ЭЛЧИБЕК Элдияр: ЭЛДИЯР ЭЛЧИБЕК: «ИЗЗУДИН»

Бул аңгеме камкор аталарга жана тынчтыкты сүйгөн адамдарга арналат.
Автор

Үстүндөгү кир басып, майланышкан пальтону желбегей жамынып, улам бир отундун сыныгын чартылдап күйгөн мешке ыргытып коюп, Иззудин үңкүйүп отурат. Узарып, кайра тартылып турган оттун жарыгы караңгы бөлмөнүн бир бурчун жарык кылып турду. Иззудиндин кебетеси кубарыңкы, өтө чаалыккандай. Жарат алган сол колу ийнине чейин тартылып ооруп, сыздатып турганы менен анын кайраты баштагыдай бекем.

 

Бөлмө ным тартып, абасы бузулуп, жагымсыз жыттанып кеткен.

Бөлмөдө ал жалгыз эмес. Жылуу мештин оң капталында ак шейшеп көктөлгөн жуурканга дыкат оролгон өспүрүмдүн башы эле көрүнөт. Мештин оозу ал тарапта болбогондон улам, жарык ага жеткен жок. Кези-кези менен оор жөтөлөт. Онтойт. Кайра басылат. Буту ооруйт ко, кээде ал сыздайт, чыдабай ыйлап да жиберет. Ал ушинткенде Иззудин баласынан мурун өзүн, өзүндөгү болгон күч-кубатын жоготуп, алдастай түшөт.

Ошондо көзүн жума салып, эбак артта калган күндөргө кайрылат. Ана, кулактын тушунда музыка жаңырды. Анда ал пианино чертет. Кызы практикадан келген. Жубайы ачык көңүл, шаңдуу кыймылдап дасторкон үстүн жайнатып кирди. Сырттан колуна оюнчук учагын алып, зуулдап учуп уулу Гатафан кубанычтуу келди. Ал эми үйдө – жагымдуу музыка. Жан дүйнө – музыка. Айлана – музыка… Мына ушундай Иззудиндин бактылуу үй-бүлөсү, алардын тынч жашоосу бир жыл мурун тээ артта калган.

* * *

Иззудиндин чаарала бети, чүңүрөйгөн каректери – мештин жарыгында.

— Балам, бери укчу. Эртең кайра шаарга барам. Апаңды, Масунаны издеймин, – дагы бирдеме кошумчалап айтыш керек эле, баланын үмүтүн үзбөй. Бирок анын демейдеги эрки, күч-кубаты азыр ар кандай божомолдорду айтууга алсыз. Баланын эки көзү жылтылдай түштү да, купкуу колдорун жууркандан чыгарып, аркы капталында, обочодо тизилип турган беш-алты оюнчуктун ичинен суу чачыраткан тапанчаны жана желим гранатаны мыкчый кармап, атасына сунду.

— Булардын эми кереги жок. Өрттөп салыңыз, — анын үнү ушунчалык аянычтуу угулду да, ушул азыр Иззудиндин күйүтүн (жубайын дайынсыз жоготуп, кызын көз алдында ээсине тапшырып, жарат алган өзүнүн кыйналганын) ичтен сызып, атасынан мурун өзүн-өзү союп жаткандай туюлду. Өспүрүм болсо да баарын сезип турду.

Эч бир пайдасыз, кереги жок жерден, камынбай, күтпөй турган жерден бактылуу адамдардын тынчын бузган согуштун азабын бир гана Иззудиндин үй-бүлөсү тартты дейсиңби?! Бай тарыхы бар өлкөнүн күлү көккө сапырылып, жумурай журттун тагдыры тозоктун отуна айланды да, калды.

Иззудин үн катпастан баланын колунан оюнчук тапанча менен желим гранатаны алып, мештин ичиндеги кызарган отко ыргытып таштады.

— Ата. Атаке! – Гатафан башын жаздыктан өйдө кылды.

— Жазда айдаган бүлдүркөн эмне болду экен? Апам андан кыям жасайбыз деди эле. Өтө таттуу, өтө даамдуу кыям.

Иззудиндин каректери ылдый түштү. Ал ушинтип жер караганда ичинен үшкүрүнүп алар эле. Үшкүргөндө деми мурдунан чыгып, ичтеги жалындап турган от ошол бойдон көкүрөктө калып калгансып, оорлоп барып деми кысылып кетчү. Азыр да ошол. Кечээ ал шаарга барганында, шыптары кыйшайып жыгылган үйүн айланып барып, кара топурагы чачырап жаткан бүлдүркөн айдалган аянтты аялуу карап өткөн. Эх, кайран бакубат жашоо! Кайран бактылуу күндөр!

Кыштактын жарыктары жок. Караңгы. Коркунучтуу. Мурда бул кыштак ажайып кооз эле. Түнү да, күндүзү да. Эми азыр кара түтүн ар кай жерден жылжып түтөп, үйлөр, имараттар жарым-жартылай күйүп жок болуп, дубалдардын арка-терке калгандары урандыда жаткан эски бейиттерге окшоп турат.

Жакшы турмуш ушул ураган имараттар менен кошо урап түшкөндөй!

Иззудин уулу экөө бул кыштакка бир жума мурун шаардан качып келишкен. Азыркы баш калкалап турган үйдүн кимдики экени белгисиз. Ичинде жарытылуу оокат деле жок, баарын жүктөп көчүп кетишкен сыяктуу.

Сыртта, тээ алысыраак жерден мылтыктардын тарсылдаганы, ага удаалаш бомбанын “дүңк” этип жер оюп жарылган үнү угулду. Дагы башталдыбы? Бул сапар кимиси экен? Белгисиз! Иззудин жердеги кургак жыгачтын бирин эптүү кармай мештин отун басып, кайра-кайра басып өчүрүп таштады. Баланын эси учту. Согуш өспүрүмдүн да үшүн алып бүткөн.

Мештин ичиндеги өчпөй калган алсыз чоктордун кызарып турганы эле болбосо, бөлмөнүн чар тарабы караңгы, күңүрт.

— Таягыңыз менен согушту да ушундай от өчүргөндөй өчүрүп салсак ээ?! – бала акырын, кимдир бирөөлөр угуп калбагандай кылып шыбырады.

— Балким, — Иззудин сыртынан муну айтканы менен ичинен “ошондой болсо кана!” – дегендей ойдо эле.

Адатта эч бир сыйкырга ишенбеген момун мусулман ушул азыр сыйкырга да болсо үмүт арткысы келди. Анын саясат менен деги эле иши жок. Гезит-журналды баса калып окуганын деле эч ким көрбөдү. Ошол себептенби, бул, учу-кыйыры, так көздөгөн багыты жок согуштун жүрүшүнө алигиче акылы жетпей келет. Оппозицияга да, бийликке да жан тартпады. Экөө тең биздикилер деп ойлогон. Ал элдин жапырт толкуп, көтөрүлүшкө чыкканын туура көрөбү? Бийликтин алмашуусуна кандай карайт? Иззудин үчүн мунун баары бир тең – тынчтыкты каалаганы бир тең болуп турду. Анын түшүнүгүндө бул, согуш менен чоң-чоң державалар күчтөрүн сынап, бири-бирине кыр көрсөтүп жаткан имиш. Ал эми колуна курал кармап, бири-бирине жырткычтай атырылып кол салып жаткан ар түрдүү уюмдар – шахматтагы пешкалар экенин ал бир француз акынынан уккан.

Ал бечара да жок болду. Согуш үй-бүлөсүн кошо жалмады. Ал акын көп нерсени биле турган. Анын “Согуш – адамга эмне себептен керек?” – деген изилдөөсү бүтпөй калды. Ошондо жазгандарынан бир азы Иззудиндин эсине түштү.

Алтындын айынан бир үй-бүлө, атасы – апасына, иниси – агасына душман болуп, баары кырылып калганы тууралу жазылган үзүндүсү бар эле. Алардын үй-бүлөсүнө өзүнүкүн салыштырды. Эгерде жубайы ошол аялдай болуп алтынды таап, аны айтпай, катып койсо, кийин күйөөсүндөй болуп өзү таап алса, эмне кылмак? Ошону ойлонду. Кызы менен уулу бири-бирине душман болот беле? Муну ойлонду.

— Күрс, күрс! – бала кайрадан оор жөтөлдү. «Жок. Бизде андай болушу мүмүкүн эмес эле”, — деди ал ичинен.

Ушул маалда сырттан дабыш чыкты. Терезеден уурданып кимдир бирөө шыкаалады.

— Ушул үй беле? Номуру канча экен? — деп күңкүлдөдү. Жалгыз эмес окшойт. Алар экөө сыяктуу. Бөлмөдөн дем чыкпай, тынчтык өкүм сүрдү. Жүрөк дүкүлдөйт.

— Иззудин. Ээй, Иззудин! – алар акырын үн катышты.

Ууруга келгенсип үндөрү угулаар-угулбас. Бирок тааныш үндөр. Иззудин аларды эстей койду. Шаардан таанышышкан. Батышка ооп бараткандар. Гатафанды экөөнө кошуп берип, аман-соо чек арадан өткөрүп кетүүгө макулдашкан эле. Өзү болсо бул жерде калып, эртең таң заары менен шаарга жөнөмөк, Масунаны издегени. Тигилер болсо Оронт дарыясы аркылуу Түркияга өтүп, андан ары батышка кирип кетишмек.

Калдастап туруп барып, эшиктин илгичин ачты да, тигил экөөнү үйгө киргизди. Өзү сыртка башын чыгарып, көчөнүн өйдө жагын, анан ылдый жагын бир карады. Көчө караңгы, бир калыпта түнөрүп турат.

Эшик абайлата жабылып, илгич акырын илинди.

Алдыга кирген чымыр, далылуу, ээгинде чокчо сакалы бар адам Иззудин менен кол кармашып учурашты. Экинчиси саламдашкан жок. Өңү суз. Келгенине, убактысын текке кетирип жатканына өкүнүп тургандай. Анын моюну калың бинт менен катуу байланып жана ошол катыган мойнун үксүйгөн кара чачтуу башы, тулку бою менен чогуу буруп, төшөктөгү Гатафанды карап калды.

— Балаңбы?

— Ооба, менин уулум!

— Мунуң сыркоолоп калган го? – алдыдагы чокчо сакал мештин түбүнө чейин басып барды. Баланы эңкейип карады да:

— Жараты жеңил эмес го? — деп Иззудинди бурула карады. Иззудин калдалактап жакындап келип:

— Бутунда жараты бар, — деди жалооруй. Тигил, бинт менен моюну оролгон адам мыйыгынан күлүп, корс этти:

— Дагы бир майып!

Иззудиндин ичин сыйрылып кеткендей болду. Теңтушсунуп, кагынган немени ордуна коюп коюш керек эле. Бирок Иззудин карайлап калды.

— Укчу, досум… – ал дагы акылдуусунуп сөз баштады эле, чокчо сакал адам аны колу менен шилтеп, четке какты:

— Сен коё турчу, — деп ылдый отуруп, колуна кургак жыгачтын сыныктарын алып, мештин кызарган чогуна ыргытып, көсөп койду.

— Бул балаң өзү басалбаса … хмм… де…Анан бизге жүк болот.

Ал кайра өйдө турду да, Иззудинди тигиле карап:

— Бизге артык баштын кереги жок. Балаңдын айынан кармалып калышыбыз мүмүкүн, — деди.

Иззудин ичтен сууй түштү.

Меште от жаңыдан тутанды. Жарым билектей отундар чыртылдап, чоктун үстүнөн кыска-кыска тартып, шам чырактын отундай жандана баштады.

— Бала белде, катын жолдо! Жакшылап ойлон,- моюнуна бинт оронгон тигил кулак тушуна келип, өспүрүмгө угузбагандай кылып кобурап койду.

Иззудиндин көздөрү караңгылап, жүрөгү кысылды. Айрыкча өз үй-бүлөсүн тирүүлөй таштап, жалгыз керт башын сактап качып баратканын моюнуна бинт оронгон адам кошумчалаганда, муундары калчылдап барып эриндерине чейин кубарып кетти. Анын көзүнө кадимки адам эмес, эки кулагы тикчийген эшек айкырып тургандай болду. Өзүндөгү адамдык ыйык сезими, акыл-эси жөнүндөгү жакшы ойлор чачырап, жанагыл, ууга сугарган идеологиясы бар уюмдардын баш, мээси өзүнүкү болбой калган согушчандардын деңгээлине түшүп кеткенсип, өзүнөн өзү ичиркенип кетти.

— Ушундай дагы болобу? Мусулман баласы эмес, мындайды дин билбеген пенде да жасабайт ко?! – ал тигил мештин жанындагы чокчо сакалды таң калуу менен карады. Ал эми моюнуна бинт оронгон, тыржыйган кебетеси бар, бирок адам сыягы жок немени карагысы да келген жок.

— Анан эмне, башка аргаң барбы?

— Көзүңдү чоң ач, ээй!

— Согуштун кейпин көрдүң. Күн кызарып батты. Бирок эми эч убакта таң атпайт. Бул өлкөнүн келечеги бүттү!

— Ооба, ооба, бүттү!

Экөө биринен-бири жарышып сүйлөп, сөөмөйлөрүн жогору каратып, бакшылардай болуп өлкөнүн тагдырын алаканга салгандай айтышты дейсиң, аны угуп турган Иззудин эмес, өздөрүнүн сөзүнө өздөрү ишенгендей болушту.

— Демек, өз чечимиң өзүңдө. Биз эртелейли!

Алдыга чокчо сакал кадам таштап сыртка чыгып, артынан удаа эле ээрчий баскан тигил адам жөн калбай:

— Анан да, жубайыңды табылат деп үмүт артпа. Шаарда кырдаал оор. Сабыр кыл! — деп чыгып кетти.

Атаңдын көрү, ээй! Ушундай дагы болобу? Иззудин түшүнүксүз, бир кызыктай абалда калды. Чындап эле, жубайы Масунанын аман-соо табылышына кепилдик жок дечи. А бирок үмүт деген бар да. Жок дегенде сөөгүн мусулманчылык менен жерге бериш керек эмеспи…

* * *

Ушул тапта тээ шаардын бир бурчунда кызык окуя уланууда. Согушчандар турган лагердин бурчтагы чокуларынан прожекторлор тээ алыстан, наркы-терки жарыктарын чоюп таштап, ылдыйда сакчылар жай басып, төгөрөккө көз чаптырып турушат. Сырттан караган адамга лагерь жакшы кайтарууда турат. Алыстан сүр берип, чымын-чиркей өткөрө тургандай эмес.

Бир маалда дарбаза ачылды. Алдыда бийлиги барлар, артынан катар тизилген согушчандар чыкты. Кимдир бирөөлөр экинчи дарбазадан кыйкырып жаткандай:

— Сен, сен чык. Тигини чыгаргыла!

Экинчи дарбаза ачылды. Көйнөктөрү чубалган эки аял чачы саксайып жоолугунан чыгып, бутунан баса албай сүйрөлүп калган Масунаны колтуктап, жетелеп сыртка жөнөштү.

Биринчи дарбазадан чыккан согушчандар токой тарапка бет алды. Алар буйрук менен жортуулга жөнөгөндөй. Масунаны болсо эки аял бир топ жерге чейин сүйрөлтүп келишти да, анан тигиндей обочого жаткырып ташташты.

Масуна өтө начар, жүдөгөн жана үмүтү өчүп бараткандай. Тигил эки аял дарбазага жетип ичкери киришти да, кайрадан дарбаза оор жабылып, бекип туруп калды. Кир баскан булуттар асмандан каалгып жылып, анын көзүнө тартылып баратты…

Таңга маал, саат төрттө тээ алыстан учактардын каз-катар тизилип учканы көрүндү. Куту учкан кыштактын сүрдүү көчөлөрүнүн биринде Иззудин илкий басып, анын артына ак чүпүрөк менен Гатафан эптүү таңылып, асынма баштык сыяктуу асылып баратат.

Жол катар Гатафандын кыялы көккө учуп, апасы Масунанын жолдо күтүп турган элесин элестетип, уйку тарткан көздөрүн улам ушалап, мыйыгынан жылмайды.

— Атаке, апам азыр кайда болду экен? Бизди күтө берип, тажаган жокпу?

— Жо-ок уулум, тажабайт. Ал бизди күтүп жатат.

— Биз апамды тапсак, кайра жоготпойбуз ээ. Мен аны кучактап кайтарамын дейсиң, эч ким менден аны тартып алалбайт!

— Оо садагасы болоюн, апаңды тапсак, экинчи жоготпогонго аракет кылабыз. Сени дагы коргойм. Үчөөбүз алыска, тээ алыстарга сапар алабыз!

— Биз менен эжем дагы болгондо эмне?! — деди Гатафан үшкүрүнүп.

Иззудин ичинен кайраттанды, карманды.

— Эжең азыр бейиште, балам! Кийин убагы келгенде биз да эжеңдин артынан барабыз. Бирок азыр эмес…

Күн чыга элек. Ай кызарып түнөрүп, чекесинен оюлуп отуруп, бир учу сур булутка илээшип, бир учу бумерангдын ийри башына окшоп турду. Кыштактан алыстап, шаарды көздөй кеткен кең талааны бойлоп экөө узап баратты…