ЮСУПОВ Догдурбек: АНТОН ЧЕХОВ: ЭНӨӨ

АҢГЕМЕ

Жакында мен кабинетиме балдарымды багуучу Юлия Васильевнаны чакырдым. Эсептешүүм керек болчу.
– Отуруңуз, Юлия Васильевна! – дедим мен ага. – Келиңиз, эсептешели. Сизге акча керектир, ал эми сиз сурап да койбойсуз… – Ии-и… Айына отуз сомдон деп сүйлөштүк беле…
– Кырктан…
– Жок, отуздан… Менде жазылуу… Дайыма үй кызматчыларына отуз сомдон төлөчүмүн… Демек, эки ай өттү…
– Эки ай, беш күн…
– Туптуура эки ай… Менде ушинтип жазылган. Демек, алтымыш сом… Тогуз жекшембини алып салалы… Себеби сиз жекшембиде Коляны окутпай эле жөн сейилдеп жүрдүңөр… Дагы үч күн майрам…
Юлия Васильевнанын өңү кумсарып кетти, бирок… эч сөз айткан жок…
– Үч майрам… Ошентип, он эки сом кетти дейли. Төрт күн Коля ооруп жаткандыктан, сабак өтүлгөн жок… Сиз жалгыз эле Варя менен сабак өттүңүз. Үч күн сиздин тишиңиз ооругандыктан, аялым түштөн кийин сабак өтпөй эле кой деп уруксат берген… Он эки жана жети, он тогуз. Эсептесек, демек… кырк бир сом калат экен. Чынбы?
Юлия Васильевнанын сол көзү кызарып чыгып, нымдалыша түштү. Ээги кыймылдап кетти. Калчылдап, жөтөлүп, чимкиринди да эч сөз айтпады.
– Жаңы жылдын алдында чыныны сындыргансыз. Эки сом кетти дей бер… Анан-н сиз көңүл бурбагандыктан Коля бакка чыгып, көйнөгүн айрып алган… Он сом кетти… Сиздин энөөлүгүңүздөн пайдаланып, үй шыпыргыч Варянын ботинкасын уурдап алган. Сиз бардыгын карашыңыз керек. Айлык аласыз. Ошентип даагы беш сом… Онунчу январда сиз менден он сом алгансыз…
– Мен алган эмесмин, – Юлия Васильевна араң гана шыбырады.
– Бирок менде жазылуу турбайбы!
– М… мейли, андай болсо.
– Кырк бирден жыйырма жетини алып салсак – он төрт калат экен…
Эки көзү тең жашка толду… Мурдунун үстүн тер басты. Байкуш кыз!
– Мен бир гана жолу алгам, – деди ал муундары калтырап. – Мен сиздин жубайыңыздан үч сом алгам… Андан башка алган эмесмин…
– Ошондойбу? Көрдүңүзбү, мен болсо муну жазбай калыптырмын! Он төрттөн үчтү алсак, он бир калат… Мына, сиздин акчаңыз, кымбаттуум! Үч… үч… үч… бир жана бир… Алыңыз!
Мен ага он бир сом карматтым… ал акчаны алып, калчылдаган манжалары менен чөнтөгүнө салды.
– Ыракмат, – деди ал шыбырап. Мен өзүмчө эле жиним келип, бөлмөдө ары-бери баса баштадым.
– Эмне үчүн ыракмат? – деп сурадым.
– Акча үчүн…
– Бирок мен сизди, шайтан алгыр, тоноп албадымбы! Мен сизден уурдап алдым. Эмне үчүн ыракмат?
– Башка жерлерден мага таптакыр эч нерсе беришчү эмес…
– Беришчү эмес? Мен тамаша кылып, өзүнчө эле сабак болсун дедим… Мен сизге бардык сексен сомуңузду берем! Ал сиз үчүн даярдалып, конвертте турат. Бирок ушундай да мылжың болобу? Эмне үчүн каршы болбойсуз? Эмнеге унчукпайсыз? Бул жарыкчылыкта жемин жедирген кантип болсун? Ушундай да энөө болобу? Ал кейиштүү жылмайды, анын жүзүнөн: «Болот!» – деген жазууну окудум. Сынаганым үчүн андан кечирим сурап, таң калтырып сексен сомду бүтүндөй карматтым. Ал ыракматын айтты да, чыгып кетти… Мен анын артынан көз жүгүртүп, бул дүйнөдө күчтүү болуу кандай жеңил деп ойлодум.
Которгон Догдурбек ЮСУПОВ