ЭРГЕШОВ Тургунбай: ТАБЫЛГА: ТУРГУНБАЙ ЭРГЕШОВДУН ТАГДЫРЫ ЖАНА ЖАРЫЯЛАНА ЭЛЕК ЫРЛАРЫ

Буйгадан башат алган буулуккан мөлтүр ойлор

Пенделер, мени бир аз аягыла,
Чындыктын жыпжылаңач жетимимин.
Чыгарып салбагыла бурап-бурап,
Турмуштун туткасымын, тетигимин.
Ичирип итаякка төкпөгүлө,
Атамдын артып калган кешигимин”

Тургунбай ЭРГЕШОВ, “Сүйүнчү”

Гезитте иштеген беш жыл ичинде жалаң маданият, адабият темасын жазып жүрдүм. Кээде зарылчылыкка жараша саясатты да жазууга туура келет. Андайда дилим булгангансып, өзүмдү башка дүйнөгө келгендей артык баш сезем. Ошентип жүрүп 2013-жылдын октябрь айларында “Обон” гезитине кырчынында кыйылган кыргыздын дагы бир кымбат уулу, Буйгасындай буулуккан мөлтүр ырларды жазган Тургунбай Эргешов тууралуу акындын уулу Машаяк менен алты айлыгында апасынын курсагында кетип, атасын көрбөй калган кенже уулу Ураанбектерден алган маегим жарык көргөн.

Бул гезиттин жарым бетин алган кыска макала аз убакыт өтүп, бизге чоң жаңылык, баалуу табылга алып келери кимдин оюна келиптир. Ошол макаланын аягына кыстырма берилип, анда акындын эл арасында калган эки-үч китеби тууралуу айтылып, анда ушул кол жазмалардын дайынын билген адамдар болсо, бизге кабарлашын суранганбыз. Арадан эки ай өтүп-өтпөй, түн жарымда телефонум шыңгырады. Мага чалган адам өзүн Рыспек Маткасымов деп тааныштырып, Оштун Кара-Суу облусунун Жаңы-Арык айылынан коңгуроо кылып атканын айтты. Айтымында, анда Тургунбай Эргешовдун сыртына “Даңаза” деп жазылган көк тыштуу ичи акындын колу менен жазылган ырга толо дептери бар экенин, аны дээрлик 40 жылга жакын убакыт сандыгында сары майдай сактап келгенин айтты. Гезиттеги макаланы окуп чалып жатканын айтканда айтып бүткүс толкундоого баттым.

Сүрөттө солдон оңго: акындын 1-жубайынын иниси Акматалиев Абжалил жана 2-жубайы Чокмоева Сурмакан (Ураанбектин апасы). 

37 жыл бою ээсин күтүп зарыккан кайталангыс акындын ырларын тапка
ныбызды ойлосом, бүткөн боюм чымырап, түйшүгү оор журналисттик жумушумдун акыбети кайтканына көзүм жетти.

Ошентип, Рыспек аба Бишкекке келип, акындын кенже уулу Ураанбек экөөбүздү чакырып, ошол кымбат дептерди колубузга тапшырды. Ушул учурда экөөнүн тең көзүнөн сызылган жашка күбө болуп, бул ирмемдерди сүрөткө тартып алдым.

Маткасымов Рыспек: “Акындын дептерин 37 жыл сактадым…”

Рыспек аванын сөзүнөн: Сыртта 1976-жылдар эле. Фрунзеде (азыркы Бишкек) окуган каракулжалык жердештер дайым жолугуп турар элек. Тургунбай акенин ооруканадан жаңы чыкканын угуп, сыйлап коёлу деп “Соң-Көл” ресторанына чакырдык. Ошол жерде бизге ырларынан жатка айтып берип, бир топко дейре кужулдашып отурдук. Ошондо жакында дүйнөдөн өтөрүн сезгенби, айтор акын мага ушул дептерин берип, сенде сакталып турсун деди. Ошол бойдон дептери менде жүрөт. Арадан 37 жыл өттү. Бирок дептерди издеп эч ким келген жок. Мойнума карыз болбосун деп бир-эки жолу облустук гезитке кабарладым, анда да эч ким келген жок. “Обон” гезитиндеги сенин (авт.) макалаңды окуп, көктөн издегеним жерден табылгандай сүйүндүм. Акындын уулу Ураанбектин келбети атасынын дал өзү экен. Акындын уулуна атасынын аманатын тапшырганыма кубанычым койнума сыйбай турат…

Акындын уулу Ураанбек Чокмоев: “Атама деген балалык мээрим 30дан ашып ойгонду…”

“Кыргыз тили, адабияты мугалими, айылдык Кеңешке депутат Бакыт Абдразаков деген досум (өзү да убагында таланттуу ырларды жазып жүргөн) атамдын адабий мурасына кызыгып, ырларын жыйнап жүрөт. Бакыт студент болуп жүргөндө ага Т.Эргешовдун кол жазмасы туш келип калат. Ошондон кийин акындын ырлары менен ооруп баштайт. “Сүйүнчү” ырлар китебин чыгарууда ошол Бакытбек досумдун эмгеги чоң. Мен Бакытка кол кабыш кылып, атамдын эл арасында калып кеткен ыр дептерлерин издеп келем.

Атам алгачкы жыйнагын “Перзент” деген ат менен чыгаргысы келген. Кол жазмасын басмага тапшырып, жуп басылып чыгарда атам тарабынан бир каталык кетип, ошол бойдон чыкпай калган. Ал үчүн өмүр бою санаа тартып, көзүмдүн тирүүсүндө китебимди чыгара албадым деген арман менен жашап өткөн…

Өзүм колумда бар, күтүрөгөн бай деле эмесмин, эл катары машине тетиктерин сатып оокат кылам. Китептерин болсо демөөрчүлөрдүн жардамы менен чыгардык. Атам менен апамдын жалгыз перзентимин. Биринчи аялынан кызы Кызгалдак, уулу Машайык. Алар менен кабарлашып турам. Апам Кара-Кулжада Живпром айылында жашайт. Менин апам менен Тургунбай атам бир жыл, 3 ай жашашкан. 1973-жылы май айларында үйлөнсө, 1974-августта ажырашып кетишкен. Мен алты айлык курсакта кеткем. Атамдын мени көргөн-көрбөгөнүн билбейм, мен көргөн эмесмин, мага арнаган ыры бар.

Акыркы беш-алты жылдан бери кызыгып, апамдан эмес, атамды билгендерден сурап келем. Апам менен ажырашкандан кийин он жылга чейин үйлөнгөн эмес. Атамдын эсеби боюнча 1700дөн ашык ыры бар экен, азырынча 404 ыры жарык көрдү. Кол жазмаларын издеп атабыз. Колу сынып, гипсте жүргөн атам колун оңоп алып, кайра Өзгөн жакка кетет, ырларымды топтоп алайын деп кеткен бойдон үйгө сөөгү келет. 35 жашында кургак учуктан каза болгон. Ооруканадагы жаздык алдындагы ыр жазган калың дептери калып кетет. Ал бирөөлөрдүн колунда экен, тыякта, быякта деп бербей жүрөт. Ал киши жазчу экен, атам айтчу экен.

Аты Абдыманап, Жалпак-Таштын Ирек деген айлынан болот, акча да берейин дедим, бир жылдан кийин чалсам баламдын үйүндөмүн, ал азыр Россияда, андан кийин жээним Живпром айылына күйөөгө тийип кеткен деп шылтоолоп бербей жүрөт. Атамдын студенттик куракта, мектепте окуп жүргөн жылдарында жазган ырлары жок. Биринчи аялы Ибадат менен ажырашкандан кийин ооруп жүргөндө жазган ырлары да жок.

Солдон оңго: Ураанбек Чокмоев жана Рысбек Маткасымов

Акындын качан, кайсы жылы туулгандыгы тууралуу да так маалымат жок экен. Атамдын бул дептери мен үчүн чоң таберик, муну 37 жыл бою сактап келген Рыспек агайга эмне деп алкыш айтарымды билбей турам. Мен үчүн атам бүгүн кайра тирилип келгендей болуп турат…

Автордон: Ал баалуу табылганын тагдыры эмне болгонун жакын арада дагы кабарлайбыз, окурман.

Назгүл ОСМОНОВА

Тургунбай ЭРГЕШОВдин «Даңаза» дептериндеги ырларынан

Жалгыз тал

Ушундай да мерез мезгил болобу?
Ушунчалык дарактардын ичинен
Баягы эле жалгыз мени тоноду.
Бутагымда булбул сайрап турчу эле,
Эмки жазда периште куш конобу?

Жашачу элем төрт мезгилде төрт башка,
Кадимкидей турат башка дарактар.
Капырай де, карт тал болдум бир паста.
Оңой тура кубанычты бөлүшүү,
Кайгы деген келет тура керт башка.

Кууратам деп мезгил турса узанып,
Айланама агып келчү суу бардыр.
Менин күнүм батпай турчу кызарып.
Башка чырпык чыгар бекен түбүнөн,
Учур келип уучум кайра узарып…

* * *

Ошондо жүрөгүмдү толкун басат,
Ырларым шаңшып учса, сен шарпылдап.
Түбөлүк түн түшүүгө мүмкүн эмес,
Кайрадан көрүшмөй бар бир жаркылдап.

Бешикке бөлөп кеттим ырларымды,
Жатышат бейпилдикте алар уктап.
Ойгонсо учуруп ий туш тарапка,
Кайрадан угулмай бар жаңырыктап.

Уулум Ураанбекке
Болалбадым пешенеңден сылаган,
Сооротподум үнүңдү угуп ыйлаган.
Коштошордо перзент элең себеби,
Апакеңдин курсагында туйлаган.

 

Жүргөндүрсүң чоочундарга элеңдеп,
Айта жаздап: «Менин атам белең?» – деп.
Сага жашташ коңшу балдар келет дейт,
— Жүр, ойнойбуз, атасы жок бала – деп.

Айт балдарга менин атым күйдүм чок,
Атам менен таанышам деп — сак болсок.
Ким-ов болуп чакырылып жүрөсүң,
Менде болсо ата деген укук жок.

Мүмкүн менде күнөө бардыр кечирбес,
Апаңда да ченелүү эле акыл-эс.
Менден көрө ата болот түбөлүк,
Турагыңдын тузун татып, суусун кеч.

* * *

Айтыш кыйын ачып көрө электе:
Өзүң жактыр, не бар, не жок жүрөктө.
Жарай турган жактарымды ал дагы,
Жетпей турган жерлериңе керекте.

Ошент мекен, кетелекте кечеңдеп,
Кантип айтам ким бирөөгө ишен деп.
Сенден дагы угалекти угармын,
Сага айтылып, айтылалек нечен кеп…

* * *

Ойлобо боломун деп кызыл гүлдөй,
Жөн эле жүрсөң болду өзгөрүлбөй.
Ошондо көрүнөсүң өзүм болуп,
Тулпардын тунуп турган көздөрүндөй.

Мылтыктын үнүн уккан элик болдум,
Турмушка туткактатпай безип жүрдүм.
Жашоого бир жарашып коёлучу,
Садага, зарлап жүрүп сени сүйдүм…

Ушул жарык терезе

Калдым мына керебетте бөлөнүп,
Кайра кетмей, же айыгып, же өлүп.
Ооруп келген күндөн бери жатамын,
Ушул жарык терезеден күн көрүп…

Эгер жетсе менде болчу кудурет,
Мүмкүн көпкө жашарымды ким билет.
Асманынан тереземе эңкейип,
Жалгыз көзүн жалжылдатып күн күлөт.

Кайра угулчу күндүн жарык күлкүсү,
Кимдин келбейт күлкүлүү өмүр сүргүсү.
Ушул жарык терезе бейм жашоомдун,
Мен жүзүмдү көрүп турчу күлкүсү.

Терезеден дүйнө карайм эмесе,
Тирүүлөргө кызмат кылган миң эсе.
Тийип турса болду сенин жарыгың,
Мен өчсөм да, сен өчпөчү терезе,
Болушунча балбылдачы терезе…
1976-жыл, август

Үн

(Мыскал Өмүркановага)
Ырысыма айтса  экен деп жаңы ырдан,
Үмүттөнүп ырды тыңшайм жаңырган.
Мыскал эже ырдаса экен ылайым,
Менче болор медер тутуп сагынган.

Көңүлүмдүн көксөп жүргөн дартын таап,
Мыскал эже ырдап жатса шаңкылдап.
А мен үчүн жаткан менен барабар,
Өмүрүмө жазгы күнкү жамгыр жаап.

Куштун баарын берем десе жаз мага,
Мен эжени алмашпаймын башкага.
Сейрек чыкчу мындай үндү чиркин-ай,
Жазып койсо жаңырыктуу аскага.

Учат эле улуу тоонун улары,
Мага бүткөн зор бакыт деп бу дагы.
Мен гана эмес, жаратылыш тыңдасын,
Жаңыра бер, жапайы үндүн кудайы.

* * *

Үзүлгөндө куттуу үйдүн туткасы,
Үй аңгырап, мен жалдырап кыскасы.
Өзүмө өзүм көңүл айтып калгамын,
Бөлүнөт деп көлөкөңдөн башкасы.

* * *

Мөңгүнүн алдындагы гүлдү өбөм деп,
Күн болуп төрөлүшүм керек беле…
Жөн эле сени сүйүп жүрсөм болду,
Тагдырдын талабына керектеле.

Белгисиз элестерди ээрчип кетип,
Өзүмдү өзүм гана эркелетип.
Жүрчүмүн буга чейин өзүм билип,
Сүйүүгө көрөйүнчү желкелетип…

Кокустан тандаганым тазга болуп,
Жолуксам сүйүүлөрдүн сокуруна.
Күбүрөп мен жөнүндө качан болсо,
Калармын куран болуп окуруңа.

Кереги мен болормун сактап жүрөр,
А мүмкүн көрүп калса көзү ачыгы.
Ошондо коңгуроолуу жүрөгүмдүн,
Басылбай сага болгон сагынычы…

Акындын ата-энеси