель ичинен. Бирок бул өрөөн менен сан ирет жүрүп канык болгон чабдар, кээ жерде тизгинин жайына коюп келаткан ээсинин ишенимин сезгендей кезек-кезек башын чулгуп коюп, болжолго салып жүрүп келет. Бир күрткүгө каптала түшүп, куйругу жайыла, көчүгү бураңдап барып, адиси менен каргып кетти.

Бир кезде секретарь:

— Мунуң кайсы жол?—деди, тик кашат ылдый оңко-чоңко болуп кирип бараткан жолдошунун артынан. Тиги жакын баратса да сөз укпай калды.

Мындай кашаттын далайы калган.

Сайдагы күбүрдөн өтүп, кырга чыга берген кезде кар буратып, аттын оозун жана коё беришти…

Түн ортосу ченде тоң жерди түрсүлдөтө бастырып Карабайдыкына бирөө келди. Терезе тушуна жакындай бере тизгинин жыйып: «О, Караке!» дей электен мурун эле, катуу дабыш менен чал ойгонуп кеткен. Жатарда кылдырап турган сынык терезенин үнү тыйылып калгандан улам, бороон басылган экен деп ойлоду.

Келген бригадир бир топ сөздөн кийин: фондуга берген малдын артына районго беш араба чөп жөнөткөнүн, Ат-Башыга кечээ кеткен бойдон бирөө кайтпаганын, районго такачылар уюштурулуп жатканын сүйлөп болгончо, экөөнүн баш жагында жалгыз жаткан тогуз жашар, асыранды кызы да ойгонуп калган.

— Аскерге жараткан аттарды бүгүндөн калбай тоодон айдап түшсүн деп райондон сельсовет киши чаптырып жибериптир. Жаңы жатып, кайра турдум. Сен барбасаң болор эмес. Эртеңки саат сегизден калбай тигинде жеткириш керек экен.

Жаңкыдан кийин, кыз уйку-соонун арасында жатып, сырттагы кишиден каңырт-күңүрт укканы ушул болду да, кайра муну «түшүмбү?» деп, чукуранып оонап кетти.

— Тигилерге кабарлап келдим. Ат жерге кирсин, ат табылат, улактан арзан. Ал эми ээр-токум табылмагы кыйын.

Кыз көшүп кетип, көптөй кийин уйкусу жана бөлүнө түшүп, байкаса, баягы терезе түбүндө далдайган чоң караан али кетпей сүйлөшүп турган экен. Атасы бирдемеге кейип-кепчип жаткан өңдүү.

— Ошол арамдан көрөк Бектемирди жибербес беле! Ал ит өлгөн жерге жарай турган неме…

Кезек-кезек кемпир да сөзгө катышып коёт.

Бир маалда бригадир:

— Дагы тогуз ээр керек. Бир тобун кайра тандай турганбыз. Өрттөй турган тердиктер да көп. Ошондой болсун. Мен эми жаңкыларга барып…— деди да, шарт камчыланды.

Ушундан эки саат өтпөй сакал-муруту муздап, тебетейин баса кийген Карабай, сопол куйрук торуну күрсүлдөтө теминип, алыскы бир сай өрдөп кетип бара жатты…

Таң шооласы терезеден билинер-билинбес гана сезилген маалда кемпири күйпөңдөп, кичинекей темир мештин күлүн чыгарып жатып:

— О, Күлсара! Күлсара!—деди түндөгү кызга.

Үй али караңгы. Анысы башын көтөрдү да, таттуу төшөгүн кыйбай тургансып, же туруп кетпей, же кайра жатпай, уйпаланган башын соксойтуп, бир топко чейин отуруп алды.

— Тура гой, садагаң.— Окууңдан кечигесиң!

Күн чыга элек. Чийлердин башы салаңдаган бубак. Кечеги карды-бороондо жолоочулар көздөп келаткан ак карлуу тоонун түбүндөгү чет колхоз. Мындан ары айыл жок.

Секретарь экинчи көчөдөн басып келип, бир короого кире бергенде жолуккан экөөнө буйдалып, аларга кыскача буйрук эте, жумуш тапшыра, китепканага бурулуп, анын башчьгсынан сын таап, кетигин айтып, кайра басканда жаңы жетип, тартына сөз баштаган фельдшер кыздын арызы менен кошо сыртта бирөөлөрдүн «муңкитте жок» деген жиң-жуңун уга сельсоветтин эшигин тартты. Ичи топураган бир топ эл экен. Кире бериштеги сол жак бурч: тери, кийиз, тебетей, көрпө, кол кап, байпак, кийиз өтүк өңдөнгөн, ар уруудан жыйналган фонд буюму. Арасында жылтылдаган суусар, түлкүлөр да бар.

Башында көөнөрөк боз шлёму бар, военкоматтын уполномочени, чекир көз, ылдам, жаш жигит камчысын кончуна сайып коюп, столго өбөктөп турган бойдон председателдин алдына бир узун тизмелүү кагазды жайып коюп, шапылдап түшүндүрүп жатат. Кыргызчага түзүк көрүнөт. Экөөнүн тең көзү кагазда. Военный жигит тизмени баш ылдый окуй берип, текшерип, белгилеп келатып, орто ченинде бир буюмдун атын кыргызча таппай калып, секретардан сурады.

— Чылгоо.

Бурчтагы тери-терсекти тегеректей кобурашып отургандардын бири, жаңыраак эле кирген сары тончонду жемелеп коё берди:

— Майданда кан төгүп жаткан азаматка берериң ушубу? Ал өзүң!—деп туюк сойгон эчкинин чаначын ыргытып жиберди.— Ошол жакта кымыз ачытат деп ойлодуңбу?

Ушинткенде сары тон, үлбүрөтө келип, аппак өңдөлгөн кара саңсаңды койнунан сууруп чыгып, соодалаганы жаткандай кызыктыра силкип-силкип:

— Көрдүңбү? Биздин белек мынабу болот. Тигини жаңкы шайтан бала билбей алып кеткенин угуп, артынан кууп келип отурам,— деп мунун артынан дагы жаңы соккон эки кол капты сууруп чыгып жатканда, берки киши жакшы көргөн оюнчугун кармата койгон баладай жазыла түштү.

— Анда сөз башка. Баса, сен жарадың. Мынабу элдикин көрчү!— деп барып, мештин жанында чот кагып жаткан эсепчинин сөзүнө алаксып кетти.

Курман мындай жүргөндө дайым жанынан газета үзгөнүн көрбөйсүң. Ара-чолодо бая чала калган бир согуш кабарынын аягына чыгайын деп, уйкуга жарыбаган көзүн ушалап коюп, «Правданы» жаңыдан колуна ала бергенде, чакыртып жиберген башкармасы кирип келди.

— Ой, сенин бул эмне кылганың, баатыр?— деди маңдайына келип тура калган боз ичикке. Башы менен ишара кылып көрсөтүп: — мына бу фельдшер бөтөлкөнүн бары муздап жарылып жатат дейт.

Башкарманын сөзүнө түшүнүп туруп орусча жооп кайтарган фельдшер кыздан кийин секретарь:

— Чым көң жарачу беле? Азыр бир жүк отун түшүрүп бер!—деп кыскартты да, башкарманы макулдатып жөнөтүп жиберди.

Военный киши башкарма менен такташып болгондон кийин, форманын чийки жерлерин айтып, аны кандай толтурушун үйрөтүп, калганын эмки келгенимче бүтүрүп кой деп тапшыра, кол кабын кийип, эшикти карай тартканда, жука салган тактайлар солкулдап турду.

— Эл чогулуп болду,— деген кабарды берер менен Курман:

— Эмесе баштайлы, калганын жыйналыш артынан бүтүрөбүз,— деп жан сумкасынын оозун чырт эттиргенде, председатель да көтөрүлө берди.

Кызыл бурчтун үйү, эл чогулган. Анчалык чоң эмес экен, эл шыкалып зорго сыйып отурат. Суукка карабай ачылуу турган эшиктен созулуп, далайы сыртта калган.

Залдын ортороок ченинен бир экөө шыбыраша түштү: «Курман, Курман!»

Маселе бирөө гана: башкарма мүчөлөрү жана Курман болуп, түн катып иштеп чыккан үндөө. Сөз түйүнү: колхозчулардын өз талабы менен Кызыл Армияга берилчү сексен ат.

Председателдин жол башчы сөзүнөн кийин үндөөнүн окулушу, наяты жарты саатка жеткен жок. Бети тысырайган, сары мурут кызыл жигит көк дептерин бүктөп, отурмак болуп, орундугун издеп жатканда, председатель тура калып:

— Кана, жолдоштор, буга эмне дейсиңер? Өзүңөр тапшыруу боюнча!— деп кампыя кийинген элге кыдыракей карап калганда, зал бир дабыштан жамырады:

— Калети жок!

— Кабыл алабыз!

Арттараак жакта бирөөнүн кечиккен табышы чыкты:

— Сексен эмес, андан артык берсек да колдон келет. Беребиз, эл үчүн алышып жаткан эрлерге!

Үндөө кабылдангандан кийин Курман сөз алды. Көп созгон жок: а дегенден эле журттун көңүлүн тартып алып, болор иштин өзүнөн баштады. Кулак бышты көп сөздүн бирине түшпөй, согуш абалын кыска тартып келип, душмандан түшүрүлгөн курал-жабдыкты санап өткөн соң, беш айга жетпей алардын алты миллион аскерин кырган жерге келгенде — «Баракелде!» «Балдарга кубат берсин!» «Жаша, садагаң кетейиндер!»— деп желпинип көтөрүлүп, илгери карай жүткүнүп, тишин кайрап, табасы канып отургандар.

Элдин эң алдында, столго маңдайлаш жерде, бир тизесин таянып, өбөктөй отурган кара тумак Курмандан көзүн албаган бойдон тиктеп туруп, ойлонуп кетти: «Уйкуга бекем эле жан экенсиң. Көзүнүн кызарганын кара. Ушу жерден түндө таңга жуук кетпеди беле. Дагы бороондо келип, талыгып койбойт. Биз деле ошондойбуз. Кээде тук этсең болду».

— Ошентип, жеңиш жалгыз замбирек огу менен найзасынын учунда эмес, жумурай журттун күчүндө,— деди Курман сөзүн аяктай берерде,— Ушул отургандардын майданда согушуп жаткан, балаңар, иниңер, жолдошуңар, күйөөңөр бар. Мына, силер ошолорго бере турган белек, кыла турган тилегиңер бардыр, сүйлөгүлө, журт! Береги дүйнө жүзүн каптаган кара булутка кайратыңарды көрсөткүлө! Биз бүгүн канчалык кыйынчылыкка чыдасак, келечек ошончолук ыракат болмок! Душмандын ойронун чыгарабыз!

— Кимиң сүйлөйсүң?— деп стол башы дагы журтка карады.

Жым-жырт.

— Жокпу?

— Неге болбосун.

Мангел орокко окшоткондой оңкойгон мурун, дөң чеке, кабагы терең бирок сыйда, (буурул сакал Карабай чал столго жакыныраак жерден тура калды.

— Беребиз, айланайындар! — деп баштады сөзүн — Мындан аянган жан курусун. Бир кезде төрөлөрдүн көлөкөсүнө жолотпогон букараны сынтыр менен тең ата кылып отурган советтен айрылгандан көрөк, кашык кан калганча кармашып жатып өлгөнүбүз артык. Сөздүн баарын обком жолдош айтып кетти. Түшүндүк. Башыңды жуткан Гитлер болбосо быйыл дүйнө бекер болмок. Дүкөндүн баары булга толуп, эгин чыгышы мындан… Эми турар сөздүн өзүнө келсек, басыгына жел жетпеген бир карагерим бар эле. Булунан качпай нечендер асылганынан сатпай койгом. Өзүңөр да билесиңер. Баатыр Кызылдарга менин берген белегим ушул болсуп, — дегенде, калган сөзүн угузбай зал дүркүрөй кол чаап коё берди.

— Мына, кеп ушу!..

Эскирээк ак тонду бүйүрө курчанган, кетик тиш, чикчийген сары киши сөз алды да, биртике сүйлөп келип, көбүнчө түшүнүксүз бир эки торпоктун чырына түшүп кетти.

— Ошого жай таппасаңар, алып келип менин чөбүмө байлап, койгулачы!—деди бир кезде.— Баарына жетет. Ал тургай, бир короо мал болсо да түтөм. Какшап жүрүп тилим тешилди. Мен айтканым качан!

— Аны коё туруп, азыр өз башыңды фондуга берериңди айтсаңчы. Кайда болсо кара торпоктун жонунан түшпөгөн жарыктык экенсиң,—деп туурадан чыккан бирөөнү жанындагысы басып койду.

— Жөнү бар, ал фондунун торпоктору.

— Өзүм айтпадымбы, бая күнү миң сом бергем,— деп келип, ошол замат кидирбестен:— эмки жолу эмгек күнүмдүн он пырсантын берем! — деп колун силкип таштады.

Мунун аягы бүгүн түгөнөр эмес, туш-туштан жабылып сөз сурагандар көбөйүп кетти. Ошондуктан бир кезде Кызыл Армияга деп тигип жаткан кийим-кечектерин айткан эки аялдан кийин сөздү кыскартып, калган талаптуунун баары бригадирлерге тапшырылды.

— Туура, согуш убагында согуштай жүрүү керек.

— Күн кыска, жумуш көп.

Ушундан бир жарым саатка жетпей, күн мурун комиссия жаратып койгон сексен атты Карабайлар ызгытып айдап жөнөгөндө, аскер тоонун жары чаңдай буркурады.