ЭРКИН УУЛУ Шайырбек: Шайырбек ЭРКИН уулу. «Жарык»

АҢГЕМЕ

– Мас келатат, мас келатат…

Күн кечтеген сайын бала жүрөк титиреткен шу доошту укпастын айласын издеп, өзүн коёрго жер таппай калар эле. Үйлөрүнөн чакырганына карабай көчө менен бир болуп ойноп жүргөн жаш балдар күн сайын күүгүм талаш “мас келатат” деп эле ызылдап калышат. Кээде алар көчөнүн бирде аркы, бирде берки жээгине каалгып, бутуна тура албай араң келаткан мас кишинин буту-колуна аралашып, аны туурап, шылдыңдап артынан үйүнө чейин узатып келер эле. Ата-энелери, бу көчөнүн чоңураактары чычымдардын бул кылыгын тыйбайбы, же аны алар этибар албайбы, билген жан жок. Иши кылса башкаларга өөн учураган мындай көрүнүш бу көчөдөгүлөр үчүн, а түгүл мас кишинин өзү үчүн да көнүмүш.

Күндө-күн алыс кайталанган бул адат бир гана баланын сай-сөөгүн сыздатып, жан дүйнөсүн алай-дүлөй кылар эле. Өзүнөн үч-төрт жаш кичүү балдар ызылдап ээрчип келчү киши анын атасы.

 

Бу бала азыр да күн кечтеген сайын башкалар үчүн көндүм болгон ошол көрүнүштү көрбөстүн, чурулдаган доошту укпастын айласын издеп, өзүнө-өзү батпай турду. Улам-улам атасы келчү тарапты кылчактап карап, эмне кыларын билбей, айыл четиндеги дөңсөөнү көздөй басты. Эртеден бери күндүн да көзү көрүнбөй, же ачылып кетпей, же жаай албай буулгандан буулат. Жашы он экиге карап калган бу бала дөңсөөнүн так төбөсүнө чыкты да, ошол жердеги бир ташка көчүк басты. Бул жер анча бийик болбосо да айлана-тегереги алаканга салгандай көрүнүп турат. Ал дайыма бир нерсеге куса болгондо ушул жерге келип, шаарга кеткен жолду узата алыска-алыска көз салар эле. Өзү да ошол жол менен алыс-алыс жактарга кетип калгысы келчү. Азыр да ошол жолго тигиле көз таштап отурду. Анан оюна шак эле эки ай мурда алыс бир өлкөгө иш издеп кеткен апасы түштү. Апасын ушунчалык сагынганын сезип, жүрөгүн кусалык, ыза тээп, өксүп-өксүп ыйлап алгысы келди. Көзүнө жаш тегеренип келип, андан ары кетпей токтоп калды. Бу бала да кеч күздүн буулуп турган ушу күнүндөй буулуп турду…

 

Алыс кеткен апасынан эмгиче кабар жоктугу аны уйгу-туйгу кылды. “Элдин баары эле четке барып иштеп оңолуп атат, атаңдын кебетеси бул, минтип отурсак оокат өтпөйт балам, мен дагы барып иштеп кичине ирденер замат эле кайра кайтам, же Асылкан экөөңөрдү (баланын өзүнөн үч жаш кичүү карындашы да бар) да алып кетип, ошол жактан окутам, элдин баары эле ошентип оокат кылып атпайбы, элге табылган жумуш мага да табылар, бир аз чыдай тургула”, – деп сооротуп кеткен апасы. Анда да атасы кежейип араң жөнөткөн: “Көрөм, жыргатып иштегениңди, тыйтаңдабай алты айга чейин кайра келип калгын, шариатта ушундай”, – деген шарт койгон тамекисин чычайта дембе-дем соргон чала кызуу атасы. Апасы балдарын бул жерден көп алыс эмес, тоо түбүндөгү айылдагы төркүнүнө таштамакчы болгондо да көнбөй койгон өзүм карайм деп. Караганы ушу, эртең менен эптеп туруп ишине кетет да, кечинде келжейип мас болуп келет. Ал арада балдарга болсо кошуна-колоңдору чай-чамегин, тамак-ашын берип эптеп каралашкан болот. Бирок бөлөк-бөтөн деген баары бир башка да, өздүкүндөй болобу.

Атасы жакын турган шаардагы кайсы бир мекемеде эсепчи болуп иштейт. Айтымда, кыйын эсепчи имиш. Бир канча жыл мурда бул айыл дүркүрөгөн бир чарбанын борбору болуп, атасы анда эсепчи экен. Анан өз эсебин тууралай албаган башка чарбалардын эсепчилери анын атасынан жардам сурап, алып кетип, алып келип турушчу экен. Ошентип алардын сыйын көрүп жүрүп ичкиликке берилип кеткен дешет. Бала ал заманды көрбөй калды. Угушуна караганда, анда адамдар азыркыдай чар тарапка иш издеп чачылбай, баары ушул жерде иштеп, эртең менен жумушка кетип, кечинде келип, баары бала-чакасынын кашында шатыра-шатман, бир жыргал заман болгон дешет. Бала азыр андай жашоону түк элестете албайт.

Ал кайрадан апасын эстеп, ою ар нерсеге кетти. Эмнеге дале дайыны жок, же чоң шаарда иш таппай жүрөбү, же жанын жеген бирөөлөргө алданып, күң болуп калдыбы? Ойлорун ойлоп алып, ал оюнан кайра өзү чочуп кетти. Аны кайдан билмек эле, чоң кишилерден уккан, ошентип айылдан иш издеп баргандарды бирөөлөр алдап алып барып, эч жакка чыгара койбой, кул сыңары каалаган жумушун жасатып, эшектей эзип иштетет экен деп… Бала мындай жаман ойлордон алыстагысы келди, бирок негедир муштумдай жүрөгү түпөйүл тартып туруп алды.

 

Эсине мындан кичирээктеги бир окуя түштү. Анда апасынын айтканын кылбай, ага каяша айтып, “чолок, чолок” деп апасын келекелеп, айыл четиндеги аңызды аралай качкан. (апасы сол бутунан бир аз сылтып басар эле.) Апасы да аксаңдап артынан кууп, акыры жетпесине көзү жеткенде ай талаага отуруп алып, озоңдоп ыйлап кирген. Ый арасында “сен дагы атаңа окшош бир күйдүргү болот окшойсуң…” – дегени күнү бүгүнкүдөй эсинде. Бала өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап аткан апасын саамга карап туруп, чыдай албай чуркап келип, кучактап калган. Апасына кошулуп ал да ыйлаган. “Мен атамдай алкаш болбойм, чоңойсом сени өзүм багам”, – деген ый аралаш. Апасы анын бул сөзүнө ого бетер элжиреп, жалынып-жалбара өпкүлөгөн. Ошондогу эне-баланын мээрими жүрөктөн жүрөккө өтүп, тулку бойду туйлатып… Бала азыр да апасын ошондогудай кучактап ыйлагысы келди. Бирок кайдан… Айтымда, апасы кеткен шаарга баруу үчүн адегенде борборго барып, андан ары учак менен, же поюз менен узак-узак жол жүрүү керек.

Баланын оюн асты жакта балдардын чурулдаганы бузуп жиберди. Уй тоскону келген балдар экен. Бада келер маалы болуп, өзү отурган дөңсөөнүн түбүнө адамдар топтоло баштаганын бала эми гана байкады да аларды карай бери бурулуп отурду. Дөңсөөнүн дал түбүндө дүжүр чал баштаган үч абышка туруптур, жаңы эле келсе керек, отурганга ыңгайлуу жай издеп жатышты. Үчөө үч жердеги чоң ташка жайлана маңдай-тескей көчүк баскан чалдардын сөзү балага даана угулуп турду.

-Имне деген заман болду, балдардын баары иш издеп талаалап кетти, жадесе кыз-келинден өйдө кетип жатат, – деди чокчо сакал бирөөсү

– Э, биздин кыштак дагы түзүгүрөөк экен, өткөндө оногу Сары-Ташка жаназага барсак, сөөк көтөргөнгө жигит калбаптыр, жалаң чалдар, анан жаш балдар, – деди жанындагысы.

– Кудум согушка кеткендей, – деп коушмчалап койду чокчо сакал.

 

– Балдарды убагында окутуш керек болчу, мына мен үч баламды тең окутуп койдум эле, силердикине окшоп талаалабай эле жанын багып жатпайбы, үчөө үч жерде чоң, – деп тигил экөөн маскаралагандай кекээрдүү үн катты дүжүр чал.

– Эми сенин жөнүң башка, бекеринен дүжүр чал дебейт сени, борбордон келген чоңдорго кошоматтанып атып балдарыңа жылуу-жумшак орун алып бердиң да.

Чокчо сакалдын бул сөзүнө дүжүр чал теригип кетти:

– Ики, кошоматтанып деп коёт тим эле, а сен имне болдуң, мына револютса кылабыз деп борборго барып, пирзидентти кубаладыңар. Ошондон бир нерсе өзгөрүп кеттиби, бири кетсе, бири келди. Баягы эле жашоо, борбордон бир чоң келет десе бу жердеги майда чоңдоруң дале мага чуркап келишет, сүйлөп кой дешип. Мага имне, айтчумду айтам, мактачусун мактайм да батамды берип, сыйымды көрүп кайта берем. Мурда деле ошондой болчу, азыр да ошондой. Сенин револютсаңдан имне өзгөрдү? Мына ошол пашаны кубалаган тополоңдо башыңа тийген таштан өлүп кала жаздап, ооруканадан ооруканага чуркап жүрүп араң өзүңө келдиң. Бирөө келип абалыңды сурап койдубу чоңдордон?

Дүжүр чалдын бу суроосуна чокчо сакал жооп таба албай, топусун алып башын кашыды. Топусун алганда анын чекесиндеги тырыгы даана көрүнүп калды. Дүжүр чал аны ого бетер шылдындап, “ана сага револютсаңдын эстелиги” деп анын чекесине тийген таштан калган изди сөөмөйү менен көрсөттү.

Чокчо сакал сөзгө сынгандай, “адил заман болот дешти эле, акыйкат болот, жашоо оңолот дешти эле”, – деп тим болду.

Муну укканда дүжүр чал ого бетер алынып кетти:

– Эй, атаңын оозун урайын десе…. акыйкат деген асманда, анын шатысы пул, атам-замандан бери ушундай, эптеген эки ашайт, – деп манжаларын ойноктото кекээрдүү карс-карс күлдү дүжүр чал.

 

Баятан бери унчукпай отурган үчүнчү чал тигил экөө урушуп кетпесин деп сөздү бургусу келдиби, же чын эле эми көрдүбү, үстү жакты карап “тиги ким эй, каргадай болуп чокочоюп отуруп алганын” деп калды. Тигил экөө да дароо бала отурган жакты элейип карап калышты.

– Аа, бул жанагы Самат бугалтырдын баласы турбайбы, – кош көңүл үн катты дүжүр чал.

– Саматтын баласыбы? – чокчо сакал саамга кызыга карап турду да, – аа байкуш Самат… жигиттин гүлү эле а, жигиттин гүлү… арак ада кылды бечараны, – деп чын дилинен кайгырды да, “булардын жалгыз уюн да сен тартып албадың беле” деп дүжүр чалга нааразы болгондой карап койду.

– Мен тартып алган эмесмин, сатып алгам… өздөрү жалынып сатышкан, – дүжүр чал кызаңдап кетти.

Уй жөнүндөгү сөз баланы ошол күнгө жетелеп жөнөдү. Эртең менен ызы-чуудан чочуп ойгонгон бала короого чуркап чыкса дал ушул дүжүр чал алардын жалгыз сарала уюн жетелеп баратыптыр. Буркурап ыйлап алган апасы “сатпайм эле, сатпайм” деп анын алдын тосуп жүрөт. Бир маалда арыда карап турган чала кызуу атасы апасын колунан тарта сүйрөп, кагып-силкип, оозуна кирген сөздөр менен сөгүп-сагып үйгө күчтөп киргизип жиберди. Апасы болсо үстөмөнүнөн жатып алып, өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө шолоктоп ыйлады. Анан атасы кирип келди да “пул, пул деп мээни жейсиң, мына сага пул эле керекпи,” – деп колундагы бир тутам акчаны апасынын үстүнө ыргыта чачып салды да, шарт бурула басып кетти. Апасы ага да карабай шолоктоп ыйлай берди. Сары, кызыл акчалар болсо ар жерде чачылып жатты… Анан эле апасы бир маалда эсин жыйгандай шарт туруп, чачылып жаткан акчаларды жыйнап алып сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй бир кучак момпосуй, таттуу токочторду көтөрүп келип, балдарынын алдына жая салып: “эси жок атаңар жалгыз уюбузду да сатып жиберди, эми сүт да, айран да, балээ да жок, алгыла таттууга бир тоюп алгыла”, – деген апасы муңайым. Ошондо бала карындашына окшоп шарт кагазын чала-була аарчып, оозуна салып жибере албай, же туруп кете албай кооздоло оролгон конфеттерди көпкө кармалап отурган эле. Кийин апасы шаарга ошол уйдан калган акчаны жол кире кылып кеткен.

 

Бала минтип өз ою менен алпурушканча бада да келип, топтолуп турган балдардын ар бири өз уюн бөлө айдап жөнөдү. Тигине анын сарала ую да келатат. Бирок эми ал аныкы эмес, жогоруда айткандай дүжүр чалдыкы эле. (Ал бул чалдын чыныгы аты ким экенин чынында билбейт. Борбордон келген чоңдорго кабат-кабат кошомат айтып, мактай бергенден анын өз аты өчүп, дүжүр чал деген ат жабышкан. А бу жаш балдар анын тарых-таржымалы менен иши канча, элден укканын айтат да)

Талаадан кайткан уйлар көчө-көчөгө бөлүнүп, айылды аралап кирип кеткен соң теребел тынчый түштү. Анан шаардан келчү акыркы автобус да келип, андан түшкөндөр да үй-үйлөрүнө тарап кетишти. Бирок андан баланын атасы түшкөн жок. Бул баланы санаага салды. Эмне болду, каякта калды, темтейип мас болуп, шаардын бир кычыгында калып калдыбы? Ушуларды ойлогончо баланын көзүнө шаар жактан чымын-куюн болуп келе жаткан бир жеңил машине чалдыкты. Машине дүнүйө-ааламдын чаңын ээрчите түз эле алардын үйүнүн жанына келип токтоду. Андан атасы, анан дагы бир аял киши түштү. Бала таң кала карап калды. Ким бул, апасыбы? Жок, апасына такыр окшобойт, жоонунан келген, шаардыктарча кийинген аял экен. Бала бир шойкомду сезгендей үйүн көздөй акырын илкий басты.

Келсе үйдө дасторкон жайылып, атасы менен жанагы аял маңдай-тескей, бурчта карындашы Асылкан бышактап ыйлап отурат. Босогодо туруп калган баланы көргөн эткээл аял калп мээрим төгүмүш боло ордунан тура калды да, “келегой, алтыным” деп бетинен өпкөн болду. Анын оозунан кудум атасыныкындай арактын жагымсыз жыты бур дей түштү. Бала жийиркене түшүп, “апам кайда?” деп түз эле атасына атырылды. Атасы үн-сөзсүз мелтирейт. Атасынын ордуна жанагы эткээл аял жооп узатты:

– Апаң атаңарды таштап кеткен, силердин апаңар эми мына мен болом, – деди баланы сынай карап.

Бала бу сөзгө арданып кетти да, ыйлап отурган карындашын шап колдон жетелей сыртка жөнөдү. Аял баланын атасына суроолуу карап калды эле, ал каякка бармак эле дегендей үн-сөзсүз тунжурады. Бала бул көз караштарды көрбөсө да көкүрөгү менен туюп, ого бетер жаны кашайды. Ал карындашын жетелеген бойдон көчө бойлоп жөнөдү. Карындашы дале бышактап ыйлаганын баса элек. Асылкандын акылы бир аз кирди-чыкты эле. Аны көргөндөр “тооба, чырактай бир жакшына кыз, нокоту кем, жарым эс болуп калганын кара”, – деп шыпшынып калар эле. Апасы муну атасынын аракты көп ичкенинен көрүп, ошого шылтачу.

 

Бала карындашын жетелеген бойдон арышын улам тездетип кетип баратты. Кайда барарын өзү да билбейт, жөн эле көк беттике салып кетип баратты. Чынында ал атасы адатынча кыйкырып-өкүрө артынан чуркап чыгып, артка кайтарат деп ойлогон, бирок андай болбоду. Бул баланы ого бетер ардантты. Каш карайып, айлананы караңгылык каптап баратты. Жок дегенде аларды таң кала узата карап калып жаткан мобу көчөдөгү адамдардын бирөөсү үн катса кана. “Караңгыда кайда барасыңар, кайткыла бери”, – деп бирөө жарым күчкө эле үн катып койсо эле дароо токточудай болуп баратты. Кимдир бирөөдөн ушундай сөздү уккусу келди, кимдир бирөө ошентип айтышын аябай күттү, бирок эч ким антип айткан жок. Бала бир жыл мурда көзү өткөн таянесинин “адамдардан акыбет кетти, бирөө-бирөөгө күйбөйт азыр” деген сөзүн эстеди шу тапта.

Ошентип эрбеңдеген эки караан айылдан чыкканда айлананы толук караңгылык каптады. Алар ийри-буйру, таштак жол менен кетип баратышты, бара-бара жол дагы жакшы көрүнбөй калды. Булар эми тээ тоо түбүндөгү айылды көздөй сапар тарткан эле. Ал жерде бир тууган таякеси жашайт, ошого барып бүт арыз-арманын, муң-зарын айткысы келди. Булардын кадамдашы менен эсептегенде ал айылга жетүү үчүн дагы кеминде үч-төрт саат жол басуу керек.

Эми алар айылдан итапкан алыстап кеткен эле. Көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын кучагында баланы коркуу сезими бийлей баштады, бирок жетелеп алган карындашына сыр бербей, арышын уланта берди. Ал дагы агасынын колун бекем кармап, андан калышпай басып келатат.

Бир маалда карындашы шолоктоп ыйлап жиберди. Ушуну эле күтүп тургандай бала да көз жашын коё берди. Жанатан бери ал да араң эле чыдап келаткан. Эртеден бери буулуп турган күн да ушул көз жашты эле күтүп тургандай себелеп кирди. Кеч күздүн муздак, суз жамгыры ай талаада эрбеңдеп бараткан экөөнүн көз жашына аралашып кетип жатты…

 

Ушу тапта арт жакта, тээ алыста жарык пайда болуп, улам жакындап келатты. Болду, болбоду атасы бир машинени айдатып алып аларды издеп чыкты болуш керек. Балага ушундай ой келди. Андай болбосочу, жөн эле жолдо бараткан машине болсочу. Балким аларды салып алар. Же жарык жакындаганда көздөн далда жашына туруп, өтүп кеткен соң кайра жол уласабы. Баланын башына ушундай ойлор келди азыр. Акыры ким болсо ошо болсун деп жолун улай бере турган болду. Ырайымдуу бирөө болсо токтоп салып алар, токтобосо кете берер. Атасы болсо келгенде көрө жатар….

Бирок бала көз жашын токтото албай койду. Бул кусалыктын, таарынычтын, ардануунун көз жашы эле. Кеч күздүн муздак, суз жамгыры анын көз жашын жууп кетип жатты.

Жарык улам жакындап келе жатты…

Шайырбек ЭРКИН уулу